presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Депутаттын тилеги...
Мамытбай Салымбеков,
КСДП фракциясынын депутаты:
"Оппозицияда фракция гана эмес, белгилүү бир депутаттык топтор да калышы ыктымал... "
- Мамытбай байке, президент Атамбаев жаңы коалицияны түзүү тапшырмасын сиздердин фракцияга берери белгилүү болуп турат. Фракциялар ортосунда, сүйлөшүүлөр башталды. Баштапкы сүйлөшүүлөр боюнча эмне айта аласыз?
- Азыр сүйлөшүүлөр белгилүү бир чекке жете элек болгондуктан, коалиция маселеси боюнча бир нерсени так айтуу кыйын. Бышып бүтө элек ишти айткан ушак болуп калат го. Жаңы түзүлүп жаткан коалицияга фракция эмес, акыл - эси толук, жаңы системага көз карашы түз депутаттардын тобу кирерине ишенем.
- Оппозицияга кайсы фракция калышы мүмкүн?
- Оппозицияда фракция гана эмес, белгилүү бир депутаттык топтор да калышы ыктымал. Муну эми убакыт көрсөтөт. Ошондой эле топко кирбеген бир катар депутаттар деле фракциядан чыкпай туруп деле, оппозицияда кала бериши мүмкүн.
- Мисалы, кимдер, конкуренттүү ысымдарды айта аласызбы?
- Азырынча, ысымдарын атай албайм. Бирок жаңы системага каршы чыккан, эски көз караш менен калгандар оппозициянын желегин желбиретери белгилүү.
- Спикер Келдибеков тууралуу кандай көз караштасыз? Анын мыйзамга туура келбеген кадамдары Жогорку Кеңештин ансыз төмөн турган кадырын, дагы төмөндөтүп койгондой эле иш болду?
- Спикердин айрым бир иштери бизге эле эмес, коомчулукка да жакпай турат. Жалпы ММКлар анын иштерин, ишмердүүлүгүн толук чагылдырышты. Коомчулук бүт баарын, билип, көрүп турат. Азыркы системада, азыркы жашоодо эч кимди алдап, макул кылдырууга мүмкүн эмес. Ошондуктан спикерге байланыштуу маселелер бүт депутаттарга залалы тийип жатат. Өнүккөн мамлекеттерде ар бир мамлекеттик кызматкерлерге сөз тийсе, дароо кызматтан кетет. Биз да ошол маданиятка жетишибиз керек деп эсептейм.
- Жаңы коалиция түзүлсө, кызмат бөлүшүү саясатына бөгөт коюу боюнча мыйзам ишке кирет деп айтылууда? Бул боюнча эмне айта аласыз?
- Азырынча мен андай бөгөт коё турган жаңы мыйзам менен тааныш эмесмин. Ал эми кызмат бөлүшүү саясатына жеке мен каршымын. Бул президент менен премьер - министрдин иши болушу керек. Жоопкерчиликти ошолорго жүктөп, ошолордон сурап алышыбыз керек. Жаңы түзүлө турган Өкмөт көп нерсени өзгөртүп, чечкиндүү кадамдарга барбаса болбойт. Мисалы, Бакиев түзүп кеткен кызматтарды алалы. Алардын бири ГРС. Паспорт менен акча жасап олтурушат. Болгону эки күн айырма менен эрте жасашат да, 200 доллар алып коюшат. Мунун өзү туура эмес. Паспорт чыгара турган ишкана, мамлекеттик ишкана болушу керек. ГРСти жоюп, мурдагыдай эле ИИМге берүү зарыл.
Өкмөттүн алдындагы дагы бир чоң маселе. Бул коррупцияны жоюп, жанагы рекеттик иштер менен шугулданып жаткандардын ишмердүүлүгүн жокко чыгарып, мыйзамдуулукту орнотушу абзел. Тоок уурдаган коррупция эмес, укук коргоо органдары ошолорду кармап, камап жатышат. Ал миллиондорду уурдагандар ээн-эркин жүрүшөт. Мына маселе ушунда. Биз бул маселе боюнча чечкиндүү кадамдарга барбасак мамлекетибиз эч качан өнүкпөйт.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев




Депутаттын демилгеси...
