Аракетке берекет…
Нурлан Таштан уулу,
Уюшкан кылмыштуу топко жана коррупцияга каршы башкармалыктын коррупцияга каршы башкармалыгынын жетекчиси:
"2011-жылы коррупцияга байланышкан 415 кылмыштын бетин ачтык..."

- Нурлан мырза, коррупцияга каршы башкармалыктын жетекчиси катары айта кетсеңиз, мурдагыга салыштырмалуу коррупцияга каршы күрөш кандай деңгээлде жүрүп жатат?
- Биздин негизги милдетибиз коррупциялык кылмыштарга жана кызмат абалынан пайдаланган адамдарга каршы күрөшүү болуп эсептелет. Коррупцияга каршы күрөш мурдагыга салыштырмалуу канааттандыралык деңгээлде жүрүп жатат десек болот. Мурда жалпыга белгилүү болгондой коррупциялык кылмыштар жогорку жактан телефондун бир коңгуроосу менен эле жабылып-жашырылып калчу. Азыр андай терс көрүнүштөр артта калып, кудайга шүгүр эркин иштеп жатабыз.
- Кыргызстанда кызмат абалынан пайдаланбаган адамдарды табуу кыйын эмеспи. Ушундан улам, ушул маселени мисалдар менен айтып берсеңиз?
- Негизинен андай мисалдар көп эле. Жакында эле Сокулук районунун Суу чарба департаментинин башчысы 1956-жылы туулган Ормушев Талант Осмонович деген адамды О. В. аттуу көлмөнү ижарага алып иштеткен орус улутундагы адамдан ижара акысынын үстүнө кошуп кызмат абалынан пайдалануу менен 40 миң сом пара алып жаткан жеринен кармадык. Ормушевге 313-берененин негизинде кылмыш козголуп, камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Эми окурмандарга бир кызыкты айтып берели. Ормушевге буга чейин бир эмес, төрт жолу кылмыш иштери козголгон экен. Биринчи жолу: 2003-жылы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген негиз менен 304-берененин негизинде кылмыш козголуп, ал иш Чүй прокуратура тарабынан каралган экен, экинчи жолу 2004-жылы Каржы полициясы тарабынан козголуп, бирок бул боюнча эч кандай чечим кабыл алынган эмес. Үчүнчү жолу 2005-жылы Чүй УВДсы тарабынан 169, 171, 304- берененин негизинде кылмыш козголгон. Ормушевге төртүнчү кылмыш иши ошол 2005-жылы Чүй УВДсы тарабынан экинчи жолу, кайрадан эле 304-берененин негизинде кылмыш козголгон экен. Бул адам көп жылдар бою Суу чарбасында жетекчилик кызматтарда иштеп келген экен. Дагы бир айта кетчү нерсе мынча козголгон кылмыш иштеринен кандай кутулуп, кандайча, кайрадан эле жетекчилик кызматтарда иштеп келгени тууралуу тергөө иштери бүткөндө билинет.
- 2011-жылдагы коррупцияга байланышкан кылмыш иштеринин жыйынтыгы боюнча айтып берсеңиз? Кайсы тармакта коррупция көп?
- Биздин өлкөдө бардык эле тармактарда коррупция бар. Таза мекемени же ишкананы табуу кыйын. Өзгөчө пара алуу арбын. Пара алууга байланышкан кылмыш иштери абдан эле көп. Жыл жыйынтыгын айта турган болсок, биз 2011-жылы жалпысынан коррупцияга байланышкан 415 кылмыш ишин ачтык. Анын 62си дал ушул пара алуу жана пара берүү, кызмат абалынан пайдалануу (304-статья) боюнча 136 кылмыштын бетин ачтык. Мамлекеттик мүлктөрдү уурдоо боюнча жалпысынан 44 кылмыштын бети ачылды. Кызматына шалаакылык мамиле жасоо боюнча 12 кылмыштын, ошондой эле көз боёмочулук боюнча 140 кылмыштын бети ачылды. Контрабанда, Баткенден Тажикстанга ташылган ГСМге байланыштуу 15 кылмыштын бети ачылды. Бул кылмыштардын акыркы айларда козголгондордон башкасы (тергөө иштери бүтө электеринен башкасы) бардыгы сотко өткөрүлүп берилди.
- Мына ушул кылмыш иштеринин негизинде мамлекетке келтирилген зыян боюнча да айта кетсеңиз?
- Жалпысынан алганда бул 415 кылмыштын мамлекетке келтирген материалдык чыгымы 56 млн. 584 миң сомду түзгөн. Азыркы убакта бул чыгымдын 13 миллиондон ашыгын биз мамлекетке кайтарып бердик. Негизинен мамлекетке мынча чыгымды чоң кызматтарда иштеген адамдар келтирген. Ал эми кайсы тармак эң коррупциялашып кеткени тууралуу айтсак, бул боюнча биринчи кезекте билим тармагы, же Билим берүү министрлиги, андан кийин айыл өкмөттөр, Салык кызматы, архитектура, Мамлекеттик каттоо кызматында, Сот тармагында, тейлөө, кызмат көрсөтүү тармактарында да коррупция арбын. Пара алуу, кызмат абалынан пайдалануу, мамлекеттин мүлкүн уурдоо фактылары ушул ж.б. тармактарда жакшы жолго коюлуп калган экен. Биз быйыл коррупцияга каршы күрөштү болушунча күчөтөбүз. Буга биздин эркибиз да, күчүбүз да жетет. Мамлекетибизди коррупциядан арылтып, колдон келишинче таза коом, таза бийлик түзбөсөк, мындан да кыйын жашоого жол берген болуп калабыз.

