Каныбек Осмоналиев, "Ар намыс" фракциясынын депутаты:
"Билим берүү министрлигинде иштеген кызматкерлердин 80 пайызын алмаштыруу зарыл..."
...Эскерте кетчү нерсе, К.Садыков, айлана тегерегиндеги шылуундардан тазаланбаса болбойт. Андыктан, билим берүү министрлигинде иштеп аткан кызматкерлердин 80 пайызын алмаштыруу зарыл. Орун басар ж.б. кызматкерлер андай эле иштейбиз дешсе, мектепке, жогорку окуу жайларына мугалим болуп иштешсин...

- Каныбек агай, жакында эле Жогорку Кеңештин билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы болдуңуз. Билим берүү жаатында кандай иш алып барганы турасыздар?
- Комитет төрагасы болгондон бери ММК ичинен биринчи силердин гезитке маек берип жатам. Андыктан, кепти баштаардан мурун өзүм жөнүндө кыскача маалымат бере кетейин. Себеби, аталган комитеттин жетекчиси болгондон бери, айрым бир массалык маалымат каражаттары Каныбек Осмоналиев Египеттеги Аляскар университетин бүтүрүп, молдо болгон деп туура эмес маалыматтарды таратып жатышат. Убагында мен дин иштери боюнча мамлекеттик агенттикти жетектегендиктен, менимче алар ошого байланыштырып жатышат окшойт. Болбосо мен, өзүңөргө белгилүү болгондой, лаборанттан тартып, кафедра башчысы, декан, проректор, ректор болуп, университетте иштеп, кийин билим берүү министри болуп, иштегем. Мына ошонун баарын эске алып, депутаттар мени комитет төрагасы кылып дайындашты. Буюрса эми берилген жоопкерчиликти эске алып, билим берүү тармагын көтөрүүгө болгон мүмкүнчүлүгүмдү жумшап, иш алып барсам деген ойдомун. Жакында билим берүү министри Канат Садыков, жогорку окуу жайларынын ректорлору ж.б. илимий жетекчилер менен жолугушууларды өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Ачыгын айтканда бүгүнкү күнү замандын талабына ылайыкташкан, билим берүү системасын түзө албай жатабыз. Анткени, Акаев менен Бакиев 20 жылдан бери билим берүү министрин улам-улам алмаштырып атып, системаны таптакыр талкалап бүтүшкөн. Мен азыр айтып атам, билим берүү министрин кеминде беш жыл иштетели, иштей албаса кызматтан кетсин дегендей.
- Мугалимдердин айлык маяналары көбөйгөнү менен, билим берүү тармагында чечилбеген маселелер абдан көп, алардын бири мугалимдердин жетишсиздиги, мисалы: облустарда, өзгөчө алыскы аймактарда бир мугалим эки предметтен сабак берип, окуучулардын башын айлантып жатканы айтпаса да белгилүү. Бул маселени кантип жөнгө салса болот?
- Туура, бул абдан көйгөйлүү маселе, аны жакшыртыш үчүн, биринчи кезекте алыскы аймактарга иштеп барган мугалимдердин социалдык маселелерин чечип, аларга шарт түзүп берүү керек. Шартты ким түзөт, шартты аким, айыл өкмөтү сыяктуу жергиликтүү атка минерлер түзүүсү керек. Азыр мугалимдердин айлык маяналарын мурдагыдай агартуу тармагында иштеген райондук жетекчилер эмес, айыл өкмөтү таратып калгандыктан, алар мугалимдердин маселесин чечмек түгүл алып барган айлык маяналарын оңдуу беришпейт экен. Ал аз келгенсип, мугалим жетишсиз деген шылтоо менен таптакыр башка кесиптин ээлери, тактап айтканда жумушсуз калган агроном, мал доктурлар бир эки жыл сырттан окуй коюп эле, мугалим болуп атышат. Мугалим эле болбостон алар, директор да болушууда. Мен билгенден азыр, Кыргызстандын 70 пайыздан ашык мектептеринде ошолор директор болуп иштешет. Алар мектептин ишин ойлобой эле, ата-энелерден акча жыйнап, бизнес менен алектенишүүдө. Ошентип, акыркы жылдары көпчүлүк мектептерибиз билимдин уясы болбой эле, бизнестин уясына айланып калды. Өкмөт болсо айлыкты көбөйттү. Эми ошого жараша мугалимдердин дагы деңгээлин жакшыртып, чыныгы мугалимдик кесипке ээ адистиги жогору мугалимдерди гана мугалим кылып иштетүүбүз зарыл. Кыскасы, бул иштин баарын колго алып, жаз алды менен буюрса 5-6 депутат биригип, алыскы региондордогу мектептерди кыдырып, маселени жеринен чечели деп жатабыз.
- Буга чейин окуу куралдары да тартыш болуп, жетишпей келгени белгилүү. Бул боюнча кандай иш аракеттерди көрөсүздөр?
