Куйручук олуянын окуяларынан...
Эркалы ӨскӨналы
Кудай сүйгөн Куйручук
Үч ачка
- Аттай ташты аласалдырып, койдой ташты колтуктап басып кетип, уйду улактай көтөрүп чаап, мууздаган маалы экен...
Деген менен, Жумгал менен Көлдүн эл башчылары келишимге келишти. Бир айдан соң, эки чоң балбанды күрөштүрүүгө сөз бекиди. Жер ортосу Кочкорду тандашты. Жумгалдыктар менен көлдүктөр бир ай бою балбандарды тапташты. Жалаң майчөкмө буудай, күчтүү күрүч болду, балбандардын жегени. Каратаруунун бозосу болду, бу дөөлөрдүн ичкени...
Эл-журттун күткөн күнү жакындады. Балбандардын жүрөктөрү лакылдады. "Кожомкул менен Бөлтүрүк күрөшөт экен!" деген сөз эл аралады.
Кожомкулду Суусамырдан Кочкорго чейин үч жолу ат которуп, апкелишти. Атайы ашталып жасалган арабага эки атты чегишип, Көлдүн Бөлтүрүгүн балбанкүрөш өтүүчү майданга жеткиришти.
Кочкордун канбазары элге толгон. Чычкан мурду аралап өтө алгыс. Аттуусу атын минип, өгүздүүсү өгүзчөн жүрүп, эшекчендери эпеңдеп, жөөсү жөөжалаңдап келгендер көп. Калыстар шайланды. Кермеге жыйырма жылкы байге байланды.
Эл чуркурап бата берип, ортого Кожомкул чыкты. Бою узун шыргыйдай, тиктегени кыргыйдай. Айдалысы далдаят, айрытөшү калдаят. Булчуңдары буржуят... Жаактары аттын жаагындай, керекарыш... Кабак-кашында кабыландын сүрү бар. Катылганды бир чапчып, жеп ийчүдөй түрү бар. Атаңгөрү, кым даап бет келмекчи, буга?!
Эл чуркурап бата берип, эми Бөлтүрүк чыкты бөлүнүп. Бешенеси жаркырап, бетинен нуру төгүлүп. Бука моюн, буура сан бу дагы укмуш көрүнүп. Кожомкулдан жаш экен, бою саал пас экен... Зың-зың этип кенебейт, анча-мынча балбанды бучкагына теңебейт. Атаңгөрү балбан деп мына ушуну айт!
Алаңгыча болбоду... Бет маңдайдагы дөбөдө капталдай чаап, ач-айкырыкты салган бир атчан көрүндү. Эл-журттун көөнү ошого бөлүндү. Артында чаңы буралат. "О Токто! Токто! О Токто!" деп кыйкырып келет. Балбандар да атчанды аңкайып карап калышты. Бул шашып келаткан Куйручук экен! Ал элге жакындай берип, тизгинди жыйды. Бууракандап сүйлөп кирди:
- О эл-журт! Опурталдуу оюнду токтотолу! - деди Куйручук. Эки арыстан алышса, экөө тең сулайт. Эки тоо кагышса, экөө тең кулайт. Эки дөө кармашса, бирин-бири жайлап салат. Эки көкжал кабышса, экөө тең бирин-бири чайнап салат! Азыр бу эки балбанды күрөштүрсөк, экөөнүн бирөө өлөт! Эсен калганы, он эки мүчөсүнүн экөөнөн айрылып, айыкпас майып болот! Эл-журтка тамаша керек, а силерге жан керек, балбандар! Күрөшпөгүлө!
Куйручукка каяша айткан жанкиши болгон жок. Бирсаамга жымжырттык өкүм сүрдү. Эмеле, бирин-бири камандай качырууга, кара жерге жапырууга даярланышкан балбандар да жоошундай түшүштү. Элдин көзү дале Куйручукка бурулду. Ал атынан түштү. Канжыгасынан жембаштыкты чечип алды. Элдин ортосуна басып келди:
- О эл-журт! Бу делебе козголгон кыйын болот. Эки дөөнүн тамашасын көрөбүз, кызыгына чөгөбүз деп келдиңер. Демиңерге суу сеппейин. Эмесе, балбандардын жаңы тамашасын баштайбыз! Өздөрү да өкүттө кетпесин!
Куйручук колундагы жембаштыктан зоот аттарга такалануучу жуп орус таканы алып чыкты. Бирөөнү адегенде Кожомкулга сунду. "Кабыштыра кармап, сындыр!" деди. Кожомкул таканы эки учунан бекем кармады. Өзүн көздөй, ичкери толгоду. Така ийилип барып, "чарт" дей түштү. Эл шыпшынды. Така сындыруу кезеги Бөлтүрүккө келди. Ал экинчи таканы кош колдоп, сыртты көздөй имерди. Така ийилип барып, "чарт" дей түштү. Эл шыпшынды.
