Дил маек…
Назира Айтбекова,
алып баруучу:
"Курбу күтөм деп,
катуу күйгөм…"
- Назира, эски жыл сен үчүн кандай жыл болду. Коён жылында кандай ийгиликтерге жетише алдың?
- Коён жылына рахмат! Таарынткан жок. Үй- бүлөм, бир туугандарым аман, тынч болду. Мындан сырткары, уулумдун алгачкы сөзү, бала бакчага барган күнү, биринчи балатысы, кылыктары, айтор, бир жыл бою уулумдун балалык баёо, аруу, таза, дүйнөсүндө сүңгүп жүрдүм. Бул менин коён жылындагы эң башкы ийгиликтеримдин бири десем болот. Анткени эне үчүн баласынын кылыгынан өткөн зор бакыт барбы?..
Көптөн бери көксөп жүргөн "Быйыл сөзсүз күйөөгө тием", "Көк салкын" фильмдеринде роль жараттым. "Замана" жана эл аралык "Евразия жылдызы" берүүлөрүн алып бардым. Ушул берүүлөрдүн арты менен көптөгөн күйөрман, тааныш, дос күттүм. Машина алдым. Дагы айта турган нерсе, жолдошумдун ийгиликтерине күбөө болуп, кубанычын тең бөлүштүм. Кыскасы, коён жылы бардык жагынан жемиштүү жыл болду.
- Жаңы жылды кандай тостуң, жана бул жылы алдыңа кандай максаттарды койдуң?
- Жаңы жыл үй- бүлөлүк майрам эмеспи. Бул жылы да жылдагыдай эле үйдө, майрамдык дасторкон жайдык. Жакындарыбызды куттуктап келдик. Саат 12де үйдө болуп, жолдошум, уулум үчөөбүз, ак дасторкондун үстүндө жакшы тилектерибизди айтып, шампан аттырып, бир-бирибизге камдап койгон белектерибизди берип, шаңдуу тостук. Эң эле аруу тилегибиз үй- бүлөбүздүн бекемдиги, ынтымагы, ар бирибиздин ден соолугубуздун чыңдыгы. Калганын өзүбүз мээнет кылып, таап алабыз. Быйылкы жылы ар кимибиз өз ишибизде бийиктиктерди багындырат көрүнөбүз. Дегеним, мен жаңы фильмдерде роль жаратууну, жаңы долбоорлордун үстүндө иштөөнү пландасам, жолдошум да өз ишинде алдына жакшы максаттарды коюп жатат. Кыскасы, бул жыл биз үчүн эмгектенүүнүн жылы болот го дейм.
- Ата-эне болбосо, адам тукуму кайдан уласын демекчи, ата- энең туурасында кеп кылсаң?
- Апам Нүргүл Дөөлөтбаева көлдүн кызы. Ал дагы чыгармачылыктын сыйкыр дүйнөсүндө. Тактап айтканда, комуздан сабак берет. Экөөбүз куюп койгондой окшошпуз. Апамдын жалгыз көзгө басар медеримин. Экөөбүз бирге кандай гана тоскоолдуктардан, кыйынчылыктардан өттүк. Азыр анын баарын айтып отурсам, кагаз бети түтпөйт. Учуру келгенде жеке жашоомду китеп кылып жазып чыгам.
- Балачагыңдагы кайсы учурду көп эстейсиң?
- Балалыгым Балыкчынын шамалы менен жарышып ойноп жүрүп өттү. Үйүбүз мектептен бир топ алыс болгондуктан жөө барып, келчүмүн (Кудайдын азабын тартып, эмнеге автобуска түшчү эмес элек билбейм). Шамалы да учуруп кетчүдөй укмуш болор эле. Андайда Балыкчынын долусу кармады деп коёр элек. Кээ күндөрү мектептен үйгө жеткиче колдорумдун, буттарымдын учу, бетим эч нерсе сезбей, ачыштырып ооруучу. Үйгө келип жылытсаң оңой менен жылыбай, отко салып ийгим келип, ыйлаар элем. Ошон үчүн го азыр көзүмдү жумсам ар бир ташы, көчөсү көз алдыма тартыла түшөт. Шаарымдын ар бир ташы - алтын, куму - күмүш. Балыкчымды сагынам, бирок балалыгымды эмес. Балалык десе баары кайтып баргысы келет экен. А менин тескерисинче качкым келет. Ооруган күндөрүм… Оорукананын жыты…ызы-чуу, кыйналган күндөр, көңүл калуулар... Жакшы күндөр деле болгон бирок аз. Кичине кезимде эрте эле чоңоюп кетким келер эле. Кызык, эмнегедир кичинемде өзүмдү эркек экенмин деп ойлочумун. Кичине чоңойсом биротоло эркекке айланам го деп, бой жеткен күндөрүмдү аябай күтөөр элем. Үйдө бир баштык толтура машина оюнчугум бар болчу. Ойногондо да жалаң эркек балдар менен атышып ойночумун. Кийин окуп жүргөндө да эркек балдар менен көп достошор элем. Кыздардан курбу күтүп, үч жолу катуу күйдүм. Аял киши ичи тардык, көралбастык деген сезимдерге жакыныраак келет экен. Азыркыга чейин курбу кызым жок. Бирок эркек досторум көп. Жолдошум да ошол досторумдун арасында эле. Ошон үчүн 5-курсту бүткүчө жигит жандай алган жокмун.
