Эне-тилибизге эрегишкен Карамушкина элчиликке айдалат
Буга чейин көпчүлүк урматтап, сыйлап жүргөн КСДП фракциясынын өкүлү, Ирина Карамушкина эне-тилибизге эрегишкен акыркы аракеттери менен көпчүлүктүн көңүлүн кайт кылып, ирээнжитип алды. Бул депутат айым тиши өтпөгөн тил маселесине жок жерден асылып, эки элдин эзелки ынтымагына шек келтирип атканын түшүнүп атты бекен? Былтыр дагы касиеттүү ак калпагыбызды европалыктардын алдында мазактап, намысыбызга тийгени боюнча көп сөз айтылып келген. "Ойлонбой сүйлөп, онтобой ооруга чалдыгып алмай жайы" бар Ирина Карамушкина жакын арада Украинага элчиликке "айдалаары" тууралуу кеп уктук.
Баса, Ирина Карамушкинанын калпак боюнча айтылган сөздөрү канчалык деңгээлде чындык экенин билип, тактоо максатында ошол окуяга күбө болгон ЖК депутаты Урмат Аманбаевага кайрылып көрдүк.
"Бул окуя 2011-жылы май айында Финляндияда болгон. Ирина Карамушкина төрайымдык кылган аял депутаттардын тобу Финляндияга атайын иш сапары менен барганбыз. Фин парламентинин төрагасы менен болгон жолугушууда ак калпак кийгизип, ала барган белек-бечкегибизди берип атсак, Ирина Карамушкина "Билесиңерби, калпакты бизде саунада кийишет" - деп атпайбы. Ал жерде мен, Надира Нарматова, Гүласал Садырбаева, Айнуру Алтыбаева бар эле. Ошол жерден биз, Карамушкинага каршы сөзүбүздү айтып, бир сыйра айтышып да кеттик. Кийин келгенде "кесиптешибиз да, байкабай айтып алды го" - деп көп ызы-чуу чыгарган эмеспиз. Түшүндү го деп ойлогонбуз. Бирок акыркы мамлекеттик тил боюнча түшүнүп-түшүнбөй эле козгоп чыккан маселелеринен кийин чын эле кыргыз тилине, калпагыбызга мамилеси анча эмес экен деген ойдо калдым."


Жолдошбек Бусурманкулов ишинен кетти
Жаза өтөтүү мекемелеринин басма сөз жетекчиси Жолдошбек Бусурманкулов ишин таштап баса берди. "Эмнеге кеттиңиз?" деген биздин суроого, "кеттим" дегенден башка чын себебин айтпады.
Бүткүл кыргыз журналисттеринин сыйына ээ болгон Бусурманкулов менен иштеше албай Байзаков чоң жаңылды. Анын ордуна Никсдорф деген барыптыр. Башкасын билбейбиз, бир билгенибиз Никсдорфту, одоно айтканда, кыргыз журналисттери чала тааныйт, кадыр-баркы алардын арасында нөлгө тете. Ал эми полковник Бусурманкулов Ички иштер министрлигинде иштеп турганда, бүтүндөй кыргыз журналисттери "гүлгө конгон аарыдай" андан ажырачу эмес, экинчиден, журналист катары мыкты профессионал дагы, табылгыс дипломат дагы.
Бу Байзаков дегениң бир жагынан кыйын экен да, экинчи жагынан бечара да тура…


Касымбек Мамбетов деген министрдин орун басары жегичпи?
"Балдардын укугун коргоо" коомдук фондусунун офисине бир эркек кирип барып чатак салып жатканда беркилер милиция чакыртабыз дегенде, тиги чырдуу неме качып кетиптир. Көрсө, ал немең Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Касымбек Мамбетов дегендин адвокаты Муратбек Асанов деген неме экен.
Аталган коом Мамбетовдун бир топ иштерин ачыкка чыгарган тура. Мисалы, мыйзамсыз үй алганын, кээ бир имараттарды оңдоодо акчаны туура эмес пайдаланганын, Ош окуясында Ошко командировкага барып, кымбат мейманканаларга жатканда анын акысын жергиликтүү врачтар төлөгөндүгү жөнүндө айтып чыгышкан экен. Анан анын жанагы Асанов деген адвокаты "Мамбетовду коргоо үчүн бардык чараларды көрөм" деп бакырып-өкүргөнү да бекеринен эмес экен да. Коркутуп койсом басылып калышабы дегени го…
Министр орун басары Мамбетов жөнүндө тескери баадагы имиштер толтура, кезеги келгенде биз дагы окурманды кенен-кесир кабардар кылып турабыз.


