Куйручук олуяга 145 жыл
Эркалы ӨскӨналы
Кудай сүйгөн Куйручук
Куйручуктун кулактыктан кутулушу

- Мен кулакмын! Этият бол, айланайын! Жакындаба мага! Кулактыгым жугуп калат, сага! - деди Куйручук үрккөн аттай кетенчиктеп.
Баялы Исакеев жайдарылана күлүп, Куйручукту колтуктады.
* * *
1932-жыл. Күзгө жуук. Совет өкмөтүнүн өтүгүн кийген, отарабасын минген Сталин районунун чоңдору Багышан айылына чоң жыйын курушту. "Бөрк ал десе, баш алган" кызыл өкмөтчүлөр бакан ооздордун сөздөрүнө муюшту. Алар "Куйручук бай-манаптар менен үзөңгүлөш, табакташ болгон... Өзү Медет датканын тукуму, Шабдан баатырдын таякеси, Көкүмбай болуш байкеси!" дешип күпүлдөштү. Ушинтип, жазыксыз адамга жалаа жабылды. "...Куйручук Өмүрзаков кулакка тартылсын!" деген токтом жазылды, мөөр басылды.
Ушу күнү кечинде Куйручуктун жакын туугандары - Айтак, Дуулат уулдары олуянын үйүнө топурап келишти. Ага кулак болгону жөнүндө айтып беришти. Жарыктык киши жаңылыкка таңыркады.
- Кулак болгондо мен эмине болом? - деди Куйручук. - Жайыт толо жылкым жок!.. Короо толо коюм жок!... Эл-журтту тоноюн деген оюм жок!...Минип жүргөн жалгыз атым бар!... Баш калкалаган жалгыз боз үйүм, жамынарга жууркан-төшөнчүм бар!.. Жалгыз кемпирим бар!.. Алтын-күмүштүү дүнүйөм жок! Жибек-шайылуу дүрүйөм жок!.. Мен кулак болбоймун!... Мен кулак эмесмин!..
- О кокуй ой! Бу киши түшүнбөйт турбайбы? - дешти туугандары. - Мен кулак болбоймун!" десең эле, кулак болбой каласыңбы? Бай-манаптар менен дос-жоро жашаган! Ошолорго үзөңгүлөш, табакташ болгон деп атышпайбы!.. Элден алып, жеп-ичип жашаган!.. Азыр деле элден өндүрүп, күнүгө кой-козу соёт деп атышпайбы!
- Мен кедей-кембагалдардан чычкак улак алган эмесмин! Бай-манаптардан алчу эмес белем. Же силер билбейсиңерби? Жеке өзүм албай, тапкан-ташыганымы бей-бечараларга, чортамандарга бөлүшчү эмес белем!.. А азыр болсо, малдуу-жандуулар өздөрү атка өңөрүп, апкелип берип атышпайбы! Мен бирөөлөрдү зордоп, уурдап же карактап алган жокмун да! Койгула тамашаңарды, мен кулак болбойм! - деди Куйручук колун шилтеп.
- Кызык киши экенсиз! Бул тамаша эмес! Сизди түрмөгө камашат же сүргүнгө айдашат!.. Ушу тамашабы? - Урук-журуктары күйүп-бышып, чурулдап ийишти.
- Эмине күнөөм үчүн мени камашат?..
- Кулак болгонуң үчүн! - дешти туушкандары бир ооздон жаалашып.
- Эл-журт өздөрү самап, жүрөктөрү каалап берген кой-козудан ажырап, шорпо ичпей каламбы?
- О кокуй ой! Бу киши кайра шорпону айтат турбайбы? - Урук-туугандары баштарын чайкашты. - Кочкорго барып, райондун чоңдоруна даттанышың керек! Кулак эместигиңди ошолорго айтып, актанышың керек!
Ит энегин кескенге үйүр! Кочкордун чоңдору мага өздөрү кол салып атышса, ошо бокмурундарга барамбы? Мен, Баялы Исакейүпкө барам. (Ошо кезде Баялы Исакеев Кыргыз АССР Эл комиссарлар Советинин төрагасы кызматында иштеген). Куйручук акыры туугандарынын айткан-дегендерине көндү. Эртеси ат арабага түшүп, Бишкек калаасын көздөй жөнөдү. Кыргызстандын төрагасынын кеңселерине кирүүнү ойлогон жок. Исакеевдин үйүн сураштырды. Сурамжылап атып, төраганын үйүн тапты. Үйү бак-шактуу, чоң короодо экен... Короонун темир каалгасын ачты. "Баялы!" деп заңкылдады. Жанкиши чыкпады. "Дүрбөп калышса экен!". Ал өзү менен өзү ушинтип сүйлөштү. Куйручук кайталап кыйкырды. Үнүн каркыратып кыйкырды. Үйдөн үч-төрт киши удаа чыгышты. Таңыркап карап калышты. Кукең, аларга көңүл бурбады.
Үнүн бирде кыркыратып, бирде каркыратып, "О Баялы! О Баялы! О Баялы!" деп заңкылдай берди. Жанагы таңыркап карап тургандар өздөрүнчө сүйлөшүп киришти:
- Бу соо адам эмес!
- Жинди болгон киши го?
- Думанадыр?...
Алардын арасынан бир жигит бөлүнүп, Куйручуктун жанына басып келди. Кыйкырып аткан кызыктай кишиге суроо берди:
- Эмне, мынча кыйкырасыз! Деги, сиз ким болосуз? Кыйкырбаңыз! Баялы Дыйканбаевичте эмне жумушуңуз бар эле?..
Кыйкырчаак киши бул жигитке жооп берген жок. Жанагынтип кыйкыра берди. Үнүн бирде каркыратты, бирде кыркыратты. Жигит артка бурулуп, шыпылдай басып, үйгө кирип кетти. Аңгыча, үйдөн узун бойлуу бирөө чыкты. Бул чоң өкмөттүн өзү эле... Куйручук Баялыны тааныды. Баялы Куйручукту тааныды. Төрага жылмайды. Ал салам айтып, атактуу адамга колун сунду.
- Мен кулакмын! Этият бол, айланайын! Жакындаба мага! Кулактыгым жугуп калат, сага! - деди Куйручук үрккөн аттай кетенчиктеп.
Баялы Исакеев жайдарылана күлүп, Куйручукту колтуктады.
- Сиз кулак эмессиз!.. Жүрүңүз, үйгө кириңиз!
Кулакка тартылып, түрмөгө камалмакчы киши Кыргызстандын өкмөт башынын сый коногуна айланды. Куйручук менен Баялы узакка сүйлөшүп отурушту. Жарыктык Айжарык суйкайып терезеден шыкаалаганда, бул эки киши жатууга кам урушту...