"Курт жеген имарат"
Илгерки узак мөөнөттө бүтпөгөн курулуштарды "курт жеген имарат" деп коюшар эле. Себеби, жумушчу күчүнүн жетишсиздигинен шылтоолоп, тийди-качты иштер аткарылса да, иш токтоп калганда ошол курулуштардын айрым бөлүгүндө арматурасыбы же кирпичиби четинен уурдалып, кемпир-чалдардын кемшейген тиштерине окшоп калар эле.
Эгемендүү эл болгондон кийин союз таркап, анын мезгилинде бүтпөй калган көптөгөн курулуштар мураска калган болчу. Тилекке каршы, каражаттын жогу шылтоо болуп, дээрлик кароосуз калган мындай имараттар ээсиз калгандыгы жашыруун эмес. Аларды бүтүрүүнү мындай кой, зыңгыраган нечен имараттар, короо-сарайлар, механикалык парктар камчыга ченеп таланып кеткенин тана албаспыз. Мындай "курт жеген имараттардын" бири Талас шаарындагы филармония болуп саналат.
Имараттын курулушу 1988-жылы башталган менен толук бүткөрүлбөгөн, нукура ээсиз калган филармониянын курулушу 1992 -1993-жылдары толук токтоп, 1999-жылда менчиктештирүү программасына да киргизилген эмес. "Укмуштуунун төөсү жорго" - дегендей облустук аймагындагы бул ири курулуш объектисинин көз жаздымына илинбегенинин артында ошол учурдагы бийлик өкүлдөрүнүн кимдир бирөөлөрүнүн кызыкчылыгы болгон сыяктанат. Бул божомолубуз да бекеринен чыккан жок, болбосо кичинекей жер кепелер талашка түшүп, кызарган жер таланып жаткан ошол кездерде бараандуу имараттын эч жерге каттоодон өтпөй калышы күмөндүү ой жаратат. Мамлекеттин мүлк фондусу, облустук жана шаардык мамлекеттик администрациялары, күч органдары аны "көрбөй унутуп калышы" мүмкүн эмес болуучу.
Дагы бир таң каларлык маалыматты келтирели. Талас шаарындагы 37 объектинин катарына кирбеген бул "филармониянын курулушу" боюнча бүтүндөй документациялар кандай себептен "жок болуп кеткендиги" табышмактуу сырга айланып отурат. Ошол эле учурда бул имараттын алгачкы проектиси, курулуш сметасы да, мурдагы капиталдын курулуш башкармасында сакталбай калгандыгы, кийин Талас шаарынын мэриясынын өкүлүнүн бул документтер 2010-жылдын 6 -7-апрель төңкөрүшүндө "өрттөнүп кеткендигин" шылтоо кылуусу, орой айтканда, "энесинин этегине жашынгандык" болуп жүрбөсүн? Мына ушунун арты менен бул имаратты эми Талас шаардык мэриясынын балансына өткөрүп алып, курулушка сарпталган каражаттардын көлөмүн азайтып көргөзүү жолу аркылуу облустук же шаардык "төкөл башчыларынын" бири ит бекер сатып алуу амалы менен талашып жатпасын? Буга аргументтерди берүүдөн мурда, курулуштун айрым таржымалына токтололу.
Бүтпөгөн "филармония"
кимдерге таңууланган?
Союз таркаган алгачкы мезгилдеринде багы байланган бул имаратты алгач сактап калуу максаты көздөлгөн сыяктанат. Тала шаардык мэриясы маданият үйүнүн көрүүчү залын, түштүк жана батыш канатындагы техникалык бөлмөлөрүн Талас регионалдык "Соода үйү" ассоциациясына, калган бөлүгүн Талас шаардык ички иштер бөлүмүнө бекер берүүгө, алар өздөрүнүн күчтөрү менен бүткөрүүгө 1997-жылы 6-июнда №11 токтомун токуйт. Тилекке каршы, таңууланган бул имаратты толук бүтүрүүгө көп каражат жумшаларын эске алышып, имаратты алуудан баш тартышат. Андан кийин Арабаев атындагы университеттин базасында ачылган Талас педагогикалык институту азыркы Талас МУне таңууланат, бирок өз алдынча материалдык кубаттуу базасы жок окуу жайы да макул болбойт. Ошентип, бүтпөгөн маданият үйү "эр албаган кара далы кыздын" кейпин кийет. Сатып алганды мындай коёлу, бекерге берилерине карабай "сырдуу кызыгы, чырдуу күйөө" болууга эч кимиси батына албайт. Бул маалымат Талас облустук сотунун коллегиясында (им СГ-03 10, 2010-жылдын 27-июлу) да тиешелүү күбөлөр менен аныкталып отурат. Имаратты ишке киргизүүгө каражат негизги мааниге ээ болгону менен ал бекер жерден качуунун субъективдүү себептери да бар эле. Көп убакыт кароосуз калган бул имараттын ичи таштандыларга толуп чыккан. "Ээн жердин бөрүсү да көп болот" - дегендей, күндүз бул аймакта шектүү эч нерсе байкалбаса, кеч күүгүмдөн таң сүргөнгө чейин кыймыл күчөрүн анын аймагында жашагандар жакшы билишет. Бул учурда ал жерден жалгыз-жарым адамдар өткөндөн сестенишчү.
Белгилей кетели, ар кимге таңууланган бул имараттын туш тарабы ачык болсо да каңыраган сасык жыт чыгып турар эле. Күн батарда ит талаштырышкандардын уюгу болсо, түн ортосунда табышмактуу жеңил автоунаалардын бири кетсе, бири келип, криминалдык иштер да ушул жерден ишке ашырылгандай таасир калтырар эле. Бетон картон потологуна кимдир-бирөөлөр адамды асып кеткени, түн ортосунда өлтүрүлгөн бир кыздын сөөгү ташталгандыгы тууралуу учурунда чоң чуу чыккан. Кийин жогорудагы уюм-мекемелер ушуларды да эске алса керек.
(Уландысы бар)




