Уучубуз куру эмес, уюткулуу элденбиз
Кыргыз укмуштары башталдыбы?

Акыркы айлардагы кыргыз коомчулугун элжиреткен эки жеңиш 60-жылдардагы кыргыз укмуштарынын кайтып келишиндей сезим жарата баштады. Балким кудай буйруп, чыны менен эле айкөл Манастын руху кайтып келгендир, улуттук кайра жаралуусу башталгандыр.

Бийчи Атай Өмүрзаковдун Москва (Россия), Киев (Украина) жана Братислава (Чехословакия) шаарларындагы жеңиштери ажайып бир көрүнүш болду. Ал коомчулукту өзүнүн өнөрү менен арбап салды. Атактуу поляк актрисасы Барбара Брыльска Атайдын өнөрүнө маашырланып жатып: "мындайды көргөн эмесмин, эми өлсөм арманым жок" деп өрөөпкүсө, чехословакиялык жюринин сулуу айымы кубанычтан көзүн жаштап: "мен сени сүйөм" деп толкунданып турду. Ошентип Атай мырза кыргыздардын өзгөчө таланттуу эл экенин дүйнөгө ташка тамга баскандай далилдеп салды.
Түркиянын керемет шаары - Стамбулдагы Гүлжигит Калыковдун жеңиши кыргыз журтун элжиретип турат. Ар бир кыргыз бул жеңиштин сырын чечмелеп жатат. Түркий коомчулук кандай себептер менен Гүлжигитке, кыргыздардын жылдыздуу уулуна, жеңишти ыйгарышты деген суроо туулат. Гүлжигиттин жеңишинин сыры (феномени) эмнеде?
Байыркы табиятын сактап калууга жетишкен кыргыздардын канында ойноп жаткан талаалар менен керемет тоолордун сырдуу обондору тектеш түрктөрдүн каны менен агып, көөнө түрктөрдүн энтамга сезимдерине от жагып жибергенсиди. Байыркы көчмөндөрдүн кийимин кийип алган Гүлжигит тектештердин илгерки жан сезимине бүлүк салды.
Бул биргелешкен маданий иш - чаранын мааниси зор. Түрк дүйнөсү бири - бирине жакындай түшкөнсүдү. Үзүлгөн улангандай, бузулган куралгандай болду. Түркий жамаат түбү бир тектүү тилдерин, дилдерин сезип - туюп, көлкүлдөп эрип турушту. Алар жалпы, тектеш жана боордоштор экенин түшүнгөндөй боло түштү. Демек, көптөн күткөн биригүү жанданды, эми ал күч алат. Жалпы маданият - түрк дүйнөсүнүн жакындаштыруунун көпүрөсү болуп калат. Азаматсыңар, бул идеянын ээлери жана уюштуруучулар! "Жандооч кийик аттырат" дешет кыргыздар. Бул азаматтарды коргоп, колдоп, ырын, сырын бөлүшүп, жараштыра кийимин кийгизип коштоп жүргөн азаматтар өзгөчө баага, алкышка татыктуу.
Атайдын бийлери, Гүлжигиттин ырдаган ырлары бир тең, жайнаган жылдыздары бир тең болду. Келбеттери келишип, сырдуу кийим кийген Атай менен байыркы көчмөндөрдүн кийимин кийип алган Гүлжигиттин сыпайылыктары, нукура улуу кыргыздардын ички маданиятын жаркыратып сыртка чагылдырып турду.
Атай менен Гүлжигиттин энелери кыргыздарга азамат уулдарды жаратышкан экен. Алар жүз миңдеген кыргыздарды кубанычтын жана сыймыктын көз жашына бөлөштү. Азаматсыңар, бар болгула кыргыз уулдары! Кыргыздарды кубанычтын жана сыймыктын кубанычына бөлөгөн, гүлдөй жигиттер!

