Бөкөнбай Боркеев:
"Абдыкадыровдун арбагын аферисттер айланчыктап жүрү"
(Башталыш өткөн санда)
- Өлгөн кишинин арбагын айланчыктагандан майнап чыгат бекен деп өлүмүш болуп сурап коeюнчу?
- Көрсө чыгат экен. Биринчиси - эч бир акча менен сатып ала албай турган "бесплатный аброй". Өткөндө айттым, "атам болчу" деп "бесплатный" сайрагандан башка колунан коко-тикен келбеген Ибрагим Жунусов жөнүндө. Анан дагы бир иш чарасына келгенди мындай кой, качан көрсөң Рыспайды оозунан түшүрбөгөн Саламат Садыкова менен Түгөлбай Казаков өзүлөрүнүн мааракесин "жогорку деңгээлде" өткөрүп, акасынын эскерүү кечесине бир басып келген жок. Бул - бир де.
2011-жылы январда президент Отунбаевага кайрылуу жазгандан кийин ошондогу маданият министри Нурлан Шакиевге, анын орун басары Кожогелди Кулиевге Рыспайдын мааракесин кантип өткөрүш керек, конкурсу кандай болуш керек, ошонун баарын майда-чүйдөсүнө чейин жазып барып, телефонума чейин калтырып келсем, бири да "дың" деген жок. Анан бир күнү тиги "пионервожатый" министр Шакиевге барбайымбы.
- А эмне үчүн "пионервожатый"?
- Тиги илгери колунан бок келбесе да, тилинен чаң чыккан сайракандарды "пионервожатый" коюп койчу эмес беле. "Койчу көп болсо, кой арам өлөт" кылып, партиялык тизме менен 120 депутатты шагырата тууп таштаган Текебаевдин "пионервожатыйлары" (анын ичинде тиригарактары деле бар дечи) тизме боюнча тикилдеп келип кызматка илинип калышпадыбы. Ошолор да алиги "ат көрбөгөн минип өлтүрөт" болуп, экономиканы эмне менен жээрин билбей, элин итке мингизгендер.
Анан Шакиевди келиштире сөктүм да: "Кокус, мааракесинде сүйлөсөң, аркаңдан чыгып абийириңди кетирем" дедим. Кудай жалгап келген жок. Коркту окшойт. Анан кара-кулжалык жердеши болуп жүргөн Кулиевине: "Качан көрсөм тойдон көрөм, акаңа бир куурай сындырып койгон жоксуң, дегеле маданиятка адашып келип калган бир байкушсуң"-дедим. Дегеним - азыр шапкеңди ыргытсаң эле эстрада "жылдыздарын" шагырата тууп аткан "акындар" жайнап кетпедиби, "сендей акындарды ошолор тебелеп кетти" деп, "монстр жылдыздар" деген килейген макаламды да алып баргам. Ошондон бери ошолордун тойлорунда май чайнап жүргөндөн кийин "ичкен кудугуна түкүрбөй" жүрөбү дейм. Бул - эки де.
Алиги "жылдыздар" концерт берсе, билети 500 сомдон. Эми Рыспай "жылдыз" болбой калды деп, билетин 200 сомдон кылбайбызбы. Анан кассага барсак, "билет жок" дейт. Эл байкуш Рыспайды сагынган экен деп компоюп жатсак, телевидениеде Нуралы Турапов деген бирөө бар, ошол 650 билеттин акчасын төлөп, "оптом" алып кетиптир. Анан ошол билеттер миң сомго, анан бир жарым миң сомго табылбай, эл бизди, уюштуруучуларды каргап отурбайбы.
- Ошол Нуралы Турапов мен телевидениеде иштеп турганда Асанбек Иманбаев деген акынды да "Мыскыл-тамаша" менен мыш кылган деп укканым бар.
- Эми ал ошондойго адистешип алган бир айлакер да. Аны менен табакташ Насирдин Жунусов деген кинорежиссёр пайда болду. Мурда андайды укпаптырмын. Рыспайдын жердеши болом, ал жөнүндө документалдуу жана көркөм фильм тартам десе, көктөн тилегенибиз жерден табылды деп сүйүнүп жүрбөйбүзбү. Анан фильм тартат экен деп, республиканы түп көтөрө телемарафон уюштуруп, жайы менен миллиондогон акча чогултуп, ал фильм тартып атат деп, элдин баарына жар салып жүрсөк, Рыспайдын 70 жылдык мааракесинде филармонияда мен тарткан тасмамды кыскартып берип тим болуп атпайбы. Анан дагы концерттен кийин "Океан" ресторанына 30-40 кишиге 150 миң сомдук сый тамак уюштурганын кантесиң. Мен дагы даалдап, анын андай "иттигин" баамдабайм да, кемпирим: "Байкаган жоксуңбу, марафондон кийин миң долларлык бут кийим кийип, джип машине минип, курсагы жер чийип калыптыр" деп атпайбы. Анан да бир жолу телефон чалсам, "Көлдө фильм тартып жүрөм" дегенде, "Көлдө Рыспайга суутуп коюптурбу" деп, ыраса аферистке акчанын адресин айткан экенбиз деп, супсунум сууп отуруп калдым.
