Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Аламүдүндө абал качан өзгөрөт?
Жаңыча ой жүгүртүп,
жаңыча иштегибиз келет!
Алмазбек Атамбаев президенттикке шайланып, кыргыз элинин алдында ант бергенден тартып өлкөбүз жаңы тарых барагын ачты. Эми мамлекетибиз жалаң гана оңолуу, өнүгүү жолуна түшүүсү керек. Бирок мамлекетибиздин жаңылануу ишинде дагы деле тоскоолдуктар болууда. Ал тоскоолдукту илгеркидей ой жүгүртүп, эскиче жашоону каалаган айрым аткаминерлерибиз кылууда.

Аламүдүн райондук кеңешинин төрайымы административдик ресурс көз көрүнөө колдонулуп, элдин добушу эч нерсени чечпей калган Бакиев доорунда шайланып келген. Ошол убактан бери көпчүлүк депутаттардын райондогу башкаруу системасын өзгөртүү боюнча берилген сунуштары бир нече ирет четке кагылып келди. Революциядан кийин да боло турган реформалар такыр талкууга коюлган жок. Менин жеке пикиримде райондук кеңештин төрайымы Айдакеева эски номенклатуралык иш менен гана иштеп, райондук администрациянын туура да, туура эмес да талаптарын аткарып, чоңдорго кошомат кылып келүүдө. Той топурларга гана барып катышкандан башка пайдалуу ишин көрө алган жокпуз. Кыскасы, Айдакеева өзүнүн жаңы заманга болгон тийиштүү талаптарын такыр түшүнгөн жок деп эсептейм. Андан тышкары, райондо болуп жаткан коррупциялык окуяларды "көз кысты, бармак басты" кылып иштеп келди. Мисалы, жакында Васильевка айыл өкмөтүнө караштуу Виноградное айылындагы №2 орто мектебине курулган даараткананын сметалык баасы 10 миң доллар туруп, анысы жарым жылга жетпей урап калды. Мындай мисалдарды келтирсек гезиттин бети жетпейт. Кыскасы, 7-апрель окуясынан кийин биздин райондо бир да өзгөрүүлөр болгон жок. Ошол 7-апрель баатырларынын сөөгү жаткан Аламүдүн жергесинде баягыдай эле эскиче иштей берсек, алардын арбактары баарыбызды урат го.
Ушул жоопту мезгилди туура түшүнгөн райондун депутаттык корпусу жаңыча иш жүргүзүү максатында жакында эле Аламүдүн райондук Кеңештин төрайымын өз каалооңуз менен жумуштан кетиңиз деп ага оозеки ишенбөөчүлүгүбүздү билдирдик. Сиз эскиче иштеп жатасыз, жаңы бийликке жаңыча иштейли Аламүдүн районунун аткаруучу органдарынын кемчилигин көргөзүп, биргеликте элибизди жашоо турмушун оңдойлук дедик. Аким баш болгон жетекчилерди коргоп эле жатып калат. Анан биздин райондо каякта иш жүрөт, өзү айткандай "ой мен отчётумду берип жатам, сессияны убагында өткөрүп жатам" -деп эскиче көз караштарын таңуулаганы райондук кеңештин депутаттарын тойгузуп жиберди. Ушул жылдын 27-сентябрында Аламүдүн райондук Кеңештин сессиясында кабыл алынган регламентти да өзү каалагандай өзгөрттү. Жалпы райондук кеңештин депутаттарынын добушу менен кабыл алынган регламентти өзгөрткөнү, ошончо депутатты сыйлабаганы биздин нааразычылыгыбызды күчөттү. Андан кийин көпчүлүк депутаттар ишеним көрсөтпөрүүбүздү оозеки түрүндө билдирдик.
Муну уккандан кийин "силерден суранам, иштен кетем, бирок инагурацияга катышып алайын. 5-декабрда арызымды жазып берем" - деген. Жаңыл Айдакеева өзүнүн сөзүнө турбай, 5 - декабрда райондун акиминин милдетин аткаруучу А.П. Олейниченко баш болгон бир топ адамдар менен болгон чогулуш өткөрдү. Ал жыйналышта, А.П. Олейниченко депутаттар менен болгон мамилелерде кетирген кемчилигин мойнуна алды. Ошол чогулушта райондук финансы бөлүмүнүн башчысы Ж.Сегизбаев райондо салык чогултууда коррупция абдан көп болуп жатканын, мисалы, канча кафе, ресторандарда жалаң той - топурлар болуп жатса да, алардан райондук казынага болоор болбос эле киреше түшүп атканын, коррупция менен болгон күрөштө депутаттардын орду өтө чоң экенин, бирок Айдакеева андай мүмкүнчүлүктү колдонбой койгондугун белгиледи.