Бактыбек Алиев




Азамат, деп ушуларды айт!
Өткөн жылдан баштап кыргызымдын башына бак конуп, учуп кеткен куту кайрылып келе тургандай болду. Жалпы элибиз каалаган ажобузду шайлап алып бир сүйүнсөк, эл аралык өөнөр мелдештеринде буга чейин эч бир элде, эч бир жерде боло элек бийчилик өнөрү менен Атай Өмүрзаков деген азаматыбыз дүйнөнү дүңгүрөтсө, дагы бир жигитибиз Гүлжигит Калыков деген уулубуз жакында эле Түркияда өткөн "Евразия жылдызы" сынагында шаңшыган мукамдуу үнү менен биринчи орунду алып кубанып олтурабыз. Бул эки адамзат кайталангыс өнөрлөрү менен элибиздин улуу касиетин дагы бир ирет дүйнө алдында далилдешти.
Аттиң ай! Ачкөздүгү, паракорлугу менен өөлкөбүздү дүйнөдөгү каражемсөөлөрдүн алдыңкы орундарына жеткирген бир ууч атка минерлер ушул ушул эки азаматтан үлгү алып, эми мындан ары таза иштеп берсе экен дегенде эки көзүң төрт болот. Ооба, ыплас иштерин жууп тазалап кыргызды бүткүл дүйнөгө улуу эл катары таанытып жаткан Атай менен Гүлжигиттин өнөрлөрүнөн ар-намысына келишип эл үчүн иштеп беришет деген ишеним жаралат.
Ошондой эле бул эки азаматыбыз мансап дегенде оңко-чоңкосунан кеткендерге да бийлиги жок эл ичинде жүрүп өлкө үчүн нар көтөргүс ишти аткарса болорун да көрсөтүштү.
Мекен, эл деп аттанган сапарыңар узак, байсалдуу болсун. Бар болгула азаматтар! Төмөндөгү каалоо тилек силерге.
Бийчи Атай Өмүрзаковго,
Эй адамдар, карагыла,
Атай аттуу фантазия-
Атып чыкты жанар тоодой
Кыргыз уулу деген мына!
Жанда жок өнөрүнө.
Таңданды бүткүл дүйнө,
Европа!
Манасты берген,
Чыңгызды берген,
Эми Атайды берген,
Кыргыздын касиетине мактангыла.
Ал атты булгабастан,бузук ойду таштагыла.
Шыктанып Атай менен, жаңы жолго баштагыла.
Мезгилдин сыноосунда тургаңында,
Атай чыкты.
Улуулугун, ынтымагын, далилдеп кыргызымдын. бийи менен, канчалаган элдин мыкты, мен деген уулун утту.
Кор кылбай, кордобой өзүбүздү,чукубай көзүбүздү.
Атайдай дүйнөнү дүңгүрөткөн,
Уул-кыздарга , бошотолу төрүбүздү.
Аябастан Ак Бата сөзүбүздү!
Атайдай жаштар менен,
Дүйнөгө дагы алдыда,
Тааныталы өзүбүздү,
Дагы да кайрыларым- чукубайлы жаңы ачылган көзүбүздү.
Карагылы, шыктангыла,
Кыргыздын тоолорундай.
Кыргыздын ойлорундай,
Атай өзү -фантазия!
Кайрадан келгениндей, ырчы Атай,
Арабызда жүргөнүндөй , комузчу Атай.
Атай өзү -кыялдардын бир жеңиши,
Атай өзү -кыргызымдын жарк этиши!

Ырчы Гүлжигит Калыковго,
Бийиктеги бүркүт сымал шаңшыды,
Бүгүн аны Евразия тааныды,
Байыркы элдин касиети ушундай,
Сыймыктантып, толкундатып баарыңды.
Атына заты жарашкандай Гүлжигит,
Кыргызымдын улуулугун билдирип,
Намысыңа жарап берди азамат,
Арабызда билинбеген бир жүрүп.
Тээ бийикте аркыраган шамалдай,
Өнөр менен жашап келген жай албай,
Кыргыз үнүн укту жердин кыйласы,
Бирде күр-шар, бирде жылжып булактай.
Ыр төгүлдү жамгырлардай бийиктен,
Ыр жаңырды кең дүйнөгө биз күткөн.
Бүт бардыгы термелишти магдырап,
Мезгил дагы токтогондой бул үндөн.
Ала Тоонун аскасынан шаңшыган,
Үнүң жүрөт бийиктерде калкыган.
Ушул үндү куштай тапта бапестеп,
Суранамын, өтүнөмүн калкыман.

Жума МАМБЕТОВ