Заманың бөрү болсо, бөрү бол...
Депутаттар кандай үйдө жашайт, кимдин ордунда ким?

Учурда биздин мамлекеттик бийликте бир катар өзгөрүүлөр болгону турат. Алардын бири коомчулукта кызуу талкууга алынып жаткан кыскартуу, үнөмдөө маселеси. Белгилүү болгондой азыр депутаттар кыскартуу маселесин, кызматтык автоунаалардан баш тартуу, анын ордуна башка жолдорду иштеп чыгуу менен алек болуп атышат. Ал эми ушул кыскартуу маселесинин аркасы мененби, же убакыт жеттиби айтор, Бакиевдин бийлигинин ЖК депутаттарына салып берген Ахунбаева- Душанбе көчөлөрү (ИИМге караштуу Динамо спорт аянтынын жанында ) тарапта 11 кабаттуу үйдүн сапатына байланышкан ар кандай сөздөр да айтылып баштады. Биз бул маселенин чын-төгүнүн аныктоо ниетинде барып, айрым депутаттардын жашоо-турмушун жана ал үйлөрдүн курулуш-сапаттарын, өз көзүбүз менен көрүп кайттык. Көргөн көзгө укмуштуудай болуп, жакшы салынган. Көп каражат сарпталганы ачык-айкын эле көрүнүп турат. Бул (сүрөттөгү) 11 кабаттуу үйдө 36 квартира бар. 36 квартираны 5 фракцияга бөлгөндө 7 квартирадан тийет экен. Ар бир квартира, бардык шарттары менен 4 бөлмөдөн (чоңу 126 кв. метр болсо, басымдуу бөлүгү 100 кв. метрдин тегереги) турат. Мындан тышкары, шаардын ар кайсы жерлеринде ЖКга тиешелүү 6 квартира бар. Бирок ал 6 квартиранын үчөө- төртөө менчиктелип кеткен. Ошондой эле мурунку чакырылыштагы депутаттар квартирага кирген бойдон, ушу күнгө чейин чыкпай "бети жоктук" кылып жүргөндөр да жок эмес. Кыскасы, депутат болгондордун оюна койсо, өкмөттүн акчасына салынган үйлөрдү көк-бөрү кылып талашкысы бар. Кайран гана "улакчылар..."
Үч квартирада Келдибековдун сакчылары жашашабы?
Бакиевдин бийлигинин тушунда салынган 11 кабаттуу үйдү мурунку "Ак жол" партиясынын депутаты, азыр "Республика" фракциясынын депутат Алтынбек Сулаймановдун курулуш фирмасы салган деген кеп бар. Депутаттарга үй салуу демилгеси 2008-жылы октябрь айында козголгон. Жогорку Кеңештин ал кездеги иш башкармасынын башчысы Мавлян Амракулов: "Бул үйлөрдү куруу үчүн жарыяланган тендерге эки кытайлык, бир кыргызстандык фирма катышып, "Сафари" ЖЧКсы жеңип алган. 110 квартирага ылайыкташкан 8 кабаттуу үч үйдү куруу пландалган. Жалпы жонунан депутаттардын үйүн курууга 495 млн. сом керек"- деп билдирген. Ошол кездеги коммунист депутат Исхак Масалиев: "тендерден утуп алган фирма депутат Алтынбек Сулаймановдуку эмеспи?" деп жар салып чыкканы бар. Бирок ал план өзгөрүп кеткенби, азыр 8 кабаттуу үйдүн ордуна 11 кабат зыңкыйган үй түшкөн. Ал үйдүн жанында курулуш иштери жаңы башталган, жери казылган эки участок турат. Айрым бир маалыматтарда ал жерге ЖК аппаратынын кызматкерлери үчүн үй салынат деген кеп бар. Маалымат катары айта кетсек, бул үйгө 4 -чакырылыштын депутаттары жаңыдан кирип жайлана баштаганда, парламент чачырап кеткен болчу.
Айрым бир маалыматтарда, (айрыкча ЖКнын депутаттарынын арасында ) Келдибеков спикер болуп турганда "Ата -Журт" фракциясынан колунда бар үч депутатын (өздөрү менен сүйлөшүлгөн болсо керек) депутаттык квартирада жашап атат кылып, документ жагын тууралаган дешет. Бирок чындыгында, ал үч депутаттын ордуна, өзүнүн бир эмес, үч жан сакчысы ушу күнгө чейин жашап келет деген кеп айтылууда. Ал квартирада "калп эле" жашаган депутаттардын катарында "Хаммер" аттуу каймана аты бар Жыргалбек Саматов да бар имиш. Кыскасы, Келдибеков спикер болуп турган кездеги "хандык жүрүштөрүнүн" катарында мына ушундай да өзүм билемдик болгону да, жөн жеринен чыкпаса керек. Депутаттар бул маселени тактап койбой, ачык айтпай жашырып жүрүшкөнү түшүнүксүз?




Гүльнара Жамгырчиева, КСДП фракциясынын депутаты:
- Гүльнара эже, депутаттык квартиранын сапаты жана айрым депутаттын ордуна башкалар жашап жатканы тууралуу эмне айта аласыз?
- Өткөн чакырылышта үйү бар туруп, мына ушул үйлөрдү квартирага берип койгон депутаттар да болуптур. Азыр деле антип аракет кылгандар жок эмес. Үй жетпей калгандар үчүн , үйү бар, айтор жетиштүү оокаты турса да, депутаттык үй үчүн төлөнө турган 18 миң сомду алганга аракет кылып жүрүшөт. Ал эми бул бизге берилген үй тууралуу айта турган болсок, мына өзүңөр көрүп атасыңар, эшиктеги суукка байланыштуубу айтор, үйүбүз анча жылуу эмес. Мына ушул "жылуу эместигине" бир катар себептер бар, ал себеп үйдүн курулуш иштерине, курулуштун сапатына түздөн-түз байланыштуу. Бул үйдү колдонууга өткөзүп жатканда, өткөзүп алып жаткан тарап, мына ушундай кемчиликтерди көрүп туруп , кантип өткөзүп алды деген ойго келесиң? Мисалы, эшик-терезелер талапка ылайык орнотулган эмес, эшигинен да, терезесинен да шамал кудайга шүгүр аркырап, ышкырып турат. Ага көчөдө өткөн машинелердин үнү да кошумча. Айла кеткенде, минтип жыртыктарга скотч чаптап койдук. Дубалдардан жарака кетип атат. Жаракалар үй ичинде да, сыртында да бар. Жерге төшөлгөн ичке (ламинат) тактайлар да басканда, өйдө-ылдый кирип, чыгып турат. Эшиктердин астылары да бир топ ачык. Ал ачык жерлерден да шамал ышкырат. Айтор, тизмектеп айтып олтурса, үй ичинде бир катар кемчиликтер бар.
- Жылуулук, коммуналдык кызматтар үчүн канча төлөйсүңөр?
- Бул өзү жылуулук берүүчү борбордук аппаратка кошулбаптыр. Ар ким өз - өзүнчө, пайдаланганына жараша төлөйт. Мисалы, мен турган квартиранын жалпы аянты 126кв. метр. Жылуулук үчүн айына 4 миң сомдун тегерегинде төлөйбүз. Ал эми коммуналдык кызматтарга (лифт, суу, охрана, мусор) 2100 сом төлөйбүз. Газ менен свет, телефон өзүнчө. Жалпысы 8 миңден 10 миң сомго чейин болуп калат. Чынын айтайын, мен айлыгым менен эле жашайм. Андан башка киреше бере турган, башкасын айтпайын бир камогум да жок. Ошон үчүн үйдөгү жылуулукту үнөмдөп колдонобуз. Уулум экөөбүз эле жашайбыз, ал, органда иштегендиктен, үйдө аз болот. Анан бизге: "жылуулукту эң аз жаккан силер экенсиңер"- деп таңкалып атат. Аз колдонсок, үнөмдөсөк аз төлөйбүз да. Дагы бир кызыгы, бул үйдө бизге такыр тааныш эмес, кишилер жашап калышат. Эртели кеч, курулушка кийе турган кийимдерди кийип алышкан адамдар, андан сырткары толтура баштыктарга азык-түлүк ташып калган адамдарды көрүп калабыз. Кыскасы, өзүнүн ордуна башкаларды киргизип койгон да депутаттар болсо керек. Дагы бир маселе, бул үйдө дайыма жашабайбыз, өкмөттүн үйү деп, талапка ылайык колдонбогондор да четтен табылат. Мына кире бериште, булганган жерлер, дубалдар толтура. Албетте булгагандар жаш балдар.
- Машинелерди кыскартуу маселесине көз карашыңыз кандай?
- Көз карашым түз. Шаарда менчик үйүм да, машинем да жок экенине карабастан, амбициямды жыйыштырып коюп, колдоп жатам бул маселени. Угуп-көрүп эле жүрөбүз, башка мамлекеттерде депутаттар коомдук транспортто эле жүрүшөт. Эч нерсеси кемип калган жок. Мен машинеге анча деле муктаж эмесмин.

(Уландысы 6-бетте)