Эл өкүлүнө алкыш!
Ноокен районунун Сакалды айыл округунун жашоочулары чек ара маселесинде буга чейин жаралып келген көйгөйлүү бир топ чиеленишкен маселебиздин эл депутаты ЖКнын вице-спикери Бакыт Төрөбаевдин жардамы менен бир аз да болсо чечилип калганы үчүн эл өкүлүнө алкыш айтып коюуну туура көрдүк. Ноокен району эле эмес өлкөнүн бардык чек ара аймактарына жакын жайгашкан айылдардын жашоочуларын мал уурулуктун санынын акыркы жылдары кескин өсүшү түйшөлтүп келгени белгилүү. Өзбекстан менен 12 км. аралыкта чектешип турган Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды айыл округунан уурдалган малдар Өзбекстанга кирип кетип, ал жактан кайра алып чыгыш чоң тозокту жаратат. Жоголгон мал ошо бойдон табылбай калат. Бул аймакта мал уурулук өтө күч алгандыктан, ноокендиктердин айласы кетип келген. Андыктан жергиликтүү эл чоочун колго түшкөн майда мал болобу, же уй-жылкыбы, чек аранын ары жагына кетти деп, артынан түшүүдөн деле үмүт үзүшкөн. Мунун кесепетинен акыркы убакта бул өрөөндө мал багуу кескин кыскарган. Райондун коңшу өлкө менен чектеш аймактарын тынымсыз көзөмөлгө алууда, шарттын жоктугунан мындагы чек ара аскер бөлүгүнө район милициясы жана элдик кошуун жардам көрсөтүп турган. Ошондой эле, чек араны мыйзамсыз кесип өтүүсүнө, курал-жарактын, жарылуучу заттардын, банги заттарынын, контрабандалык товарлардын мыйзамсыз өтүүсүнө бөгөт коюу үчүн, бийиктиктен байкоо жүргүзүүчү постун керектиги зарыл болуп келген . Жалгыз эле уурулуктун айынан эмес, деги эле чек ара тилкелерин көзөмөлгө алууда байкоо жүргүзүүчү бийиктик керек экендигин чек арачылар мурдатан эле айтып келишкен эле. Натыйжада, мекен чегинин сакчылары менен жергиликтүү элдин кайрылуусу оң жагына чечилип, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарын бекемдөө үчүн байкоо жүргүзүүчү бийиктиктер орнотулууда. Алгачкылардан болуп Ноокен районунун коңшу өлкө менен чектеш тилкелерине көзөмөлдөөчү 2 бийиктик орнотулду. Эми 15 метрге жеткен бийиктикте, 4 жоокердин милдетин 1 жоокер аткара алат. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу мындай байкоо жүргүзүүчү бийиктикти ЖКнын вице-спикери Бакыт Төрөбаев жеке каражатынын эсебинен Сакалды айыл округунун Чоң-Багыш участогуна орнотуп берип, айыл элинин көйгөйлүү маселесин чечүүгө чоң жардамын көрсөттү. Ошондуктан, элдин жеңилин жерден, оорун колдон алган эл депутаты Бакыт Төрөбаевдин жардамына жалпы элдин ыраазылыгын айтып коюшубуз зарыл. Ноокен районунун Сакалды айылынын элинин атынан Үсөн Айдаров, Курбанали Зупаров. "Курт жеген имарат" (Башталышы өткөн санда) Табышмактуу сыр Учурда Үзгүлтүксүз билим берүү Талас университети менен Талас шаарынын мэриясы менен бүтпөгөн чырдуу Маданият Үйүнүн талашы кайрадан башталды. Эскерте кетсек, 2008-жылы 29-октябрда Талас район аралык соту Талас шаардык прокуратурасынын жана шаардык мэриясынын апелляциялык арызын негизсиз деп таап, окуу жайынын пайдасына чечкен. Бул маселе боюнча 2010-жылдын 27-июлунда Талас облустук соту бул чечимди күчүнө калтырууга аныктама чыгарган. Соттук териштирүүдө "жеңилүүгө" учураган Талас шаарынын мэриясы КРнын Жогорку сотуна көзөмөл тартибинде кароого доогер катары арыз жолдогон. Таң каларлык көрүнүш ушунда, буга чейин жоопкер болуп келген Талас шаардык мэриясы кайра "доогер" катары "таанылганында" болуп отурбайбы ? Талас шаардык мамлекеттик администрациясынын 1999-жылдын 6-декабрындагы №354 топтомун "жараксыз" деп таанууну талап кылат. "Укмуштуунун төөсү жорго" демекчи, Талас шаардык мэриясы 2000-жылдык 3-февралындагы өзү тарабынан чыгарылган №22"А" топтомунун негизинде берилген жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармасынын мамлекеттик актысын (серия "Ч" №122238) жокко чыгаруу талабы менен сотко кайрылып олтурушат. Мыйзам баарыбызга бирдей болууга тийиш эле. Талас шаарынын мэриясынын "жоопкер" экендигин эске алсак, ошону менен катар сот ҮББ Талас университетинин пайдасына чечкенин, ошого карабастан жоопкер тараптын "доогер" болуп чыгышы кайсы мыйзамга туура келерин ким далилдеп бере алат ? Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту Талас шаарынын мамлекеттик администрациясынын "аппеляциялык" жана "көзөмөл тартибиндеги" арызын кайсы негизде кабыл алганы табышмактуу сырга айланып олтурат. Талас шаардык мэриясынын мэри М.Ашыралиевдин 2000-жылдын 3-февралында №224токтомунун негизинде ошол кездеги мамлекеттик каттоо кызматкери К. Товкеев да мамлекеттик акт түзүлгөнүн танбайт. Жолугушуу учурунда: - Талас мамлекеттик администрациясынын акими М.Ашыралиевдин көргөзмөсү аркылуу тиешелүү документтери мыйзамдуу түрдө бүткөрүлгөндүгүн, натыйжада, мурдагы Совет- Карл Маркс көчөсүндөгү чырдуу маданий үйүнүн бир бөлүгү ҮББ (УНО) Талас Университетине өткөрүлгөн,- деп белгилейт. Ал эми КРнын Талас облустук мамлекеттик архиви №22 "А" топтомунун кабыл алгандыгы чындык экендигин тастыктаган (2008-жыл 24-декабрь №А-41)архивдик маалыматын берип отурат . Бирок, учурда "доогер" болуп Талас шаарынын мэриясы чыга калганда, бул документтер архивде сакталбай калгандыгы, 2011-жылдын 6 -7-апрелиндеги коогалаңдан кийин бир кыйла архивдик документтер "өрттөнүп" кеткендигин шылтоолошот. Буга УНО Талас Университетинин директору К.Ташматованын күнөөсү кайсы? - деген суроо туулат. Мейли, документтер өрттөнүп кетсин, анда неге облустук архив өздөрү берген архивдик маалыматтардын негизинде бул документацияларды калыбына келтирүүгө аракет жасабай олтурушат? Табышмактуу сырды ким, качан, кантип чечет? Маселе ушунда турат. "Күндөш" болгон имараттар Талас шаарынын борбордук трассасы өткөн Ленин көчөсүндө эски "Маданият Үйү" боло турган. "Курт жеген имараттын" курулушу башталганда, тастыкталбаган маалыматка караганда сатылып кетет. "Этин эмес, табагын таап ал" -дегендей жаңысы бүтпөй, шаардын эли маданий очоктон ажырайт. Жаңы маданий үйүнүн курулушунун жетектеген Анарбек Кушубеков азыркы күндө Талас шаарынын мэри болуп иштеп жатат. Журналисттик иликтөө учурунда эмне үчүн дубалы толук туруп калган Совет (азыркы Огомбаев) -Карл Маркс көчөсүндөгү маданият үйүн бүтүрүүгө эмес, эски маданият үйүнүн ордуна кайра курула баштагандыгы жана курулушту каражат менен кимдер тарабынан каржыланып жаткандыгы тууралуу суроо менен кайрылдык. А.Кушубеков: - Жаңы маданият үйүнүн курула башталышы анын борбордук көчөдө болгондугуна байланыштуу көрүнөт. Курулушту каржылоого Талас шаардык мэриясынын, ал гана эмес облустун мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, республикалык бюджеттен гана акча бөлүнүп турат. Курулуштун жүрүшүндө Талас облустук администрациясы көзөмөл жүргүзөт. Курулуш шаардын аймагында болгону менен ага көзөмөл жасоо биздин милдетибизге кирбейт. Эмне себептен дубалы толук бүткөрүлгөн маданият үйү ( А.Огомбаев - Карл Маркс) эмес, Ленин көчөсүндө салынышынын себебин айта албайм, - деп жооп кайтарган. Ошону менен катар "курт жеген имараттын" УНО Талас Университети менен Талас шаардык мэриясынын ортосундагы талашты сот кандай чечим чыгарарына байланыштуу дегенден башка пикир айта албай, шаарга жаңы мэр болгондугун айтып кутулду. Иликтөөгө таянсак, Талас шаардык мэриясынын жоопкерчиликтен "доогер" болуп чыгышына мурдагы мэр Серен Шейшенов, мурдагы токтомдорду жокко чыгаруу үчүн арыздарды уюштурган болуп чыгат. Бул башталган ызы- чуу ушул мезгилге чейин уланып келет. Натыйжада, дубалы турган имарат "эр албаган кызга айланса", мыйзамдуу документациялары жок Ленин көчөсүндөгү маданият үйү шашылыш курула баштайт (Сүрөттөгү имарат). Суроо пайда болот, мыйзамдуу курула баштаган маданият үйү кароосуз калтырылып, менчикке сатылып кеткен жерге, жаңы курулуштун башталышынын сыры эмнеде? Жер ээси эртең мыйзамдык укугун коргоп чыкса, анын чыгашасын ким төлөйт? Же мамлекеттин каражаты шамалга сапырылабы? Талас шаарынын генералдык планында маданият үйүнүн орду каерде? Буга облустун мамлекеттик администрациясы кандай жооп берери белгисиз. Ушундан улам, А.Огомбаев көчөсүндөгү маданият үйү "салындыга айланган аялдай" болсо, Ленин көчөсүндөгү мыйзамсыз курулушу облустук бийликтин "эрке токолуна айлангандай" таасир калтырат. Ал эми "күндөшкө" айланган бул эки имараттын кайсынысы мыйзамдуу күчкө ээ экендигин дагы бир документациялар боюнча баа берүүгө аракет жасап көрөлү. (Уландысы кийинки санда) Эртабылды Аттокуров |