Ушундай сөздөргө карабай чогулушта Аламүдүн райондук улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Илич Кукенович деген жигит: "Жаңыл Асановна силерге отчёт берет экен. Мен сурадым бир дагы Чүйдүн башка райондорунун төрагалары отчётту депутаттарга бербейт экен. Силер эртеңки күнүңөрдү ойлогула" - деген мааниде коркутуп кирди. Аны уккан Аламүдүн райондук кеңештин депутаты фермер Болот Көлпөчбаев жини келип: "Биз бул жерге жөн эле чогулуп отурган жокпуз. Ал отчёт кагаз түрүндө эле өйдө жакка берилет. Ал эми элдин жашоосу күндөн-күнгө чөгүп бара жатат. Өкмөт тарабынан берилип жаткан жардамдар, дыйкандарга берилген үрөндөр жөнөкөй адамдарга жеткен жок. Баягы эле тааныштары алып жатышат, коррупционерлердин жакындары алып жатат. Сен бизди коркутпа деп СНБнын жетекчисине эскертти. СНБнын жетекчиси ойлоду окшойт ушинтип койсом эле коркуп калат деп. Ал заман өткөн.
Биздин максат, ойлобоңуздар Айдакееваны кызматтан алып эле коёлу деген жокпуз. Биз элдин кызыкчылыгын ойлогон,17 айыл округдан шайланган депутаттардын койгон талаптарын угуп, аны аткаруу органдарына тайсалдабай жеткирип, жаңыча көз караш менен иштеген райондук Кеңештин башчысын шайлап алалы деген максаттарыбыз бар. Бул жерден да Ж. Айдакеева өз кызыкчылыгын элдин кызыкчылыгынан да жогору коюп, отпускадан эс албай калган күндөрүм бар. Ошол күндөрүмдү толук эс алып, андан кийин өз каалоом менен кетем деп арызын таштап кетти. Ал эс алуу күндөрү 2011-жылдын 5-декабрынан, жаңырган 2012-жылдын 2-январына чейин болот экен. Мына эскиче ой жүгүрткөн жетекчилердин өз кызыкчылыгын райондун кызыкчылыгынан өйдө коюп аткандыгы.
Менин күйүп жатканым, мен ушул райондун кызымын. Ушул райондо 20 жылдан бери иштейм. Ушул аралыкта Аламүдүн районуна 10дон ашык аким иштеди. Барысы өзүнүн алынча иштеди деңизчи, бирок, ошолорго салыштырмалуу Саккараев Марс кыска аралыкта өзүнүн иш билгилигин көргөзө алды. Ал биздин районго аким болуп келгенде кайрылган адамдардын көйгөйлөрүн ордунда чечип бергени менен элдин эсинде калды.
Жакын арада биз райондук Кеңештин депутаттары акимдерди шайлайбыз. Ошол райондорго акимдикке көрсөтүлгөн адамдарды өкмөт башчысы акчасына, партиясына, жердештикке карабай иш тажрыйбасын карап жиберсе, ал эми райондук кеңештин депутаттары чоң жоопкерчилик менен татыктуусун шайлап алышыбыз керек.
Мамлекеттин мындан аркы тагдыры ар бирибизден көз каранды экенин түшүнүшүбүз керек. Дагы көз жума турган болсок, үчүнчү революция болбойт деп ким айта алат. Ошондуктан биз элибиз менен биргеликте коррупционер- ажыдаарлардын башын кесе албасак да, бутунан баса албагыдай кесип башташыбыз керек. Ошондо мамлекетте өнүгүү болот - деп ойлойм.
Анара Кыдыралиева,
Аламүдүн райондук кеңешинин депутаты.




Эки дөө жөөлөшкөндө
Кабарчыга
салынган тузак
(Башы өткөн санда)
Жаштыгынанбы, же тажрыйбасы жоктугунанбы, айтор, Э.Исаев менен маектешкен кабарчы үн жазуучу аппараттагы маекти өчүрүп салат. Материал жарыяланар астында Э.Исаевге тааныштырган менен текстке таанышкандыгын тактагандыгын тастыктоого колун койдуруп албаптыр. Ошентип, ал эки оттун ортосунда калып, так далилдеп бере албай кыйналууда. Кудайга шүгүр, доогерлер даярдаган 12 пункттун экөөсүнөн башкасы өзүнүн пикири экендигин Э.Исаев сот процессинде танган жок.
