presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Ачык айткандын айыбы жок...
Курманбек Осмонов, "Ата-Журт" фракциясынын депутаты:
"Түлеев премьер-министрликке колдоп коюну гана өтүнгөн..."
- Курманбек Эргешович, спикер Келдибековго ишеним көрсөтпөө маселеси боюнча кандай ойдосуз?
- Мыйзам боюнча мөөнөттөрдү эсептөөнүн өзүнчө тартиби бар. Жаңы мыйзамдын 23 - беренесинде: "спикерге ишеним көрсөтпөө маселеси 72 сааттан мурда эмес, бирок 5 күндөн кеч эмес каралышы керек" деп жазылып турат. 5-күн базар күнгө туш келет экен, ал эми ишенби, жекшемби күнү парламент иштебейт. Анан биз базар күнү чогулуп, чечим кабыл ала турган болсок, ал чечим мыйзамсыз болуп калат. Спикерге ишеним көрсөтпөө маселесинен эч ким качкан жок. Депутаттык комиссия түзүш керек деген да сунуштар болду. Менимче, бул туура сунуш. Текшериш керек. Болбосо, бир фракция кыйкырып чыкты эле деп, ошону "таза тыйын" кылып туруп, кабыл алып, спикерди айдап жиберсек болбойт да.
- Коомчулукта: "Келдибеков элге ушунча жек көрүндү болуп алгандан кийин, өз эрки менен эле кетсе болмок"- деген кеп байма-бай айтылып жатат. Партиялашы катары сиз кандай дейсиз?
- Фракция ичинде спикерге биз деле бир топ сын пикирлерди айтып жатабыз. Мисалы, сен бир адам менен бир жерде чай ичишсең, ал адам эртең криминал болуп чыкса, ага менин тиешем жана күнөөм барбы? Бул да ойлондура турган маселе.
- Бирок Камчы Көлбаев менен Келдибековду элдин баары тааныйт да...
- Мисалы, мен Көлбаевди тааныбайм. Бир жолу куран окуткан жерден көргөндөй болдум, тааныбагандан кийин ошол го деп боолголоп койдум. Кыргыз өзү аз эле элбиз. Жамандык-жакшылыкта катышып калабыз. Андай жерге жакшы көргөндөрүң да, жек көргөндөрүң да келип калышы толук мүмкүн. Андай учурда эмне кыласың? Албетте, туруп алып басып кетип кала албайсың? Убагында Бакиев "сен Атамбаев менен мамилелеш экенсиң" деп күнөө коюп, кызматтан алып койгондо, Бакиевге: "Курманбек Салиевич сен учурунда оппозицияда жүргөнүңдө сени менен деле мамиледе эмес белем, аны унуттуңбу?" - деп айткам.
- Бирок ошол кезде сиздин Бакиевге "оппозицияга кызмат кылбайм" деп тил кат жазып бергениңиз гезит беттерине чыкпады беле...
- Туура андай тил кат чыккан. Азыр да ошол позициядамын. Бакиев болсо мага "сен Атамбаев менен жакшы мамиледе экенсиң"- деп улам такып калганда, мен Атамбаев Мелис Карабековду менин үйүмө жибергенин, андан телефон номеримди суратканын же чалып койсун дегенин айтып бердим. Атамбаевге өзүм чалсам, ал киши "мен азыр Германияга кетип бара жатам, келгенде сүйлөшөлү"- деген эле. Мына ушул сөздү Бакиев тыңшатып угуп алган экен. Мен Бакиевге өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп келе жатканымды, эч качан оппозицияга кызмат кылбаганымды айтсам, "эми ошону кагаз жүзүндө тактап бере аласыңбы?" -деп калды, "макул" деп анын столунда жаткан блокнотуна жогоруда айтылып жаткан тил катты жазып берген элем.
- Жакын арада түзүлө турган коалиция маселеси тууралуу эмнелерди айта аласыз?
- Коалициянын курамынан КСДП чыкты. Аларды эч ким кууган жок. Өздөрүнүн чечими. Чыкканга акысы бар, укуктуу. Жаңы коалиция түзүлгөн учурда, баягы эле район, шаар, министрликтерди бөлүп алуу, соодалашуу башталат. Негизи мыйзамда мындайга жол берилбеши керек эле. Кандай коалиция түзүлсө да, ал коалиция премьер-министрдин талапкерлигин гана көрсөтөт, калган премьер-министр өзү сунушташ керек.
Биздин фракция коалицияга кирүү үчүн бардык аракеттерди жумшайбыз. "Ата-Журт" десе эле баягы мокочо, желмогуз деп ойлобош керек. Мына ушундай жарлыктар тагылып келе жатат. Бул туура эмес. Бизде да мыкты депутаттар көп.
- Силердин фракциянын ич ара бөлүнүп кеткени боюнча эмне айта аласыз, Чыныбай Турсунбеков, силердин фракциядан эки топтун эки башка кагаз келгенин айтып чыкты. Сүйлөшүүнү кайсы топ жүргүзөт?
- Ал киши фракциянын чечими менен гана иштеш керек. Түзүлгөн топтор кандайдыр кызыкчылыктар менен түзүлсө, ал нормалдуу көрүнүш. Түлеевдин тобуна мен да кол коюп бергем. Себеби, Түлеевдин программасына реформалык жакшы нерселер бар. Кыскасы, жаман эч нерсе жок. Тескерисинче, азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан реформасын колдоо.
- Келдибековдун тобуна да кол коюп бердиңизби?
- Келдибековдукуна кол койчусуна коём, койбочусуна койбойм.
