Чачыла…
Фарида жеке концертине даярданууда…
2011- жылдын күркүрөгөн күз айында жеке концертин берген ырчылардын саны абдан эле арбын болду. Концерттин көптүгүнөн кайсы бирине кирерибизди да билбей калдык. Ырасында, тээ атагы калың журтун катмарына тараган белгилүү эл артисттеринен тартып, кечээ гана сахнага чыгып, эки ыры менен элге таанылгандарга чейин жеке концерттерин беришти. Алардын арасында белгилүү ырчы Алинанын окуучусу Фарида Карбосова да бар эле. Бирок Фарида концерттин санын көбөйтпөйүн деп, жеке концертин жадыраган жаз айына жылдырган эле. Учурда Фарида март айында өтө турган концертине даярдык көрүп, буту-бутуна тийбей иштеп жүргөн кези. Мындан сырткары, ырчы айымыбыз жаңы жана эски ырларынан турган жаңы альбомун чыгарууга жетишти.


Кубаныч досторуна ыр арнайт…
Кыргыз Республикасынын эл артисти, кыргыз элинин сүйүктүү ырчысы Саламат Садыкованын күйөө баласы, атактуу ырчы Чубак Сатаевдин баласы Кубаныч Сатаев достукту абдан ыйык тутат. Ал өзүнүн достукка туруктуу экендигин далилдеп, досторуна арнап "Досума" деген жаңы ырын чыгарды. Бул Кубанычтын эң жакын, кыйышпас, башкача айтканда акыреттик досторуна арналган. Ырчы мырзабыздын жаңы ыры учурда радиолордон коомчулукка сунушталууда.


Гүлнур кимдер менен таймашат?..
Жакында коомчулукка КТРК тарабынан жаңы долбоор сунушталмакчы. Тактап айтканда, коомдук телекөрсөтүүнүн спорт боюнча баяндамачылары тарабынан Кыргызстандагы белгилүү ырчы, актёр, бийчи, ж.б катышкан жаңы спорттук таймаш сынагы көрсөтүлмөкчү. Бул сынакка биздин белгилүү ырчы айымыбыз Гүлнур Сатылганова да катышууда. Учурда долбоор толугу менен иштелип чыгып, азыр сынакты тартуу иштери жүрүүдө. Кудай буюрса, жакынкы күндөрү жылдыздарыбыздын спорт жаатындагы күч сынашуусуна көгүлтүр экран аркылуу күбө болуп калабыз. Анда күтө туралы.


Жанетадан жаңы ыр…
Жаңы жылдан кийин көпчүлүк адамдар эс алууда жүрүшөт эмеспи. Бул адат ырчыларда да бар. Алар январь айын "мёртвый сезон" деп коюшат. Анткени ушул айда алардын капчыгы жукарып, маанайлары чөгүп, чыгармачылык эргүүлөрү келбей, натыйжада, куру кол гана отуруп калышат. Бирок баары эле эмес. Арасында "мёртвый сезонго" карабай чыгармачыл жаатта жигердүү иштеп жаткандар да бар. Алардын бири Жанета Бобкова. Жанета айым жаңы жылдан кийин да жөн отурбай, сезимди козгогон сүйүү темасындагы жаңы ыр жаздырууга жетишкен. Бул ырга Жанетанын күйөрмандары жакынкы күндөрү күбө болуп калышат. Баса, дагы айта турган нерсе, Жанета да коомдук телекөрсөтүү уюштуруп жаткан кышкы таймашка кызуу катышууда. Балким, билеги күчтүүдүр…


Дима испан тилинде ырдайт…
"Аккан арыктан суу агат" деген чын белем, айтор, эки таланттын ортосунан чыккан жаш ырчы Дима Жумалиев ата-энесинин жолун жолдоп актёр болбосо да, чыгармачыл чөйрөгө аралашып, эл алдында өз таланттын тартуулап жүрөт. Өзү кырдуу ырчылардан айырмаланып Дима жалаң гана кыргыз тилинде гана ырдабастан, орус, англис, испан тилинде да ырдоодо. Бир эмес, бир нече тилде ырдаган ырчы мырзабыз учурда эки жаңы ыр жаздырып жатат. Анын бири англис тилинде, экинчиси испан тилинде.

Жаркынай КАДЫРКУЛОВА