Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Келдибековдун
кел-кели жана
кет-кети...
Алдыңыздардагы фото сүрөттөрдүн үстүңкүсүндө "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Улан Чолпонбаев Кыргызстандын атактуу криматалыгы Камчы Көлбаев менен, алдыңкысында "сеп" этип алгансыган ЖК төрагасы Акматбек Келдибеков менен кучакташып турат. Бул фото сүрөттөр Адахан Мадумаровго тийиштүү делинген kginfo.org сайтынан алынды. Анда 2011-жылдын 1-январында Камчы Көлбаев менен Акматбек Келдибековдун "Каприздеги" жолугушуусу деп жазылган. Мансабын кыя албай, креслосун кучактап тырышып аткан төрага "Камчы менен жолуккан эмесмин. "Каприздеги" 6 кабаттуу мейманканада ким отурат, ким жүрөт, аны менен менин ишим жок"-деп айтканынан кайтпай туру. Бирок бул сүрөттөрд ө Камчы Көлбаевдин "кол баласы" делинип жүргөн Улан Чолпонбаев апакай жемпири менен "кара дүйнөдөгү" жана ЖоКедеги "шефтери" менен бир эле учурда сүрөткө түшкөнү көрүнүп турат. Анын үстүнө сүрөт бир эле имаратта тартылганы айдан ачык байкалып турат.

Камчы Көлбаев менен Акматбек Келдибековдун жолуккандыгын тастыктаган Өмүрбек Текебаевге жолдонгон ИИМдин расмий каты







Келдибековду кетирүүнүн себептери
Төрага А. Келдибековго "Ата Мекен" фракциясы тарабынан коюлуп, комиссия тарабынан аныкталган дооматтар
Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековго "Ата Мекен" фракциясы тарабынан коюлуп, комиссия тарабынан аныкталган дооматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарына комиссиянын төрагасы Каныбек Иманалиев ачыктады.
***
Алар:
- Ахматбек Келдибековдун "мыйзамдагы ууру" Камчы Көлбаев менен Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынан алыс эмес жерде жайгашкан "Каприз" отелинде жолугушкан;
***
- А. Келдибеков 2011-жылы январда шайлоочулар менен жолугушуунун ордуна Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмираты) барган. Бул сапардын кесепетинен улам УКМК 9-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери мамлекеттик жетекчилигине үзгүлтүксүз кайтарууга алуу жөнүндө жобону бузууга аргасыз болушкан;
***
- Малекеттик каттоо кызматынын төрагасы Жаныбек Бакиев менен жеке учак менен Астарахань шаарына барган. Бул сапар да УКМК 9-Башкы башкармалыгынын кызматкерлерин мамлекеттик жетекчилик кызматтагы үзгүлтүксүз кайтарууга алуу жөнүндө жобону бузууга аргасыз болушкан;
***
- 2011-жылдын жайында Малайзияга болгон иш сапарда Ахматбек Келдибеков тең укуктуулук жана дипломатиялык протокол принциптерин бузган, анткени Малайзия 8 депутатты чакырса, иш жүзүндө 17 депутат барган;
***
- Ахматбек Келдибеков өзүнүн кайнатасын коомдук кеңешчи кылып ждайындап, ага "KG" мамлекеттик номер берген, бул тууганчылыктан (непотизм) кабар берет;
***
- 33 адамды өзүнүн кеңешчиси кылып дайындаган, алардын айрымдарынын калк арасында кадыр-баркы жок адамдар болгон, бул А. Келдибековдун кадр саясатын башаламан жүргүзгөндүгүнөн кабар берет;
***
- Төраганын кеңешчилеринен бирине кылмыш иши козголгон, Иш башкармалыктын орун басары Таалайбек Рысалиев Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон;
***
- Жогорку Кеңештин Москвадагы атайын өкүлү Кубанычбек Нурматовго бир нече кылмыш иши козголгон жана ал уюшкан кылмыштуу тпотун мүчөсү болуп саналат;
***
- А. Келдибеков "Альфа Телеком" ЖАКы боюнча ишти кароодо шаардык соттун судьяларына телефон чалган, бул аларга карата кысым көрсөтүү болгон;
- А. Келдибековдун Кулан кенинен радиоактивдүү көмүр сатып алууга тиешеси бар-жогун Башкы прокуратура карап жатат;
***
- Жогорку Кеңештин Москвада атайын өкүлчүлүгүн ачуу мыйзамсыз болгон, анткени ал Россиянын ТИМинде аккредитациядан өтө элек;
***
- А. Келдибеков төрага болуп турганда Жогорку Кеңеш бюджеттен 747 миллион сом сарптады, 2012-жылга карата 948 миллион сом суралды;
***
-А. Келдибеков расмий иш сапарларында белек-бечкек үчүн 97 миң доллар короткон. Салыштырсак, президент 27 миң доллар, премьер-министр 34 миң доллар сарптаган.