- Окуу куралдарына деп мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражат туура эмес пайдаланылгандыктан, буга чейинки окуу куралдары сапатсыз болуп, мукабасы жука китептер жарык көрүп келди. Окуу куралдарын жакшыртыш үчүн бир жылдары "Азия өнүктүрүү" банкы кошумча 30 миллион доллар бөлүп, ал каражат эмне болгону белгисиз. Андан тышкары бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу менен уюштурулган, "католиттикалык фонд" деген бар. Ал 15 миллион доллар берип, андан да дайын жок. Айтор, окуу куралдарына деп бөлүнгөн каражаттын көбү эле ортодогу шылуундардын чөнтөгүнө түшүп жок болуп атат.
- Жогорку окуу жайлары боюнча дагы тиешелүү иш аракеттерди көрсөңүздөр керек...
- Эң башкысы жогорку окуу жайларындагы паракорлук менен күрөшүп, ректорлордун жоопкерчилигин жогорулатышыбыз керек. Тилекке каршы бүгүнкү күнү ректорлордун жоопкерчилиги болуп көрбөгөндөй төмөндөп кетти. Бир эле мисал; азыр бир да ректор студенттерге лекция окуп, сабак өтпөйт. Болгон жумушу декандарды кызматтан алып, ордуна башканы дайындап, кадр саясаты менен алектенишет. Деканды жөн алмаштырмак беле, алардан акча алат. Декан ордун сактап калыш үчүн студенттерден акча жыйнайт. Ошондуктан, бул маселени жөнгө салыш үчүн, биринчи кезекте ректорлордун алкымын тыйып, аларды катуу жазалаганга өтүшүбүз керек. Ректорлорду өкмөт эмес, мурдагыдай мугалимдер шайлоого тийиш. Мугалимдер шайлашса ректорлор азыркыдай болуп, анча-мынча чиновниктерге баш ийбей, саясаттан алыс болуп калышат. Буюрса бул мыйзамды ишке ашырабыз. Менимче өкмөт деле колдоп берет деген ойдомун. Бирок, мыйзамга каршы чыккан адамдар да жок эмес. Алар, президенттин аппаратында, ошол эле өкмөттүн курамында жана билим берүү министрлигинде, ал тургай Жогорку Кеңеште да болушу мүмкүн.
- Министр К. Садыковдун алып барып аткан иштерине кандай баа бересиз?
- Толугу менен колдойм. К. Садыков жаш, келечеги кенен, ишти алга жылдырып кете ала турган министр. Жогоруда айткандай, К. Садыковду жок дегенде беш жыл ордунан козгобой иштетишибиз керек. Бирок эскерте кетчү нерсе, К. Садыков, айлана тегерегиндеги шылуундардан тазаланбаса болбойт. Андыктан, билим берүү министрлигинде иштеп аткан кызматкерлердин 80 пайызын алмаштыруу зарыл. Орун басар ж.б. кызматкерлер андай эле иштейбиз дешсе, мектепке, жогорку окуу жайларына мугалим болуп иштешсин.
- Сөз нугун Жогорку Кеңештин ишине бурсак, "Ата-Мекен" фракциясы депутаттардын автоунааларын кыскартуу керек деп, айрым депутаттар каршы болуп атпайбы. Буга сиз кандай карайсыз?
- Мен буга таптакыр каршымын. Жогорку Кеңеш бийликтин бир бутагы, болгондо да парламенттик башкарууда жашап аткандан кийин "Ата-Мекен" фракциясы бул маселени жөн эле койсо болмок. Андан көрө ЖКнын аппаратындагы кызматкерлердин санын кыскарталы дешсе колдомокпуз. Ал гана эмес, учурда ЖКнын гаражы да катуу талкууга алынып атат. Менимче ЖКнын гаражын бирөө менчиктештирип алгысы келип жатат окшойт.
- Өткөндө айрым интернет булактары, сиз жетектеген комитеттин жыйынында, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Р. Момбеков "кыргыз тилин билбегендер айып-пул төлөш керек деп айтты"- деп жазып чыгышты. Ал жерде кандай сөз болгонун айта кетсеңиз?
- Жок, Рыскелди Момбеков андай деп айткан эмес. Ал көчөдөгү көрнөк-жарнактарда мамлекеттик тил мыйзамын сактабагандар айып пул төлөш керек деп айткан. Тил мыйзамын сактабаган көрнөк-жарнактарды мэрия илдирет. Ал эми Тил комиссиясы болгону эскертүү менен гана чектелет экен. Жол эрежесин, ж.б. мыйзамды бузгандар айып пул төлөйт, эмне үчүн тил мыйзамын сактабагандар айып төлөбөш керек деген маселени козгогон.
- "Ынтымак" жаштар уюмунун жетектеп жүргөн Адиль Назаров деген жигит сизди ислам динине каршы келген, мун сектасын колдоп атат деп күнөөлөбөдүбү. Бул боюнча эмне айта аласыз?
- Эми айта берсе сөз боло берет турбайбы. Аталган сектадагы адамдар мени жакалап, бала-чакама чейин коркутуп жүрсө, мен аларды кантип колдомок элем. Керек болсо дин боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп турганда, алар менен катуу күрөшүп, тамырын кырккан мен болгом. Мен болбосом алар бүгүнкүдөн да жайнап кетмек. Эмне дейбиз, айткандар айта берсин, эң негизгиси абийирим таза болсо болду.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев