Кадам ушул…
Темирдей тартипти ким орнотот?

Бул аттиңди айткандарыбыз арбын жана да тынбай айтып келебиз -кийинки Конституциябыздын жаралышына себепкер Акаев менен Бакиев болду. Анткени, алар мурунку Конституцияга таянып ансыз деле укугу көп президенттикти биротоло эле узурпациялап албадыбы. Анан да анын натыйжасында коррупция деген укмуштуудай өнүктү, ага удаа кылмыштуулук, бөтөнчө уюшкан кылмыштуулук мамлекетибизди бура бастырган жок. Кудай уруп Бакиевдердин өздөрү кылмышкерлер экен.

Анан "сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичет" дегени келди да Баш мыйзамды оңдоттуруп салды.
Бүгүнкү күнү коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күрөшкөн жана ага жооп берген мамлекеттин биринчи пландагы бийлиги дааналанбай тургандай. Ооба, прокуратура менен милийса күрөш жүргүзүп жатат дечи, алар аткаруучулар, ошондуктан, алардын башында жогорку бийликтеги конкреттүү бир адам көзөмөл жүргүзүшү керек эле да. Андай болбой турат. Баарына жеке көзөмөл кылчу президенттин бийлиги жетпейт, парламент тараптын кебете-кешпири түшүнүктүү, өкмөт аткаруучу бийлик, анын үстүнө дале болсо укугу чектелүү. Парламенттиң башкага көзөмөл жүргүзмөк турсун, өздөрүнүн казанында кайнап-кайнай албай турат: эки-экиден чабышуу, бири -бирине компромат издөө, интригалар ж.б. 12 адамдан турган парламентти бир бүтүнгө бириктире албай турат, бирикпейт дагы. Анткени, ал жерде олтурган азаматтардын арасында криминалдар, бакиевчилер, коррупционерлер жойлоп жүрбөйбү. Демек, "көч бара-бара түздөлөт" деген маани парламентибизге жарашчудай эмес, "көч ооп-ооп барып кулап калды" деген жыйынтык чыкчудай.
Мына ушул жагдайда президенттик укук алдыга чыгышы керек эле. Тилекке каршы азыр Атамбаевдин укугу өтө эле чектелүү бойдон калып олтурат. Кайсы бир ишти жасаса, "анын антүүгө акысы жок" дегендер четтен чыгып жатат. Президенттин укугун чектеп, анын баарын парламентке өткөзүп берүү бизге али эрте болчу. Акаев менен Бакиевден коркуп калганыбыздын айынан тигинтип президент укугу чектелип жатпайбы. Ошондо бир маселени эске албаппыз- жигиттерибиздин баары эле жанагы эки желмогуз - Акаев менен Бакиев эмес да деген логиканы танып коюппуз. Туура да, президент болуп шайлангандын баары эле ошол экөө баскан жолду баспайт болчу. Тигине, Роза Отунбаева президенттигин татынакай аткарды да, мөөнөтү келгенде орунун бошотуп берди. Азыркы президентибиз Атамбаев эч качан Акаев менен Бакиевдин айбанчылыктарын кайталабайт, анын эли билген мүнөзү жана баскан жолу ошого гарантия болуп бере алат.
Эл аралык деңгээлде Атамбаев ишин дурус баштап турат. Ал президент болуп-боло электе Турция 51 миллион карызын кечти. Кечээ жакында Атамбаев Турцияга расмий сапар менен барып, межилисинде сүйлөдү. Угуп олтургандар көп жерден кол чаап, кезеги менен күлүп-жайнап туруп угушту. Анткени, Атамбаев орундуу сүйлөдү, олуттуу сүйлөдү, кенедей да апкаарыбай тең ата сүйлөдү. Мына ошол жерде Россия жөнүндө да жакшы сөзүн айтып, Турция менен Россиянын дурус жагына ооп бараткан мамилесин колдоду, дагы да тыгыз байланышта болушун каалады. Ошол айткандарынын мааниси Атамбаев кандайдыр бир деңгээлде орустар менен түрктөрдүн ортосундагы данакер болуп тургандай да сезилип кетти. Ал эми Атамбаевдин орустар менен, анын президенти Дмитрий Медведев жана премьери Владимир Путин менен, дурус мамиле түзүп турганы бизди кубандырбай койбойт. Кандай айтсак да биз Россияга көз карандыбыз. Анткени, экономикабызды орустарды катыштырбай туруп карасак, анда таптакыр эле оокатыбыз өтпөй тургандай абалда калат. Туура, аларга илгерки СССР заманындагыдай көз каранды боло албайбыз жана ошол кездеги алардын шовинизм идеясы азыр бизде өтпөшү керек. Антсе да биз "жылкыбызга карап ышкырышыбыз" туура болор.