- Демек, сиздин бир бутуңуз Түлеевдин тобунда, экинчи бутуңуз Келдибековдун тобунда десек болот турбайбы?
- Эми кандай десек? Мисалы сен деле мага жакшы сунуш менен келсең, колдойм. Түлеев фракцияга, коалицияга, бийликке каршы эмес. Ал бир гана фракция анын талапкерлигин премьер-министрликке көрсөтүп, колдоп коюуну өтүнгөн. Болду ушул эле. Ал эми фракция сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 8 адамга укук берген. Бул маселе фракциянын добушу менен чечилген. Ал 8 адамдын ичинде мен да бармын. Ташиевдин тобу менен фракциянын ортосунда деле эч кандай талаш жок. Фракцияда өзгөчө пикир айткандар бар. Анын бири Ташиев. Болгону ушул.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев





Камила Талиева, "Ар-Намыс" фракциясынын лидери:
"Ала кушту атынан аташ керек"
- Камила Абдразаковна, Сиз фракция жетекчилигине кандай себептерден улам дайындалып калдыңыз? Деги эле өзүңүздү фракция лидеримин деп эсептейсизби?
- Мен өзүмдүн жеке пикиримден көпчүлүктүн пикирин жогору коём. Он беш депутат мени фракция жетекчилигине сунуштап, добуш беришти. Көпчүлүктүн чечимине баш ийип, фракция башчысы болуп дайындалдым. Мыйзам боюнча көпчүлүктү түзгөндөн кийин, фракция деп аталат. "Ар-Намыс" фракциясында 25 депутат болсо, мен тарапта 15 депутат бар. Демек, биздин топ фракция деп аталат. Албетте, мен тууралуу Феликс Шаршенбаевич ар түрдүү кептерди, такталбаган маалыматтарды таратып жатат. Ошентсе да мен аял киши болсом дагы эч нерсе дебейм. Баарын ал кишинин абийирине койдум. Ар ким өзүнүн деңгээлине жараша ой жүгүртөт. Мына кечээ коалиция маселеси боюнча биринчилерден болуп Алмаз Шаршенович фракция лидери катары мени кабыл алды.
- Коалиция боюнча кандай сүйлөшүүлөр жүрүп жатат?
- Негизинен КСДП, "Республика", биз болуп, үч фракция сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. "Ата Мекен", "Ата-Журт" фракцияларына деле эшик ачык. Конституцияда сөзсүз оппозиция болуш керек деген деле берене жок. Ал жер мүмкүн деп гана жазылган. Ошондуктан бир фракция оппозицияда калышы да мүмкүн, калбай калышы дагы ыктымал. Бирок, менин жеке пикиримде "Ата Мекен" фракциясы оппозицияда калышы мүмкүн.
- Феликс Шаршенбаевич коалиция тууралуу сиздер менен сүйлөштүбү?
- Фракция ичинде коалиция маселесине байланышкан Феликс Шаршенбаевич менен эч бир сүйлөшүү болгон жок. Жеке мен жолугуп сүйлөшкөн жокмун.
- Коомчулукта сиздерге карата "Ар-Намыс" партиясына кирип депутат болуп келишип, анан Феликс Куловду четке сүрүп чыгарып коюшканы адамгерчиликке жатпайт деген сындар айтылып келет. Бул жерде эшиктен кирип төр меники дегендей болуп жатат. Сиз кандай дээр элеңиз?
- Албетте, биринчи орунда адамгерчилик туруш керек. Бирок адамгерчилик менен мамлекеттик мамилени аралаштыруу мүмкүн эмес. Биз тууралуу коомчулукта тескери эле эмес, аябай жакшы пикирлер дагы айтылды. Муну дагы эске алыш абзел. Мына быйылкы президенттик шайлоо болбой дагы калышы мүмкүн болчу. Коалиция тарайт болуп, ар түрдүү оюндар жүрүп жатканда, туруктуулук болсун, коалиция сакталып калсын деп коалицияга кирдик. Бул чечимибиз абдан туура болгонун бүгүнкү күн көрсөтүп жатат. Бул боюнча Алмаз Шаршенович дагы коалиция маселеси боюнча сүйлөшүүгө барганда, биздин 10 депутаттын кадамы туура болгонун билдирип, "азыркыдай туруктуулукка көпүрө болуп бердиңер" деп айтты. Чынын айтайын, биз ал учурда абдан кыйын абалга туш болдук. Бирок өлкөнүн туруктуулугу үчүн чечкиндүүлүк кылууга туура келди. Мен туруктуулук үчүн жеке мамилелерден, мамлекеттин ишин жогору коём.
- Эмне себептен ошол учурда коалиция түзүлүп жатканда, коалицияга кирүү тууралуу маселени кабыргасынан койгон жоксуңар?
- Былтыр коалиция түзүлүп жатканда, Феликс Шаршенбаевич башында турган жумушчу топ түзүлүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ошондо депутаттардын көпчүлүгү коалицияга кирели деген сунуштарды айттык. Тилекке каршы, жетекчибиз Кулов биздин фракцияны коалицияга киргизе алган эмес. Биринчи каталыгы ушул деп эсептейм.
- Төрага Ахматбек Келдибековго байланышкан маселе боюнча кандай көз караштасыз?
- Ала кушту атынан аташ керек. Мен табиятымдан акты ак, караны кара деп айтам. Бул маселе боюнча палата туура чечим кабыл алды. Комиссия түзүлүп, "Ата Мекен" фракциясынын төрагага койгон дооматтарын териштирип чыгат. Ошондо аныгын билебиз. Азыр тиги-бу деп айтуу эртелик кылат.
Маектешкен Алмаз ТЕМИРБЕК уулу




кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??