Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Күтүлбөгөн
кездешүү
Асан , сага балдарың келди...
Эшиктен үн салган апасына баш ийкеп коюп, калыбынан жазбай тура берди. Эне ойлуу терезени тиктеген уулун карап оор үшкүрдү:
- Асан , өзүң түшүнөсүң, ал кыз менен баары бир келечегиң болбойт. Атаң экөөбүз...Асан апасына кыжаалаттана бир карады. "Жайыма койгулачы" деген үнсүз каршылыкты көргөн апа артка чегине берди. Уулу өзү да, өңгө да түшүнө бербеген белгисиз жашоого баш урган сыяктуу. Мурункудай достору менен көңүл ачууну, кино, дискотекага баруу дегенди унуткан. Анын себебин билип туруп билмексенге салат курган апасы. Анан кантсин, көзүнө баскан жалгыз уулу. "Баарыбыз эле жаш болуп көрбөдүк беле. Бул деле утурумдук кумарлануу. Кийин өзү түшүнөт... Ал дудук кыз менен жашай албасын өзү деле түшүнүп тургандыр..."
Ушинтип ойлогон апасы эшикти акырын жаап койду.
Сырттан дагы эле көзүн албай карап турду Асан. Кыз менен тээтиги көрүнүп турган жолдон таанышкан. Ар дайым ошол эки ача кеткен жолго чейин узатып келип, анан экөө эки жакты көздөй кетээр эле.
Ошол күнү кечкурун адатынча үйдү тегерене чуркап келе жаткан. Асфальт жол тар болгондуктан, күтүүсүздөн катарлаш бара жаткан кызды жөөлөп кетти. Колунда чакан баштыгы бар, көгүш спорттук күрмө шым кийген бойлуу кыз чочуганынан четке чыга калды.
- Кечириңиз, мен байкабай калдым.
Адатта мындай олдоксондукка жини келип урушуп кетишет эмеспи. Асан да качан кыз ашатып сөгүп жиберээр экен дегендей күтүп калды.
- Кечиресиз...
Таңкалыштуусу кыз үн каткан жок. Колунан түшкөн жашылчаларын теришип жаткан жигитти карап, сыпайы гана жылмайып койду. Асан бейтааныш кызга көз жүгүртө берди. "Сулуу кыз экен" деп алды жүрөгү дүкүлдөп.
- Караңгыда жалгыз жүргөндөн коркпойсузбу?
- ...
- Мен сизди жеткирип коёюн...
Кыз жооп бербей өз алдынча алдымдай берди. "Эмнеге жооп бербейт?" деп ойлоду жигит. Же жактырбай жатканын же кыз кылыгы кылып жатканын биле албай кыздын катарында кете берди. Көп кабаттуу үйлөргө жетээринде гана Асандын колунан сумкасын алып "рахмат" дегендей баш ийкеп коюп кете берди.
- Токтосоң, атың...
Бул суроо да жоопсуз калды.
Белгисиз кыз келе жатат…
Эртеси окуусуна шашып бара жаткан Асандын бутун троллейбустан түртүшүп жатып кимдир бирөө шиш такасы менен басып кетти. Эти ооруганынан оозунан орой сөз чыгып кеткен Асан артына кылчая берип өзүн күнөөлүү караган кызды көрө койду. Кечээги бейтааныш кыз... Ошол замат бүркөлгөн кабагы жазыла сүйлөп жибергенин байкабай калды.
- Ой, сиз белеңиз?..
Кыз адатынча муңайым жылмайып койду да, түртүшкөн элдин шары менен ары жылды. Жалдырай караган өзүн капарына албагандай терс бурула берген кыздын бул жоругуна Асан бир чети намыстана түштү. "Мен таанышам, бүгүн артынан ээрчип жүрсөм да таанышам" ушинтип көжөлгөн Асан кыздын аркасынан калбай ээрчип алды. Кыз түшкөн аялдамадан түшүп алып артынан жөнөдү.
Кыздын басыгы бир калыпта. Артынан келе жаткан Асанды байкаган да жок. Бир маалда караанын үзгөн кыз имерилип бир имаратка кирип кетти.
Артынан келип ачылган эшиктен шыкаалаган Асан кызга мээримдүү кайрылган орус аялдын үнүн укту.
- Айка, сенин заказдарың келди.
Жай башын ийкеген кыз ордуна өтүп, фартугун белине байлады да, ишке киришти. Тикесинен тик туруп башын сол жагына кыйшайта кистисин эптүү кармаган кыз бейкапар сүрөт тартууда. Кыздын өңүн уурдана тиктеген Асандын башы тумандай артка кайтты. Ошондон баштап кыздын баскан изин аңдуу Асандын илдетине айланды.
- Чоң кыз, токточу.
Кыз Асандын добушун угуп, адатынча басып кете албай майышып токтоду. Алдында турган жигитти мөлтүрөй караган кыздын көздөрү "Неге артымдан ээрчий бересиң? Өзүм дагы билинбей көнүп бара жаткандаймын. Кимсиң өзү?" деп жаткан эле. Кыз көңүлүндө өзүнө байыр ала баштаган Асандан кантип кутулушту билбей бушайман болуп келе жатты.
