presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



  Кадам ушул…

Коррупция, сага "заказ"
берилди, акыркы сөзүңдү
айтып кал!
Бу адам турмушунда, бөтөнчө кыргыз турмушунда "айла жок" делген учурлар көп эле кездешип жатат, бөтөнчө эгемендик алдык дегенден кийинки жыйырма жыл ичинде. Мына "айла жок" абалдын бири, а балким башчыларынандыр, коррупцияга каршы күрөштөгү "айла жоктук" болуп турат. Бул маселеде "айла жокко, айла жок" деп кол куушуруп олтуруп алса деле жөндүү болоттур. Бирок, күрөшүүгө түр көрсөтүп турушубуз керектир.

Биз өткөндө Алмазбек Атамбаев жеңип алган ордуна олтура электе анын айтканын жаздык эле "коррупцияга каршы кандайдыр бир уюм уюштурат экен" деп. Ошону укканда тиги-мунусун териштирбей эле кубанып калганбыз, буюрса, коррупция дегениңдин таш-талканы чыгат деп. Анан ой токтотуп, ошол ойду жети өлчөп туруп шарт эттире бир кессек, коррупция дегениңди азыркы кыргыздар жеңе албачудай да көрүнүп кетти. Кеп кезегин ошол жагдай уласын.
Коррупциянын өзөгүн пара алуу менен пара берүү, жеп-жутуу түзөт эмеспи, ал жагынан кыргыз мамлекети дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт экен. Ага каршы күрөш жүрүп келет, бөтөнчө, кийинки бийлик учурунда дейли. Бирок да, жыйынтыгы көрүнбөйт го, жыйынтыгы… Себеп дегенде ошол жексур коррупцияң кыргыз турмушу менен камыр-жумур биригип, тамыры менен өзөгү бир болуп, турмушубуздун табияты ошондой деген абалга чейин жетип калыптыр. "Табияты" дегенибиз бир жаралган деген эле кеп, кыргыз коому менен коррупция бир болуп жаралбаганы менен кийин ажырагыс биригип кетип, табиятташ болуп калыптыр да. Ушул ойду эзип жиберсеңер, баары дааналана түшөт…
Айла жок, дале болсо ак дил адамдардын жүрөгүн ооруталы: балаңды бала бакчага бересиң-акча керек; мектебине бересиң же башка мектепке которосуң -акча керек; жогорку окуу жайына окутасың-акча; ишке орноштурасың -акча; ооруп каласың-акча; өлүп каласың-акча; айыл өкмөтүнө барып бир иш бүтүрөсүң -акча; милийсага ишиң түшсө-акча; прокуратура менен сотко ишиң түшсө- оңбогондой акча. Акча, акча, эми бир ирет, анан көп ирет акча! Акча дегениң ыймандуу делген элдин ыйманын жайлап тынды, ырыстуу делген элдин ырысын жалмап тынды, Улуу деген элди төмөн кылды, айкөл деген элди пас кылды… түбүнө түшүрө элек болсо, түбүнө түшчү кез алыс эместей сезилет…
Эми айла кеткенден коррупцияга каршы күрөшүү уюмун, комитетинби же тобунбу, айтор, бир бирикмесин түзгөнү турганбыз. Бул жөнүндө жаңы УКМКдин жаңы башчысы Эмил Атаханов журналисттерге билдирди. Эми коррупцияга каршы агенттик УКМКгнын алдында түзүлөт экен.
Биз билгенден милийсада да, прокуратурада да, коопсуздук кызматында да коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмдөрү болсо керек эле, анан калса финполиция дегени да бар эмеспи. Мына ошолорго ишеништин кереги жок тура. Эгер "коррупцияга каршы агенттик" түзүлсө тигилер таратылабы?!
Турмуштун өзүнөн сузуп алсак, анда коррупцияга каршы күрөш "катуу, жемиштүү" жүргүзүлүп келиптир: баланча деген жердеги мектептин деректири 1000 сом менен, түкүнчө деген жердеги мэриянын кызматкери 2000 сом менен, бир врач 2500 сом менен дагы бир паспорт берчү неме 10000 сом менен кармалыптыр. Ана эмесе, күрөшүү деген күчүндө, жан койгудай эмес! Ал ал болуп, миллион сом, миллион долларды жеп койгон немелер жыргаган жашоосун улантып турат го! Ошондой "барандуу, барктуу, эмгек сиңирген" коррупционерлер элдин "авангарды" болуп келе жатышат го! Алар неге жоопко тартылбайт, жок эле дегенде, алганын кайтарып ала албай турабыз го... Анткени, "коррупцияга каршы коррупциянер күрөшүп" жатат окшобойбу! Балээ деген ушинтип басат тура, анткени, илгерки бир орус акыны айтмакчы "карма ууруну карма" деп, короодо ууру жүрөт" кебетесинде болуп жатат.