Эми, Куйручук жембаштыктан кыркылып экиге бооланган кызыл талды сууруп чыкты. Балбандарга карматты. Кожомкул сол колу менен талдын үстүңкү учу жагынан уучтап, оң колу менен төмөнкү жагынан мыжыга толгоду. Суу сарыгып, жерге тамчылай түштү. Бөлтүрүк да боону аткый кармап, бекем бурады. Беш манжасына суу сызылып, жерге тамчылады... Эки балбандын каруу-күчүнө таңыркаган эл баш чайкап турушту.
- Тээтиги, чоң жээрде кашканы чечип келгиле! - деди Куйручук жарданган жигиттерге байлануу атты көрсөтүп. - Жаныбар, Камбар-Ата тукумунан мындай жоош мал болбойт. Үркпөйт, теппейт!.. Ушу атты отуз кадамга арыштап, көтөрүп барасыңар! Отуз кадам! Окус, ашырып ийгениң, алакөөдөнсүң! А кемитип койгонуң, чабалсың!
Бир жигит жээрдекашканы жетелеп келди. Не бар, не жок дегендей, алдыңкы, арткы буттарына бошураак чидер салынды.
Кожомкул далдайып басып келди. Эңкейе калып, атты жонуна ыкшап, көтөрө салып жөнөдү. Ат окуранды. Бул бир укмуштай көрүнүш эле. Бөлтүрүк да калдайып басып келди. Ал да кыйналып-кысталбай, Кожомкулдун балбандыгын кайталады.
Эки алптын тамашасына эл-журттун жарпы жазылды. Баягы байге Куйручуктун айтуусу боюнча балбандарга тең бөлүндү.
(Окуянын уландысы бар)





Кримбаян
Баратбай АРАКЕЕВ
"Шерлок Холмс" Манат
Анарбек туура болжогон убакта келди. Алишер ашканага кирип, чайын даярдап, Анарбек экөө сүйлөшө чай ичишти.
- Анарбек, мен азыркы абалыма нааразымын, - Алишерден анча байкалбаган үшкүрүк чыкты, - өз жолумду туура эмес баскандаймын.
- Чочуба, мен бар, башка досторубуз бар, Кожоюн сага эч нерсе кыла албайт.
- Сен түшүнгөн жоксуң, Анарбек, мен Кожоюндан да, башкасынан да корккон жокмун. Демек, өлүмдөн да коркпойм дегеним. Мени санааркаткан башка нерсе - эч нерсе менен ишим жок, бала - чака багып, тынч өмүр сүрбөй, түн уйкудан түйшөлүп, колунан курал түшпөй, бирөөнө өлүм, экинчисине жамандык тилеп жашаганды айттым. Баскан жолум тескери жол дегеним.
- Түшүндүм. Кээде мага да ушундай ойлор келет. Бирок артка жол жок деп ойлойм.
- Андай жол бар, - Алишер терең ойлогондой мелтирей калды да, анан кол шилтей сөзүн улады, - кана бүгүнкү ишти кандай кылабыз?
- Кожоюндун ар кадамын көзөмөлгө алгыла деп Жокин менен Кокага тапшырдым. Бүгүн кайсы убак болсо да, анын шоопур жигити менен сүйлөшөбүз. Кожоюн андан эч нерсе жашырбайт. Гаражын бекиткен жерден кармайбыз.
- Жалгыз болбосочу?
- Аны да ойлондук. Төртөө болуп барабыз. Бул жерге алып келебизби, же ...
- Жок, бул жерге болбойт. Шаардын сыртына алып чыгабыз. Кай жерге экенин өзүм айтам. Болуптур, кечке чейин.
Анарбек кеткенден кийин Алишер өзүнүн шоопур-кайтаруучусуна чалып, кечке үйдөн чыкпай эс алып, саат алтыларда келүүсүн айтты да, телевизорду сайып, диванга чалкасынан түштү. Көзү телевизордо болгону менен анда эмне көрсөтүп жатканы менен иши жок, жашоосуна саресеп салат...
Бир учурда көзүнө эч нерсе көрүнбөй көөп да жүрбөдүбү. Жакшы адамбы же жаманбы бир өмүрдө бир жолу көздү май олчойто басып кетмейи бар. Алишер да ошентти. Аны адам өзү сезбейт экен. Баарын таразалап, ой токтотуп, өзүнө болушпай тандасаң гана билесиң көпкөндү. Алишер тели-теңтуштарына барктуу болду, акчаны тутамдап, ресторандарда тамак ичкенде санабай столго таштаган күндөрү канча дейсиң. Нечен бир азаматтарды каакы ордуна көрбөй муш тийгизген, тил тийгизген учурларычы? Анан да сурайылдай сулуу кыздарды чакмак алган күндөрүчү.
