Ден-соолукка кам көрүңүз...
Эң арзан жана натыйжалуу алма экенин билет белеңиз?...
Кайсыл мезгилде болбосун, кандай гана жерде кезикпесин алма көрк да, витамин да берип турат. Ал мөмөлөрдүн арасынан арзан, абдан пайдалуу мөмө болуп эсептелерин эч ким тана албаса керек. Андан биз салат, шире, варенье, повидло, компот, пирог иши кылып баарын жасап, бир жыл бою аны үзбөй тамактанабыз. Дегеле алманы бардык адамзаты күнүмдүк турмушунда колдонуп, канча жесе ошончо пайда ден - соолугуна алып келери жөнүндө билсе керек. Андыктан назарыңыздарга бул мөмөдө кандай витаминдер катылаарын жана алар кайсы органдарга оң таасирин тийгизери жөнүндө сөз кылмакчыбыз. Айта кетүүчү нерсе, кытайдын кымбат баалуу, көздү кызыктырган чоң алмалары эмес, өзүбүздүн эле, курт жесе дагы таза алмаларыбызды колдонуубуз талап кылынат.

Курамы пайдалуу витаминдер:
Анын курамында организмге керек эң көп витаминдер жана микроэлементтер Са, В1, В2, Р, Е, марганец жана калий бар. Ал организмдеги кан айланууну жакшыртат, темирди оңой өздөштүрөт жана анын булагы болуп эсептелет.
Алмада клетчаткалар көп. Ошондуктан аны жегенден кийин көпкө чейин ачка болбой жүрө берсең болот.
Боор жана бөйрөктүн иштешин жакшыртат.
Алманын курамындагы пектин адамдын жүзүн жакшыртып, чың кылып көрсөтөт. Ал жаштыкты сактап калганга да жөндөмдүү. Бекеринен сулууларды алмага салыштырышпаса керек. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, эгер адам күнүнө 2 алма жесе холестерин 16%га азаят. Ал эми күнүнө ушул эле өлчөмдөгү алманы, пиязды жана 4 чыны көк чайды колдонсо, жүрөк талмасынын пайда болушун 32%га азайтат.

Рактан коргонуу
Алманын кабыгынын курамында антиоксиданттар, кверцетин, С витамини бар жана ал организмге жаман таасир берүүчү радикалдын эркин болушуна жолтоо болот.
Алманын курамындагы пектиндин пайдасы
Алманын курамындагы пектиндин жардамы менен организм коргоочу заттарын чыңдап алат. Пектин организмдеги мышьяк, коргошунга байланыштуу болгон зыяндуу заттарды организмден чыгарып турганга жөндөмдүү.
Алма ич катуудан арылтат, зыяндуу заттарды организмден чыгарат, ошону менен бирге мындай касиеттери менен жоон ичегидеги рактын пайда болушун алдын алышы мүмкүн. Ошондой эле пектин ич өткөктү да айыктырат. Салттуу түрдө ал ашказандын бузулушуна каршы табигый ыкма болуп эсептелет. Буга өзүнүн себептери бар: алмада тамактын сиңишин жөндөөчү кычкылтек бар.

Иммундук системаны жакшыртат
Алма иммундук системаны жакшыртат жана организмдеги шекердин бир калыпта болушун көзөмөлдөйт. Алманы чийки боюнча жеген пайдалуу. Бирок, андан кандай тамак жасабаңыз, ал баары бир деле пайдалуу касиетин сактап калат. Анын кабыгында пайдалуу заттар көп болгондуктан, кабыгын аарчыбай жеген жакшы.

Диета
Диета кармап, дарыланып, оорулардын алдын алууда колдонгондо, анын түрүн туура тандаганды билип алыш керек. Мисалы, жаңы кычкыл-таттуу алмалар гипацид жарасында колдонулат.

Уругу йодго бай
Алманын уругунун курамында йод көп. Ошондуктан, эгер күнүнө алманын 5-6 уругун жесе, адам организмине керек болгон бир суткалык йодду камсыз кыла алат деп айтылат.
Алма терапиясы - жөнөкөй, оңой, таасирдүү жана арзан.
Ич өткөк күчөп кеткенде алманы куракка жараша жеш керек. Мисалы, 2 жаштан 10 жашка чейинки курактагы балдарга 600 граммдан баштап 1500 граммга чейин кумшекер кошулбаган алманын боткосу берилет. Ичкенге чай гана сунушталат.
Күндүзгү алма диетасынан кийин кайнатылган күрүч, кургатылган азыктар, жумуртка белогу жана аз өлчөмдөгү алма ширеси же боткосу сунушталат. Ал акырындап олтуруп кадимки тамакка алмашат.
Эске салчу нерсе, алма менен дарылануу күчтүү эркти талап кылат. Эгер андан кийин башка нерсе ичип же жеп алса, анда алма дарысы эмес, алма кыйноосу башталат. Оорулуунун ашказаны зыян тартып калат.

Темир
Алманын курамындагы көп өлчөмдөгү темир каны аздар үчүн эң сонун дары.
Ал үчүн бир күндүн ичинде 400-600 грамм алма жеш керек.
Улуу курактагы адамдарга жеңил эс алдыруучу таасирди сүт менен бышырылган алма берет: 2 алманы бир стакан сүткө, жарым стакан сууга кайнатып, эртең мененки тамакка чейин ичиш керек.
Алманын ширесин дайыма ичип туруңуз жана аны жайкы, кышкы түрлөрүн жасап алсаңыз болот. Бирок, эң таттуу болуп кычкыл жана таттуу алманын аралашмасы болуп эсептелет.

Зыян жактары
Анын касиети тууралуу айтып жатканда терс жактары да бар экенин айта кетишибиз керек. Бул көбүнчө узак убакыт бою алма диетасына олтуруп алгандар үчүн. Анткени, алманын курамындагы клетчаткалар олуттуу зыян келтирип коюшу мүмкүн.
Жүрөк оорусу менен ооругандар таттуу алмалардан баш тартышы керек же этияттап колдонуш керек. Ал эми ашказаны ооруп жүргөндөр болсо, алма жегенден кийин оорутса дароо билинет жана аны жеп кереги жок болот. Мындай учурда алманын боткосун да колдонбош керек.
Алма абдан таттуу жана пайдалуу. Бирок, аны сатып алууда пайда-зыянын жакшылап түшүнүп алышыңыз керек. Ошондуктан ар бир адамзаты ден -соолугуңузга алма жакпай бара жатса, анда тезинен колдонууну токтотуңуз.
Даярдаган
Гулнур Нуркалиева