"Чыкпай турган сөз эле..."
Наам - атак менен өлгөнгө жакшы экен... 2001- жылы "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген наам алып алгандан кийин, маданият чөйрөсүндө Чубактын кунундай чубалган ушул наамдын талаш-таймашына аралашпай, көчүгүмдү кысып, шүк жүрсөм дегем. Бирок мен сыйлаган (мен бардык эле машаякты сыйлай бербейм) сүрөтчү Асан Турсункуловдун "Фабула" гезитинин 2011-жылдын 11-ноябрындагы "Токтогул сыйлыгы Жакиевдин жеке менчик сыйлыгында айлангандай..." деген макаласынан, анын эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиевдин орто заар эле сүрөтчү Темир Мусакеевдин (ырасында өнөр таануучу катары мен деле билбейт экем) акварель менен тартылган графикалык сүрөттөрүнүн Токтогул сыйлыгына көрсөтүлүп калганы тууралуу теле маек бергенинен улам кучунашым кармап кетип, мага окшоп жарым жолдон илинип калган шылуундарды кесиптешим (адабиятчы катары тийишип атам) Алмазбек Атамбаев ооздуктап коёбу деген ниетте козгоп отурум. Эми алар аларын алып алды, соттошсо да алардыкы туура, кийинкисин оңдойлу деген кеп да. Биринчиден, укканыма караганда, Т. Мусакеев Антипинанын архивинен өңгө которуп, ретушь кылып, чоң-чоң аттарды коюп, анан сынакка койгон имиш, аны иликтеген киши жок. Асан Турсункуловду 1-турдан өткөрүп, бирок Жакиевдин колтугундагы Шыгаев ортодон чыга калып, кийинки комиссияда Турсункуловду алып таштайт (Турсункуловдун айтымында алар - көлдүктөр). Мейли, республиканын арымынан алганда, жердешчилик ойноп кетиптир. Бул - кыргыздарга тиешелүү көралбастыктын бир белгиси дейли. Бирок ушул бир инсандын бир кеби (балким, ызасынан айтып койдубу), мен эмес, бүт республика сыйлаган Бексултан Жакиевдин аброюна шек келтирип жаткандан кийин ойлоно турган жүйө бар. Анткени атагынан улам кол тийбестик абройго жетип алган, Баялиновдун "Ажарынан" кийин "Атанын тагдырын" алтымыш жыл болбосо да, өмүрүнүн аягына чейин, кыргыздар үчүн керек деп менчиктеп алган Бексултан Жакиевди өнөрдүн генийи катары совет доорунун акыркы жылдарында бекемдеп алган Токтогул сыйлыгын андан башка киши билбечүдөй деңгээлге жеткирген кызматын, элдин баары кыйсыпыр болуп турганда, кимге берерин андан башка акимдер чече албай турганда, өнөр адамдарынын акыркы тагдырын "Атанын тагдыры" менен өлчөп калган мезгилде, анын айт дегенин кыйт деп уккан, колунан коко тикен келбеген "пионервожатыйлар" кол балдары менен чечип калганда, кудайды тааныбаган абалга жеткирген өзүбүз экенин кээде моюнга албайбыз. Мен негизи Бексултан Жакиев менен аралашып калган, андан тышкары кыргыз адабиятындагы экинин бири катары терең урматтаган, көзүнчө бир кара кеп айтпаган карапайым эле бир окурманымын.. Бирок, жыйырма жыл Токтогул сыйлыгын берчү комиссиянын төрагасы болгон идеалымдын алигидей "иттигин" билбепмин. Эгер андай болсо, президенттер эки шайлоодо айнып калат экен, Бексултан акем төртпү, же бешпи, шайлоодо төрага болуп, Токтогул сыйлыгын чөнтөгүнөн берип жаткансыган деңгээлге жеткенине караганда, жыйырма жыл президентинен баштап, өкмөт баштыгына чейин кың дебегенине караганда, бул Токтогул сыйлыгы мамлекеттин эмес, Жакиевдин деңгээлине түшүп кеткенин кезектеги конкурсу каңкуулап турган жокпу деген да ой кетпей койбойт. "Ат көрбөгөн минип өлтүрөт" болгон кыргыздардын ажолору жыйырма жыл эмес, беш-он жылга чыдабады, анан Жакиевдин жыйырма жыл "Атанын тагдыры" менен Токтогул сыйлыгынын башына туруп калганына караганда, өнөр тануучулардын андан башка акылдуусу жок экенин каңкуулап турган жокпу. Болсо да, Турсункулов айткандай, көлдүк "мотив" өйдөлөп кетпеди бекен деген да ой кетет. Мейли, анысы ал болсун. Мыкчыгерлердин тагдыры Токтогул сыйлыгы менен эле чечилип жаткан жок. "Желмогуздун чоңунан кичинеси" дегендей, бери жактагылардын ит-мышыгы, аттуу-баштуу кишилердин башына балта болуп тийип атпайбы. Ошолордун бири - мен. 1986-жылы басмадан КТРге жаштар редакциясынын баш редактору А. Каракееванын чакыруусу боюнча анын орунбасары болуп барбайымбы. Ошондо жаш чечектер А.