- Сен деле Рыспайдын аркасынан тирилик кылып атат деп угуп калабыз го?
- Ооба, Рыспайдын аркасынан рухий оокат кылып атканым ырас. "Рыспай" деген роман чыгардым. Насыяга чыгаргам, бир тыйын алганым жок, кийин Надель деген макулатурага өткөрүп ийиптир. Азыр Рыспайдын бүт чыгармаларын топтоп, Султан Борошев деген дагы бир "рыспайчы" бар, ошол экөөбүз бекер иштеп атырбыз. Алты томдугун чыгарабыз. Аркабызда Ала-Тоодой болуп Рыспай фондусунун президенти Сооронбай Жээнбеков турат. Аман болсок, Рыспайды аферисттерге алдырбай аман алып чыгып кетебизби деп турук.
Маектешкен
Баратбай Аракеев




Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык...
Эл достугу жасалмабы?
(Башталышы өткөн санда)
...Чынында эле акыркы жылдарда казак төкмөлөрүнүн кыргыз элине болгон мамилесине көңүлүм ооруп жүргөнүн жашыра албайм. Казак акындары бири-бири менен айтышканда кыргыздарды зөөкүр катары сүрөттөшөт. "Тынч жашаганды билбеген, итке минген кедей, алсыз жана бечара, тентиген эл" дешет. Өгүнү бир казак акыны өздөрүнүн эле бир айтышында: "кыргыздар кырк кылычтай кырчылдашып, кырылышкан, ынтымагы жок эл" - деп кемсинтип ырдап жатат. Уюштуруучулар же алардын устаттары болобу, кой-ай деп тартипке чакырып, үйрөтүп коюучу адамдары барбы? Же бул жогорудан берилген көрсөтмө саясатыбы?
Айтыш деген өнөр, чоң өнөр. Айтышта "оозум бар эле" деп, көрүнгөндү айта бербейт. Маданият, тарбия, таасир деген жагы бар. Айтышта бирин-бири кемсинтип ырдай бербейт. Кемсинтүү өнөр эмес. Бир региондун же бир облустун ырчысы экинчи жагын кемсинтип, бүтүн элди бүлдүрүп, бөлүп-жарууга болбойт. Бул илгертен бери келе жаткан салт. Мындай жорукка жол берген адам ырчы эмес. Андай ырчы маданиятты алып жүрүүчү азамат эмес. Андай ырчы - эл бузарлар. Тамыры бир, тарыхы бир элди бөлүп-жаруу, бири-бирине кайраштыруу, нааразычылык жаратуу, ортолоруна шыноо кагуу - душмандын иши. Акын деген - адамдарды, калктарды, мамлекеттерди бириктирүүчү көпүрө. Акындар керек болсо согуштарды токтоткон. Акын деген - улуу гуманист. Бирок ата-бабалардан калган бул улуу салтты бузган боордош казак акындарынын жоругуна кандай баа берүүгө болот, эмне деп атоого болот. Баш кесмек бар, тил кесмек жок. Бул ачуу, бирок акыйкат сөз. Казак талаасында акындык мектеп, салт кыйрап, тарбия талкаланып, көч бузулгандай түрү бар.
Оо, замана! Түрүң бузулгандай, адамзат эмне болуп баратат? Бүгүнкү адамзат баласын карап туруп, улуу Арстанбек акындын ыр саптары жүлүндү өрттөп баратат: "…адат калып, салт калып, көч бузулат сак болгун…". Кудайым кыргыз тоолоруна, казак талааларына акыл-эс, ыйман, тынчтык берсе экен" - деп тилегиң келет. Ааламдашуу деген бир заман башталды. Дүйнөнү ээлейм, каршылаштырам, бир тууганды бири-бирине кас кылам, бөлүп-бөлүп башкарам" деген ири державалык саясат күчүнө алды. Адамзатты жаман жосундан сактай көр - дегиң келет. Адам баласы барга тойбогон, жокко чыдабаган айбандай бири - бирине каршылашкан замандар болду. Кыргыз ичти кыргыз канын, казак жалмайт казак этин. Өз душмандарыбыз өз ичибизден чыгып, өзүбүздү өзүбүз кыйратып жатканыбыз менен ишибиз жок. Мындан бир нече жыл илгери белгилүү кинорежиссёрубуз, маркум Дооронбек Садырбаев агабыз мурдагы Казак ССРинин жетекчиси Динмухамед Кунаев аксакалдан интервью алганы эске түшөт. Динмухамед ага: "Кыргыз менен казактын душманы - кыргыз менен казак" деди эле. Сөз эмес бекен!
