Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Маек төр...
Курманбек Осмонов, "Ата-Журт" фракциясынын депутаты:
"Биз азчылык болгонубуздан утулдум"
- Курманбек Эргешович, спикерликке кандай себептер менен койдуңуз эле?
- Мыйзам боюнча спикерликке талапкерлерди фракция көрсөтөт, ошондой эле депутаттар өзүн-өзү көрсөтсө дагы болот. Мен өзүм спикерликке талапкерлигимди койгон жокмун, мени "Ата-Журт" фракциясы көрсөттү. Фракциянын чечимине ылайык, спикерлик орун үчүн ат салыштым.
- Сиздердин "Ата-Журт" фракциясы коалициялык келишим Конституцияга карама-каршы жазылыптыр, спикерди шайлоодон мурун келишимди оңдош керек. Болбосо алгачкы күндө тартып эле мыйзамды бузган болосуздар деген сындарды айтышты. Сиз буга кандай карайсыз?
- Чындыгында коалициялык келишимдин Конституцияга карама-каршы келген жерлери арбын экен. Бул тууралуу спикерди шайлоонун алдында бир топ депутаттар ачык айтышты. Ошентсе дагы коалициялык көпчүлүк буга муюган жок. Албетте, коалициялык келишим болуш керек, бирок ал Конституциядагы мыйзамдарга түздөн-түз карама-каршы түзүлбөстөн, мыйзамдарга шайкеш келиш керек.
- Коалициялык келишимдин юридикалык күчү барбы?
- Жок. Эч кандай юридикалык күчү жок. Бул жөн гана коалициялык макулдашуу болуп саналат.
- Юридикалык күчкө ээ эмес болсо, анда эмнеге коалициялык келишим Конституцияга карама-каршы келерин айтып, "Ата-Журт" фракциясы ызы-чуу чыгарып жатат?
- Кандай келишим болгон күндө дагы, макулдашуу мыйзам чегинде түзүлүш керек. Бирок коалициялык келишим юридикалык күчкө ээ болбосо да, келечекте кандайдыр бир чатакка себепкер болушу ыктымал. Анткени туура эмес түзүлгөн келишимдин натыйжасында кандайдыр бир чатактар, келишпестиктер орун албайт деп эч ким кепилдик бере албайт.
- Спикерди шайлоо мыйзам чегинде адилет жүргүзүлдүбү?
- Адилет жүргүзүлдү. Калыс шайлоо болду. Мен 25 добуш алдым. Он төрт бюллетень жараксыз болуп, 3 бюллетень керектен чыкты. Ошонун баарын кошуп эсептесек 42 добуш болот. Башкача айтканда депутаттардын үчтөн биринен көп добуш болот. Биз азчылык болгонубуздан утулдум. Бул реалдуу эле нерсе.
Ал эми жаңы шайланган спикерге көз карашым түз, мамилем дагы жакшы. Ишине ийгилик гана каалайм. Эч кандай ич күйдүлүгүм деле жок.




Турсунбек Акун, Акыйкатчы:
"Спикер татыктуу шайланды"
- Татыктуу спикер шайланды деп эсептейсизби?
- Спикер татыктуу шайланды. Сексенге жакын добуш менен шайланыш оңой эмес. Негизинен Жээнбековдордун династиясы бар. Шарип аксакалдын балдары - негизинен бирөөнү какпаган, эч кимге катуу сүйлөбөгөн, бай, маданияттуу, тарбиялуу, билимдүү, жигиттер. Мен ойлойм, татыктуу спикер шайланды. Негизгиси альтернативдик жол менен спикер тандалды. Курманбек Эргешович спикер боло албасын алдын ала билди. Бирок атаандаштык түзүп бергени жакшы болду. Мен шайлоо процессине баштан-аяк катышып отурдум. Эч кандай мыйзам бузуу болгон жок.




