presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Бейне…
Жүзүңдү ач, гүлчөтай…
Эт менен челдин ортосунда жашаган, бирок элдин баарынан мыкты жашаган, сууга салса кичине чөгүмүш болгон, отко салса кичине күйүмүш болгон учурдагы ИИМде бир "той генералы" жүрөт дешет.

ИИМ системасына кыпындай да жарытылуу иш кылбаган, кай жерде жолугушуу, кай жерде той болсо ошол жерге барып, кылтылдап сөзүнүн жарымын айтса, жарымын айтпаган, куулугу башынан ашкан эски системадагы куулуп кеткен Курманбек Бакиевдин иниси Жаныштын кан досу Бактыбек Алымбеков тууралуу икаядан бир шиңгил кеп.
Кеп башынан болсун. 2003-жылдын май айында уюшкан жергиликтүү бандиттик топтор Жалал-Абад шаардык милициясын жана областтык милиция башкармалыгынын нөөмөт бөлүктөрүнө кол салып, кызматкерлерди сабап, ондогон автоматтарды, пистолеттерди жана башка куралдарды алып кетишкенде ал жердин ачендиги мына ушул Бактыбек мырза эле. Милицияны тоноп жатканда ал үйүндө жылуу жумшак уктап жаткан экен дешет, ошол кездеги милиционерлер…
Ал кездеги министр Бакирдиндин жаны чыгып Ак үй "жумшак килемге" чакырылып, министр болгонуна бир жыл боло элек жатып ыргып кетемби деп бир таңда санаага бата түшөт. Таң атпай кылмышкерлерди кармоо, абалды тынчсыздандыруу үчүн ал кездеги министрдин орун басары Болотбек Ногойбаев самолёт менен учуп барып, ишти толугу менен колго алып, кылмышкерлерди кармап, куралдарды алып, тартип орнотконун эл билет. Ал эми ушундай жагдайга шарт түзгөн, жергиликтүү деңгээлде уюшкан кылмыштуу топтор менен иштешүүгө түздөн түз жооптуу облустук милициянын ачендиги Жалал-Абаддык Бактыбек мырзага эмне болду? Совет мезгили болсо кызматтан жогорулатмак түгүл, жоопкерчиликке же милициянын катарынан түгөл айдамак. Дагы да болсо Ак үйдөн колдоо күтүп, ИИМ министри Бакирдинден кичине сөгүшү менен кутулуп, Жалал-Абаддан абдан " кол жеткис элитный" деп Кыргызстан боюнча миңдеген сомдор менен талашка түшчү орунга Ысык-Көлдүн милициясын башкаруу үчүн жылуу жумшак которулуп кетти. Андагы Б.Алымбековдун ар тарапка агылган акчалары тууралуу ошол кездеги чоңдор али да айтып калышат.
Ысык-Көлдөн эмне иш кылганы тууралуу жергиликтүү милиционерлер мындай дешет. Жайкы сезон башталгандан баштап эле "Чолпон - Атага чоңдордун коопсуздугун сактачумун деп, ишти орун басарына калтырып, кеч күздө келчү дешет. УВДда ким эмне кылат, киши менен кишинин иши жок, айтор жыргал болчу дешүүдө жай бою. Көзөмөл толугу менен жок, тайраңдап жатчу элек. А тигил Алымбеков болсо бардыгы менен тил табып, жыргап жатаар эле. Ак үйү келсе анысы менен ДОС, ОПГсы келсе мунусу менен ДОС, айтор ал үчүн жеке кызыкчылыгы жана достору алдыңкы орунда тураар эле" дешет, көлдүктөр…
Молдомуса Конгантиевди учурунда Ысык - Көлдөн Баткенге которулду. Баткенде бир катар чуулгандуу иш болуп, министр Алымбековду иш ордунан издеп-таппай калат. Ал болсо Бишкекте сауналарда жыргап, генералдыкты гана эмес Молдомусанын ордун алуу максатында Жаныш Бакиев менен тайраңдап эс алып, Молдомусага "суу куюп" жүргөн болот. Министрдин соткасына чыгып: "мен Баткенде элемин, иш менен жүрдүм эле" дейт. Бирок кыраакы министр аны агенттери аркылуу билип калып, жинденип "мени алдайсың" деген мааниде ачуусу менен "сөгүш" да берет.
