Пайдалуу кеңештер
Буттун шишигенин зыгыр уругу куткарат
Заманыбызда эң көп таралган оорулардын бири - буттун шишиги. Заара айдоочу каражаттар жана суюктукту өлчөп ичүү да шишиктен куткара албайт. Антсе да элдик медицинада андан кутулуунун жолу бар. 4 аш кашык зыгыр уругун 1 литр сууга салып, 10-15 мүнөт кайнатуу зарыл. Анан идиштин бетин жаап, жылуу жерге 1 саат коюу керек. Тундурманы жылуулай ичүү сунушталат. Даамынын жагымсыздыгы билинбеш үчүн азыраак жемиш ширесин кошуп ичсе болот. Тундурманы күнүнө 6-8 жолу ичүү туура. Дарылануунун жыйынтыгына 2-3 аптадан кийин жетүүгө болот.

Чийки картошканын ширеси да унутчаакты калтырат
Унутчаактыкты калтыруу үчүн адегенде тамак-аштын катарынан этти, балык азыктарынан шпротту, мындан тышкары какао менен шокаладды чыгаруу керек. Тамеки менен ичимдиктен такыр баш тартып, туздалган азыктарды аз колдонуп, тузду болсо таптакыр эле колдонбой койсо туура. Жашылча, жемиш менен акшактан жасалган тамактарды көп колдонуу керек. Эң баалуусу - деңиз капустасы. Элдик каражат болуп чийки картошканын ширесин колдонуу саналат. Картошканы алып, сыртын жакшылап жууп алган соң кыргычтан кабыгы менен өткөзүп алуу кажет. Анан ширесин дакиден өткөзүп алса дары даяр. Бир картошканын даяр ширесин бир күндө ичип бүтүү керек.

Мүчөнү кантип сымбаттуу сактоого болот?
Адамдын тубаса жаратылышы менен, мүңкүрөткөн ооруну эске албаганда аялдын койкойгон келбетин бузуучу эң биринчи нерсе, бул ашыкча семирип кетүү. Андыктан эмне кылуу керек. Баарынан мурда күндөлүк тамактын калориялуулугун азайтып, физикалык активдүүлүктү, эрктүүлүктү күчөтүү эң негизгиси.
Малдын майы калорияга абдан бай болоору баарыбызга белгилүү, ошондуктан аны азыраак колдонуу керек. Ошондой эле майлуу этти, каймак майды, маргаринди чектөө керек. Углеводу көп азык-түлүктүн жана тамактын ичинен шекер, кыям, кондитердик таттуу жана ундан жасалган азыктарды кыскартуу зарыл. Камыр тамакты абдан азайтып, аны жашылчага алмаштырууга болот. Бирок, канткен менен организмге белок керек, андыктан жумуртка, кара кесек эт, балык жешке мүмкүн. Эт менен балыкты куурбастан, кайнатып жана тузду азыраак колдонот. Майлуулугу аз сүт, быштак, айран да пайдалуу. Жашылчалардын калориялуулугу аз болгондуктан, алар ашыкча салмактан арылтат, ошондой эле буларды дагы куурбастан, көбүнчө бышырып жегенге жана чийки жегенге аракет кылуу керек. Кычкыл татымалдардан баш тартып, тузду азайтуу керек, себеби булар адамдын табитин ачат. Өтө толуп кеткен адамдар бир жумада бир же эки жолу жеңилденүүчү күн өткөрсө болот. Анын төмөнкүдөй бир канча варианты берилет:
- 100 г сулуну, 500 г сүргүчтөн өткөрүлгөн алмага, 1 аш кашык лимонго, грек жаңгагына, 1 чай кашык балга кошуп аралаштырат жана төрт жолку тамактын ордуна колдонот;
- 450 г сүттү 75 г сулуга аралаштырып, анан 3 порцияга бөлөт. 1 кг алманы үчкө бөлүп, ага ошол алманы кошуп жейт;
- 1,5 кг жемишти же алма, грейпфрукт, апельсин, 500 г жашылчаны (помидор, капуста, бадыраң) 6 бөлүккө бөлүп, 6 жолу жейт.
Эскерте кетчү нерсе, биринчиден врачтын руксаты менен гана колдонуу керек жана дагы өнөкөт гастрит, боор оорулуу, жүрөк кан тамыр оорусу барларга жашы 70тен өткөндөргө да болбойт.