Маектешкен
Айбек Шамшыкеев




Көрбөйт деп ууру кылба...
Азык-түлүк корпорациясындагы коррупциялык схема же уурдалган миллиондор...

Коррупция үчүн түзүлгөн мекеме...
Жалпыга белгилүү болгондой эсил кайран СССРдин учурунда Кыргызстандын айыл-чарбасынын ахыбалы мыкты болчу. Себеби биздин мамлекетте айыл-чарбанын өнүгүшүнө толук шарттар бар. СССР Кыргызстандагы ошол шарттарды айыл - чарбанын өнүгүшүнө толук колдонгон. Жыйынтыгы абдан жакшы болуп ал кездеги союзга кирген 15 республиканын ичинен биздин айыл чарбабыз мыкты көрсөткүчтөргө жетип турганы тарыхый чындык. Эгемендүүлүккө жеткенден кийинки айыл-чарбабыздын тагдыры, ахыбалы кандай болуп калды? Баягыдай бапыраган жетишкендик жок, кайсыл жагын карабайлы аянычтуу көрүнүштөр гана көзгө шак урунат. Мына ошондой аянычтуу көрүнүшкө кабылган мекемелердин бири - бул (Ачык акционердик коому) Азык-түлүк корпорациясы. Бул корпорациянын башкы кеңсеси борбор шаарыбыздын чок ортосунда. Тактап айтканда Киев көчөсү № 96. Эң кызыгы бул корпорацияны 2008-жылдары каргышка калган качкын президент Бакиев атайы указ менен президентке жана Өкмөткө гана караштуу кылып түзүп чыккан. Ошондон улам Айыл-чара министрлигине баш ийбейт. Кийинчерээк бул корпорацияга азыркы Мүлк фондусу болуп калган мурунку министрлик көзөмөл кылып калат. Аты айтып тургандай эле бул корпорация дыйкандардын өндүргөн азыктарын сатып алып, ал азыктарды кайра элге сатуу болгон. Бул аткарган функциясы Айыл-чарба министрлигинде мурдатан эле бар болгондуктан, бул мекеме ал функцияны кайталап гана тим болуп келатат. Айыл-чарба боюнча өлкөбүзгө кеңири белгилүү адис Жамин Акималиев өз учурунда бул корпорациясынын түзүлүшүн катуу сынга алган. Адистин пикиринде бул корпорация Бакиевдердин коррупциялык схемаларынын бири болгондуктан Акималиев бул корпорацияны өзүнчө кылбай Айыл-чарба министрлигине баш ийген корпорация кылып түзүүнү сунуштаган. Тилекке каршы, адистин сунушу четке кагылып, жаңы түзүлгөн корпорация Кыргызстандын кейиштүү ахыбалдагы айыл чарба тармагын "жаңыча шыпыра" баштайт. Ал кездеги Айыл-чарба министрлери Ногоевдин да, кийинки Айдаралиевдин дагы бул корпорациянын министрликке баш ийдирүүгө болгон аракеттеринен майнап чыккан эмес.
Бул корпорациянын биринчи жетекчиси азыр "Республика" фракциясында депутат болуп жүргөн Шаршенбек Абдыкеримов болгон. Өткөн жылдын январь айынан тарта Мамасалиев Дүйшөналы жетекчилик кылып келет. Эске сала кетсек, Мамасалиев да "Республика" партиясынын ардактуу мүчөсү же аталган партиянын "атасы" өлкөнүн Өкмөт башчысы Өмүрбек Бабановдун эсебиндеги адам.