Болот Шерден орун талашып, "интрига" менен алек болду
2010-жылдагы революцияда кайдан жайдан пайда болуп, министрдин орун басары ордун чапчыды. Ал түгүл министрлик орунду Болот Шерден да талашып "интрига" менен алек болду. Ошол убактагы бийликтин катарында күндүзү ак үйгө иштеп, түндөсү Бакиевдерге иштегендердин арасында мына ушул Бактыбек мырза бар болчу дешет. Жанышты кармайт элек деп чамынгандар ММКларда жана көчөдө буркан түшүп жатканда Бактыбек мырза ИИМде бакыйып туруп, булардын "барбаросс" пландарын акырын гана таш талканга айлантып жатканын бир топтору билсе, бир топтору билбей турушту. Бир катар гезиттерде Жаныш менен Бактыбектин кучакташып турган сүрөттөрүн байма бай жарыялашып да жатышты. Какшап жатышса да убактылуу өкмөттүн кай бир мүчөлөрү муну көрмөксөн болушту. Демек алардын оозун "жашыл байлар менен" жаап турган деп жатпайбы анын жанында жүргөндөр. Апрель окуяларынан кийин бир топ кыйындар Алымбековду ИИМден кууп болсо да жоготобуз дешсе, Убактылуу өкмөттүн айрым бир мүчөлөрү сактап калышканы тар чөйрөдө айтылууда…
Алаамат Ош окуялары башталардын алдында, Алымбеков Жалал- Абадга иш сапарга барып келген. Негизги миссиясы Жанышты кармоо болгону менен ал жактан аны менен жайма жай жолугушуп, кармамак түгүл Бакиевдерден тапшырма алып кайткан деген да кептер бар. Мына ошол күндөрү "Алиби" гезити мына минтип ачык эле жазып чыкпадыбы: "Бакиевдердин дарегин айткандарга 100 миң доллар сүйүнчү" деп күч структуралары баштарын катырбай деле койсо болот. Ички иштер министринин орун басары Бакыт Алымбеков Жаныш Бакиевдин кайсы жерде, кимдердин коргоосунда жүргөнүн абдан жакшы билсе керек деген ой бар.
Анткени, Жаныш менен Бакыт мырзанын ымаласы өтө жакын болгон дешет. Ал гана эмес, "Жанышты Алымбеков аркылуу тапса болот. Алымбеков досторун эң сонун билет. Ишенбесеңер кечеде чогуу болгон видео-тасмасы да бар" дешип, диск алып келгендер болду. Тасманы карап көрсөк, кайран гана мырзалар жапжаш орус кыздардын күлкүлөрүн шаңшытып, 2006-жылы көл жээгинде катуу майрамдашыптыр эй! Жаныш Бакиев өз сөзүндө Бакыт Алымбековду жалпыга тааныштырып, "келечекте генерал болот" - деп каалоо тилегин билдириптир" " Алиби" (караңыз -11.06.2010ж.).
Ал эми "Айат пресс " гезити: "Ички иштер министринин орун басары, Ош облусунун коменданты болуп жүргөн "отко салса күйбөс, сууга салса чөкпөс" Бакыт Алымбеков депутат болуп жүрүп, 2002-жылы Аксы окуясынан кийин Акаевдин амири менен Жалал-Абад ИИБсине башчы болуп барган. Кийин Ысык-Көл областтык ИИБсине начальник болуп барып, көлдүктөргө параны кантип алуу керектигин катуу үйрөткөн. Кара куурай менен кармалган көлдүктөрдөн "ручниктин" салмагына жараша жашыл акча сурап жүрүп, Бакиев бийлигинин аркасы менен эң майлуу делген Баткен областына которулат. Себеби Жаныш Бакиев наркотрафикти көзөмөлдөш үчүн ал жакка көздөй кишисин жөнөтүп, Тажикстандан "ак алтынды" кенен кесир алып турган. Кайсы бийликтин болсо колтугуна оңой кирип кетчү бул мырза Бакиев бийлиги убагында Жаныштын колуна суу куюп, мамлекеттик маселелерди кабинетте эмес, сауна, казино, ресторанда чечип көнгөн Алымбековдун азыр ИИМде отурганга, Ош облусунун коменданты болгонго да моралдык акысы жок эле" (Айат пресс 09.07.10 ж.)