Бакиевдин камчы чабары, улак тартат…
Биздин мамлекетте кылмышкерлер же кылмышкер деп, шектенгендер жыргап, кээ бир күнөөсүздөр күнөөлүү болуп куурап келет. Биздин мамлекетте бул жагдай аябай дааналанат. Маселенби… маселен кечээ Бакиевинин камчысын катыра чаап, анысы кууларда "митингдерди басып салууга бардык күч жетет, ташын-талкан чыгарам" деп Таласка барып, аны Талас эли каакымча көрбөй, ошонун айынан улакча тартылып, тиги дүйнөгө "аттана" жаздаган, кадимки эле Молдомуса Конгантиев дегениң, деле кой, эч нерсе болбогонсуп улак тартуу уюштуруп көөп турбайбы. Мына сага гумандуулук, жоопко тартылып башын шылкыйтып олтургандын ордуна бүтүндөй кыргыз элин көзгө илбей, улак тарттырып, элден жеген акчаны туш тарапка чачтырып жатпайбы.
Бу Конгантиев эң биринчи иретте Садыркуловдун өлүмүнө кимдер себепкер жана кантип өлтүрүлгөндүгүн жаап-жашырып койгондугу үчүн эле, катуу жооп бериши керек. Ал Бакиевдердин бир топ айбанчылыктарын билет, далай өлүмдүн чоо-жайын билет. Азыркы бийлик ошолорду айттырып, тийешелүү тыянак чыгаргандын ордуна, тайраңдатып, кааласа улак тарттырып жатпайбы.
Конгантиев, Келдибеков, Наргозуев сыяктуу бакиевчилер элди "билгениңерди кылып алгыла" дегенсип тигинтип улак тартып турганы жакшы көрүнүш эмес…


Эки "вор" элдешти
Криминалдык дүйнөнүн аталыгын талашып, кырчылдашып келишкен эки "вор". Камчы Көлбаев менен Азис Батукаев мындан эки жыл илгери эле элдешип алышканын Жазаларды өтөө мамлекеттик кызматынын штаб башчысы Кубанычбек Кенебаев айтып чыкты. "Учурда криминалдык дүйнөдөгү таасир талашуу маселеси анчалык курч эмес. Батукаев менен Көлбаев мурункудай душмандашпай калышкан. Эки "вор" эки жыл мурун элдешип алышкан"-дейт Кубанычбек Кенебаев. Эске сала кетсек, Камчы Көлбаевге 2008-жылы Москвада Орусиянын крим кожоюну Япончик баш болгондордун катышуусунда "вор в законе" наамын ыйгарылгандыгы айтылып келет. Чечендердин аркасы менен "вор" атыккан Азиз Батукаев Көлбаевдин таажысын тааныгысы келбей, ортолорунда айыгышкан согуш жүрүп келген.


Президент менен спикердин машинасы кагышты
20-январь күнү кечке жуук Ригада Латвиянын президенти Андрис Бершиньш менен сейм спикери Солвита Аболтининин машиналары сүзүшкөн. Сүзүшкөндө президент машинада болгон эмес, ал эми спикер машинасында экен. Сүзүшүү катуу болбосо да машиналар ремонт талап кылат экен.
Ал эми Литвада былтыр октябрь айында мамлекеттин Генералдык прокурору Дарюс Валлис машина айдап баратып бир аялды сүзүп алган экен. Аялды дароо ооруканага жеткирген, тизелеринен жаракат алган экен. Ошо авариядан кийин Д.Валлис арызын жазып иштен кетип, бул авария тыкыр изиленүүсүн талап кылган жана да аялдан кечирим сурап, чыгымын төлөгөн.
Бул жөнүндө эмнеге айтып жатабыз. "Уулум сага айтам, уулум сен ук…" дегенди эске салганыбыз. Биздеги жетекчилер авария болсо болушунча жаап-жашырат, жанын жеп калп айтып "аппак" болуп чыга келишет.
Былтыр коопсуздук кызматынын башында турган Кеңешбек Дүйшөбаев авария болуп, анысын болушунча жаап-жашырганга аракет кылган, жанталашкан тим эле "кыздын баласындай" деңгээлде…
Бизде ушундай…


Аскер соту Суталиновго жан тартты...
Коопсуздук Комитетинин мурдагы башчысы, 7-апрель окуясы боюнча башкы айыпталуучулардын бири, Мурат Суталиновду үй камагына чыгарган Бишкек шаардык гарнизондук аскер сотунун 20-декабрда чыгарган чечимин Аскер соту дагы күчүндө калтырды. Мындай чечимге макул болбогон Башкы прокуратура өкүлдөрү Жогорку Сотко кайрыларын билдиришти.
Эске сала кетсек, издөөдө жүргөн Мурат Суталинов 14-декабрда көктөн түшкөндөй апрель сотуна келген. Бирок ошол эле күнү 7-апрель окуясын карап жактан сот Дамир Оңолбеков тарабынан үй камагына чыгарылган. Мындан улам коомчулукта нааразычылык жаралып, шашылыш түрдө Мурат Суталинов чек араны мыйзамсыз өттү деген айып менен убактылуу кармоочу жайга камалып, 17-декабрда 1-май райондук соту аны эки айга 15-февралга чейин тергөө абагына камоо токтомун чыгарган.