Бир тууган бир тууганга, уруу урууга, эл-элге касташкан бир замандар өттү. Ошондой бир өткөн замандарда акындар болду достуктун, тынчтыктын көпүрөсү. Казак элинин мыкты жазуучусу Ильяз Эсенберлиндин "Көчмөндөр" үчилтик тарыхый романында кыргыздарга каршы жортуулга келе аткан Аблай ханга Бухар жырау акын айбыкпай катуу кайрылып жатпайбы: "Канча казактын канын ичтиң? Кыргыздарга кол салганыңды токтот, Аблай! Кыргыздар биздин эң жакын тууганыбыз, сен бир туугандыкка кара так салып жатасың. Кудайдын каарына калчу ушул күндөр ай" - деп зар ыйлап (Ильяз Эсенберлин, "Кочевники", Алматы, "Жазушы", 1986, 435-бет). Мына чыныгы улуу акындын айтаар сөзү.
Эл достугуна көпүрө болчу адабиятчы агалар Олжас Сулейменов менен Омор Султановдор, Бексултан Жакиев менен Мухтар Шахановдор кайдасыңар дегиң келет. Мырзалар, сиздер эмессиздерби улуу көчтүн улоочулары, бир туугандыктын көпүрөсү болчулар. Элге сөзүн айтпаса эрээндерден не пайда? Чыңгыз Айтматовдон кийин түркий элдердин ынтымак жылдызы өчтүбү, бириктирген рухий таянычы куладыбы?
Жан кыйнаган ойлордон соң мурунку Маданият министри Н.Шакиевге телефон чалдым. Катчы кызы: "Сиз кимсиз, кайда иштейсиз?" дейт. Аты-жөнүмдү, катардагы эле адамдыгымды айттым, байланыштырчы түрү жок. Айлам кеткенде "президенттик аппараттанмын" деп салдым. Айласы кетти окшойт, байланыштырды. Шакиев мырзага болгон ишти айттым. Анча жактыра бербегени сезилип турат. "Биз акындарга көрсөтмө бере албайбыз, кандай ырдаса андай ырдайт" дейт. Сөз түшүнбөгөн "азамат" окшоду. "Мен сизге көрсөтмө бер деп жатканым жок. Казак бийлиги, Маданият министрлиги, Айтыш коому менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп мындай жоруктарды биргелешип токтотпойсуздарбы, эки элдин мамилесине доо кетип жатат" дедим. Көңүлү жок укту. "Иштеп жатабыз" дейт. Дүжүр сөз да. Атаңдын көрү, министрге жыргаптырбыз да.
Андан соң Кыргызстан Элдери Ассамблеясынын "Отан" казак маданий - улуттук борборунун жетекчиси Серикул Косаков мырзага телефон чалдым. Түшүндүрдүм. "Телерадио берүүдөн, басма сөз бетинен ынтыкмакка чакырып койбойсуздарбы" дедим. Кесе жооп берди. "Болбойт" дейт. Аларга бир тууган эки элдин акындарын ынтыкмакка чакырууга, эл достугуна доо кетирчү сөздөргө жол бербөөгө чакырууга болбойт экен. Ушундай экен. Ыя кокуй, экстремистке үндөп жатсам да эмне болуптур.
Бир нече ай мурда эле казак элинин "Кыз Жибек", "Козу Көрпөш жана Баян сулуу" махабат дастандарын кыргызчага которуп, 1000 нускада китеп кылып чыгарып Кыргыз мамлекеттик китепканасы аркылуу мамлекеттик китепканаларга бекер таркаттырып бердим эле. Менин максатым боордош түркий элдердин маданиятын жакындатуу, бир туугандык мамилесин жандандыруу болду. Мындан кийин жогоруда мисал келтирилген, казак элинин мыкты жазуучусу Ильяз Эсенберлиндин "Көчмөндөр" тарыхый үчилтик романын кыргызчалап которуп жаткам. Бир туугандык жогорудагыдай "жылуу" мамиле биротоло көңүлүмдү калтырды. Өрттөнүп турдум.
Бактыбек Алиев