Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Криминалың Жогорку Кеңеште жойлоп жүрөт экен
Акматбек Келдибековдун ишмердүүлүгүн текшерген комиссия мүчөсү "Ата Мекен" партиясынын өкүлү Райкан Төлөгөнов ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Алибаевден Жогорку Кеңештин аппаратында иштеген Фархад Исмаилов уюшкан кылмыш тобунун мүчөсүбү же жокпу аныктап берүүсүн сурады. Депутаттын айтымында Исмаилов Камчы Көлбаевдин жакын адамы экен, ал мурун соттолгонун жана бул жерге ишке алынганга чейин мамлекеттик иште иштеген эмес. Келдибеков төрага болгондон кийин Жогорку Кеңешке ишке алынган экен.


Элдин акчасына эс алганы кандай?
Бай - манаптык кылык жоругу күчтүү Акматбек Келдибеков Көлбаев менен майрамдаган "Каприздеги" эс алуусун Мамлекеттик салык кызматынын Ысык-Көлдөгү башкармалыгы толугу менен төлөп берген экен. Мындай кабарды ГУУРдун башчысы Тилек Алыбаев ЖКда расмий түрдө ачыктады. "Келдибеков "Капризге" 30-декабрь күнү келип, 1-январда Камчы Көлбаев менен жолугуп, 2-январда мейманканадан чыгып кеткен. Биздин кызматкерлер барып "Каприздин" кызматкерлеринен жана официанттарынан сураштырсак баардык чыгымдарды областтык салык кызматы көтөргөн экен" - деди. Акчасы ашып ташыган капчыктуулардын катарындагы Келдибековдун элдин акчасына үй бүлөсү менен эс алганы кайсы акылга сыят? Же элибиз салыкты "Келдибеков үй бүлөсү менен эс алсын" деп төлөп атабы?


Маа демектен миңге чык, бизди түйшөлтпө!
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов туура маселе көтөрдү: "белгилүү адамдардын юбилейлерин мамлекеттин эсебинен өткөрбөш керек" деп. Бул демилге жаңылык деле эмес, кези менен биздин гезит да айтып келатат.
Ырасында эле кийинки жылдары юбилейлерди өткөзүү ашкере чыгымдарга алып келип жатат. Беш-алты обон жазып коюп эле "юбилейимди өткөзгүлө, баланча деген орден бергиле" деп догурунуп жаткандары канча. Алтымышка, жетимишке, сексенге чыккандарын күч кылган акындар, жазуучулар, артисттер жана башка кесиптин адамдары толуп кетти. Ар кандай тойлорду өткөзүп тамак беримиш болуп суксуңдап акча чогултуп жатышат. Бул дагы биздин турмушубуздун бузулуп баратканын күбөсү…


Өзгөндүктөр өпкөбүздү үзөт го, ыя?!
Атамбаевдин дайындоолору ушундай болуп турат: президенттин аппарат башчысы Жантөрө Сатыбалдиев Өзгөндөн болот. Эми калганын карагыла: аппарат башчысынын орун басары Икрамжан Илмиянов өзгөндүк, аппараттын аймактык башкаруу жана кадрдык иш бөлүмүнүн башчысы Аалы Карашев өзгөндүк, президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Кадыр Токтогулов өзгөндүк. Булардын ичинен Токтогулов дегени журналистика жагында аты-жыты жок болгону менен бирге кыргызча тантырактайт экен дешет. Андай болсо, кудай берип салыптыр да ал тарапты!
Жогорларга кошумча УКМКнын төрагасы Шамил Атаханов да Өзгөндөн болот.
Бул "жакшы" жосун чымчым тузу кем тамактай болуп турат, эгерде өзгөндүн чыгааны Адахам Мадумаровду премьер-министр кылып шайлап алсак баары сонун болуп жатып калмак!


