Кетенчиктегенден кетенчиктеп бараткан өкмөт
Байкап көрсөң
баш териси башкача

Нааразычылык акциялары али алдыда
Мамлекеттик кызматкерлердин санын 20%га чейин б.а ар бир бешинчи чиновникти кыскартуу боюнча өкмөт кабыл алган чечими ишке салына элек. Ошондуктан чиновниктердин кимиси калып кимиси кетээри азырынча белгисиз. Мамлекет кызматкерлеринин ичи тынч, "кыскартмайлар" токпейил тартышып бейкапар жаткан учуру. Качан гана реалдуу кыскартуу кампаниясы башталып чиновниктердин жедеп тумшугуна суу жеткенде нааразычылык көбүрүлүп көтөрүлүп чыгаары талаш туудурбайт.
Келечекте нааразылык акцияларынын кадиксиз пайда болооруна прецедент болсо түзүлгөн. Казино жана оюн автоматтарына тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам күчүнө киргенден кийин кумар оюн жүргүзгөн мекемелер четинен жабылып, ишсиз калган кызматкерлери бүртүк бүртүк болуп көчөгө чыгышты. Көптөгөн нааразычылык акцияларын өткөрүшкөнү белгилүү. Митингчилердин айрымдары "Ак үйгө" чейин жетишип депутаттарды акмалап турушту. Үй-бүлөнү багып, жан сактоочу каражаттан кагылып жумушсуз калгандарына бийлик күнөөлү деген айыптарды коюп жатышат. Негизиги кинелери жумушсуз калгандарына компенсация төлөнбөгөнү, кызмат орундары менен камсыз кылынбагандыгына барып такалат. Митингчилер ЖК кабыл алып, экс-президент Р.Отунбаева кол койгон, 2012-жылдын 1-январынан тартып ишке кирген "Кыргыз республикасында кумар оюндарына тыюу салуу жөнүндөгү" мыйзам чар тараптуу ойлонулуп бышыра иштелип чыккан эмес, эмоцияга жеңдирип жиберген депутаттардын кылган кылыктары, ошолордун чыгарган чечиминин кесепеттүү натыйжасы деген дооматтарын артышууда.
Кыпчылбаган куюшканга кыпчылганды өнөр тутуп алышкан өкмөттүк эмес уюмдардын (НПО) айрым өкүлдөрү (атап айтсак А.Абдрасулова ): кумар каналарды жабуу тууралуу мыйзам кабыл алынып жатканда аларда иштеген адамдардын укуктары эске алынган эмес. Мамлекет аларды жумушсуз калтырып жаткандан кийин башка иш менен камсыз кылуунун жолдорун да караштырышы керек болчу деп чуулдап чыгышты. Ырас, айрым укук коргоочулар, тескерисинче, лудомандардын (кумарга баш оту менен кирип кетип үй-бүлөсүнүн кыбыраганын баки-жогунун баарын уттуруп жиберип талаага калтыргандардын), кумарканалардан азгырыгынан жапа чеккендердин укугун коргоого боюнча атайы комитет түзүүгө киришишти. Мындай комитет "Сезим" кризистик борборуна түзүлгөнүн укук коргоочу Бүбүсара Рыскулова билдирет. "Казиночуларга" мындай комитеттин пайда болушу, алибетте, жаккан жок, ар кандай шылтоолорду таап алышып Рыскулованы камалып киришти.
"ВИГЕНС" укук борборунун юристи Владимир Плужниктин көз карашында мыйзам боюнча кызматкерлер менен казинонун ортосунда эмгек келишими түзүлүшү талап, келишимде болсо 1-январдан тартып кызматтан бошотуулары жана кызматкерлер ишсиз калганына байланыштуу тиешелүү компенсация төлөнөөрү сыяктуу капилеттен пайда болгон жагдайлардын каралышы кажет эле. Мамлекет ишсиз калган "казиночуларга" компенсация төлөөгө милдеттүү эмес дейт юрист. Ошону менен бирге эксперт 15 миң киши кызматсыз калды дегенге чыпчаң ишенип кете албастыгын дагы билдирди. В.Плужник кабыл алынган мыйзам баарына бирдей болорун-анын аткарууга бардыгы милдеттүү экенин да атайы эскертет.
