Азил-чыны аралаш
Эшмат менен Ташматтын акыйнеги
- Урматтуу Ташмат, таң супа салганда тамтаңдап кайдан келе жатасың?
- Урматыңды урайын жөн салды сүйлөчү! Көмүргө барсам баасы асмандын башында экен, жылыткычтардын баарын сайып атып, трансформаторубуз күйүп кетип, айылыбыз менен жарыгы жок жалдырап отурабыз.
- Миллиондогон сомдорду сол чөнтөгүнө солоп, Малазия, Дубайга чейин сайрандап жүргөн депутаттарга кайрылып, "ошол самандай сапырып, чачкан акчаңардын бир бөлүгүн көмүргө дотация берип койсоңор, свет да өчпөй, от жагып жылуу отурбайт белек" деп кол куушуруп барбайсыңбы?!
- Бизге окшоп Ак үй, Көк үйдөгүлөр көк муштум болуп отурса, сууктун күчүн ошондо билет болчу. Азыр алардын төлгөсү үчтөн, түлөөсү түштөн болуп, эл башында бакылдап, булут үстүндө муз бүркүп, жарык дүйнөнүн жарыгына мас боло автомашиналарын алчактата минип, төгөрөктү чарк айланып жүрүшпөйбү! Бирок, бир күнү карасаң өзүлөрү айткан жыландын уюгунда жакалашып-жаакташып, мурдун канжалатып мушташып, эртеси ак калпак кийгизип, чепкен жаап, кучакташып, өбүшүп парламент-шоу өткөрүп турса айласыздан сен дагы арсактайт экенсиң!
- Эшмат аке, алардын арасында барга топук кылган, алабарманданып жулунбаган, адамга жакшылык жасап, аны колко кылбаган, кара кылды как жарган калыстыгы менен инсандык улуулукту ыйык туткан, калк кадырлоосуна ээ болгон азаматтар, чындыкты чыркыратып айткан, акыл эсинин тунуктугу, тереңдиги менен айырмаланган айымдар бар. Мурда сот, прокурор кызматтын ээринен эзели түшпөгөн, кийин эл шайлабаса да партиялык тизме менен келип, учурда "абройлуу" адвокатка айланып, акыл айткандары да бар. Оппозиция десе эле микрофондон түшпөй, бирин-бири көрө албастык кылып, сынтагып, кыйкырып турганы да бар.
- Ооба, эли-жери үчүн күйгөн мыкты мырза, айымдар бар дечи, бирок кенедей мамлекетибиздеги 120 депутатыбыздын арасында оозун ачып, ойду-тоону ойлоп отурганы мындан көп, өз бизнесин калкалап, калчылдап отурганы мындан көп. Миңден ашык токтомду токудук дешет, анысы жупуну эл-журтуна пайдасы тийбесе. Анда-санда "токтомду аткарбайсың!" деп министрлерди "токмоктогону" эле болбосо жарытылуу иш жасабаганын жалпыбыз угуп-көрүп жүрбөйбүзбү!
- Ээ, урматтуу, тоюс Эшмат аке сен деле бир партиядан непадам депутат болуп келсең не кылмаксың?
- Атаңдын көрү андай күн кана?! Депутат болуп калсам эки күндүн биринде Эмиратка чу коюп, ай сайын алтымыш ашынамды топтоп алып, чардап жүрмөкмүн. Сегиз секретарь күтүп айлыгын 18 миңден 48 миңге көтөрүп, кайын энемди баш кылып кеңешчи күтмөкмүн. Мен өтө барктуу, баалуу адам болгондуктан депутаттык машинамды эки катар брондотуп, дөңгөлөгүнөн тарта башка тетиктеринин баарын алтын-күмүштөн жасатмакмын. Сага окшогон кедей кембагалдын жон терисин сыйрып, айрым депутат айымдарга ич көйнөгүнөн бери алып берип турмакмын.
- Мына көрдүңбү, адамды байлык менен бийлик бузат деген ушу! "Урматтуу будущий депутат Эшмат!", "Байысаң көппө, жардылансаң чөкпө" деген элдин накыл кебин унута көрбө!
- Ташыке тамаша да мага кайдагы депутаттык, өп-чап турмуштун арабасын кылдыратып араң сүйрөп жүргөндө. Токчулук менен жокчулуктун ортосу бир кадам тура. Аттигиниң, аңызга токтогон көлчүк болгончо, деңизге токтогон бир тамчы болсоң кана!
- "Кемчилиги көп адамдын, кемсинткени көп болот" дейт. Баятан бери экөөбүз кабыл алган "токтомду" токтотолу! Андан көрө жаңы шайланган төрага, өкмөт мүчөлөрү мурункулардын жосунсуз жоруктарынын жолуна түшпөй, депутаттардын миллиондогон чөнтөк пулун азайтып, "эстүү жигит элим дейт, эл жактаган жеңилбейт" деген сөздү туу тутуп, кабыргасы кайышкан карапайым калкка кайрымдуу болушун тилейли!
Асан Акматов




Пикир...
Ж. Турдукожоевдин жаңы китеби өз окурмандарын табат
2006-жылдын апрель айы, жаңы бийлик күчүнө келе албай, ар кандай кырдаалдардан жана жаңы саясий күчтөрдөн көз каранды болуп турган. Бийликтин алсыздыгынан пайдаланып, уюшкан кылмышкерлер топтору өздөрүнүн кызыкчылыктарын таңуулай баштаган. Дүйнөнүн саясат тарыхында биринчи жолу Кыргызстанда кылмышкерлер топторунун ана башчылары премьер-министрди борбордук аянтка, жактоочулары менен келип алып, "Кулов, бир-бирге чыккын"- деп коркутуп турду.

Жөнөкөй кыргыздын атуулу Куловду бир-бирге чакырса деле, ага көп көңүл бурмак эмес. Жаманбы, жакшыбы коомчулук тарабынан таанылган премьер-министрди бир-бирге чакыруу, бул мамлекетти мазактоо болучу. Ошондой кыл чайнашкан убакта, премьер-министр чечкиндүү чара колдонгондун ордуна төө куштай болуп, башын кумга катып алып, бээ көрдүңбү жок, төө көрдүңбү жок дегенсип, кабинетинен чыкпай жашынып отурган. Кырдаал курчуп, бийликтин көзөмөлүнөн чыгып баратты. Кылмыштуу топтор борбордук аянтта боз үйлөрүн тигип алып, ээн эркин басып жүрүштү. Мына ошондо жоопкерчиликти өзүнүн моюнуна алган топтор же болбосо лидерлер керек болучу. Ошолордун бири - Жыргалбек Турдукожоев агабыз. Ал башын канжыгага байлап коюп, 2006-жылдын 8-апрелинде көп бей өкмөт уюмдарды, саясий партияларды баш коштуруп, "Атуулдар кылмыштуулукка каршы!" деген ураан менен масштабдуу митинг уюштургандардын алдыңкы сабында турган. Биз дагы кыргыздын келечегине кайдыгер карабаган атуулдары катары Бишкектин түштүк дарбазасына келип чогулдук. Ошентип, саат ондо түштүк дарбазадан Совет көчөсү менен борбордук аянтка жол тарттык. Жолдо бара жатканда биздин тобубузга Бишкектин тургундары кошулуп жатты. Коркунучтуу абал биз Ала-Тоо аянтына келгенде түзүлдү. Эски аянтта кылмыштуу топтор, жаңы аянтта биз турдук. Көз ирмемде кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн эле. Ошол кезде Э. Байсалов, Ж. Турдукожоев ж.б. азаматтарыбыз кылмышкерлердин коркутуусуна туруштук берип турган. Ошол апрель митинги элдин эрки кылмышкерлердин коркутуп-үркүтүүсүнөн күчтүү экенин, элдин эркин эч бир күч майтара албастыгын биринчи жолу көрсөткөн.
