presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



"Тамаша айтсак күлөсүңбү..."
Кыргызда: " - Сөз тапкан колко бербейт" - деген учкул сөз бар. Калкыбыз жакшы билет, кадимки Адахан Мадумаровдун саясий бейнесине көз чаптырсак, эски бийликтин камчысын катуу чаап, анын эсесине "Ак-Жол" партиясынын өкүлү катары спикер да боло койду. Бакиевдер аны кожосундай колдоп, мамлекеттик катчы, президенттин көздөй кеңешчиси, Коопсуздук Кеңешинин катчысы кызматтарын да аркалады. Ошол учурда ошолор берген кызматтын кулу болбосо, азыркы "акылман" ойлорун ал кезде неге ачык айта алган жок? Ошончо мансап ээси болгондо мамлекетибизге жана элибизге сиңирген кайсы эмгегин айта алат болду экен?
Жакында бул адамдын "Азаттыкка" берген маегинде акыркы шайлоо "кыргыз тарыхында өтө бурмалоо менен ыплас" өткөндүгүнө көзү ачыктык кылыптыр да, такай "таза шайлоо" үчүн күрөшкөн баатыр катары өзүн сыпаттаптыр. Ошону менен катар 2005-жылы, 2010-жылы элдин нааразычылыгы азыркыдай деңгээлге жетпегендигин да божураптыр. Ошол эле учурда Р. Отунбаеванын бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп бергенине "ишенбегендиги " анын чыныгы саясий жүзүн, түшүнүк деңгээлин ачыктап койгондой.
Канча кызматта жүрсө да, ошол кызматынын өтөлгөсүнө чыга албаган адамдарга мамлекеттин тагдырын тапшырганда, алар деле ичип-жеп куйругун түйүп кетерин эстеген элибиздин чыгарган өкүмүнүн туура экенин турмуш дагы бир ирет далилдеп берди. Мансап талашта бири жеңет, бири жеңилет, Аны чыныгы адам, чыныгы жигит гана моюнуна алат. Көрө албастык, ичи тардык мамиледен алыс болот, бирок мындай асыл сапат А.Мадумаровго туура келбейт көрүнөт.
Р.Отунбаева Бакийичтердин ордуна келиши менен А.Мадумаров колдоочусунан ажырагандыгынан ич күптү болуп жатпасын? Эгерде төңкөрүш жолу менен бийликтин алмашышына каршы болсо, А.Мадумаров Акайычтардын ордун тартып алган Бакийичтердин иш-аракеттерин эмне үчүн колдоду жана аларга "ак кызматын" көргөздү? Эгерде ошол кездеги Убактылуу Өкмөт бул адамга жогорку кызмат ыроолоп койсо, азыркы ыры башкача чыгат беле? Кантсе да мансап үчүн жаралгандардын жеке амбициясы үчүн калкыбыз качан кызмат кылганын токтотор болду экен? Маекке караганда "оппозицияда болбогон, оппозиция катары чыкпаган" ушул адамдын эми "оппозиционер болуп чыгышы" анын интригалык иш аракети катары эле санасак болчудай.
Ырас, А.Мадумаровдун да жактоочулары бар, бирок алардын көбү шайлоодо "капчыктуу орунга" соодалашып койгондор болушу мүмкүн. Тилекке каршы А.Мадумаровдун "мансап саясаты" өлкөбүздө стабилдүүлүккө терс таасирин тийгизбесе болду. Элди региондорго бөлүү, уруу-урууга бөлүү аркылуу мамлекетибиздин келечегине доо кетирип албайлы. Элибиз бул багытта акылга ченеп чечерине ишеним зор. Эл саясатчыларга эмес, саясатчылар элге кызмат кылышы керектигин эстен чыгарбайлы!

Эртабылды АТТОКУРОВ




Сол колдун кылганын оң колдун билиши кажет
Коюнга катылган котур таш
Парламенттик көпчүлүктөр коалициясына кирген "Ата-Журт" улутчулдар фракциясы менен соцдемократтардын оттору күйүшпөй калганы башынан эле белгилүү болуп калган эле. Башкасын айтпаганда да К.Ташиевдин "Ата-Журтунун" КСДП фракциясы менен "Республикадан" турган үчтүктөр блогун таштап чыгып кете турганын бир айтып бир койбой, эки айтып эки койбой дембе дем демите берген сансыз демарштары канчага татыйт дейсиз. К.Ташиевдин "Ата-Журту" коалициядан кол үзө турган болсо ЖКдагы көпчүлүктөр альянсы ыдырап парламенттик, андан соң өкмөттүк кризиске жол чабылмак. Аны алаканга салгандай баары тең түшүнүп турушкан. Окуянын К.Ташиев чийген чагымчыл сценарий менен өнүгүшү министрлер кабинетиндеги чордондуу кызмат орундарды ээлеп турушкан соцдемократтар менен "республикачылар" үчүн пайдасынан зыяны көп болчу. Ошондуктан эки фракция К.Ташиев баштаган "Ата-Журтчулдардын" эдирең атканына "лам" деп каяша кылышпай ичтеринен сызып тим болуп келишкен эле. Ырыс кесерлик кылбайлы, мындайда ынтымак сактоодон артыгы жок дешкен. К.Ташиевдин тизгинин кагып "кой", "ай" деп тыйып койгон соцдемократтар менен "республикачылардын" ичинен жан чыкпаганын чоо-жайы түшүнүктүү болор.
Асыресе, президенттик шайлоо болуп өткөндөн кийин кырдаал түп тамырынан бери башкача болуп өзгөрдү. Соцдемократ А.Атамбаев президент болуп шайланып мөөрөйү үстөм болуп турган КСДП фракциясы лидери чаң жутуп караандабай артта калган "Ата-Журтка" өз эркин таңуулай баштаганын байкоого болот. "Ата-Журттун" мыкчыгерлеринин бири, парламенттин спикери А.Келдибековдун шайлоодо утулуп калгандар менен А.Атамбаевдин ортосунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп ынтымакка келтирүү аракетине 4-президент моюн толгоп койгону эки фракциянын биротоло ыркы кеткенине ачык далил. Алмазбек Атамбаевдин пресс-катчысы Кадыр Токтогуловдун А.Келдибековдун далдалчы болуп берүү демилгесине карата "Атамбаев сүйлөшүү процессинде ортомчуларга муктаждыгы жок, ал буга дейре эле экс-талапкерлер Мадумаров жана Ташиев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген" деген кыя чапкан жообу жаңы шайланган президент өткөн учурдагыдай "Ата-Журтка" кылчактаган аяр мамиле жасоодон баш тартканын, мындан кийин ташиевчилерге көз каранды эмес экендигин "керегем сага айтам, келиним сен ук" сыяпатында билдирип турган эле.. Президент Атамбаевдин шайлоо штабынын экс-жетекчиси, көздөй кишилеринин бири Фарид Ниязов парламент түзүлгөндөн кийин пайда болгон "Биримдик жана өнүгүү" деп аталган үчтүктөр коалициясын тырмакчанын ичиндеги "союз" деп атаса болот деп мурдун чүйүрсө, соцдемократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков президенттин инагурациясынан кийин КСДП "Ата-Журттан" бөлүнүп чыгып кетээрин дембе-дем каңкуулап келгени эсибизде тургандыр. Бир сөз менен президенттик шайлоодон соң болочоктогу парламенттик коалиция түзүүдө эки фракциянын оту күйүшүп бир ынтымакка келери кыйын болуп калган. Иштин жөн жайы ырасында эле Ч.Турсунбеков айткандай болуп чыкты. А.Атамбаев президенттик ишке киришкендин эртеси ат тезегин кургатпай КСДП парламенттик көпчүлүктүн коалициясын таштап чыгып кеткенин жарыя кылды. КСДПнын чечимин элге тараткан Ч.Турсунбеков социал-демократтарды мындай кадамга барышын төмөндөгүчө түшүндүрөт: "Бир жыл илгери түзүлгөн коалиция бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып бирдиктүү саясат жүргүзүүгө жарай алган жок. Альянстын айрым мүчөлөрү маанилүү мыйзам долбоорлору боюнча бир пикирге келе алышпады. Аларга атап айтсак сот реформасы, саясый-экономикалык маселелерди киргизсе болор эле" -дейт КСДПнын лидери. Ошентип азыркы кезде жаңы форматтагы коалиция түзүү муктаждыгы пайда болгону анык.