Эгер менчик казинолордун кызматкерлери, дүйнөнү дүңгүрөткөн мынчалык чуу чыгарып бийликти жакалап жаткандан кийин, бел оорутуп кол жоорутпаган жылуу орундарынан, эңкейип куурай башын сындырбаган ишинен, болгондо негизги кирешесинин булагы болуп келе жаткан коррупциялык май талкан орундарынан капыл тапыл кол жууп калган чиновниктер кантет дейсиз. Ооздорунан жулдуруп жибергендей болуп, күйбөгөн жери күл болбой койбостур. Жедеп бекемдеп алган орундарынан биротоло айрылып талаада калбастын амалы менен, колдон келген бүт аракеттерин көрбөй койбостугу талашсыз. Анын ичинде нааразычылык акциялары өткөрүүлөрү - митинг - пикеттер, атүгүл ачкачылык жарыялоого чейин жетишээри чоң күмөн күдүк деле жаратып жибербейт. "Социалдык мителер" кызыкчылыктарына коркунуч жаралганда өлбөй турган жерде калган адаттары бар экени башынан белгилүү.
Өкмөт артына кетенчиктей баштады
Кудай бетин салбасын, адегенде өкмөттүн жаасы катуу болчу. Жетишет, "ашка жүк, башка жүк" чиновниктер армиясын багып отура албайбыз, алардан кутулуунун кезеги келди, шишип толуп бүттү дешкен. Өкмөттүн баштапкы берген убадасы боюнча жакынкы күндөрдө бюджеттин бештен бир бөлүгүн жалмап жаткан 18 миң мамлекеттик кызматкерлердин ичинен 3,2 миң "офистик планктондор" кыскартылмак. Ошону менен бюджеттен 1 миллиард сом үнөмдөлмөк болчу. Мындан тышкары чиновниктердин автопаркынын болжол менен үчтөн бирин жоюу каралган эле. Экономика жана антимонополдук саясат министри Темир Сариев, жергиликтүү жана чет өлкөлүк ММКга берген интевьюларында, өкмөт пландаштырган ишти жүзөгө ашыруу үчүн атайы жумушчу тобу түзүлгөнүн айтып келип, "биз көп сандаган кызматтарды жана инспекцияларды бири бирине кошуп жатабыз. Азыр ар бир ведомстволор өздөрүнүн функциялары менен иштегендердин штаттарынын абадай керек экендигин далилдөө үчүн жан талашып жатышат, арийне кандай гана болбосун алар кыскартылат. Чечим кабыл алынган, бул катаал норма" деген кескин билдирүү жасаган болчу. Бирок, өкмөттүн чечиминен бери ашып кетсе бир айга жетпеген убакыт өттү: министрлер кабинети мурдагысындай болбой артына кылчактап кадыресе жоошуп калганы байкалат.
20-январда "Стабилдүүлүк жана татыктуу жашоо" программасына ылайык 2012 -2014-жылдардагы мамлекет бюджетинин долборун талкуулаган өкмөттүн жыйыны болуп өттү. Жыйында өкмөттүн чиновниктердин кыскартуу боюнча алгачкы жарыялангандан башкача цифралар шардана этилди. Баштапкы пландагыдай болбой 3,2 миң мамлекеттик кызматкерлердин штатын кыскартуу эмес, эми 2 миң 237 чиновникти жумуштан бошотуу, 1 миллиардын ордуна 804 миллион сом үнөмдөлөрү каралып жатканы ачык болду. Ал эми, авторпаркка келсек, аукцион аркалуу 718 автомобиль сатылып, андан 72 миллион каражат түшүрүлмөкчү. Ошентип, өкмөт абалкы омуроологон катаал позициясынан кайтып, кадимкидей "жумшара" түшкөнүн, ачыгын айтканда артты көздөй кетенчиктеп чегине баштаганы байкалат.