Эркин Алымбеков, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты:
"Коалицияга киргендер
министрликтерди гана бөлүп алат"
- Эркин мырза, жаңы түзүлө турган коалицияга силердин фракция киреби? Же көнгөн эле оппозицияда калууга белсинип жатасыңарбы?
- Азыр фракциялар ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Коалиция боюнча негизги иштер алдыда. Жаңы коалициянын курамына "Ата Мекен" фракциясы кирип да калышы мүмкүн, кирбей да калышы мүмкүн. Кирбей калуусунун бир себеби: эгер жалпы беш фракция бир коалицияга кире турган болсо, анда биздин фракция оппозицияда калып, бийликти сындап, кемчиликтерди коомчулукка ачыктап турушубуз зарыл. Эгер бир да фракция оппозицияга кирбей калса, элдин үнү бийликке жетпей, кайра биз бийликти революциялык негизде жоопкерчиликке чакырып калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан, коалицияга төрт фракция бириксе, "Ата -Журт" фракциясы идеологиялык маанайынын негизинде идеологиялык багыттагы оппозиция болуп калышы мүмкүн.
- Жаңы коалиция түзүлгөн учурда эски адат менен кызматтарды, шаар-облустарды бөлүп алуу, соодалашуу башталат да. Бул маселеге бөгөт коюла турган мыйзам жокпу?
- Бул маселе негизинен туура маселе. Мындай көрүнүшкө бөгөт боло турган атайын мыйзам иштеп чыкканбыз. Коалицияга бириккен фракциялар сүйлөшүү жолу менен министрликтерди гана бөлүп алышы мүмкүн. Калган агенттик, региондорду ж.б. бөлүп алууга жол берилбейт. Алар премьер-министрдин укугунда жана жоопкерчилигинде.
- Спикердин тегерегиндеги маселелер боюнча эмне айта аласыз?
- Бул маселени коомчулук негизинен сиздер чагылдырып жаткан боюнча да кабыл алат. Жеке менин спикерге карама-каршылыгым жок. Бирок спикер деген мамлекеттик кызматтын туу чокуларынын бири. Спикерге мамлекеттин өзүнө байланышкан чоң жоопкерчиликтер жүктөлгөн. Мамлекеттин кызыкчылыгына төп келбеген нерселерге барса, анда сөзсүз түрдө жоопкерчилик маселеси каралышы керек.
- Спикер Келдибековдун буга чейин канча деген былыктары чыкты. Аны ошондой мыйзамга каршы келген кадамдарга баргандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу маселесин карайсыздарбы же кызматтан алып эле тим болосуздарбы?
- Жаңы система боюнча кайсы гана мамлекеттик кызматкер болбосун, мыйзамга каршы иштерге барса, анысы далилденсе, анда жанагындай отставка механизмин ишке ашырып, андан соң жоопкерчилик маселесине өтүшү керек. Бул маселеге жалпы эле коомчулук дагы, журналисттер да жардам бериши керек. Биздин фракциянын принципиалдуу позициясы ушундай.
- Жылдыз Жолдошеванын жыйында спикер Келдибековду коргоп, лидериңер Өмүрбек Текебаевге айткан ачуу сөзүн кандай кабыл алдыңыздар?
- Жолдошева мындай сөздөрдү буга чейин да айтып келген. Анын Текебаевге карата айткан сөзү ич күйдүлүк, персоналдык, регионалдык, трайбалисттик мүнөздө айтылган сөз катары бааласа болот. Демек, саясий жоопкерчиликтин жана кыраакылыктын жоктугу көрүнүп турат.
Маектешкен
Айбек Шамшыкеев








кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??