Бакыт Калмаматов, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты:
"Биздин бир жерибиз ак,
же кара, же "полосатыйбы"? "
- Бакыт мырза, "Ата Мекен" фракциясынын жаш депутаты катары айтсаңыз, Жогорку Кеңештеги кыскартуу маселесине көз карашыңыз кандай?
- Элдин өкүлү болуп эсептелген Жогорку Кеңеште чечкиндүү кыскартууларга баруу - экономикалык абалыбыздын да, учурдун да, элдин да талабы экени ачык-айкын көрүнүп турат. Бюджеттин тартышы 22 миллиард сомго жетип, көйгөйлөрүбүз арбып турган учурда, бейчеки чыгымдарды кыскартуу маселесин мамлекетибиздин ар бир жараны колдойт деген ишеничтебиз. Биздин фракция мына ушундай негиздүү жүйөөлөргө таянып, кыскартуунун бир гана саясий багытын сунуштадык. Ал сунуш Жогорку Кеңештин кароосунан өтөбү, өтпөйбү, аны убакыт көрсөтөт. Бирок өтпөй калган күндө да, ал сунуш биздин саясий багытыбыз бойдон кала берет. Башында биз консультанттарды, жардамчыларды кыскартуу маселесин көтөрүп чыкканбыз, бул маселени депутаттар колдошкон, бирок добуш берүү учурунда тилекке каршы бул сунушубуз өтпөй калган.
Ал эми маселесин кыскартуу машинени учурда көп пикирлерди жаратууда. Биз депутаттар машинеге анчалык муктаж эмес экенин, ошон үчүн парламенттин карамагындагы машинелерди муктаж болгон керектүү жерлерге берип, же болбосо сатып казынага акча түшүрүү керек деген пикирибизди айттык. Бүгүнкү күндө парламенттин карамагында 65 "Камри" автоунаасы бар. Демек 65 депутат ал кызматтык машинени колдонуп жатышат. Калгандары жеке менчик машинелери менен жүрүшөт. Эгер депутаттар машинелерди (айдоочулары менен) кыскартуу маселесине макул болсо, жалпысынан 136 миллион сом үнөмдөлөт экен. Депутат жөө калгандыгына байланыштуу такси менен барып келүү үчүн айына 8, 9 миң сом каралсын деген сунуш киргизип атабыз. Бир топ депутаттар бул маселеге каршы чыгышып: "Жогорку Кеңештин депутаты кантип жөө жүрсүн? Депутат кантип такси менен келип, парламенттин короосуна чейин жөө келет?"-деп чалкасынан кетип атышат. Эмне буга чейин, учак менен жүрдү беле? Менин билишимче, азыр депутат болуп жүргөндөрдүн 40 пайызы депутат болгончо жөө эле жүрүшкөн. Эми депутат болсо эле элден өзгөчө болуп кетеби? Же мансапка чиренип: "ат көрбөгөн минип өлтүрөт"- деген макалды иш жүзүндө көрсөткөнү жатышaбы? Депутаттын негизги иши мына ушул парламенттин ичинде гана болот. Башка жактарга барса да, аз барат.
- Эгер силердин бул сунушуңар өтпөй калса, кандай кадамдарга барасыңар? Популисттик кадам катары бааланып калбайбы?
- Бул популисттик кадам эмес. Жогоруда айтып өткөндөй, саясий багыт. Эл өкүлү болуп турган депутат бир машинеден баш тарта албаса анда, ал депутат Жогорку Кеңеште эмне кылып жүрөт? Эл өкүлү болгондон кийин, элдин талабын эске алып, элге жакын болушу керек деп эсептейм. Жөнөкөй мисал келтирейин, мектептин директору, иши бир депутаттын ишине салыштырмалуу көп. Мындайча айтканда, түйшүгү арбын. Эмне үчүн ал директорго кызматтык машине бербейбиз? Ошондой эле ал директорго эмне себептен жардамчы бербейбиз? Же болбосо, врачтын түйшүгүн айталы, врач канчалаган адамды операция кылып, канча нерви кетет. Ошол врач менен мектеп директорунун түйшүктөрү көп экенин көрүп-билип турса да, кандай себеп менен бизге окшоп, 25, 30 миң сом айлык коюп берген эмеспиз? Депутаттар мына ушул жагын да ойлонушубуз керек эле. Кыскасы эл өкүлү болгондун бардыгына тең болушу керек да. Же биздин ошол врачтан же директордон кандай айырмабыз бар? Же биздин бир жерибиз ак, же кара, же "полосатыйбы"?
- Учурда силердин фракцияда канча машине, канча үй бар?
- 2010-жылы дагы жаңы машинелерди алуу маселеси көтөрүлгөндө, биздин фракция менен КСДП фракциясы каршы чыкканбыз. Ал эми Бакиевдин тушунда сатылып алынган машинелер 5 фракцияга бөлүнгөн, биздин фракцияга 8 машине тийген. Азыр ал 8 машинени 16 депутат экиден алмак-салмак айдап жүрөт. Ал эми үйдөн болсо, бизге 5 үй тийген. Ал беш үйдүн төртөөнү алдык, ашыкча болуп калган бирөөнү Мирлан Бакиров деген "Ар-намыс" фракциясынын депутатына бергенбиз.
- Бакыт мырза, эми башка маселеге өтсөк, сиз былтыркы Хадж маселесинен келип чыккан чырды текшерип, жыйынтык чыгарган комиссиясынын төрагасы катары айтсаңыз, силердин чыгарган чечимиңерден бүгүнкү күндө кандай жыйынтык чыгып жатат?
- Негизи бул чоң маселе. Былтыр Хаджга 5060 адам барып келген. Уюштуруу маселесинде баш аламандык, өзүм билемдик болгон. Биздин комиссия бул маселелерди тыкыр иликтеп чыккан. Кыскарта айтканда, Нурдинов Бакыт бул иште Каптагаев баш болгон адамдар кийлигишип, 3,5 млн. доллар жеп койду деп чыккан. Иликтенгенден кийин 3,5 млн. эмес 2,5 млн. доллардын тегерегиндеги акча желгендиги аныкталган. Президенттин указы менен ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, анын төрагасы болуп А. Муралиев шайланган. Дин агенттигин ошол кездеги төрагасы Болот Абдырахманов бардык милдетти өзүнө алган. Каптагаев жана анын уулу Кубаныч Каптагаевдер уюштуруу иштерине кийлигишкен. Бүгүнкү күндө биздин комиссиянын чечими аткарыла элек. Каптагаевдер, Абдырахманов, Муралиев, Дүйшөбаевдер жоопко тартылышы керек эле. Тилекке каршы бул чечим аткарылган жок. Бирок президенттин буйругу менен Каптагаев менен Дүйшөбаев кызматтан алынды. Буга биз ыраазыбыз.
- Жакында эле сиздердин фракцияда төрага тарабынан аялдар жана улуттук азчылык өкүлдөрү куугунтукталып атканы туурасында интернет сайттардын биринде жарыяланды. Бул чынбы? Балким, мындай нерсеге жаштар да кабылып жүрбөсүн?..
- Өткөн жумада эле арабызга партиянын Жаштар канатынын лидери Гүлниза Бейшенбаева келип кошулду. Шек санагандар мындан жыйынтык чыгарып алышса болот. Бул партиялашым да мен сымал карапайым бүлөдөн, болгону партиянын идеясын бир топ жылдан бери бөлүшүп келген. Парламенттик шайлоо аяктары менен айрым партиялар мандат талашып, ыйкы-тыйкы болушуп, мушташканга чейин барышкан жагдайларга күбөбүз. Бир гана "Ата Мекен" фракциясында мандаттарга көз артылган эмес.
Ал эми сиз белгилегендей, "Вести" сайтында Гүласал Садырбаева жана Наталья Никитенконун ысымдары аталып, лидер тарабынан "куугунтуктоого алынып жатканы" жарыяланды. Башкаруучу коалицияга кирген соң, фракция жана партиянын бир катар мүчөлөрүнө иш-тажрыйбасы, билими жана жөндөмүнө жараша аткаруу бийлигине барып, элге кызмат кылуу сунушталган. Бул эки кесиптешим тең партияга мүчө эмес. Бири айылдык мектепте, экинчиси Жогорку окуу жайда мугалим болушкан, партия алардан эч нерсе талап кылбастан, аялдар квотасы менен тизмеге кабыл алган. Гүласал эжеге Социалдык камсыздандыруу министрлигине орун басарлыкка баруу сунушталган. Карыяларга, тагдыр таарынткан, багар-көрөрү жок балдарга камкордук көрүүгө эженин кесиби да, иш-тажрыйбасы да, курагы да, мүнөзү да бул министрликте иш алып барууга төп келип олтурат. Ал эми Наталья Никитенко Жогорку окуу жайларды реформалоо боюнча демилгелери менен белгилүү. Билим берүү министрлигинин орун басарлыгына баруу менен Наталья өз демилгелерин турмушка ашыра алмак. Жөнөкөй мугалимдерди депутат кылып, андан ары аткаруу бийлигине - министрдин орун басарлык кызматына чейин алып баруу куугунтуктоо эмес, көтөрмөлөө деп түшүнөм.
Маектешкен
Айбек ШАМШЫКЕЕВ




Түндүк-түштүк дагы биригет

Быйылкы кыш өзгөчө каардуу болуп, калкыбызга бир топ түйшүк алып келди. Түндүк менен түштүгүбүздү байланыштырган жалгыз Бишкек-Ош жолубузду кар көчкү басып калып, бир нече күн өлкөбүз экиге бөлүнүп калгандай болду. Түштүктө күйүүчү май өңдүү борбор тараптан ташылып баруучу товарлар бир заматта кымбаттап, калкыбыз жакшы эле карайлады. Мындай кырдаал мамлекетибиз үчүн кооптуу экенин эске алган ажобуз Алмазбек Атамбаев мурунку Транспорт министри Эркин Исаковго тез аранын ичинде түндүк менен түштүктү байланыштырган кошумча авто жолду куруу тапшырмасын берген. Кийинки Транспорт министри Калыкбек Султанов эки аймакты бириктерген альтернативдүү авто жолдун бир нече вариантын сунуштады. (1-карта). Арасынан эң оптималдуу, кыскараагы жана жол курууга шарты ыңгайлуу делинген бир варианты адистер тарабынан учурда кызуу иликтенүүдө. (2-карта).
Дал ушул экинчи Бишкек-Ош жолун куруу маселесин 17-январь күнү Транспорт министри Калыкбек Султанов менен Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Сяоюй Чжао талкууга алышты. Бишкек - Сокулук - Арал- Көкө-Мерен дарыясынын Нарын дарыясына кошулган жери - Казарман - Жалал-Абад - Ош багыты менен өтмөкчү болуп аткан бул авто жол азыркы Бишкек-Ош жолунан 150 чакырым кыска болмокчу.
Тиленбек Азык