"Алиби" гезити 2010-жылдан 18 майында: "Бакыт Алымбеков Конгантиев менен төрт саат эмнени сүйлөштү? Ички иштер министри Алымбеков экс-министр Молдомуса Конгантиев дарыланып жаткан ооруканага түнкү саат:12:00 чамасында кирип, таңкы саат: 04:00дө чыгып кеткенин билдиришти. Кызык, Алымбеков Конгантиев менен төрт саат бою эмнелерди сүйлөштү болду экен? А балким түндөп план түзгөндүр" - деген маалымат таратты эле.. Айтор, Алымбеков тууралуу эркин гезиттер байма-бай жазышты.
Ал Ош окуясында жанынын өзгөчө таттуулугун көрсөттү...
Ош окуясы башталганда Алымбековду атайылап Ошко жөнөтүштү. Таң эрте ага убактылуу өкмөттүн бир өкүлү телефон чалып: " Ошко сен гана барасың" деп буйрук берген дешет. Ал жакта да бекер жатпай "кызыл кулактык" кылып акча жасагандыгы тууралуу кеп тараган. Дал ошол күндөрү, Кыргызстан " маалымат согушунан уттурдук" деп жатышты. А эмне үчүн уттурдук? Ким аны карашы керек эле? Кыргыздардын жырткычтыгы тууралуу маалыматтар, видеосюжеттер Оштун Он-Адырындагы "Мезон ТВ", "Ош ТВнин" адистери аркылуу дал ошол Б.Алымбековдун Ош боюнча маалымат катчысы Рахматилло Ахмедов аркылуу кетип жатканын билип турса да унчуга алган жок. Бул кеп ошол кездеги губернаторго чейин жеткенин биз жакшы билебиз. Ошко отряд менен барып калган милициянын бир майору: "Учактан жаңы эле түшүп жолдо бара жаттык, ар кайсы жерде октордун үнү жаңырат, кеч да кирип калган. Арадан он мүнөт өткөндөн кийин бизди мына ушул тараптан куралдуу боевиктер келе жатат деп, барган эле күнү бир мейманкананын тегерегин кайтарып, жол боюндагы арыктарда таң атырдык. Эртең менен боз ала чаң болуп, ачка чогулуп турсак, ал мейманканадан кычырап Алымбеков чыгып жатпайбы. Көрсө биз боевиктерди тоспой эле бу генералды кайтарып жатыппыз. Борбордон келгенибизди билип турса да, таанып турса да саламга келип учурашып койбостон, ал абалыбызды сурабастан Жипке түшүп кетип калбаспы. 30 чукул офицерлер оозубузду ачып, буга жан керек, бизге кереги жок экен да деп кала бердик. Мына биздин командирибиздин деңгээли?"- деп, ызаланып айтып берсе, таң каласың. Бул да бир кашкайган чындык эле.
Суваналиевдин Ошко кантип барганын ошол кездеги областтык милициянын башчысы Абдылда Капаров кийин прессага ачык эле жазып чыкпадыбы. Алымбеков эч кандай тартип орното алган жок анын акча чогултуусуна "Каттани" тоскоолдук кылды. Туура кылды. Алымбеков баш болгон бекерпоздор коомдук тартипти сактоонун ордуна, кабинетте кофе ичип, тамеки чегишип, кылган иштеринин сапаты жок, чечкиндүү эч нерсе кыла алышпай коркуп жатышты. Кийин гана Суваналиев келгенде баардыгын чилдей таратып, аз күн болсо да тартип орноп жыргап калбадыкпы, деп жатпайбы.
Алымбеков ИИМде эмне иш жасады?
