Адамдын көркүн
ачкан-эрин...
Эх, кызыл эриндер кайсыл гана адамдын көңүлүн бурбай койбойт. Ал - өтө назик, алсыз жана эң сулуу орган. Андыктан эринге ар бир адам дайыма кам көрүүнү талап кылат. А негизгиси көңүл бурулбай, кам көрүлбөй калган учурда кесилип, бырышып, канап, өңү өчүп, кургап адамдын кебетесинин кейпин келиштирип салат. Ага өзгөчө кыш айларында кам көрүш керек. Анткени суук аба, муздак шамал, айланадагы терс таасирлер аны бат эле жабыркатып салат. Сиз канчалык кымбат ооз боёгуч колдонгон күндө да, баары бир деле оозуңуздун бырыштарын ал сактап кала албайт. Тескерисинче сиз оор жагдайды күчөтүп алган болосуз. Ошондуктан жыл бою сиз бальзам жана гигиеналык ооз боёгучтарды колдонушка туура келет: жайында күн сайын, кышында көчөгө чыгаардын алдында колдонсоңуз өзүңүзгө кам көргөн болосуз. Бул эриндердин кесилиши, кургашы суук абадан, муздак шамалдан гана болбостон, витаминдин дагы жетишсиздигинен келип чыгат.
Көчөдө жана үйдө эриндериңизди жалабаганга аракет кылыңыздар. Мындай адат ооздун кургашына жана бузулушуна алып келет. Эгер суук түшөөр менен эриндер өтө кургап, жаракалар пайда боло баштаса, анда маселе витамин жетишпегенинде болушу мүмкүн. Эриндердин терисинин маселеси бул - витаминдерге бай, жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн майларынан тең салмакта жасалган каражаттарды колдонуунун бир шылтоосу. Ошондуктан эриндерди ал учурга жеткирбей эле бул каражаттарды сүйкөп турса болот же туура кам көрүү зарыл.

Витаминдердин касиеттүү таасири
Эриндердин чың болушу үчүн биринчи кезекте А, Е жана Б витаминдери касиеттүү таасирин берет. Бул витаминдер сүттүн, жумуртканын, өсүмдүк майларынын жана жашыл зайтун майынын курамында болот. Азыр көпчүлүк заманбап ооз боёгучтардын курамында ушул витаминдер бар жана алар оозго кам көрүүдө алмашкыс куралдар.

Кургап, кесилип кеткен эриндерге маскалар
Бир стакан кайнак сууга, бир аш кашык ромашка салып, үстүн жылуу сүлгү менен жаап 25 мүнөт коюп коёсуз. Андан кийин аны чыпкалаңыз. Дакиде калган ромашка менен календуланын негизинде жасалган майды аралаштырып, аны эриндерге калың кылып сүйкөсө болот. Ромашка эриндерди жумшартат, эс алдырат жана жандандырат.

Бал-шекер скрабы
Бир чай кашык балга бир чай кашык шекерди кошуп аралаштырып аласыз. Аны мешке 5 секундга коюп коёсуз. Таза тиш щеткасына даяр маскадан сүйкөп алып, оозго массаж түрүндө бир калыпта сүйкөп чыгыңыз. Андан кийин жылуу суу менен жууп салыңыз. Мындай пилинг ооздун эриндерин назик кылып, өзүнүн жумшартуучу касиети менен аны кургатпай, кесилтпей сактап турат.
Ар бир ишти кыларда, ата бабаларыбыз айтмакчы, "жети өлчөп, бир кесүү" керек экендигин унутпасак. Бирок да, жаңылбаган жаак, мүдүрүлбөгөн туяк болбойт дегендей, эгерде билбей ар кандай нерселерди колдонуп жүргөн болсоңуз анда, сизге акыл беребиз. Мындан ары ал жасаган кемчилигиңиздерди ондоп, берген кеңешибиз текке кетпес деген ишенимдебиз.

Биринчи акыл-кеңеш:
Ооздогу боёкту самын менен жуубаңыз.
Ал эриндерди кургатып кесилишине алып келет. Эриндерди тазалоо үчүн атайын каражаттарды колдонуңуз. Колдонгон суюктукту атайын назик кездемеге салып, анан акырындан ооздогу боёкту массаж түрүндө сүртүп алыңыз.

Экинчи акыл-кеңеш:
Эриндерге жеңил массаж жасаңыз.
Сүлгүнүн учу менен же нымдуу тиш щетка менен эриндерге күнүнө бир жолу массаж жасаңыз. Массаж учурунда кан эриндерде бат иштеп, алар кызыл жана сүйкүмдүү болуп көркүнө чыгып калат.

