presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Ченеми менен интернационалист болбойлубу
Баса калчудай болгону менен Жолдошева деген депутатыбыз кээдеси шашылыш чара көрчү маселелерди айтып турат. Анын кезектеги кабары боюнча түштүктө өзбектер кайрадан автономия маселесин көтөрүп, "биздин улутту басмырлап жатат" маанисинде ОБСЕге анкета түрүндө арыз жөнөтүшкөн экен.
Ашкере интернационалист болобуз деп башка улуттардын таман алдында калабызбы деген коркунуч курулай коркунуч эмес. Бийлик бул маселеде дагы да өлжүрөй берсе, далай коркунучтуу окуялар болуп кетиши турулуу…


Кубулмалар качан куулат?
Баш бакандыкка барсам деп эки көзү төрт болуп аткан Нариман Түлеев президентке кошоматты коштоп айтып, Атамбаевге жагыштын айласын издеп аткан экен. "Темир" мамлекеттик ишканасында иштеп туруп, "темир жутаар" атыккан Нарикеңдин кылбаганы жок. Убагында Бакиевди "атакелеп", "жаш апакесин" үй-жай менен камсыздап, ал гана эмес күнүмдүк тамак - ашына чейин ташып барып турганы эчактан бери эле айтылып келет. Заманыбыз бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү болуп өзгөргөн Нариман дагы бир заматта кубулуп, Атамбаевди да "атакелеп" ийгенге даяр турган экен. Айтор бийлик үчүн машаяктын өзүн да атасынан артык көрүп ийгенге даяр бул байкебизди премьерликке эмес, дегеле мамлекеттик кызматка жолотпошубуз керек эле.


Айдын бир бети жарык, бир бети караңгы
Экс-президент Р.Отунбаева "КРдагы парламенттик демократиянын өнүгүшүнө көмөк көргөзүү" деген конференцияда күтүүсүз жерден граждандык сектордун өкүлдөрүнө каршы чабуулга өттү. "Граждандык сектордун кишилери, силер өзүңөрдү кудайдай көрүп тайраңдап кеттиңер" - дейт. Роза Исаковна: -"Силер да жаңыланышыңар керек, өзүңөргө сын көз менен карай билгенди үйрөнсөңөр болор эле" - деди. Айтпаса жалганбы, НПОчулар аша чаап кеткен учурлары арбын. Өкмөттү алмаштыра албаарын билиши керек эле. Айрыкча алардын жүрүм-турумдарында мандем көп экени байкалууда. Мисалы телевизорго чыкканда алкылдап сүйлөшкөндү көнүмүш адатка айландырышканы калппы? Анысы кээде кудум эле ОБОНдун так өзүнө окшошуп кетет. Анан, жанакы, мониторинг дегендериңерди жүргүзгөнү келгенде чачыңарды жууп алып келсеңер артыкбаш болбос эле. Элге уят экен.


Кеңешбектин кетишинин бир себеби
Акматбек Келдибековду кепке жыккан "Ата-Мекен" фракциясы бир жыл илгери 1-январда атактуу "вор в законе" Камчы Көлбаев Караколдогу Максимден калган "Каприз" мейманканасында өлкөбүздүн экинчи үлкөн адамы Акматбек Келдибеков менен жолугуп, эзилеше масилеттешкенин айтып чыкты. ИИМдин иликтөөчүлөрү ЖоКенин башкармасы менен кылмыш дүйнөсүнүн башчысынын жолуккандыгы айныгыс факт экендигин айтышса, УКМКнын мурдагы башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат жыйын өткөрүп, "Жок, Келдибеков Камчы Көлбаев менен жолуккан эмес" - деп так кесе айтып, төрага үчүн төшүн тосуп берген жайы бар. Көрсө кызыктын баары ушул жерде экен да. Келдибеков менен Көлбаевдин көлдөгү жолугушуусунда аларды тосуп алып, буту-бутуна тийбей кызмат кылып жүргөндөрдүн арасында Ысык-Көлдүн башкы чекисти, Кеңешбек Дүйшөбаевдин кызматкери Мазарипов деген неме бар экен. Мунун баары жакында эле ИИМдин расмий маалыматтары менен коомчулукка ачыкталгандан кийин Келдибековдон башкасынын баары баштарын жерге салып, шылкыйып калышты. Кейпи "Акматбек апакай" деп чыккан Кеңешбек Дүйшөбаевдин дагы ошол окуяга кандайдыр бир тиешеси болгон окшойт. Дүйшөбаев Келдибековду калкалап, артындагы калбырын катыш үчүн маалымат жыйын өткөрүп, калпты ышкырткандыгы үчүн кызматынан ыргыды дегендер четтен чыгууда. Мунусу аз келгенсип Кеңешбек мырза чындап эле чекисттик кызматын кыйратып деле аткара алган жок. Жазында УКМК кызматкерлеринин Ташиевдин тентектеринен таяк жеп, Улуттук коопсуздук кызматыбызга болуп көрбөгөндөй сокку урулуганын да кыстара кетпесек болбойт.