Мадумаров, М.Эшимканов, Б.Сутеновалар менин кол алдымда иштечү. Чынын айтыш керек, ошондогу жаш күчтөрдүн жасаганын кийинкилер кайталай алган жок, бирок угут катары пайдаланышканын айтышкан да жок. Кимисинен сураба, баары өзү тууган, баарынын башынан чыккан Ошондо алгачкы бир чогулушта: "Телевидениенин бир жаман жери - сүйлөгөн сөзүңдөн кулу экенсиң, биякка гезитте иштеп жүрүп келиш керек экен, болбосо мен акын катары билген Бейшенбек Калыков, Дүйшөк Мамбетөмүров сыяктуу жаш акындар жакшы ырын жаман сөзгө алмаштырып, акын болуудан калып бара жатыптыр" деп акылдуусунгандан кийин, мен таптакыр башка чөйрөгө түшкөнүмдү, телевидениенин келечеги мазмун эмес, форма экенин сезип, билген "богумду" жеп, элде жок жосунду баштап, Манас менин атам менен бир тууган сыяктанып, "Манас" студиясын ачып, 1992-жылы Акаев жарлык чыгара электе, "Манастан аянба, калайык!" деген республикалык телемарафон менен " Манас - 1000 " мааракесине кайырчыдай болуп, 25 миллион акча чогултуп, үй-бүлөмдү жыйыштырып коюп иштеп жүргөнүмдө, Президент Акаев, Аманбек Карыпкуловду " Манас - 1000 " дирекциясына координатор кылып койгон экен. Аны кайдан билем, маараке чукулдап калганда, Карыпкулов КТРге президент болуп келип, телевидениени билбейт да, ким машаяк десе, билгендер " Бейшенбек Мамбетакуновдон өтөрү жок" деген го, шыр киши да, аны орунбасар кылып, "телевидениенин ичинде кыймылдай турган ким десе, тиги менин биринчи "душманым" болсо да, "ичет, бирок Боркеевден башка жарабайт" - дебейби. Бир жакшы жери - Мамбетакунов душманын ишке сала билгенди жакшы өздөштүрүп алган уйгурдай куйту эле. Анысы азыр деле бар. Ошентип, алты жыл "Рух" борборун жетектедим. Ошондо билдим - ошол жерде иштегендер наам алыш үчүн кырды-бычак болуп, керек болсо энесин да сатып ийерин. Анда "Ыркесе" дуулдап турган кези, мен чыгармачыл топту алып, республиканы кыдырып, "Манастын эл-жери" деген сюжеттүү көрсөтүү тартып келем. Карыпкулов болсо: "Эй Боркеев, мен сени "Ыркесе" тартып кел десе, кино тартып келген турбайсыңбы!" - деп урушат, бирок кайра эле ошону тартып келеримди билип, өлүмүш болуп калганын сезчүмүн. Анан ошондой кыйчалыш учурда "Ысык-Көл - 98 " эл аралык эстрада телефестивалын (ошондо Гүлнур Сатылганова баш байгесине "Хюндай" машинесин алган), андан кийинкилерин кандай өткөргөнүмдү, мага ачык айтпаса да, тымызын билип жүрдүм. Анан телевидениенин 50 жылдык мааракесинде коллегиянын чечими менен мага "Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген наамды сунушташты. Ойлогон эмесмин. Ошондо коллегия мүчөлөрүнө кайрылып: "Эгер ушул оюңар чын болсо, Кыргыз Республикасын Москвадагы Олимпиадада тааныткан, республикалык чоң салтанаттар анысыз өтпөгөн, алтымышка таяп калган Анарбек Майнанкулов деген үн режиссёруна кезегимди бердим" - десем, коллегия мүчөсү, азыр көз тирүү Байма Сутенова: "Байке, жигиттик кылдыңыз" - дегени эсимде. Муну эстегеним - мен 50 жаш курагымда ал наамдын кадыр-баркын билбепмин. Азыр да биле элекмин. ...Анткени ага ит капкан жеңилдиктер берилет экен... (Уландысы кийинки санда) Бөкөнбай Боркеев, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер |