Ж У М Г А Л Д Ы Н С У Л У У С У
- Жок! Жок! Сен деген белгилүү жалкоосуң! Бекер убара болбо, мен кызымды эч качан жалкоого бербейм! - деп Алымгазы алдында кызынын колун сурап келген Бакинге айтты.
- Алымгазы ата! Эми угуп койсоңуз мени...
- Эмне үчүн мен жалкоону угушум керек? Эмне үчүн тың балдар Кара-Кече көмүр кенин басып алып жатканда сен ал жерде болгон жоксуң? Алардын баары азыр чириген бай болушту, а сен болсоң тишиңдин кирин соруп талаада жүрөсүң.
- Мен деле аракет кылып жатам. Күндө болбосо да, жумасына бир жолу Кытайга барып келип шаарда соодамды өркүндөтүп жатам. Болочок үй-бүлөмдү бакканга дараметим жетип калды.
- Ха-ха-ха! Жетип калды дейт, атаңдын оозун урайын десе! Сенин Бишкекте үч комната квартираң барбы? Аялыңды салгыдай "Мерседес" машинең барбы?
- Мен сизге айтпадымбы! Мен иштеп жатам, учурунда буюрса анын баары болот.
- Мына, ошол болгондо мага кел кыздын колун сурап, - Бакин тунжурап эмне айтаарын билбей отуруп калды. Бир маалда:
- Сентябрь айында Соң-Көлдө малчылардын тою болот. Так ошондо менин кызымдын тагдыры чечилет. Ким аламан байгеде жеңсе менин кызымдын колун сураса болот. -Бул сөз Бакиндин өчүп бара жаткан үмүтүн кайра жандандырганын билгизбегенге аракет кылды.
- Анан сиз кызыңызды ошол жеңүүчүгө бересизби?
- Берем! Эми дагы кызыма жакса дейм, бирок ыймандуу кыз атасынын айтканынан баары бир чыкпайт деп ойлойм.
Бакин өзү Жумгалдын Кайырма айылында төрөлүп өскөн. Кичинекейинен турмуштун өйдө төмөнүн көрүп, эмгекчил болуп өстү. Малчы болуп иштеген ата -энесинин жалгыз баласы болгондуктан алты жашынан ат үстүнөн түшпөй кой кайтарды. Чоңойгондон кийин айыл-чарба институтун бүткөрүп, бирок кесиби боюнча иштей албай калды, себеби колхоз, совхоздор тарап кетип адистер кереги жок болуп калды. Бирок ал бекер отуруп албай бизнес менен шугулданып кетти. Бир нече жолу банкрот болду, бирок ага карабай өжөрлөнүп иштей берди да акыркы жылы жакшы ийгиликтерге жетише баштады. Алымгазынын кызы Шуру болсо мектепти бүткөндөн кийин, педагогикалык институтту бүтүп өзүнүн мектебине мугалим болуп иштеп калды. Шуру Кайырманын эле эмес, Жумгалдын биринчи сулуусу болгондуктан атасына жуучулар көп түшчү болду. Бирок ,атасы кыйын киши болгондуктан кызына киши жолотпой коруп турчу. Бакин менен Шуру учурунда бир класста окугандыктан, алардын ортосунда кичинекейинде достук, кийин андан да назик мамиле пайда болгону айтпаса да түшүнүктүү. Бирок институтка өткөндөн кийин алар эмнегедир алысташып кетип, көпкө чейин жолугушпай калган. Бир күнү Бакин мектептин жанынан күтүүсүздөн Шуруга жолугуп калат. Экөө тең эмне кылаарын билбей бири- бирин карап телмирип туруп калат. Шурунун бети кыпкызыл болуп ысып чыгат. Бир топтон кийин араң Бакин сөзгө келип учурашат. Ал күнү алар бир нече минут кана сүйлөшө алышты. Кийин алар жолугуша башташты. Мына ошондо алардын бири-бирине болгон сүйүүсү алоолонуп күйө баштады.
Эки жаштын сүйүүсү күчтүү болгондуктан баары тең үйлөнүү тоюн күтүп калышкан, бирок кежир чал Алымгазы кызын итке минген кедейге бербейм деп, туруп алды. Ал эле эмес Чаектен чиренген байдын баласы Зулкарбай деген жигит Шурунун колун сураса, ошого убадасын берип коюптур.