Өмүрүндө көп кыздар менен таанышса да, Манаттай болгон жок. Анын кеби башка, бир көргөндө эле жаккан, күн өткөн сайын жүрөгүнөн кеткис болуп бажырайып келет. Түбөлүк өмүрүн арначудай сезет. Бирок, анын өтөчү өмүрүн булгап койбос бекен? Экөө бул турмуштун бирине-бири кайнаса каны кошулбачу эки уюлдун адамдары. Азыр өзү жүргөн жиндүйнөдөн биротоло кол үзүп, адамдар ак деп айтчу жолго түшсөчү. Ошондо эскинин тагы кетер беле, же өмүр бою бетке чиркөө болобу? Неси болсо да, эми Манатсыз өмүрдүн өтүшү кыйын...
***
Алишер кечке диванда жатып көзү илинип кеткен экен, эшиктин коңгуроосу ойготту. Эшиктин көзүнөн караса, шоопуру экен. экөө ашканадан шам-шум этишкенден кийин Анарбектен телефон күтүп, телевизор көрүп отурушту. Саат сегиз болуп калганда коңгуроо шыңгырады:
- Алло, "таякем" ресторанда отурат, үч баласы менен. Төртүнчү уулу машинада отурат.
- Көпкө отурчудай бекен?
- Адатта эки-үч саатсыз чыкчу эмес эле...
- Болуптур күтөм, - Алишер трубканы койду.
Анарбек Жокин менен Коканын машинасына олтуруп, ресторандан обочороок жерде байкап турушту. Он бирге жакын Кожоюн эч жерге кайрылбай туура үйүнө түшүп, үчөөнүн коштоосунда үйгө кирип кетти. Шоопурун кете бер деген го, машина дароо жөнөп калды. Ал да түз эле үйүнүн жанындагы гаражга токтоп эшигин ачты да, машинаны киргизип, эшикти бекитти. Колун жаңы эле эңгезердей кулпудан тартканда карылуу эки жигит эки каруудан алды:
- Жүрү, бир аз сөз бар.
Тиги неме эмне кыларын билбей, байкоос келген коркунуч денесин калтыратып жиберди.
- Коркпо, эч нерсе кылбайбыз.
Экөөлөп жетелеп келип, машинанын артына салышты. Анарбек телефонду алып Алишерге чалды. Алишер кайсы жерге баруусун айтты окшойт, макул деди да, рулдагы Кокага буюрду:
- Алматы трассасына айда.
Ал трассага түшүп, беш-алты километр жүргөндөн кийин Алишердин машинасын көрүп, туура алдына токтошту. Алишер машинадан чыгып, Анарбектерге келди да, Кожоюндун шоопуру менен катарлаша отурду. Ал Алишерди жакшы таанычу. Алишер да көрүп жүргөн.
- Кандай, жакшыбы? - Алишер колун берип амандашты.
- Жакшы.
- Бул жерде эмнеге олтурганыңды билесиңби?
- Толук эмес.
- Эмесе мындай, көп сөз биздики эмес - катындардыкы. Ошондуктан өзүбүздүн эле кыска сөз менен сүйлөшөлү, макулсуңбу?
- Макул,- деди тиги акырын. Антпеске чарасы жок эле.
- Мени Кожоюн кантип жок кылганы жатат, ошону айт анан бошсуң.

Кожоюндун шоопуру Алишердин тайманбастыгын, айтканын жасай турган көктүгүн билчү, башканы кой, Кожоюн да андан чочуларын небак сезген. Билгенин айтпаса ушул жерден чымындай жаны чыркырарын билет.
- Эртең ресторандан...
- А менин ресторанга барарымды кайдан билиптир?
- Анысын айткан жок. Манат деген угронун катыны менен эртең саат алтыда тамактанышат дейт.
- Анан?
- Анан үчөө маскачан кирип барып экөөңөрдү тең...
- Түшүнүктүү. Үчөө сыртта күтүп туруп келеби же...
- Эки машина, бири ресторандын маңдайында, экинчиси артындагы көчөдөн күтөт. Силер келгенден он мүнөт өткөндөн кийин келишет тигилер. Эгерде ресторанда иш болбой калса, сыртта экинчи топ - дагы үчөө күтөт. Иши кылып иш ошол күнү бүтүш керек.
- Канча киши катышат ал ишиңерге?
- Сегиз.
- Кожоюн өзү кайда болот?
- Ошол күнү эртең менен Ташкентке учат.
- Эмнеге?
- Билбейм... Балким жанагы иш болгондо мен бул жерде жок болчумун дегени го...
- Айткандарыңа рахмат, - Алишер шоопурдун колун качырата кысты,- бирок Кожоюнуңду сатканың жаман экен. Сөз өзүңдөн чыкпаса, бизден чыкпайт.
Алишер өзүнүн машинасына отуруп жөнөп кетти. Үйүнө келер менен Караколго чалып, ал жакта жашаган төрт жигитти түнү менен келүүсүн айтты.