- Кайын энең менен мамилең кандай?
- Кайын энем экөөбүздүн мүнөзүбүз окшош. Ал да чыгармачыл адам. Сонун чыгармаларды жазат. Сүйлөшө турган темабыз бир дегендей. Көргөн сайын жүгүнүп, майрамдарда куттуктап, айтор, сыйыман жазбайм.
- Кандай адамдарды жек көрөсүң?
- Эки баштуу ажыдаардан эмес ,эки жүздүү адамдан корк. Калптын казаны кайнабайт дешет. Адамдын калп айтканын же эки жүздүүлүгүн көрсөм, бетине бирди айтып, артынан башкача сүйлөгөндөрдү, кубулма адамдарды байкасам, ирээнжип калам. Андайларды сыйлабай, сүйлөшкүм келбей качып калам. Тилекке каршы, турмуш өзү ушуну талап кылат окшобойбу, учурда андай адамдар өтө көп. Кызыгы, ушундайлар алдыга бат жылат экен. Апам кээде: "кичине ийилчээк болсоң боло" - деп урушуп калат. Андай жол менен токоч таап жесең, тамагыңан кантип өтөт дейм да? Ошол ырыскы жугуштуу болобу?.. Албетте, жок.
Бетке айтып, жаман көргөнүмдү да, жакшы көргөнүмдү да жашыра албаганым үчүн көп нерседен кур калам. Көбүнө жаман көрүнөм. Көп иштен четтеп калам. Анткен менен ак ийилерин бирок сынбаарын билем. Баары бир жараткан жакшы белегинен кур калтырбай, сыйлап турат!
- Эмнеге сыймыктанасың?
- Мектептеги дипломдорумду, жетишкендиктеримди барактаганда өз күчүм менен жогорку окуу жайга тапшырып, окуп бүтүп алганыма көкүрөгүм керилип, барбая түшөм. Болбосо, мугалим болуп иштеген апам кантип очойгон контракт төлөп, окутаар эле? Өз жолумду таап алганыма, ишим бар экенине, Кудай кут кылсын жакшы адамдан жолдош күтүп, "Эне" деген оозуйпаны артынганыма Кудайга миң мертебе рахмат дейм.
- Эмнеге өкүнөсүң?
- Өкүнгөндү жаман көрөм. Өкүнчүдөй деле катам жок. Жашоом жайында. Ар бир кылынган иш мейли ал туура, же туура эмес болсун, аягы жакшы менен бүтүп, жакшылыкка алып келет. Бармак тиштеп өкүнүп отургандардын катарына эмес, алдыга умтулгандын, баардык нерсени жакшылыкка жоругандын катарына кирем.
- Жан дүйнөңдө бурганак болгондо сырыңды ким менен бөлүшөсүң?
- Менин мүнөзүмдү мыкты билген, менин оорумду колдон жеңилимди жерден алган эки жакын адамым бар. Алар: апам жана өмүрлүк жан шеригим болгон жолдошум. Апам мээримин төгүп, чачыман сылап акылын айтат, турмуштук тажрыйбасынан бөлүшөт. Жолдошум болсо, билими менен суроомо жооп таап, мыкты психолог болуп берет. Уулум таттуу кылыктары менен "апоу" деген бир сөзү менен эле жан дүйнөмдөгү бурганакты айдап кетирет. Жакындарыма жараткан аманчылык берсин!
- Өзүңө кандай баа бересиң?