Сарымсак - баш оорунун дабасы
Өнөкөт баш оорудан биротоло арылуунун төмөнкүдөй бир ыкмасы бар. Ал үчүн бир баш сарымсакты кабыгынан тазалап, талкалап боткого айлантуу керек. Анан аны банкага салып, үстүнө бир стакан рафинаддалбаган өсүмдүк майын куюп, муздаткычка салуу кажет. Май бир суткадан кийин даяр болот. Күнүнө бир аш кашык майга лимон ширесин аралаштыруу менен ичүү сунушталат. Дарылануу курсу бир айдан үч айга чейин созулат.
Айнура Талантова





Канткенде сыныктар калыбына келет?
Кыш мезгилинде, жерге кар жаап суук болуп, жолдор көк жылгаякка айланган учурда адамдар тайгаланып, буту колдорун чыгара башташат. Негизи бут, колдор чыгып же болбосо тарамыштардын тартылуусу кыш мезгилинде гана болбостон, каргаша каш кабактын ортосунда демекчи кокустук болсо, эч нерсеге карабастыгы да чындык. Андыктан бүгүнкү кыла турган темабыз, ушул тууралуу болмокчу. Таяныч-кыймылдаткыч аппараты тууралуу...
Биздин сөөгүбүз муун, тарамыш, булчуң байламталары менен чогуу таяныч-кыймылдаткыч аппаратын түзөт. Мунсуз адамдын кыймылдап басышын, иш кылуусун, тамак ичүүсүн элестетүү мүмкүн эмес. Бирок, автокырсыктан же байкабай бийиктиктен кулап кеткендеби, айтор, түрдүү себептер менен таяныч-кыймылдаткыч аппаратынын бири жаракатка кабылат.

Эндопротездөө
Чоң муундар майдаланып сынып кетип, аны операциялык жол менен чогултууга мүмкүн болбогондо жасалма муун салынат.
Жасалма муундар биоматериалдардан, мисалы, титандан, болоттон, дат баспай турган таза металлдардын аралашмасынан жасалат. Кыргызстанга көбүнчө Италиядан, Франциядан, Америкадан, Германиядан чыгарылгандар келет.
Айта кетчүү нерсе, операция учурунда сынган жердеги нервдердин үзүлгөнү байкалса, анда операцияга микрохирургдар чакырылышат. Алар нервдерди улап тигишет.

Сыныктын түрлөрүү
oСыныктын ачык жана жабык сынуу деген түрлөрүү бар.
oЭгер сөөк менен кошо сыртындагы териге зыян келсе, анда бул сөөктүн ачык сынган түрү деп аталат.
oЭгер сөөк сынган менен териге зыян келбесе, анда сыныктын жабык түрүнө кирет.

Сынууга көбүнчө кашка жилик, ийин жана кызыл ашык, шыйрак сөөктөрү учурайт. Остеопороздо (кальцийдин жетишпестигинен келип чыккан сөөктүн борпоңдугу) да сөөктүн сынуулары келип чыгат. Сөөктүн сынганы билингенде өз алдынча аракет кылбай, жабырлануучуну дароо ооруканага алып баруу кажет. Ооруканада врач жабырлануучуну текшерип көргөн соң кандай клиникалык-лабораториялык ыкма керек экендигин аныктайт. Сыныктын жеңил түрүндө кээде рентгенге тартуунун кереги деле жок. Ал эми анын орточо жана оор түрүндө сөөктүн кандайча сынганын так билүү үчүн рентгенге тартуу талап кылынат. Рентгендин жыйынтыгына жараша диагноз коюлат.

Шашылыш операциялар кандай учурда жасалат?
Сөөк ачык сыныкка учураганда. Сөөктүн жабык сыныкка учураган төмөндөгүдөй түрлөрүндө:

1. Эгер сөөк сынганда кан тамырларды, нервдерди кысып калса;
2. Сөөктүн майдаланып кеткен майда сыныктары терини тешип чыгып калса же сөөктүн багытынан тетири багытта туруп калса, шашылыш операция жасалат.

oПландуу түрдө (шашылыш эмес) жасалган операциялар сөөк сынган жерлерде көбүнчө эт шишип чыгат. Ошол шишик тарагандан кийин 3-12 күндөн соң операция жасалат.
oСөөк сынып, ордунан жылып кеткен болсо, врач тарабынан ордуна коюлат. Анан сөөк өсүп, сыныктар бүтөлүшү үчүн скелет чоюлат. Көбүнчө кол-бут сөөгү сынса, сынган жерден ылдыйраак жерден көзөп, ал жерден өткөзүлгөн ичке темир зымга 5-12 килограмм жүк артылып коюлат.
oСөөк жабык сынганда сөөк ордуна коюлуп, операцияга чейин жылышып кетпес үчүн гипстелет. Кийин операция жасалат.
oОперацияда колдонулуучу ыкмалар Интрамедуллярдык остеосинтез
oМында сөөктүн каналына (чучукка) темир салынып бекитилет. Көбүнчө кашка жана жото жиликтин ачык жана жабык сыныгында колдонулат.

Даярдаган
Гулнур Нуркалиева