Куйручук олуянын окуяларынан...
Эркалы ӨскӨналы
Кудай сүйгөн Куйручук
Куйручук менен сот

* * *
Сталин районунун чоңдорунун бирдаары конокто отурушту. Сөздөн сөз жаралып, Куйручук олуя жөнүндөгү кепке өтүштү. Райкомдун катчысы бу кишинин өзгөчө кереметин аңгемеледи:
- Куйручук бирөөлөрдүн үйүндөгү буюм-тайымдарын, ал тургай, жайытта жайылып жүргөн малынын өңү-түсүнөн бери билип коёт. Айтып берет. Анан, өзү каалап алгысы келген оокатты же малды "мага ушуну бересиң!" деп эле алып коё алат. Баарынан кызыгы, ошо Кукеңе акча же мал берген адамдар ичтери оорумак тургай, кайра аябай кубанышат... - Райкомдун катчысы башын чайкады. - Куйручук кудайдын кишиси эмей, эмне?
Бул кептин төркүнүнө районго Чүй тараптан келип, жаңыдан сот болуп иштеп аткан сары чийкил жигит ишенген жок. Ал жумгалдык олуя жөнүндөгү кызыктуу сөздөрдү калпка чыгарды:
- Мисалы, мен а кишиге бирдеме бергим келбесе, бербей эле коём! Эмне кылып, кантип алат?
Чоңдор өз ара сөз талашып, уу-дуу түштү. Прокурор менен сот кол алышып, мелдеше кетишти. Эгерде, утулуп калганы бир тай союп, ошо жердеги чоңдорду үйүнө чакырууга шартташты.
Жаңкы аткаминерлер мелдешкенден беш-алты күн өтүп-өтпөй, Куйручук район борбору - Кочкор айылына жумуштап барып калды. Аялдамада, элдин курчоосунда отурду. Ал өзүн тегеректегендерге күлкү чачты. Ушу маалда үйүнөн түшкү чайын ичип, прокурор жумушуна кетип бара жаткан... Мелдештин демилгечиси элди күлдүрүп сүйлөп аткан кишини дароо тааныды. Басып барып, кол алышып учурашты. Мелдеш жөнүндө айтты.
- Аныңарды менин көзүмө бир көргөзгүлөчү? - деди Куйручук. - Сот эмес, шайтан болсо да, бир байкашып көрөйүн?
Прокурор сотту тапты. Мелдеш шартына күбө өтүшкөн үч-төрт кишини жыйноого да үлгүрдү. Аялдамадагы элдин бүйүрү огобетер кызыды. Аңгыча, олуяны үч курчап, тегеректеген көпчүлүк жарыла берди:
- Сот келатат! Сот келатат! - деген үндөр угулду.
Куйручук отургучтан өйдө турду. Өзүнө он чакты кадамга жакындаган сотко сөөмөй кеседи:
- Карышкырга катылгысы келген кайбарым сенсиңби? Чүйдүн сары чымчыгындай болбой, келе мага он сом бергиниң! - деди ал.
Сот дендароо боло түштү. Шашкалактап, чөнтөктөрүн аңтарып, акчасын издеп, таба албай калды.
- Эй жигит! Акчаң төш чөнтөгүңдөгү паспортуңдун ичинде! - Куйручук кызарып-татарып, шашкалактаган сотту тиктеп күлдү.
Сот оң жаккы төш чөнтөгүндөгү паспортун сууруп чыкты. Ичин карады. Ооба, он сом бар экен. Колдору калтырап-титиреп, акчаны Куйручукка сунду. Эл баш чайкап, олуяга таңданып турушту. Олуя элди айланта карады. Жылаңач этине эски күрмө кийип турган жүдөө жигитти өзүнө чакырып, он сомду ошонун колуна карматты:
- Буга эки көйнөк сатып ал! Калганына үйдөгү энеңе кант-чай алып бер!..
Жүдөө жигит өзүн өмүрүндө алгачкы жолу бактылуу болгондой туйду. Ананчы, олуянын өз колунан акча алыш оңойбу!
Кечинде соттун үйүндө мелдештин тайы союлду. Куйручук да төргө отуруп, мелдешкендер менен чогу конок болду. Соттун айтымы боюнча, ал олуяга чөнтөгүнөн акча сууруп бергенин түк билбей калыптыр...

Шаршен куудулдун
Куйручукка келиши
Өлгөн кишини күлдүргөн атактуу Шаршен куудулдун жүрөгүнө Куйручуктун атак-даңкы уялаган эле. Ал бир ирет "Кудай даарыган ушу кишиге бир жолугуп саламдашсам, азилдешип амандашсам, алтындан кымбат сөздөрүнө кансам, таалим алсам, куудулдугунан куржунума салсам!" деген аруу тилегин, үкүлүү үмүтүн аткаргысы келди.
Жарык дүйнөнүн жаркын күндөрүнүн биринде Шаршен шайыр ат көлүгүн шайланып, жол азыгын байланып, Сары-Өзөндөн Жумгалды көздөй аттанып чыкты. Жолоочу Шамшынын белин ашып, Кара-Кочкорго бир өргүдү. Эртеси, Кызарт дабанын басып, баш-аягы төртүнчү күнү дегенде, Жумгал журтуна аралашты.
Кечке жуук. Жарыктык Күн жарык агалачач тоолорго батар батмаксан болгон чакта куудул Куйручуктун айылына - Багышанга ат чарчатып жете келди. Самаган кишисинин үйүн сурамжылап билип, аттан түштү. Эшик ачты. Үйдүн ичи жык-жыйма эл. Шаршен босого тараптан баштап, кыркалекей отургандарга кол берип, имерилип төргө өттү. Куудул аттанып, ыраактан келген соң, Куйручукка куудулдардын салтында учурашмагы парз...
(Окуянын уландысы бар)