Президент жаңы дайындоолорду жүргүздү
Алмазбек Атамбаев президенттик кызматына киришкени бир топ жаңы дайындоолорду жүргүздү. Атамбаевдин буйругу менен Мамыров Эркинбек Тобокелович президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, президенттин Аппаратынын укуктук камсыздандыруу бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Исаков Сапар Жумакадырович президенттин Аппарат жетекчисинин орун басары даражасындагы президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Карашев Аалы Азимович президенттин Аппаратынын мамлекеттик, аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Жолдубаева Индира Ырысбаевна президенттин Аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Токтогулов Кадыр Мирбекович президенттин аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси, президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды. Табалдиев Бусурманкул Бүркүтович Коргоо кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Икрамжан Илмиянов президенттин Аппарат жетекчисинин орунбасары болуп дайындалды.


Келдибеков Борбиевди түшүрөм дейт го
Спикер Акматбек Келдибеков Өзгөчө кырдаалдар министри Болотбек Борбиевди кызматтан кетирүү керек деген ниетин айтты: "Бишкек-Ош жолу канча күндөн бери жабык турду. Түштүктүн айрым айылдарында балдар дагы деле чатырларда окуп жатышат. Министрдин кылган иши - ар кандай тойлордо жүрөт. Мындай учурда дароо отставкага кетиши керек болчу. Жаңы өкмөттү кураганда ушуга көңүл буруш керек"-деп.
Боке Борбиев менен Камчыке Ташиевдин мамилеси аябай эле ысык. Демек, Келдибеков менен Ташиевдин ортосундагы тымызын кармаш улам күчөп барат окшойт. Эмненин ичинен чыгышаар экен?


"Петрол групп" текейден арзан ыйлап кетти
Бишкекте аукцион болуп өтүп мамлекеттин менчигиндеги "Петрол Групп" ишканасы сатылды. Жеңүүчү Кайрат Курбанов деген КРнын гражданы болуп чыкты. "Бишкек нефти компаниясынын" гендиректорунун орун басары. Ишкана 137, 924 миң сомго бааланып сатылып кетти. Асиресе, мамлекеттик мүлк министри Д.А. Кенекеев катуу нааразы. Анын оюнда "Петрол Групп" арзан кетти, 200 милллиондон кем болбош керек эле. Аукционго катышкан кардарлар-ШНОС, CRM жана К.Курбанов үчөө жең ичинен келишип карт белдик макулдашууга барышкан болушу мүмкүн. Антикоррупциялык агентствону ишке салып териштирип көрөбүз. Аукциондун чечимин жокко чыгарууга аракет кылабыз- дейт Кенекеев. Бирок, учурунда ошол эле мамлекет мүлк министрлиги антимонолисттерди компотенсиздиктери менен айыптап чыкканы белгилүү. Антимонополиялык агентствого ишеним жок деп келишкен. Кенекеевдин бул жерде айла куругандан алды алдынан тал кармап жаткан түрү бар.






кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??