- Тигине, дудук кыз келе жатат...
- Хи-хи-хи, тиги жигиттин ээрчип алганын...
Жан жагынан угула берген бул сөздөр экөөнө тиешелүү экенин Данияр кыздын өзгөрүп кеткен өңүнөн улам билди.
- Эмне?!
Кыз терс бурулду. Артында өзүн карап турган Асандын көз карашын сезип бара жатты. "Укту. Эми жок дегенде жайыма коёт" деди кыздын ызалуу жүрөгү. "Бул кандайча? Кантип эле дудук болсун?" Асан уккан сөзүн мээсине киргизе албай дендароо болуп туруп калды. Ушул мөлтүрөгөн жанды жамандыкка кыйбай ичи ысып-күйүп баратты.
Бороон чапкын болду көңүлдө
Бирок, тынчый алган жок жигит. Акылына баш бербеген бир улуу күч аны кайрадан эле ошол кызга жакындата берген эле. Андан бери канча өттү. Эч нерсе көңүлүндө жок жүргөн кезде ата-энесинин сөзү көңүлүнө бурганак салды. Биротоло көнүп, Айкага баш-оту менен берилип калган жигиттин айласы кетип калды.
"Келесоо, ал менен өмүр бою кантип жашаганы жатасың?" деди атасы болгон ачуусун бүркүп. "Балдарың да дудук төрөлөт. Мен неберелеримдин дудук болушун каалабайм" деди апасы жашын төгүп. Аларга эмне деп жооп берээрин билбей шалдайган жигит чайналып турду.
Асан ордунан туруп, максатсыз эшикке чыкты. Кайда бара жатканын билбей кете берди. Бир кезде караса Айканын үйүнүн жанына келип калган экен. Негедир жоготкон жогун тапкандай сүйүнүп кетип, коңгуроого кол жиберди.
Таежеси акырын басып келди да акырын үн катты:
- Айка, Асан келди...
Эки бутун бүрүштүрө кучактап отурган кыз башын көтөрүп караган да жок. Акыркы жолу Асанга жолугуп келгенден бери ушул абалда. Тамак да ичпейт, жумушка барганды да койду. Көңүлүндө ыза, жүрөгүндө өксүк...
"Эмне үчүн мени ишендирди? Эмнеге жай турмушума киришип мени багындырып алды? Башында эле билдик эле го жолубуз эки ача экенин. Жанымды койбой жүрүп багындырып алды эле го? Аттиң жашоо, бакыт аз убакытка келип эле кете береби жалоорутуп? Жолукканда эле, оозунан эч нерсе чыга электе эле билдим. Анын канча күндөн берки азабын, ата-энесинин кысымына туруштук бере албаганын дароо сездим. Сезгенде айлам канча..." Арман дарты көз жашка айланып, жаак ылдый тоголонду.
- Айка чыкпайт. Эми аны жайына кой, Асан... Ансыз да бул жаштайынан куруган шордуум...
- Эже...
Данияр алдындагы мээримдүү аялдан жардам күткөндөй жалдырап карады. Жашып кеткен аял көз жашын жоолугу менен аарчый отургучка көчүк басты.
- Өх, шордуумдун таалайы тайкы жаралган окшобойбу. Элиза - менин улуу эжемдин кызы. Эжеме сулуулук бергени менен акылын кыскараак кылып коюптур Кудай. Эркектер кызыгышып жаш кезинде ары сүйрөп, бери сүйрөп жүрүшүп, жалмап тынышты. Аракка берилип кетти. Айканын атасы да отуруп келген неме эле. Экөө жаңжалсыз тура алышчу эмес. Айка эми жаңы тили чыгаар маалы эле. Бир күнү түнү менен ичип чыккан немелер баланын жүрөгүн түшөөрүн да ойлобой мушташат. Күйөөсү эжемдин балжа-булжасын чыгара уруп жатып өлтүрүп коёт. Жалгыз бакыра берип, кансыраган энесинин өлүгүн көрүп, байкушумдун ошондо жүрөгү түшүп калса керек, сүйлөбөй калды. Кийин атасы соттолуп кетти. Мен өз колума алгандан кийин ары чуркап, бери чуркап, көрсөтпөгөн жерим калган жок. Бирок, жардам болбоду.
Анан сени менен жолуккандан кийин бактылуу жүзүн көрүп эч нерсе деп тыя алган жокмун. Башында эле билгем экөөңдүн жолуңар бир болбосун. Бирок, "кой" деп тыйганга дилим жол бербеди. Аядым окшойт. Эми минтип... Ата-энеңде деле күнөө жок. Болгону сураарым, мындан ары Айканын тынчын алба. Жүрөгү өлүп калган кургурум эми эмне болоор экен?..- таежеси буркурап ыйлап жиберди.
Бирөө башка чапкандай селдейген Асан шалдырай үйүн көздөй басты. Жүрөгүн мыжыккан нерсе уламдан улам күчөп бара жатканын сезди.
Таалайсыз той
- Уулум, келчи, кийип көр. Тим эле кыдырбаган дүкөн калган жок. Сага чак эле болуш керек.