Ошондуктан куу чал жанагы ат чабышты ойлоп чыгып, кызын көндүрүүгө аракет кылды. Кызы болсо бир жагынан атасынын көңүлүн калтырбайын деп, бир жагынан байгеде баары бир Бакин жеңет деген чоң үмүтүнө ишенип макулдугун берген. Ал учурда Жумгалда эң күлүк делип, ошол эле Алымгазынын Карагер деген аты эсептелчи. Тагыраак айтканда ал Карагер Алымгазынын кичүү баласы Мелистин аты эле. Мындан үч жыл мурун Мелис он жашка чыкканда, атасы Ысык-Көл ат заводуна атайын барып , араб күлүктөрүнүн тукумунан бир тай алып келген. Келген тайды Карагер деп атап, Мелис аны менен чогуу жатмай болуп, араң токтотушкан. Бирок, Мелис Карагерди ушунча жакшы көргөндүктөн жанынан кеткиси келбей , эмне жесе да Карагерине жартысын катып алып барып берчү. Ошондуктан Карагер да Мелистен башканы оңою менен жанына жолотчу эмес , Мелис жанына келсе окуранып аны жыттап, жупжумшак эрди менен эркелетчү. Карагерди ээрге көндүргөндөн кийин, ошол эле Кайырмадагы кыйын саяпкер Кененбай атасы менен жайлоого чыгып, Карагерди таптатты. Анан Карагер кунан болгондон баштап кунан чабыштарга катыша баштады. Ар бир чабышта Карагер биринчи келип атагы чыга баштады. Карагер асый болгондон баштап чоң чабыштарга катышып алардан да эч кимге алдырган жок.
Ошентип Карагер табына келип атагы чыгып турганда, атасы Мелиске күзгү тойдо Карагериңди Зулкарбайга бересиң деп калды. Мелис жини кайнап, атасы менен урушуп кете жаздап, бирок атасынын айтканына айласыздан макул болууга мажбур болду. Элет кыргыздарында атасынын айтканына баласы эч качан каршы чыкпайт. Өзүнүн күйүтүн эжеси Шуруга барып төктү. Шуру аны угуп алып, эс учунан танып кала жаздады. Ал өз оюнда Карагерди Бакинге бер деп Мелисти көндүрөйүн деген. Эми болсо үмүтү үзүлө баштады. Карагерди жеңе турган күлүк жок.
Бакин болсо бул жөнүндө угуп алып Кененбай атага барып, жардам бериңиз деп өтүндү. Кененбай ата аны угуп көпкө чейин капаланып отурду да, аягында мындай деди:
- Уулум Карагерден кыйын күлүктү, мен ушул жашка келип көрө элекмин, сен өтө кыйын абалга калыпсың. Бирок баары тең Алла-Тааламдын колунда. Мен сага өзүмдүн Тайторумду берейин, ал Карагерге жетпейт, бирок башкаларга да жеткирбейт.
Соң-Көлдүн жээгинде боз үйлөр тигилип, айланасындагы төрт райондон малчылар чогулуп жатты. Шатыраган шаттык комуз күүсү, кыз-келиндердин күлкүсү, баардык жерден угулат. Дөңдүн жанындагы аянтта: күрөш, оодарыш, кыз куумай жана башка оюндар өткөрүлүп жатты. Бирок бардыгы башкы мелдешти, аламан байгени күтүп жатышты. Таң эртең менен топ атчанды көлдүн аркы башынан коё бериш үчүн, калыстар алып кеткен. Аттардын келээрине жакындап калганда, бурулуштагы алыскы дөбөдө күйөрмандар чогула башташты. Сөздөр ким жеңет деген башкы маселенин айланасында болуп жатты. Көбүнчөсү Карагер жеңет деп айтып жатышты.
Алыстан чабылган аттардын карааны көрүндү. Аттар бир топ аралыкка чоюлуп кеткени көрүнүп турат. Аттар улам жакындаган сайын, алдында сызып Карагер келе жатканы көрүнүп калды, андан отуз метрдей артта Тайтору келатат. Бир маалда алыскы дөбөдөн бирөө томолонуп түшүп , сүйүнүп , аттарды көздөй чуркады:
О-ой! -Э-эй ! Карагер! Менин Карагерим ! Куу! Куу!
Бул Мелис сүйүктүү Карагерин сүрөп, чуркап чыккан экен. Карагер өзүнүн сүйүктүү кичинекей кожоюнунун үнүн угуп, багытын чукул өзгөртүп Мелисти көздөй бурулуп кетти. Мындайды күтпөгөн Зулкарбай талп этип жерге түшүп калды. Бакин Тайтору менен жанынан сызып өтүп кетти. Зулкарбай болсо жерден онтоп туруп караса, анын атаандашы марага жетип калыптыр. Артына караса Мелис өзүнүн Карагерин мойнунан кучактап, ага бирдеме деп жатат. Карагер болсо өзүнүн кичинекей кожоюнун бетин эрди менен аймап атат, кебетеси ал дагы Мелиске бирдемени айткысы келип аткан окшойт.
Баяман Омар