"Корупционер" деген түшүнүк-термин лексикабызда орун ала баштаганда, "ал деген кандай неме болду экен, чет өлкөдөн бирде-жарымын кармап-матап келип көсөтүшсө болбойт беле" деп аябай таң калчу элек, кийин андай атты алып жүргөн немелер "иттин, эшектин, камандын" кара капталынан экен. Көрсө, биз менен эле бирге басып, сүйлөп, биз жуткан аба менен суудан жутуп, "таза бололу" деген ураанды чогуу-чаран чакырышып жүрүшөт экен. Алардын өңдөрү деле ар кандай: сымбаттуу, жылуу жүздүү, кара мүртөз, ак көңүл, урушчаак, айкөл… ж.б. белгилери жүзүнөн көрүнүп турат экен. Бир гана, чекесинде "коррупционер" деген жазуусу болбойт экен. Анткен менен эл дегениң укмуш да, коррупционерди дароо эле аныктап "ошол" деп билип коёт экен. Эл билгенден кийин жанагы укук коргоо органдары эки эсе мыкты билет да. Анан билсе эмнеге жоопко тарттырбайт. Коррупция маселесин кай жагынан баштасаң да ушул суроого келип такалат да турат!
Кыргыз коомчулугу негативдүү көрүнүштөрдү тез эле өнүктүрүп жиберүүгө жөндөмдүү экен, ошонун айынан коомубуз ыплас иштерге толуп кетпедиби.
Ооба, коррупция деген маселе бүтүндөй дүйнө жүзүнө тынчтык бербей жаткан учуру. Салыштырмалуу бир өлкөдө анын зыяны азыраак болсо, дагы бир өлкөдө биздегидей оор абал. Маселен, Норвегияда, Швецияда, Швецарияда, Данияда, Голландияда, Люксембургда, Германияда коррупция бар болгону менен өтө эле аз, ал эми Мексика, Бразилия, Турция, Египет, Пакистан, Афганистан, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан сыяктуу өлкөлөрдө коррупциянын күчү биздегиден кем эмес. Россияда да абал жакшы эмес, алардын президенти былтыр коррупцияга катуу күрөш жүргүзүү керек деп тынбай сайрап жатты эле, эми ал дагы "сууп" калгандай болду окшойт…
Эми коррупцияга каршы агенттикте кимдер иштейт? Аябагандай баш оорутчу маселе ушул болот. Анткени, акчага арбалбаган таза адамды табуу бүгүнкү күндө жомокту такымдай чабат. Ошол жерде олтуруп алып "коррупциянын башын сылап" турушса, анда кандай болот?! Экинчиден, агенттикте иштеген адамдарды тескегендер кимдер болот, ошол тескегендер өздөрү таза немелер болобу?! Көрдүңөрбү, биздин коомдо жакшылык оңой менен эле келе койбойт деген шек саноо болгону болгон.
Коррупцияга каршы жалгыз эле түзүлүп жаткан агенттик күрөшпөстөн, Кулмырзаев, Рустанбеков, Түлеев, Сааданбеков, Баекова, Кулов, Сыдыков, Сатыбалдиев, Келдибеков, Сулайманов, Костюк, Ташиев, Жапаров, Малабаев, Абдыраимов, Кадырбеков, Байболов, Казакбаев, Чудинов, сыяктуулар жардам берсин, аларда тажрыйба мол. Анан да Акаевдер, Майрамы менен бирге, Бакиевдер, Балкыбеков, Үсөнов, Ширшов, Танаевдерди бул жакка алып келсе, алар деле жардамын аябас. Көрдүңөрбү, бизде коррупцияга каршы күрөшүүчү "зор" күч бар. Алардын "күчүн" туура пайдалануу маселеси гана дурус чечилиши керек…
Кандай болгон күндө да кыргыз коомчулугу коррупцияга каршы күрөшүүчү агенттикке актык каалайт да... Башка кандай болмок…
Баратбай АРАКЕЕВ






кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??