presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Чачыла…
Азиза кош бойлуу…
Бир кезде аты жалпы журтка белгилүү болгон ырчы Мухтар Атаналиев менен ырчылык өнөргө кадам таштаган эстрада ырчысы Азиза ырчылык өнөр менен үй-бүлөнү бирдей алып келүүдө. Дегеним, ырчы айымыбыз турмушка чыгып, бир үйдүн куту болгонуна карабай чыгармачыл жаатта да жигердүү эмгектенип, бир топ жаңы ырларды жаздырууга жетишкен. Бул эң башкысы эмес. Кубана турган кабар Азиза жакында эне бактысына ээ болгону турат. Айы жакындап калгандыктан Азиза жаңы жылдык кечелерге катыша албай жатат. Эч нерсе эмес, мындай майрамдар алдыда арбын болот. Эң башкысы ырчы айымыбыз аман- эсен көз жарып алсын. Аялзатына эне болгондон артык бакыт барбы?


Эрнест Абдыжапаров концерт берет…
"Боз салкын" тасмасы менен элге таанымал болгон белгилүү режиссер Эрнест Абдыжапаров тасма жаатында эле жүрө бербестен ырчылык өнөрүн да өркүндөтүүнү максат кылып, 15-16-декабрда жеке концертин тартуулаганы турат. Концерт А. Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында өтөт. Концертте Эрнест Абдыжапаров ырдагандан сырткары көптөгөн музыкалык аспаптарда да ойноп, элге өз өнөрүн тартууламакчы. Учурда режиссер мырзабыз концертин жогорку деңгээлде өткөрүүгө бүт күчүн жумшап, буту-бутуна тийбей чуркап жүргөн кези. Концертке Эрнест байкенин чыгармачыл жааттагы достору да катышмакчы.


Фарида эмнеге өкүнөт…
Кыргыз эстрадасында өз орду бар, көп жылдан бери өзүнүн жагымдуу ырлары менен эл жүрөгүнөн түнөк таап, көптөгөн ыр сүйүүчүлөрүнүн баасына татып сахнадан түшпөй келе жаткан ырчы Алина Жетигенованын окуучусу Фарида Карбосова кышкы суукта катуу урунуп, натыйжада үнүн жоготуп алыптыр. Ошол себептен ырчы айымыбыз жаңы жыл алдына көгүлтүр экрандан коомчулукка көрсөтүлө турган "21-кылымдын жылдыздары" аттуу майрамдык кечеге катыша албай калыптыр. "21-кылымдын жылдыздары" майрамдык кечеге катыша албай калганыма аябай өкүнүп жатам. Ал жерде жандуу үн менен ырдаш керек. А мен болсо үнүмдү жоготуп алгандыгыма байланыштуу, элге уят болбоюн деп катышкан жокмун. Бирок "Көгүлтүр от" деген жаңы жылдык кечеге катышып жатам" дейт ырчы.


Жанетта Канадага кетет…
Өзү кырдуу ырчылардын арасынан биринчилерден болуп "КРнын эмгек сиңирген ырчысы" деген ардактуу наамга ээ болгон эстрада ырчысы Жанетта Бобкова кайын атасы Юрий Бобковдун 55 беш жылдык мааракесинен кийин жаңы жыл алдында боло турган майрамдык кечелерге кызуу даярдык көрүп баштамакчы. "Жаңы жыл жакындаган сайын эч нерсеге убакыт жетпей жатат. Балам быйыл биринчи класска барган. Алар да мектепте жаңы жылдык кече уюштурушууда. Ага да кам көрүп жатам. Мындан сырткары өзүм да жаңы жылдык концерттерге катышып, бир бутум үйдө, бир бутум мектепте болуп бошобой жатам. Жаңы жылды жакшы тосуп алсак, Кудай буюрса, 2012-жылдын биринчи айынын башында Канадага сапар алганы жатам. Ал жакта иштеп жүргөн биздин бир боордоштор концерт берип кет деп чакырып жатышат. Ал концертке да даярдык көрүүдөмүн"- дейт Жанетта.


"Spice girls" деген топ түзүлөт…
Жаңы жылдык "Көгүлтүр от" майрамдык кечеси быйыл жылдагыдан өзгөчө өтөт. Бул кеченин уюштуруучулары жана кечеге катыша турган ырчылар азыртадан эле кызуу даярдыктарды көрүшүүдө. Өзгөчөлүгү - биздин ырчылар дүйнөгө белгилүү болгон Голливуд жылдыздарынын ырларын кыргыз тилине которуп ырдашат. Маселен, төрт дос: Айнура Салахидинова, Фарида Карбосова, Роза Шакирова, Айгүл Чалова көптөгөн мамлекеттерде ырлары хитке айланып, көптөгөн ыр сүйүүчүлөрүнүн сүйүктүү тобу болгон британиялык белгилүү "Spice girls" группасынын бир ырын кыргыз тилине которуп ырдашмакчы. Төрт ырчы кызыбыз аталган группадан ашсак ашып түшөбүз бирок кем калбайбыз деп "Spice girls" тобунун ырын которууга билек түрө киришүүдө.

Жаркынай КАДЫРКУЛОВА



кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??