Бир эле учурда баары менен жакшы мамиледе болуу жарабайт. Андай болсо, жасалма болот, калп болот. Мына ушул ойдон чыксак, ири мамлекеттер менен болгон мамиледе алардын бирөөнө басым жасашыбыз керек дегендей. Айталы, Америка менен Россия экөөнөн тандаарыбыз Россия болсун. Кытай менен мамилени "бир туугандык" деңгээлге чейин жеткиришибиз туура болбос. Алардын каптап кеткенинен ар дайым сак болуш керек. Тигине Ыраакы Чыгышты кытайлар каптап кеткендиктен килейген Россия империясы дайынын таппай турат. "Казак, кыргыз бир тууган, өзүбекти ким тууган" деген кеп да маанисин небак жоготконун казак тарап ашкерелеп да койду. Демек, казактар менен да мамиленин башка жолун тандашыбыз керек.
Өткөндө Алмазбек Атамбаев Владимир Путинге Канттагы авиабазанын арендасына орустардын Коргоо министрлиги эски КАМАЗдарды берип эсептешкенин айтканда, Путин териштирем деп сөз берген. Мына, жакында эле Россия тарап жапжаңы УАЗ, "Нива" жана КАМАЗдарды берди. Бул дагы курч, тайманбас дипломатиянын жемиши.
Атамбаев декабрь айында Москвада Азербайжандын президенти Ильхом Алиев менен жолугушканда биздеги мунайзат проблемасын айткан экен, мына, кечээ жакында Азербайджан мамлекеттик мунайзат компаниясынын жетекчиси Ровна Абдуллаев келип, бизге жылына 2млн тонна мунайзат иштетүүчү заводду куруп берүүгө келишим түзүп кетти. Буюрса, 2013-жылдын аяк жагында завод ишке киришет. Көзөмөлдөгөн жетекчиси учуп келип бизге завод курмай болду.
Ошентип, Алмазбек Атамбаев өкмөт жетекчилери менен жолукканда колун кысып, жакшы сөзүн айтып "достукта жанаша жашайлы" деген куру сөздөн сырткары экономикалык көйгөйлөрүбүздү четинен чечип келип жатат. Азыр биздин негизги милдет экономикабызды бутуна тургузуп алуу болуп эсептелет эмеспи.
Мамлекетибиздин ички иштери кубангандай деле жолдо эмес, абалыбыз "ит жыгылыш" таризинде тургандай.
Аз күн мурун СИЗО-1 де бунт чыгып тегерек-четтеги мамлекеттерге чейин аңыз болдук. Ал бунттун чыгышы биздин бийликтин болумсуздугунан чыкты деп айтсак, анча деле жаңылыштык болбосо керек. Адам өлтүрүп, зордуктап, ууру кылып, куралдуу кол салып тоноп ж.б. оор кылмыштарды кылып, анан түрмөгө жатып алып "тигиндей кылгыла, мындай кылгыла" деп талап коюп жатканы бийликтин алсыздыгы эмей эмне! Соттолдубу, ал мөөнөт бүткөнчө күнөөкөр болуп эсептелет, алардын талап коюуга эч кандай укугу жок. Ушунун баарын беш колундай билет да, анан парламенттеги кээ бир депутаттар Байзаковду кетирүү менен алек. Кызыгы ошол. Ал эми акыйкатчыбызга, укук коргойбуз деп четтин акчасына дындыя тойгондорго кудай берип эле салды, наркы-терки чуркап маанилүү иш бүтүргөнсүп, адам укугун коргогон болуп… мамлекеттин укугун коргогон менен иштери да жок.
Апрель окуясында элди аткандар эмдигиче соттолбой жатат, соттолуп накта жазаларын алары деле арсар абалында. Күнөөлөнүп жаткандар мурун башын жерге салып олтурушчу эле, эми болсо баштарын бийиктетип, кээси азоо аттай баш чулгуп турбайбы…
Бакиевдер болсо, бул жерден көтөрө качкан миллиондору менен чет жердерде куунап жашап жатышат, кааласа биз тарапты ызы-чуу кылып коюшат. Садыркуловду өлтүргөнүн кошкондо күнөөсү башынан ашкан Жаныш Бакиев каалаган өлкөсүнө каттап турат экен. Аны кармап келип, жазасын колуна бериши дале арсар абалда.
Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш да кандайдыр бир деңгээлде дымып калгандай көрүнөт. Ал ишти аягына чыгыш керек да.
Минтип бийликтин ашкере жумшактыгын санай берсек бир топ маселе айтылат. "Президенттин укугун кеңейтип, анан ал катуу тартипти орнотмоюн, мыйзамдын диктатурасын орнотмоюн бүтүндөй мамлекетибиздин дурус жыйынтык чыгара албай эзилгени эзилген" деп айткандар бүгүнкү күнү оголе көп болуп турат.
Баратбай АРАКЕЕВ