Тартылган сүрөткө тамаша
Курманбек Бакиев: - Кана, жан берерим, антыңды берчи, атакең угуп турсун… Мурат Суталинов: - Мен деген урматтуу Курманбек Салиевич үчүн жанымды берем, мен деген Курманбек Салиевич үчүн элиме "алигимди" көрсөтөм. Мен дегенби, мен деген… (кекечтене калган немени ички ою коштоп кетет) "Сага жанымды бергендей, ал эмне жерде жатыппы, энеңди десе… сало менен пияз жыттанган пилайт!" Көлбаевдин корко турган жөнү жок экен… Ызы-чуу чыгып араң басылган Бишкектин№1 тергөө абагында учурда Дубайда качып жүрөт делген кримавторитет Камчы Көлбаевге арналып, өзгөчө жасалгаланган (евро ремонт) № 332-камера бар экени анык болду. Аянты бир топ эле чоң болгон камера заманбап стилде жасалгаланып, жумшак эмеректер коюлган. Пластиктен жасалган терезелерде торлор жок. Даараткана калган бөлмөдөн гипсокартон менен тосулуп, толугу менен кафелденген. Аппакай болгон унитаз жана раковина орнотулган. Душ азырынча коюла элек экен. СИЗОдогу ызы-чууга чейин камерада ремонт жасалып аткан экен, сыягы, душ коюп жетише элек окшойт. Ушунун өзүнөн эле кылмыш дүйнөсүнүн ана башчысы делген адамга түрмө жетекчилери дагы өзгөчө сый-урмат менен карары көрүнүп турат. Демек, Көлбаевдин коркпой-үркпөй эле келе турган жөнү бар экен. Аталган абактын кызматкерлеринин айтымында, бул "өзгөчө" камеранын ачылганына жыйырма жылдай болуп калган. Анда кылмыш дүйнөсүнүн анабашы атыккандар кармалчу экен. Мыйзам боюнча, абактарда жумшак эмес, темир керебеттер турушу керек. Учурда Көлбаевге арналып жасалган камераны өзгөртүү иштери жүрүп жатат. Шадиев татыктуу баасын алды... Жай бою, кышка жүз пайыз даярбыз деген энергетиктер, кылычын сүйрөп кыш келгенде алапайын таба албай калышты. Токтогул ГЭСинде суу толтура болгон менен, свет Бакиевдин учурундагыдай эле утур-утур өчүп, элдин шайын оодарып койду. Жада калса ооруканаларда дагы электр энергиясы жок болуп, оорулууларга операция жасоого тоскоолдук жаралган учурлар да болуп жатат. Натыйжада, айрым шаар тургундары жол тосууга мажбур болушту. Бир сөз менен айтканда Шадиевдин электр тармагын тартып кетүүгө шаасы келбей турганын далилдеп койду. Мындан улам, өкмөттүк жыйында өкмөт башчысы Бабанов Энергетика министри Шадиевге сөгүш жарыялап, электр тармагындагы көйгөйлөрдү тезинен чечүүнү тапшырды. Эми "татыктуу баасын" алган Шадиев оңолор бекен... Дегенибиз, өлкө башчысы Атамбаев, өкмөт башчысы Бабанов свет өчпөйт деген менен энергетиктер дале болсо светти 3-4 сааттан өчүрүшкөнүн токтото элек. Маселен, редакциябызга Ысык-Көлдүн Түп районунан, Таластын Кара-Бура районунан, ошондой эле, өлкөбүздүн түштүк аймагынан дагы телефон чалуулар болуп, свет күнүнө 3-4 сааттан кем эмес өчүп жатышканын айтышып, Шадиевде жоопкерчилик болобу дешүүдө... "Ата-Мекен" менен "Ата-Журт" өкмөткө тиш кайрашты… Жогорку Кеңештин "Ата Журт" фракциясы 20-январдагы кезектеги жыйынында КР президенттин Аппарат жетекчисинин "KG" автоунаа номерлерин кыскартуу жөнүндөгү сунушун карап, Жогорку Кеңештин депутаттарына дагы КG-номурларды берүүнү суранышты. Сунушта KG-сериясындагы номурларды президент, спикер, премьер-министр жана Жогорку соттун төрагасына гана берүү демилгеси айтылган. Буга байланыштуу "Ата Журт" фракциясы Жогорку Кеңештин депутаттарына дагы КG-номурларды берүү маселесин добушка коюшуп, бир добуштан колдошту. Ушул эле жыйында "Ата Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев: "Азыр Транспорт министрлигин "Ата Мекендин" өкүлү башкарат, министрдин орун басары дагы "Ата Мекенден". Кадр саясаты туура эмес жүргүзүлүп жатат. "Ата Мекен" мамлекетти оңдойм деп айтып жүрүшөт, ошолор биринчилерден болуп мамлекетти жок кылат, себеби Транспорт министрлигине курулуш менен алектенген адам башкарып отурат. ", - деп, "Ата Мекен" фракциясы Транспорт министрлигин приватташтырып алды деген доомат койду. Ал эми депутат Ахматбек Келдибеков болсо, Бишкек-Торугарт унаа жолунда Кытайдын жүк ташуучу унаалары 44 тоннадан ашкан оор жүктөрдү дагы деле ташып жатат деген маселеге кайрылып, учурдагы өкмөт 44 тонна делген