Эсеби чыкпай калган миллиондор...
2008-жылы Курманбек Бакиев бул корпорацияга мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард сом бөлүү ниетин билдирет. Бирок бул сумма толугу менен бөлүнбөй жарымына жакыны, тактап айтканда дыйкандарга көмөк көрсөтүү, айыл-чарба продукцияларын сатып алуу үчүн 450 миллион сом (жылдык пайызы үч пайыз болгон) насыя берилген. Ал 450 миллион сом максатсыз пайдаланып, натыйжада анын 185 миллион 700 миң сому уурдалгандыгы үчүн 2010-жылы кылмыш иши козголуп, соттук териштирүүлөр өтүп, ИИМ уурдалган бул акчаны мамлекеттин казынасын кайтарып берген. Маалымат үчүн айта кетсек, бул 450 миллиондун 256 миллиону дебитордук карызда экен. Пайдасы болсо эки жылдан бери 0 жыйынтыгы менен жыйынтыкталып келет.
Тилекке каршы, аталган корпорация мындай кетирген кемчилигинен сабак алмак тургай, тескерисинче бүгүнкү күндө да мамлекеттин акчасын уурдамай "ишмердүүлүгүн" күчөтүп тургандыгы айтылууда. Бул боюнча төмөндө бир нече мисалдарды келтирели.
Кыргызстанды айыл - чарба продукциясы менен камсыз кылмакчы болгон бул корпорация Россиянын кайсы бир фирмасына жер семирткич алып келүү үчүн эч кандай тендер өткөрбөй туруп 1 миллион 234 800 миң доллар (60 миллион сомдун тегереги) которгон экен. Ошол бойдон ал акчадан же жер семирткичтен жок. Ошондой эле бул корпорация Жалал-Абад облусу боюнча өкүлү Карабеков деген өкүлүнүн атына канча бир тонна ун жөнөтүлүп, натыйжада ун сатуу ал ишмердүүлүгүндө да 11 миллион сомдун эсеби чыкпай, "көзүн тазалагандыгы" тууралуу да маалымат бар. Бул корпорациянын дагы бир үчүнчү чоң коррупциясы пахтага байланыштуу. Пахтаны "загатовка" кылуу үчүн бөлүнгөн 14 миллион сом жеке капчыктарды "ысыткан" экен. Ал эми бул корпорация буурчактын мекени Талас экенине көз жумуп, ал жактан чогултпай, Ошко барып чогултушкан. Ошко гуманитардык жардамга барган буурчакты 18 сомдон сатып алышат. Таласта болсо 28 сом. Ортодо 10 сом пайда көргөндүгү айтылат. Ал бурчакты кайра ПРООНдун бул багыттагы бир долбооруна өткөзгөн учурунда, айыбы ачылып кармалган дешет. Бул жердеги коррупциянын өзөгүн кыргыз коомчулугуна кеңири болгон баягы эле атактуу "Мистир-X" алганы үчүн да бергени үчүн да үлүштүн көндүм көлөмү 10 пайыздын ролу дайым аткарылып келген.
Азык-түлүк корпорациясынын ишмердүүлүгүн КРнын Эсептөө палатасы да текшерип өз жыйынтыгын чыгарган. Чынында бул корпорация Кыргызстандын Айыл-чарба тармагында өзүнчө эле "монстрга" айланганын жогоруда "ап" этип жети баштуу ажыдаарчасынан сугунуп койгон миллиондордун мисалынан улам билсек болот. Демек, жогорку жакта да, бул корпорациянын мындай коррупциялык схемасынан эч тоскоолдуксуз иштөөсүнө кызыктар таасирдүү чиновниктер болсо керек. Болбосо, Бакиевдин түзүп кеткен бул мамлекетке пайда эмес, зыян келтирген "монстр мекеменин" кимге кереги бар?
Айрым бир маалыматтар боюнча бул корпорациянын мындай коррупциялык ишмердүүлүгүн ИИМге караштуу Уюшкан кылмыштуу топко жана коррупцияга каршы башкы башкармалыгы (ГУБОПиК) да тыкыр текшерүүгө алгандыгы айтылууда. Аталган башкармалык коррупциянын бетин ачуу боюнча аз убакыттын ичинде бир топ алгылыктуу иштерди жүргүзүп келатканы жалпыга маалым. Бирок ошондой болсо да, мындай чоң коррупциялык иштердин бетин ачууда алсыздык кылбайбы деген суроо туулат. Себеп дегенде таасирдүү бийлик, таасирди кайсы бир чиновниктер ИИМдин ишмердүүлүгүн чектеп коё турганын эстен чыгарбашыбыз зарыл. Өкмөт башчы Бабанов аталган мекеменин жетекчилигин кандай жоопко тарттырат болду экен? Же өз киши экенин эске алып, бул коррупциялык ишти жең ичинде жаап коёбу? Байкап туралы..!?
Эсеби чыкпай калган миллиондордун тагдыры жана бул кылмыштуу иштердин жыйынтыгы тууралуу келерки сандарыбызда кабарлап турмакчыбыз.

Айбек Шамшыкеев