Акыркы бир жылда Алымбеков ИИМ үчүн эмне кылды? Спонсорлук кылып ИИМге бир нерсе жасадыбы, же бир маанилүү кылмыштардын бетин ачууда көмөк көрсөттүбү? Тилекке каршы, эч нерсе кылган жок. ИИМдин аш тоюнда тамададай тайраңдап турган чагы. Эч нерсеге жооп бербейт, эч нерсе кылгысы да келбейт. Бирок бийликте дайыма калгысы келет. Тааныштары менен танкадай болуп- министрин да, башкасын да алдап, көзүнө алеки саатта чөп салып, аркаларына суу куюп коёрун көпчүлүк жакшы билет. Ал жагынан ал чоң талант. Мына бул сүрөттөрдө Жаныш менен кандай кучакташып, сыр бөлүшүп жатса, азыр учурдагы бийлик менен да дайыма шилекей алышып келет. "Өзүм үчүн дегенде, өгүздүкүндөй күчүм бар" демекчи - Бишкек Чүйгө үйлөрдү салды. Көлдөгүсүн айтпайлы. Баткендеги күйүүчү майлар боюнча контрабандалык товарларга ал жактагы милиция начальниктери менен бирдикте көзөмөл кылышып, ар бир машинага үлүштөрү болуп, раймилицияларга жетекчилик кадрларды коюуда Алымбековдун түздөн түз тиешеси болгон деп айтып жатышат, ошол эле Баткендик милиция кызматкерлери.
Алымбековдун учурдагы аракети...
Бекер жатпай жазарман -окумуштууларды жалдап террорчулукка каршы дейби айтор, илимдин кандидаты болуп турган чагы. Эми болсо жаңы бийлик учурунда жөн эле турбай, "министр болсом, же ушул ордумда калсам, болбосо илимдин кандидаты катары ИИМдин Академиясын чапчып калсам жакшы болот эле" деп достору менен акылдашып турган кези экен түн уйкусу түн качып, күн уйкусу күн качып.
ИИМде ушу жана ушуга окшогондорду колдоп жаткандардан арылмайын - ИИМге эч ким, эч кандай РЕФОРМА жасай албай тургандыгын, бөркүңүздөй көрүңүз…
Жаңы президентибизге бул маалыматтар жетпесе да Фаридге окшогон мыкты кеңешчилери абалды туура түшүндүрүп, ИИМдеги абалды оңдоого шарт түзүп берсе жакшы болот эле дешип, милиция кызматкерлери жыл бою айтып эле жатат, жана дагы да айтыша бермекчи. Мыкты профессионал жигиттер турганда - эски бийликтин түздөн түз куйруктарын колдоп турганыбыз учурдагы бийликке жакшылык алып келбестигин, билип туюп турсак дагы, моюн толгоп турганыбыз болбос, мезгил да бизди кечирбес…
Азыр да болсо ойлонууга болот, чечсе да болот. Дайыма кечигип, бармагыбызды жыл бою тиштеп жүргөнчө - ар кимге баа бергенге эртерээк камылга көрсөк деген үмүт тилек - учурдун мыкты төбөлдөрүнө арналат.

Пулат Аскенбаев




  Жомоктор дүйнөсүндө…

Жогорку Кеңештеги
жоруктардан...

Жогорку Кеңеште 7-декабрда төрага Ахматбек Келдибековго ишеним көрсөтпөө маселесинин тегерегинде кызуу талаш-тартыш болуп, ал түгүл уруш чыгып кете жаздады. "Ата Мекен" фракциясы 30-ноябрдагы жыйынындагы Ахматбек Келдибековго "кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен байланышкан", "мамлекеттик кызматкердин этикасын бузган", "KG номурларды туш келди тараткан", "төрага деген бийик наамды бир катар этикалык нормалар боюнча дискредитациялады" деген сыяктуу 15 пункттан турган айып-дооматтарын күн тартибине киргизүүнү парламенттик жыйында сунуштап, ишеним көрсөтпөө тууралуу маселени кароону талап кылды. КСДП фракциясы Ахматбек Келдибеков Жогорку Кеңеште түзүлгөн кырдаалды курчутпастан кызматынан өз ыктыяры менен кетүүгө чакырды. Мындан улам Социал-демократтар "элдин Жогорку Кеңешке болгон ишенимин кайтаруу үчүн, жаңы коалиция түзүлүп, жаңы төрага кызматка келиши, ал биримдикти, коллегиалдуулукту, мыйзамдуулукту жүзөгө ашыруучу таза адам болушу зарыл" деп эсептешерин жар салды.