чекти 48,5 тоннага өзгөртүп жатканын сынга алды. Бул туурасында ал: "44 тонна норманы 48,5 тонна кылып киргизүү Бабановдун менчиги эмес. Премьер-министрге мыйзам, мыйзам эмес болуп калдыбы? Кытайдан келген оор жүктөрдү Кыргызстандын аймагында кыргызстандык айдоочулары ташыш керек. Чек арада электрондук таразаларды коюп, 44 тоннадан ашкан жүктөрдү түшүрүп салыш керек же айып төлөтүш керек", - деп агынан жарылды. Путин улутчулбу? Кыргызстанда жашап анын ырыс-кешигинен каалашынча пайдаланып жаткан орус тилдүүлөрдү кыргызча үйрөнгүлө дедиңби кутулбас балээге калдың, сени түптүз эле "улутчул" кылып таштайт. Тигине, орустардын премьери Владимир Путин "Независимая" газетасына маек куруп, "Россияга келген эмгек мигранттарынын баары орус тилди билиш керек, эмдиги жылдан баштап тил боюнча экзамен берсин, орустун адабияты менен тарыхын билсин, мамлекет жана укук жагын да үйрөнсүн, ошолордун баарынан экзамен берсин дептир. Бул жердеги орус тилдүүлөрдөн сурап көрбөйлүбү, "эмне, Владимир Путин улутчулбу?" деп. Жооп таба алышар беле?! Парламенттин таркоосу - калктын каалоосубу? Кыргыз тилдүү сайттардын эң алдыңкысы "Баракелде" маалымат булагы 19-январь күнү "Жогорку Кеңешти таркатуу керек деген ойго кошуласызбы?" деген сурамжылоосун баштаган. Калкыбыздын калың катмары, окурмандардын 78,3 % дароо эле "ооба" деген жообун берсе, 17,2 % "жок", 4,5 % "мага баары бир" дешкен. Ошондой эле окурмандардын пикирине көз жүгүртсөк "мындай парламенттин барынан жогу" деген маанайдагы ойлор көбүрөөк айтылыптыр. gulzat2 15:09:44 (20-01-2012) - Бизде парламенттик республика эмей эле, азыр ар кайсы партия лидерлеринин республикасы болуп калды. Кылымдар бою уруу-уруу болуп жашаган кыргыз элине чындыгында партиялык тизме менен эмес, жер-жерлерден өз алдынча шайланган эле депутаттар керек окшойт. Азыр булардын лидерлери жумушту ойлобой эле партиялаштарын, ар кайсы мамлекеттик кызматка орноштуруу, партиялык тизмеге кириш үчүн төлөнгөн акчаларды актоо, шайлоолордо көп чуркагандардын маселелерин чечүү жөнүндө гана ойлоп жатышат го көпчүлүгү. Болбосо эмнеге алга жылбайбыз. batyr 14:54:44 (20-01-2012) - Ушу депутаттар жок эле жашап көрсөк болбойбу ия туугандар, кандай дейсиңер? Булар кыйратып бир маселени чечкен жок, жасанып-түсөнүп отурушат. Сүйлөгөндөрүн угуп отурсаң колхоздун чогулушунда отургандай болосуң. Ушуларга канча киши убара болуп машине берип татабыз. Элдин мойнунда минип отурушат. Ушул депутаттар келгени элдин кайсы маселесин чечишти, ким айтып бере алат? Болбогон бир нерселерди таап алышып эле кечке эзгилеп, куру кептен башка кылган иштери жок. Айылдан келген кишилерге "бизди силер эмес, партия шайланган" - дешет экен. Кудай акы, ушулардан тажап бүттүк. Жок дегенде бир коррупционерди отургуза алышкан жок, анан эле беттерин табактай кылып ойду тоону сүйлөшөт "мен айттым эле, мен дедим эле" дешип. Парламенттик башкаруу деп атышат, же мамлекеттин бир ишин жыргатып башкарган жерлери жок. Маселен. жанагы Шадиев деген коммерсантты, желкелеп апкелип отчётун угуп туруп, "көчүккө" бир тээп кууп чыга алабы, парламенттик башкаруу деген чын болсо?! Мамлекетти тартипке сала алабы ушулар? Дыйкандар быйыл картошкадан күйдү, капусталары тоңуп жатат сата албай. Эмнеге ушуларды чечпейт булар? Криминалдар ультиматум коюп атышат, аларды чечпейби? Жадагалса мектептин көпкөн директорлорун да кызматтан ала алышпайт. Көтөргөн маселелерин карасаң жөн эле бири-бирин чукумай. Булардын интеллектуалдык деңгээли пас, кадыресе сүйлөө этикетин билбеген бул адамдар ПАРЛАМЕНТ аталып биздин тагдырыбызды чечип отурушат! ulanbai 14:47:38 (20-01-2012) - Мен парламенттин таркашына макул эмесмин. Себеби, өзүңүздөр жакшы билгендей, эл өкүлдөрүбүз шайлоого деп аябай көп каражаттарын коротушкан. Алды бир нече миллиондорду взноско кон коюшса, арты бир нече жүз миңдеген долларбайларды сайышкан. Парламент тараса, буларың дагы каякка барып "ЛӨЛҮ" болуп жалдырап, акча издешет? Пускай иштей беришсин, шайлоого кеткен каражаттарын акташсын дегендей... Фабула -пресс |