Эки жактан жаалап жатып той кийимин кийгизип көрүп жатышты. Өзүн күзгүдөн караган Асан көптөн бери күзгүдөн өзүн карабаганын ойлоду. "Менин күзгүм Айкам эмес беле. Эми кайсы арыма карайм?" деп жатты көздөрү. Уулунун шалпайган жүзүнөн көзүн албай турган ата- эне кайпактап кетишти.
- Каап, мынча арыктап...
- Мейли эми, эртең эле алмаштыра коёбуз..
Эптеп эле көңүлүн алгысы келген ата-энесин аяп кетти.
- Макул, эртең барам өзүм,- деди ооз учунан.
Той. Ак көйнөк кийип жадыраган колуктунун жанында жасалма күлгөн Асан турду. Ушул тойдон да, өзүнө арналып жаткан тосттордон да тажап, баш оогон жакка басып кеткиси келип жатты. Бирок, аны бутунан байлаган нерсе - ата-энесинин алдындагы милдети эле. "Тезирээк бүтсө экен. Эптеп чыдасам..." Асандын суз жүзүнө көңүл бурган эч ким болгон жок. Алыста гана бир жалгыз жүрөк аны жоктоп ыйлап жаткан эле...
Айка ордунан турду да, күзгүгө көз жүгүрттү. Өзүн чоочун адам карап тургандай селт эте түштү. Көздөрү алайып, жүзү купкуу. Нечен ай ооруп жаткан адамдардай болуп, басса жер көчөт. "А Асанчы? Ал кандай абалда? Кантип эле ушинтип ажырашып кетебиз? Демек, эркектердин бардыгы ушулбу?"
Көңүлүнө атасынын элеси келди. Мына, балжа-булжа болуп союлган дене... Апасынын канталаган, коркуп кеткен көздөрү... Анан бычак...
- А-ааа-а! Ап-а-ке!
Жапайы үндөн коркуп кеткен таежеси ашканадан чыга калып, бетин баса бакырып жаткан Элизаны көрдү.
- Айланайын Кудай! Айка, сенби? Сен... Демек...
Кучактай калып өксүп жиберген таеже эчен жылдан бери биринчи жолу Айканын үнүн уккан эле.
Күтүлбөгөн кездешүү
Үйлөнгөндөн кийин Асандын турмушу ойдогудай болуп кеткен жок. Ата-энеси Айкадан ажыратыш үчүн эле шашылыш үйлөнтүп коюшкан эле. Бир үйдө жашаган менен Асан менен Айгүлдүн жашоого болгон көз карашы таптакыр башкача болуп чыкты.
- Асан, мени карасаң, бул көйнөгүм кандай жарашат экен?
Күзгүнүн айланасынан кетпей ойсоктоп турган аялын бир карап алып Асан кайдыгер унчукту:
- Билбейм.
- Асан...
- Бол эми, жумушуңдан кечигесиң...
Аялы адатынча тултуңдап таарынып алды. Бардар атанын кызы болуп жашоонун күңгөй-тескейи менен иши жок Айгүл чындап эле күйөөсү каалагандай жар болуп бере алган жок. Ошондон улам көкүрөгүн муздак сезим каптай берчү. Асандын жүрөгүн ээлеген нерсе - Айкага болгон сагынычы эле.
Адатынча жумушуна бара жаткан Асан жолдун ары жагында келе жаткан тааныш караанды көзү чала калды. Ооба, ошол! Эч өзгөрүлбөгөн экен. Баягы эле спорттук күрмө кийип, сүрөт салган сумкасын ийнине илген чырайлуу кыз. Жүрөгү дүкүлдөй согуп кетти.
- Асан, эмне дел болуп турасың? Баспайсыңбы?
Аялынын заардуу үнүн да укпай дел болгон Данияр куса кылган караандан көзүн албайт.
- Данияр дейм!..
Чаңк эткен ачуу добуштан улам башын көтөрө берген Айка маңдайында өзүн дел боло тиктеген Асанды көрдү.
- Асан!
Бул ат оозунан кантип чыгып кеткенин билбей калды кыз. Бүткөн бою менен умтулуп бара жатып, кайра кимдир бирөө бетине суу чачкандай кетенчиктей берип артында келе жаткан адамга урунуп алды. Колундагы сумкасы жерге түшүп, ичиндеги сүрөттөр чачылып калды. Асан күлгөн абалында... Асан ойлуу... Айтор, ар кандай абалын чагылдырган сүрөттөр эле...
- Айка, сен... Сен кантип?..
Асан көргөн сүрөттөргө да, уккан кулагына да дел болду да калды. Айка эч нерсе деп жооп кайтарган жок. Жердеги чачылган өзүнүн сүрөттөрүн бир карап, бир өзүн караган Асандын көзүнөн сагыныч менен өксүүнү окуду. Айкага алайып өзүнөн көзүн албай турган Асандын аялын бир карап алды да, башын бийик көтөрүп өз жолу менен кете берди. Өз жолу менен...
Даярдаган
Гулнур Нуркалиева