"Эрегиштен эр өлөт" - дегендей кабарчынын материалды даярдаганда кетирген калпыстыгыбы, болбосо экинчи жоопкердин буга кайдыгерлик мамилеси себеп болдубу, аны аныктоо мүмкүн болбой калды. Гезит өкүлү катары Э.Исаевге: - Материал жарык көргөндөн кийин кабарчы менен кайсы жерден жаңылыштык кеткени боюнча сүйлөшүү болду беле? - маанисинде суроомо, ал: -Жок! - деп жооп кайрыды. Тилекке каршы, иш сотко өткөндө кабарчы айрым кыйчалыш маселелер боюнча кайрадан тактоого чакырганда, ага өзүм да катышканымды эске салдым. Акырында өз колу менен жазып берген кагазын көргөзгөндө гана редакцияда болгонун моюнуна алды. Ошол учурда мындай чырдуу маек боюнча жалпысынан ГУИНдин жетекчиси 6 массалык маалымат каражаттары менен соттошуп жатканы тууралуу да маалымат алган элем. Ошолор ачыкка чыгарылгандан кийин гана Э.Исаев бир аз бастады.
Мындай кырдаалга алгачкы ирет тушуккан кабарчы кадимкидей чоочуркап турду. Апкаарыгандан улам оюн бир жерге топтой албай жатты. Акырында чыйралып, коргонууга өттү.
Талаш күч алып...
Буга чейин ГУИНдин жетекчиси Ш.Байзаков менен кабарчынын маеги да 2011-жылдын 31-майында жарык көргөн экен. Белгилей кетели, Ш.Байзаков деле мурдагы жетекчилер жалаң эле ичип-жегендер катары сыпаттаптыр. Окуп отуруп илгерки Союз учурунда кызматынан кеткен же өлгөн жетекчини жамандаган "адат" илдетинен али арылбагандыгына ичим тызылдады. Кантип эле ушунча жылдан бери алар көзгө көрүнөрлүк иш аткарбасын? - деген ойго жетелендим.
Албетте, өткөндөрдүн кетирген жаңылыштыгын жана каталарын какшаган менен иш алга жылбасын ойлобогондугу мени таң калтырды. Мындай ач айкырык, куу сүрөөн менен өткөндү кайрып ала албайсың. Ушул куру сөздөр менен иш оңолмок эмес. Тетирисинче, алардын аткарган жакшы иштерин эскерип, алардын терс иштерин жоюунун кандай жолдорун тапканын айтса, аны ишти жакшы билген жетекчи катары кадырлоого ээ болмок, иши алга жылмак. Ал эми ушул маектен улам Э.Исаев да тескери жолду тандап алган сыяктанат. Э.Исаев бул маек менен тааныш эмесмин дегени менен тымызын каршылык жасагандай түрү бар.
Процесске чейин ГУИНдин жетекчисинин иши боюнча берилген документтердин дээрлик басымдуу бөлүгү Ш.Байзаковдун кол алдындагы кызматкерлер болуп чыкты. Мыйзамда жетекчиге кызмат жана финансылык жактан көз каранды болгон кызматкерлер күбө боло алышпайт. Ошол эле учурда алар Ш.Байзаковдун терс иштери тууралуу да так маалымат бере алышпайт. Ал эми Ш.Байзаков кол койгон кагаздарга кантип ишеним көргөзө алабыз? Бул суроолорго так жооп ала алган жокмун.
Мына сага, адилеттүүлүк! Мисалы мен чекилик кетирдим дейли. Ушул иш боюнча ишимдин ак-карасына жоопту өзүмө даярдатса, ал канчалык деңгээлде калыстыкка жатат? Мен да андайда өзүмдү мактаган, жактаган документтерди даярдап беремин да. Доогер эмне үчүн өзү тууралуу, иштин абалы боюнча маалыматтарды жогорку компоненттүү уюмдардан чогулткан эместигине так жооп ала албадык. Алардын ишине көзөмөл жасаган КРнын Акыйкатчысы, Юстиция министрлиги тарабынан кагаз тапшырылган жок. Ошол себептен буга түшүнүктү Ш.Байзаковдун өзү түшүнүк берүүгө келишин камсыз кылууну сунуштадым.
Процесс артка жылдырылды
Доогер арызды сотко өткөрүүдөн мурда маалыматтарды төгүндөөгө редакцияга кайрылган эмес. "ММК жөнүндө" мыйзамдын 17-беренесинде доогер өз укуктарына гана басым жасагандыгын сокур адам деле түшүнмөк. Буга каршы, же макул эместигин доогердин өкүлү тастыктабады. Ошол эле учурда гезитке миллион сомго доо коюшун кайсы критерийлер менен аныкталгандыгы да жоопсуз калды. Доогердин кадыр баркына шек келтирген тараптарын лингвистикалык комиссиядан өткөрүүнү сунуштадым. Доогердин жактоочусу алар ким акчасын төлөсө, ошолордун пайдасына чечет деген божомолун айтып, буга каршы болду. Анда ал комиссияга сот өзү кайрылсын - деген өтүнүч менен кайрылдым. Бул маселе өзүнчө каралып, сунушту доого жыгылган гезиттин кабарчысын, жоопкер Э.Исаев дагы колдоп чыкты. Сунуш кабыл алынып, процесс артка жылдырылды...
Эртабылды АТТОКУРОВ