Камила Талиева, "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты:
"Спикерлик орунга көз артып, аңдымайлар болушу мүмкүн"
- КСДП фракциясынан спикер шайланды. Бирок айрым депутаттар КСДП бийликти узурпациялап, монополдоштуруп алды дешүүдө. Сиз буга кандай карайсыз?
- Эми ар кимдин ар түрдүү көз карашы бар. Жашоо токтоп турбайт. Бийликти узурпациялап алды дегенге болбойт. Мына эки жылдан бери парламентте кимдин кандай экенин жакшы билип калдык. Асылбек Шарипович калыс, маданияттуу, билимдүү жигит. Буюрса, жакшы позитивдүү нерселерди күтүп жатабыз.
- Оппозицияда калган "Ата-Журт" фракциясы коалициялык келишим Конституцияга карама-каршы келип калганын айтып, бир топ сын пикир айтышты. Коалицияга кирген фракциялар бул тууралуу эмнеге унчуккан жоксуздар?
- Коалициялык келишим мыйзамдын чегинде алып караганда юридикалык күчкө ээ эмес. Бул көпчүлүктү түзгөн фракциялардын ортосундагы гана макулдашуу. Албетте, оппозициялык фракциялардын табияты ошондой. Аларды дагы туура түшүнүш керек. Ал эми Конституцияга каршы келген эч кандай нерсени деле көргөн жокмун. Бирок депутаттардын кайчы пикирлери көп айтылгандан улам, юристтеримди чакырып карап чыгайын деп жатам. Эгер карама-каршылыктар болсо, көпчүлүккө кирген фракциялар талдап, талкуулайбыз.
- Коалициялык келишимдин юридикалык күчү жок болсо, анда эмнеге спикерди жылда алмаштырыш керек деген эрежени карманып жатасыздар?
- Демократиялык мамлекет болгондон кийин, бардык нерсени ачык-айкын чечели деп иштеп жатабыз да. Спикер бир жыл кандай иштерин көрөлү. Мыйзамдын чегинен чыкпаса, парламенттин аброюн көтөрүп иш алып барса, бир жылдык отчётун угуп туруп, кайра шайлап алабыз.
- Бирок спикер жакшы иштеген күндө деле, спикерлик орунду аңдымайлар болуп, көз арткандар ар түрдүү оюндарды жүргүзбөйт деп эч ким кепилдик бере албайт да...
- Туура, андай дагы спикерлик орунга көз артып, аңдымайлар болушу мүмкүн. Албетте, менин жеке оюмда, 119 депутат деле төрага болууга татыктуу. Демек, төраганын 119 оппоненти бар десек болот. Муну танбаш керек. Ошентсе да баарына позитивдүү карап туралы.
- Бабанов премьер-министрликке татыктуу деп ойлойсузбу?
- Чынын айтсам, Өмүрбек Бабановду жакындан билбейм. Андыктан тигил-бул деп айтуудан алысмын. Азырынча ишеним көрсөтүп көрөлү, кандай иштери, кандай адам экени алты айда эле билинип калат.
Бетти даярдаган
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу




Ичкилик
Депутаттар жыйында ичкилик тууралуу маселе карап жатышат.
- Ичкилик үй-бүлөдөгү мамилелерди бузат. Ичкен адамдардын аялдары кетип калып, үй-бүлө бузулуп жатат...
Залдан бир депутат суроо сурап жатат дейт:
- Үй-бүлө бузулбаш үчүн канча ичүү керек, экен өзү?

Алып келип коюшту
Депутаттын аялы:
- Мен сага мындан кийин үйгө ичип келбе, деген эмес белем?
Күйөөсү:
- Мен өзүм келген жокмун, досторум алып келип коюшту...

Саунага аз барып калгам
Бир кыз депутаттан сурап жатат дейт:
- Мен сиздин жүзүңүздү бир жерде көргөндөй болуп жатам...
- Болушу мүмкүн эмес. Мен саунага аз барып калгам...

Төраганын досу
Жаңы шайланган төрагага бир депутат айтып жатат дейт.
- Ким экениңизди айтсаңыз, мен сизге досуң ким экенин айтам.
- Мен төрагамын
- Анда сиздин досуңуз - мен болом...