Эне-сайлыктарды алдагысы келген энергетиктер
Биз Эне-Сай конушунун жашоочулары өткөн жумада КТР жана 5-каналдан Энергетика министри Аскар Шадиевдин, премьер-министр Бабановго берген отчётунда аты-жыты жок кубаттуу, жаңы подстанция кургандыгы тууралуу кебин угуп, оозубуз Ошту карап калды. Бизде подстанция эмес, бир дагы трансформатор коюлган эмес. Бул маселе боюнча биз Бишкек шаарындагы Свердлов райондук администрациясына кайрылганбыз. Бирок ал жактан башка подстанция курулат деген жооп алдык, кимисине ишенебиз? Качанкыга чейин биздин чиновниктер карапайым калкты куру сөз менен алдай берет? Энергетика министри А. Шадиев бул жерде бизди гана эмес, отчёт учурунда өкмөт башчыбыз Ө. Бабановду да алдап отурбайбы. Эне-Сай конушунда калкты энергетика менен камсыз кылуу эзелтен бери эле чечилгис маселеге айланган. Электр энергиясынын чыңалуусу 220 вольттун ордуна 130 -140 вольт болуп калганына көп болгон. Мамлекет башчыларыбыз бул жагына назарын салып, энергетиктерибизди эпке келтирип коюшса.
Эне-Сай жаңы конушунун жашоочулары:
Жолчукеев М, Абдылдаев А,Эшенкулова А,
Жунусов Н, Орозбаев З ж.б.


Билим берүү жана илим министри
К. Садыков менен губернатор
К. Муратбековго кулак кагыш…
Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Оруктам деген айыл бар. Аталган айыл облустан 100 чакырым алыстыкта жайгашып, ачыгын айтканда айылдын социалдык абалы абдан эле кейиштүү. Мисалга алып айта турган болсок, облус менен айылды байланыштыра турган жолдун абалы мышык ыйлаарлык абалда болгондуктан, жол жүрүү абдан татаал. Кышкысын тоо боюндай көчкү жүрүп, жол буулуп калганы байланыштуу Каракужур, аркылуу Долон ашуусун ашып, 250 чакырым жол жүрүп, облуска жетүүгө туура келет. Ал эми айылдагы мектеп, маданий үй (клуб), бейтапкана сыяктуу социалдык жайлардын абалын айтпай эле коёлу. Мектепте бир класста үчтөн төрттөн окуучу окуп, 1 -11-класска чейин болгону 23 окуучу окуйт, жана 20 дан ашык мугалим эмгектенет. Ачыгын айтканда, мугалимдердин деңгээли өтө эле тайкы. Мугалим жетишпейт деген шылтоо менен, агартуу тармагын жетектеген райондук жетекчи тажрыйбалуу мугалимдердин саатын кыскартып, болбосо кызматтан алып, ордуна жең ичинен соодалашып, таптакыр башка кесиптин ээлерин тактап айтканда окууну сырттан бүткөн экономист, же мал доктурларды мугалим кылып дайындап жатат. Учурдан пайдаланып, Билим берүү жана илим министри К. Садыковго райондук жетекчини кызматтан алып, же тизгинин тартып, такалап койсо деп кайрылаар элем. Ал эми бейтапкана, маданий үй дегендин аты эле болбосо эч кандай пайдасы жок. Баарынан кейиштүүсү айылда телефон тартпайт. Телефон тартпагандыгына байланыштуу шаардагы тууган-урук, бала чакабыз менен байланышуу мүмкүн эмес. Кыскасы элдин жашоосу өтө оор. Балким губернатор К. Муратбеков окуп калса калса, көйгөйдү чечип, жок дегенде телефон тарттырып берээр деген үмүттөмүн.

P.S. Бул катка байланыштуу кийинки сандарыбызда кененирээк иликтеп жазганга аракет кылмакчыбыз.
Айыл тургуну Миңбай Жусупов