Шах-мат талаасында...
Канат Исаев, "Республика" фракциясынын лидери:
"Өз ыктыяры менен кетсин"
- Канат мырза, коалиция кайсы фракциялардын ортосунда түзүлүшү мүмкүн?
- Бүгүн эле эмес, бир жылдан бери биз КСДП фракциясы менен үзөңгүлөш иштеп келе жатабыз. Коалиция тараганга чейин көп нерселерде биргелешип, бир максатта натыйжалуу иштедик. Жаңы куралган коалициянын дагы өзөгүн КСДП, "Республика" фракциялары түзөт деген терең ишеним бар. Ал эми бизге кайсы фракциялар кошулат, алардын койгон шарты кандай, биздин максаттарыбызга ылайык келеби, баарын сүйлөшүү аркылуу чечебиз.
- Төрага Ахматбек Келдибековго байланышкан маселеге токтолуп кетсеңиз?
- Бул маселеге байланыштуу атайын комиссия түзүлүп, курамына ар бир фракциядан бирден депутат кирди. Айтылган дооматтардын баары иликтенип чыгат. Бирок айтып койчу жагдай, коалиция тарап, көпчүлүк деген статусун жоготкондон кийин, төрага өзү кол койгон келишимге ылайык, үч күндүн ичинде өз каалоосу менен кызматтан кетиши керек болчу.
- Келдибеков жүздөн ашык депутаттын добушу менен шайланганын, мыйзам боюнча төрагалыктан сексенден ашык депутаттын добушу менен кете турганын айтып жатпайбы?
- Биринчиден, коалициялык келишим Конституцияга карама-каршы келбейт. Коалициялык келишимде баланча депутаттын добушу менен кетет деп жазылган эмес. Коалиция тарагандан кийин төрага жигитчилик кылып өз ыктыяры менен төрагалыктан кетет деген жигиттик келишим бар болчу. Ал эми мыйзам боюнча төрагага ишенбөөчүлүк жаралса депутаттардын үчтөн эки бөлүгүнүн добушу менен кызматтан кетет деп жазылган. Бирок бул жерде биз төрагага ишенбөөчүлүк көрсөтүп, депутаттардын добушу менен кетсин деген жокпуз. Өз ыктыяры менен кетсин деп жатабыз.
- Бир жылдай иштеген коалициянын жетекчиси катары, коалициянын ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?
- Албетте, бир кылка баары жакшы болду деп айтуудан алысмын. Айрым учурларда коалициянын ичинде келишпестиктер болду. Ар түрдүү оюндар жүрдү. Бир маселе боюнча эки башка көз караштар орун алып жатты. Ошол эле учурда жакшы дагы мыйзамдар кабыл алынды. Эми жаңы түзүлчү коалицияда мурунку кеткен каталыктарга жол бербөө үчүн, идеялары, программалары жакын фракциялар коалиция түзсө деген ойдобуз.
- Бул жолку коалиция дагы мурункудай кылып гезиттерге чейин бөлүшпөйбү?
- Мурун деле гезиттерге чейин бөлүштүрүлгөн эмес. Ал кезде биз биринчи жолу коалиция деген эмне экенин башыбыздан өткөрдүк. Бул жолу андагы кемчиликтерди кайталабай, баарына мамлекеттик кызыкчылыктан туруп мамиле жасайбыз. Саясий чоң-чоң кызматтар гана бөлүштүрүлбөсө, мурункудай көрүнүштөр болбойт.
Маектешкен
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу




А.Атамбаев:
"Өткөндөгүдөй күнүгө интрига, чатак чыгарышса, ишиңизден майнап чыкпайт"
8-декабрда Президенти Алмазбек Атамбаев КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго башкаруучу коалицияны түзүүгө мандатты тапшырды. Тапшырып жатып Атамбаев:
"Конституцияга ылайык, мен сиздердин фракцияңызга башка фракциялар менен бирдикте башкаруучу коалицияны түзүүгө жана өкмөт башчысына талапкерди көрсөтүүгө сунуш кылам. Элибизде өлкөбүз тез арада бутуна туруп, бийлик бутактары таза, ынтымактуу иштеп кетет деген чоң үмүт бар.
Жаңы коалициянын курамына кирген депутаттар элдин кызыкчылыгын өздөрүнүкүнөн өйдө коюшу абзел. Эптеп бийликке келиш үчүн келишимге кол коюп, анан өткөндөгүдөй күнүгө интрига, чатак чыгарышса, анда ишиңизден эч кандай майнап чыкпайт.
Ошондуктан, биринчи кезекте коалиция бирдиктүү, ынтымактуу болушу керек. Элдин акчасын, бюджетти үнөмдөп, парламенттик комитеттердин саны азыркыдай 16 эмес, ашып кетсе 10-11 болуш керек. Министрликтердин санын 15-16дан ашырбай тургандай мүмкүнчүлүк пайда болду.
Коалиция сот реформасын өткөрүүдө мамлекет башчысына жардамчы болушу керек. Элибиз соттор адилеттүү, таза болсун деп талап коюп жатат. Уурулар, паракорлор түрмөдө отурсун деп талап коюп жатат. Ошондуктан, бул талаптары парламент да, өкмөт да аткарууга милдеттүү. Бийликтин жалгыз булагы - эл! Мен да өлкө башчысы катары элдин ушул талаптарын толугу менен колдойм. Ушундай шарттар менен сизге башкаруучу коалицияны түзүү сунушун берип жатам. Биздин эң негизги милдетибиз - ыймандуу бийликти түптөө. Кудай өзү жардам берсин!"-деди.