"Ата-Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Келдибековду "креслого тырмышып, алайлыктардын намысын кетирбей кызматтан кетип калбайсызбы" деп кайрылды. Буга "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Жылдыз Жолдошева жооп кылып: " Сиз алайлыктарга тийишпеңиз. Биз көрдүк, намысы бар кишилерди курларын чечип алгандарын. Страус деп кемсинтпегиле. Спикер деген Кыргызстанды көрсөткөн чоң кызматтагы кызматкер. Парламент деген өзүн өзү сыйлаш керек. Баарын мыйзам чегинде чечели. Айрымдар Конституцияны кыйратып жазып койгонсуп, мен атасымын дей берсе, өзү спикер болбой калса эле элди кетсин дей берсе...", - деп агынан жарылып, Текебаевди тепкиге алып, каарып өттү. Ал эми депутат Дамира Ниязалиева болсо аталган маселени регламент боюнча кароо керектигин, төрага депутаттардын сөзүн укпай, көз жаздымда калтырып жатканын айтып, "сизге депутаттар нааразы, дайым ушундай иштерди жасаганыңыз үчүн", - деп нааразы болуп, төраганы айыптап өттү. "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев коалициялык макулдашууга ылайык, коалиция тарагандан үч күндөн кийин төрага кызматынан кетүүгө тийиш экендигин айтып, "бул талапты эмне үчүн аткарбай жатасыз" деген суроону Ахматбек Келдибековго кабыргасынан койду. Төрага мындай суроого кабагым кашым дебестен туруп: "Менин дарегиме жаман сөздөр айтылгандан кийин мен өзүмдүн абийиримди сакташым керек. Коалиция боюнча макулдашууга ылайык арыз жазышыңыз керек деп жатышат. Мен андай жазсам, анда Өмүрбек Текебаев айткандын баарына макул болду дегенди билдирет" - деп моюн толгоп, мен өз каалоом менен кетпейм дегендей көгөрүп, "эмне ызы-чуу болуп атасыңар, ушинтип жүрүп парламенттин түбүнө жетесиңер, самороспуск болосуңар. Токтоткула ызы-чууңарды" - деп коркутуп дагы алды. Бул сөзү менен Келдибеков минтип-ызы чуу сала берсеңер Атамбаев таратып жиберет абайлагыла дегенди кыйытты.
Депутаттар ортосундагы бир топ талаш-тартыштардан соң, "Ата Мекен" фракциясы регламентке ылайык, 10-декабрда Жогорку Кеңештин чукул жыйынын чакырып, төраганын маселесин кароону сунуштады. Бирок "Республика" фракциясынын мүчөсү Алтынбек Сулайманов маселени дүйшөмбү күнү кароо туура болоорун сунуштап: "Ишемби дем алыш күн. Ал күнү депутаттар чогулбай калышы да мүмкүн. Ошондуктан дүйшөмбү күнгө коёлу. Баарыбыз келип, төраганын маселесин карайлы. Төраганын күнөөсү далилденсе, ошого жараша жыйынтык чыгаралы" - деп билдирди. Айтылган сунушу кабыл алынып, Келдибековду кызматтан алуу маселеси 12-декабрда талкууланмай болду. Ага чейин "Ата-Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев тарабынан көтөрүлгөн сунушка ылайык, ар бир фракциядан бирден депутат кирген атайын комиссия Келдибековго карата айтылган дооматтардын канчалык негиздүү экенин териштирип чыкмай болду. Аталган комиссияга "Ата Журттан" Абдиев Курмантай, "Ар намыстан" Иманалиев Каныбек, "Республикадан" Бокоев, "Ата Мекенден" Райкан Төлөгөнов кирди. Комиссия дүйшөмбү күнгө чейин "Ата Мекен" фракциясы тарабынан төрага Ахматбек Келдибековго коюлган айыптардын чын-төгүнүн иликтеп, өз корутундусун парламентке берет.
Бул ортодо парламенттеги жыйындан кийин "Ата Журт" фракциясы Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибековду бир добуштан колдоого алуу тууралуу чечим кабыл алышканын айтышты. Анда "аталган фракциянын депутаттары Жогорку Кеңештин жыйынында жогорудагы чечимге каршы пикирин билдирсе, аларга карата чара колдонулсун" деп айтылат.
Мына ушундай талаш-тартыштардын жыйынтыгында төраганын маселесин дүйшөмбү күнү кароо чечилди.
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу














кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??