Президенттик шайлоодон соң эки фракциясынын ролдору алмашканы байкоо кыйынчылык жаратпайт. Демилге соцдемократтар тарапка өтүп алар эми эркин таңуулап киргенин көрүү кыйын эмес. Эски альянстан чыгып кеткен соцдемократтарга келечекте кайсы фракциялар кошулуп коалиция түзүүгө макулдугун берет деген суроо келип чыгаары талашсыз? Саясый эксперттер президент А.Атамбаев болочоктогу парламенттик көпчүлүк коалициясын түзүү мандатын өзүнүн кара чечекей КСДПсына ыйгарып берерин болжолдошууда. Мунун да өзүнчө жөн-жайы бар дечи. Соцдемократтар аркылуу президент парламентте өз таасирин күчөтүүгө далалат кылаары түшүнүктүү. Ө.Текебаев баштаган "Ата-Мекен" фракциясы КСДП менен баш кошоору чоң талаш туудурбайт десе болоор. Эки фракциянын реформаторлук-программалык багыттарынын жакындыгы алардын бири-бири менен жакындашуусуна өбөлгө. Дагы бир фракция "Ар-Намыс" экилтиктин биримдигине келип кошулаары чечилип калган маселе десек ашкере кетпес элек. "Ар-Намыстын" ачык так позициясынын жоктугу белгилүү. Фракция т.а "Ар-Намыстын" 14 депутаты болочоктогу түзүлө турган кайсы гана коалиця менен болбосун баш кошуп биригерин ачык жарыялаган. Эч кандай талап койбостуктарын да эскертишкен эле. Келечектеги альянс кандай идеологиялык платформанын негизинде тургузулары "ар менен намысчылар" үчүн баары бир. Иши кылып аткаруу бийлиги менен мамлекеттик ресурстарды бөлүштүрүүгө катышып өз энчилерин алып калса ошонусуна шүгүр. "Ар менен намысчылардын" көздөгөн максаттары-бийлик экенин жашырышкан эмес. Ошентип үч фракция биригип баш кошоору айкын болуп калды десе болот.