Ошол митингден кийин биз Ж. Турдукожоев менен тыгыз байланышта иштей баштадык. Бакиевдердин режимине каршы уюштурулган ар кандай иш-чараларда ар дайым чогуу иштедик, Бириккен Элдик Кыймылдын ишинде Ж. Турдукожоев оппозициянын алдыңкы сабында жүрдү. Анткени, ошондо БЭКтин, Жогорку Кеңеште оппозициялык фракция болгон КСДП фракциясынын пресс-катчысынын иш-милдеттерин аткарууга ар бир эле кишинин эрки жете бермек эмес. Ошол учурда Бакиевдер өз пикири бар же болбосо аларды сындаган кишилерди түрмөгө камап, аттырып, өрттөтүп баштаган болучу. 2009-жылы биз түрмөдө отурганда да, Ж. Турдукожоевдин бийликти сындаган курч маектерин "Азаттык" үналгысынан угуп турдук. Петровка окуясы боюнча ак жеринен камалып, түрмөдө жатып, ал адамдын гезиттердеги макалаларын окуп, ал кишинин тайманбай бетке айткан сөздөрүнө таңгалчубуз.
7-апрелден кийин деле ийгиликке манчыркабай, "революция дагы эле уланууда" деп, калктын ар кандай катмары менен тил табышып иштеп, революциялык идеяларды, демократиялык принциптерди ишке ашыруу менен алектенүүдө. "Кабар" улуттук агенттигинде ал уюштурган "Демклубга" мен да активдүү катышып, ар кандай кырдаалга карата жарандык көз карашымды билдирип турдум. Чындык деп чыркырап жүргөн бизге окшогон жаштар үчүн "Демклуб" үнүбүздү элге жеткирүү үчүн табылгыс трибуна эле.
Элим десе чын дилинен күйүп, төшүн окко тосуп берген жаштардын патриоттук духун калыптандырууда анын саясий ишмердигинин жана жаңы жарык көргөн "Демократия - өлкө тагдыры. Кыргызстандагы демократия сабактары" топтомунун салымы чоң деп ойлойм. Автор ар бир жалпыга маалымдоо каражатынын өз окурмандары, аудиториясы бар экенине өзгөчө маани берип, макалаларын ар кайсы басылмага чыгарганы дароо көзгө урунат. Алардын "Айат пресс", "Айгай", "Апта", "Вечерний Бишкек", "Кабар", "Кыргыз Туусу", "Майдан", "Учур", "Форум", "Эл сөзү" ж.б. гезиттер, "Замандаш" журналы, "Азаттык" радиосу , "РИА Новости", "Кабар" КУМА, СДПК жалпыга маалымдоо каражаттары, электрондук басылмалар, интернет сайттарда жарыяланганы эле автор көп жана ар кыл басылмалар менен кызматташканын айгинелеп турат.
Жыйнактын тематикасы ар түрдүү: коом менен мамлекеттин, карапайым калк менен төбөлдөрдүн ортосундагы конфликттүү мамилелер; авторитардык режимге, коррупцияга каршы күрөшүү; демократиялык, укуктук мамлекетти орнотуу; партиялык системаны, жарандык коомду өнүктүрүү, сот реформасын жүргүзүү; өлкөбүздү өнүктүрүү багыттары, перспективасы; адам укуктары, мыйзамдуулук, элибиздин тарыхы, руху, ар-намысы, жаштарды жарандык, патриоттук жактан тарбиялоо, коомубуздагы адеп-ахлак, ыймандуулук, улуттук, коомдук, маалыматтык коопсуздугу, рухий, тил маданияты, басма сөз эркиндиги, абалы, перспективасы ж.б.
Эмгек салттуу, адеп-ахлактык, маданий, көөнөрбөс баалуулуктарды өнүктүрүү менен сактоого, жаш муундарды рухий жактан тарбиялоого, гуманизм, демократия принциптерин бекемдөөгө өз салымын кошуу менен бүгүнкү мектеп окуучулары, студенттер, жаштар, окумуштуулар, мугалимдер, журналисттер үчүн эле эмес, келечектеги муундар, урпактар үчүн да керектүү, пайдалуу болмокчу.
Кыскасы, Ж. Турдукожоевдин жаңы китеби өз окурмандарын табат, деп ойлойм.
Уран Рыскулов,
Укук коргоочу, "Ар-намыс" коомдук
уюмунун жетекчиси