Үчүнчү акыл-кеңеш:
Ооздун тегерегине кам көрүңүз
Ооздун тегерегиндеги бырыштар, катмар болуп туруп калган сызыктар, эриндерди эле эмес, адамдын толук жүзүн бузуп салат. Ошондуктан аларды атайын лифтингдердин таасири менен азыктандырып жок кылып же алардын түшпөшүнүн алдын алыш керек.
Эгер сиз бетиңизге үй шартында дайыма маскаларды кылып, кремдерди сүйкөп кам көрсөңүз, эриндерге андан да эки эсе көп кам көрүңүз. Анткени, эрин бул бет эмес же каш, көз эмес. Ал абдан назик, жука, сезимтал. Ал тургай, анда күндүн нурунан коргоочу табигый заттар жана коргоочу майлар да жок. Ошондуктан, күндүн нуруна, шамалга, муздак абага, чаңга, боёкко жана башка айлана чөйрөдөгү терс көрүнүштөргө туруштук бере албайт. Бат эле кесилип, кургап, канап, бырышып начар абалга бат чалдыгат.

Ооздун айланасына кам көрүңүздөр
Эриндерге кам көрүү көздүн айланасына жана бетке кам көрүүдөн да маанилүү экенин түшүндүк. Анткени, эриндер бат эле чоюлчаактыгын жоготуп, жабыркап, анын айланасына бырыштар биринчилерден болуп түшүп адамды өз курагынан улуу көрсөтүп картайтып салат.

Организм ооруганда
Эриндер кургап кеткенде - организмдеги тамак сиңирүү начарлап, бузулуп кеткенин жана К, А, Е, В витаминдеринин жетишпей жатканын билсек болот. Ошондой эле бөйрөк жана боор ооруганда да ооз кургап, белги берет. Эгер эриндериңиз кургап кетсе, боорум же бөйрөгүм ооруп атат деп кабатырланып алганыңыз да болбойт. Себептери көп болушу мүмкүн, бирок текшерилип койсоңуз андан да жакшы.

Эриндеги учук
Эриндерге кам көрүүдө күндө аны тазалап жана азыктандырып турууну унутпаңыз. Эриндерди тазалаганда атайын каражаттардан бөлөк майлуу кремди жана өсүмдүк майын да колдонсо болот.
Өсүмдүк майын тазалоо каражат катары эле эмес, сүйкүмдүү кылуучу, азыктандыруучу, коргоочу зат катары да пайдаланса болот. Кургак эриндерге көчөгө чыгаардын алдында өсүмдүк майынан сиңиртип сүйкөп алып чыгыңыз. Аны азыктандыруучу маска катары колдонгондо: уктаардын алдында кургап, кесилип кеткен оозго (өсүмдүк майын) сүйкөп коюп жатыңыз.
Гигиеналык табигый ооз боёгучтарды эриндерди азыктандыруу, терс таасирлерден коргоо үчүн колдонсо болот. Табигый өсүмдүк майларын эле колдоном десеңиз, ши майынан жасалган ооз боёгучтар же майдын өзү жакшы таасирин берет.

Массаж
Өсүмдүк майларынан жасалган маскалардан бөлөк өз алдынча массаждарды жасап, эриндерге кам көрсө болот.
Назик тиш щетканын тиши менен 2 мүнөттүн ичинде массаж жасап чыгыш керек. Бул ыкма кан айланууну жакшыртып, эриндерге чың өңдү берет. Болгону аны ооздо кесиндилер жокто гана жасаш керек.
Массаждан кийин эриндерге сүйкүмдүү кылуучу кремдерди сүйкөш керек. Мисалы, көздүн айланасына сүйкөлгөн кремди сүйкөсө болот. Бетке колдонгон кремдерди сүйкөбөңүз.

Эриндеги бырыштарды кетирүү үчүн көнүгүү
Эринге ооз боёгучту сүйкөгөндө астын-үстүн бири бирине сыйпап, боёкту жугузабыз. Ошондой ыкмада эле майды сүйкөп алып, астын же үстүн астына сыйпап массаж кылып туруңуз.

Мөмөнүн жардамы
Алманын сыртын арчып, ичин кыргычтан өткөрөсүз. Өткөрүлгөн алмадан бир кашык алып, ага ак майдан жарым кашык кошуп аралаштырып маска жасаңыз. Аны эриндерге 15 мүнөткө коюңуз.
Алманы бананга, бадыраңга, өрүккө, кызылчага алмаштырса болот.

Даярдаган

Гулнур Нуркалиева