- Буга чейин бул суроого жооп издеп, өзүмдү сырттан карап көрбөптүрмүн. Эми адам катары алып карап көрсөм, жанагы оюмда эмне турса, жакшы-жаман көргөнүмдү төгүп бетке айткан жинди адатым эле болбосо (балким анын деле жакшы жактары бардыр) бирөөгө зыяным жок. Көкүрөгүмө гүл өндүрүп, аны кууратып алуудан корком. Ошон үчүн жаман сезимдерден, мүнөздөрдөн, ойлордон адаттардан оолакмын. Токпейилмин. Алдым-жуттумдарга кирбейм. Бирөөгө жардам бергенден, бирөөнүн жетишкендиктерин көргөндө, кубанычын көргөндө, күлкүдөн, жылмаюдан рахат алам. Позитивге жакынмын. Ажыкыстыгым, тентектигим, обу жок эркелигим, өтө ачыктыгым, чарт-чурт эткен, бирок бат эле ачылган кыялым бар. Аял катары…мм..өтө деле кыйратпайм, бирок күйөөмдү сыйлап турам. Анын сөзү-мыйзам. Ал жумуштан келгенде ысык тамагы даяр, үй таза, эртеңкиге кийими даяр экенин камсыз кылам. Өтө берилип, "супер" кожойке деле эмесмин. Ачыгын айтыш керек. Эне катары…уулум жаңы төрөлгөндө мурун бала кармамак турсун жакын жологондон корккон жаным (жалгыз өскөм да) туура эмизе албай, орой албай, жүдөгөм. Бирок энелик сезимим жардам берип, аны бат эле өздөштүрүп кеттим. Өтө баласаакмын. Кемпирден бетер уулумдан айланып, жанынан жылгым келбей турат. Элдин кызы катары. Элиме аябай боорум ачыйт. Жардам бергим келет. Теледен элиме аябай эркелейм. Аным дароо эле байкалып турат. Элимди сүйөм. Элимен айланса болот!
- Эмнеден коркосуң?
- Кудайдан корком. Абийиримдин сотунан корком. Бирөөгө сын таккандан, бирөөнүн жаңылыштыгын, тагдырын айткандан корком. Жашоо ар кандай. Эртеңки күнүңдүн кандай болорун билбейсиң. Бирөөгө кара санап, жаман ойлогондон корком. Жашоо бумеранг. Кайрылып келет. Кудай таразалап турат. Жакшылыгыңа эки эсе жооп болот. Көкүрөгүмдү пендечиликке салып кирдетип алуудан корком. Кудайга тобоо келтирип, ар бир ырыскысына шүгүр деп турам.
- Кызганчааксыңбы же…
- Кызганыч менен алдыга жылуу мүмкүн эмес. Экөөбүз тең күүлүү-күчтүү, жаштыктын курч мизи турганда, керек болсо таш чайнаганга даяр турганыбызда иштеп алалы, көп нерсеге жетишели дейбиз. Элге жардам кылалы дегендей. Экөөбүздүн мышык-чычкандай аңдышып турганыбыздан эмне чыгат? Күйөөм тескерисинче күйөрмандарың менен сүйлөшүп тур, баарлаш деп турат. Анын үстүнө менин мүнөзүмдү билет. Ортодо чоң ишеним бар.
- Ачууңду кантип басасың?
- Бир ачуум келгенде ааламым алай-дүлөй болуп кетет. Жолдошум жанымда болсо, бат эле күлдүрүп, жайгарып алат. Ырас, ал сырымды билет. Өзүм деле ак көңүлмүн. Бат эле жазылам.
- Айылдын жашоо-шартында жашай алат белең?
- Ааламга кеткен жол айылдан башталат дейт эмеспи. Айылда эле чоңоюп, өскөнбүз. Айылда жашоонун эч кандай коркунучу деле жок. Кылып жүргөн оокаттар. Азыр деле жай сайын кичинемден бери Темир айылына барып, таекелериме эркелеп, эс алып турам. Кадимкидей, шаардан буулуга түшкөндө, көзүмдөн айылдын тоолору учуп, көлүм түшүмө кирип баштайт. Эч нерсени карабай, айылды көздөй жөнөйм. Айылда жан дүйнөлөрү таза, куулук- шумдукту билбеген, аруу адамдар жашайт. Айылдан өткөн жер барбы?
- Саясатка аралашкың келеби?
- Саясат экиге бөлүнөт деп билем. Биринчиси, бийлик талашуу. Экинчиси, элге кам көрүү, кызмат кылуу. Мен экинчисин тандайм. Буюрса, ал тилектерим да орундалат.

Жаркынай Кадыркулова