Жакында экономика жана антимонополдук саясат министрлигинде аткаруу бийлигиндеги мамлекеттик органдардын ортосундагы функцияларды чектөө жана алардын штаттык өлчөмүн кыскартуу боюнча түзүлгөн жумушчу тобунун ишинин биринчи этабы аяктаганы билдирилди. Жыйынында штаттык өлчөмдүн кыскартуу жана оптималдаштыруу боюнча кай бир министрликтер өздөрүнүн иштеп чыккан долборлорун эмдиге дейре жумушчу топко бере электиги эскертилет. Биринчи вице-премьер Аалы Карашевдин төрагалык кылган мамлекеттик башкаруу системасын оптималдаштыруу боюнча түзүлгөн комиссия жумушчу топтун чыгарган алгачкы тыянагы менен сунуштарын жактырганы айтылды. Жыйында чыгарылган жыйынтык боюнча 1 миң 636 мамлекеттик кызматкер кыскартылышы керек. Кыскасы, өкмөт алгачкы убадасына турбай акырындап болсо да айный баштаганын көрүү кыйынчылык жаратып жибербес.
Эгер бул улана турган болсо, анда күндөрдүн бир сонун күндөрүндө, мамлекеттик кызматкерлерди деги кыскартып кереги жок экен, кайра көбөйтүү зарыл турбайбы деп чыгышса ага таң калып кажети деле болбой калат эмеспи.
Үсөн Касыбеков





Заманың бөрү болсо, бөрү бол...
Депутаттар кандай үйдө жашайт, кимдин ордунда ким?
(Башталышы 5-бетте)
Кээде гана командировкага чыгып калганыбыз болбосо, айдоочум эртең менен жумушка алып кетет, кечинде алып кетет. Мен Балыкчыдагы "Совтрансавто" базада он жыл инженер-техник болуп иштегем. Гараж маселесин, ал системаны жакшы билем. Ал жакта иштеп жүргөндө 350 айдоочунун машинесинин тетиктерин эсептеп, жетишчимин. Ал эми ЖКнын гаражында 140 машинеге 4 механик, төрт диспетчер, 4-5 бухгалтер. Айтор, ашыкча штаттар көп. Каалагандай кабинет ачып алышкан экен. Ал тургай, бир садовник болсо, анын жардамчысы деген штат бар экен. Мындай болбойт да. Биз обу жок чыгымдарды үнөмдөөдө пайда гана табабыз.

Гүласал Садырбаева,
"Ата Мекен"
фракциясынын депутаты:
- Үйүбүз жакшы эле. Жакшы эле салынган экен. Өткөзүп алып атканда, карап алышпаптыр. Ушул жагын карап коюшса болмок. Бир кемчилиги эшик, терезелери туура эмес орнотулганбы же сапаты начарбы, айтор алардын жыртыктары, жылчыктары ачык көрүнүп тургандыктан шамал ышкырып турат. Эми ошондой болгону менен адам болгондон кийин, аракет кылып, жылытып жатабыз. Жылытуу системасы борбордук аппаратка уланган эмес, бирок ар бирибизге автоматтарды коюп берген. Кааласак, бир бөлмөнү, кааласак, 4 бөлмөнү тең жылытабыз. Бирок ошого жараша акча чыгат. Коммуналдык кызматтарды, ж.б. кошулганда жалпысы 10 миң сомдун айланасында төлөйбүз.
- "Айрым депутаттар өздөрүнүн ордуна туугандарын киргизип коюшат экен. Же квартирага беришет"- деген кеп да бекер жерден чыкпаса керек да...
- Туура, бекер жерден чыккан жок да. Андайлар да бар. Эгер баары мыйзамга ылайык болсо, мындай сөздөр чыкпайт эле. "Ата-Журт" фракциясында ошондой көрүнүштөр бар экен деп угуп калабыз. Андан башка да, биз тааныбаган бала-бакыралар, адамдар да көп эле жашап аткандай сезилет. Бирок даана анык - чыныгын текшерип чыкса, билинмек да....
Айбек Шамшыкеев