Бир далай саясый серепчилер "Республика" фракциясы парламенттик көпчүлүктүн катарына кирип жаңы өкмөттү түзүүгө катышат, катышпай койбойт деген пикирди карманып турушат. Ал түгүл айрым "политологбуз" деп каадаланып жүргөн жалдама "төлгөчүлөр" менен "чөнтөк" журналисттер "республикачылардын" лидери Ө.Бабановду болочоктогу коалициялык өкмөттүн премьер-министрлигине биринчи талапкер деген жоромол-дөдөмөлдөрүн прессанын беттерине жайната төгүп жибергенге үлгүрүштү. Мамлекет башчысынын инагурация өтүп өз милдетин аткарууга киришээр менен өкмөт отставкага кетерин белгилеп келишип, потенциалдуу премьер Өмүрбек Бабанов дегенди бир айтып бир койбой жер чечегин безеп элди бышы кулак тажатып жибергенин "политологдоруң" баамдай албай калган түрлөрү барбы дейсиң. А.Атамбаев премьерликти бир эмес, бир нече адамга убада кылган болушу керек деген жылмышкак жана жылмакай версияны бетке кармана коюшуп, алардын б.а убада кылынгандардын ичинен Ө.Бабановдун мүмкүнчүлүгү ченемсиз чоң дешет. Ө.Бабановдун шайлоо компаниясында А. Атамбаевдин жеңип чыгышы үчүн уюштуруу иштерин кынтыксыз жүргүзүп көмөгү зор болгонуна, акчасы менен колдоп да турганына басым коюшууда. Бабановдун бул жакшылыгын А.Атамбаев унутуп коюшу кыйын, вице-премьердин, азыркы премьердин милдетин аткаруучунун чыныгы премьерге айланышына президент аракет кылбай койбойт дешип көзү ачыктык кылып жиберишкенине не бересиң. Баамдап көргөндө Ө.Бабановду премьерликке сүрөгөн информациялык лоббистер өздөрүнүн ич күптүлүгүнөн улам пайда болгон "пикирлерин" коомчулукка таңуулап жатышканын көрүү кыйын эмес. Алардын "пикирлеринде" министрлер кабинетинин башчылыгына "түртмөлөөнү" тапшырган Бабановдун "заказынын" кулагы тикчийип чыгып турганы байкалбай койбойт.
Непадам, президенттик шайлоодо А.Атамбаев үчүн Ө.Бабановдун чындап эле төгүлүп чачылып эмгек кылганын тумтак ырастай турган фактыларга кезиге албайсың. Тескерисинче, Бабановдун парламенттеги "республикачылар" фракциясынын депутаттары президенттин укук бийлигин отоп бутаган мыйзам долборлорунун демилгечилери болгонун, А.Атамбаевдин президент деген гана аты калып, президенттик затынан кол жууп калышына коломочтонуп катуу киришкен аракеттерин ырастаган фактыларга жолугабыз. Мисалы "Республика" фракциясынын депутаты А.Баатырбеков "КР элчилик кызматы жөнүндөгү" мыйзамга негиз салып мамлекет башчысынын тышкы саясаты жүргүзүүдөгү ролун жокко чыгарууга, ал эми экинчи бир республикачыл-депутат Бакыт Төрөбаев ЖКнын токтому президенттин чыгарган буйругуна караганда статусу жогору деп эсептелиниши керек деген мыйзамдын токулушуна "зор салым кошкондору" факт. Ө.Бабановдун сол колу менен жасаган иштерин оң колу билбейт деп айтуу кыйын эмеспи. Анын өзүнүн "менчик" депутаттарынын кандай мыйзам чыгаруу иштери менен алектенип жатканы эч кабарсыз деп айтуу да чектик болор эле. Ошентип "потенциалдуу премьер" Бабановдун көзөмөлүндө турган "Республика" фракциясынын коюнунда катып жүргөн котур ташы бар экени күмөн күдүк жаратып жибербейт. Саясый эксперттердин "Республика" КСДПга жан тартайын деген оюнда жок, "Ата-Журтка" барып шынаарлап жатканы ачык" деген пикирлеринде кантсе чындыктын үлүшү чоң. Ошентип президент А.Атамбаевдин "республикачыл" Ө.Бабановдун премьер болуп калышы үчүн аттанып түшүп аракет кылат дегенибиз жөнсүз. Президенттин Бабановдун "Республика" фракциясы аркылуу тымызын жүргүзүп жаткан саясый оюндарын, интригаларын көрбөйт-билбейт деп айтууга эч болбойт. Ошентип парламентте бир тарабы КСДП, "Ата-Мекен" жана "Ар-Намыс" фракциялардан турган, экинчи тарапта "Ата-Журт" менен "Республикадан" түзүлгөн эки саясый лагер пайда болору анык болуп калды. Болочоктогу коалициялык конфигурация мына ушу эки лагердин карым-катыштарына ылайык түзүлөрүн күтсө болор.
Үсөн Касыбеков







кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??