presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кримбаян
Баратбай АРАКЕЕВ
"Шерлок Холмс" Манат
- Ушул биздин жай болот, оңой менен сиздей меймандар да келбейт, - деди Алик Манатты колдон ала үйгө баштап.
Манат эми гана жүрөгү опкоолжуй селт этти. Анткен менен билгизген жок. Заңгыраган бөлмөгө киришти. Манат мындай бөлмөлөрдүн неченин көргөн, бирок Американын кинолорунан. Тири шумдук жасалга. Төр жактагы укмуштуудай жумшак, көз жоосун алган диванга отуруп, бөлмөгө көз чаптырды. Маңдайда каминь от жаккандай балбылдайт, дубалдарда кооз картиналар, бир капталда шкаф толо китеп, экинчи капталда ар кыл вазалар, табылгыс идиштер салынган шкаф, бурч жакта килейген телевизор, катарында кичинеси, жерде кыргыздар кастарлап дубалга илип суктанчу килемдер... аял эмеспи, Манат көргөндөрдүн баарына суктанып алды. Комнатада Алик экөө гана. Бат эле астыга жапызынан келген столго түркүн даам жайнады, ичкиликтин түрү куюлду. Жакшы тамактанып келген немелер коюлгандарга колдору тийген жок. Шампан уурташты. Бир маалда Алик ордунан туруп, китептен төрт-бешти алып, анын артындагы дубалга орнотулган кичинекей сейфти ачты да, үч пистолетти алып Манатка сунду:
- Ушундай оюнчуктар менен ойноп көрдүңөр беле?
- Жок, - деди Манат болушунча өзүн токтоо кармап.
- Андай болсо бүгүн сизди ойнотоюн, макулсузбу?
Манат айтар жообун белендеди. Саамга ойлоно калды, жүрөгү дүкүлдөй сокту.
***
Алишердин минтип жаап-жашырбай эле тапанчаларды алып чыкканына караганда таянары, ишенери бар, өзү да, жүрөгү да тоо болуш керек. Неси болсо да кылмыш дүйнөсүндө акыркы адам эмес. Азыр зордуктап да, өлтүрүп да коюшу бар. Ким билет эле. Мен ушундай жигит менен сүйлөшүү жүргүзүп жатам деп эч кимге да айткан эмес. Манат санааркоосун билдирбеске аракет кылып күлгөн болду:
- Мындай оюнчуктар менен ойноп көргөн эмесмин.
- Эмне, силерди угродон тапанча аттырбайбы? - деди Алишер Манатты тике карап.
Манат делдейди. Кайдан билип алган? Эми жашырууга болбойт, ачыкка чыгыш керек. Калганын көрө жатар, мурундан суусун агызбачу ишке өзү келген.
- Аттырат, бирок закондуу түрдө атабыз.
- А бизчи?
- Силерди билбейт экенмин.
- Билбесеңиз билип алганыңыз жакшы. Ушул тапанчалар эртең эле ишке кириши мүмкүн.
- Кантип?
- Угродон угарсыңар...
Экөө саамга үн катпай калышты, шампан куюлду.
- Манат, айтыңызчы, мен угрого кандайча керек болуп калдым?
- Сиз эмес, башка, - деди Манат. Эми ал чочубай калды. Өзүн ишенимдүү кармады. - Үч бизнесменди бир күндө өлтүрүп кеткенин уктуңуз беле?
- "Мекен" фирмасында иштегендерби?
- Ооба.
- Үчөөнү тең жакындан болбосо да таанычумун. Бирок алар жөнүндө сизге маалымат бере албайм, "стукач" болуп көргөн эмесмин.
- Сизди андай деп айтканым жок.
- Анда эмне мени менен байланыш түзгөнгө аракет кылдыңыз? Эгерде азыр сизди зордуктап салсак кантесиз? Зордуктагандан кийин кетпей калсаңыз кантесиз? Сизди эч жерден таппай калышат, билесиз да...
- Табат, - деди Манат, - кимибиз кай жерде жүргөнүбүздү билип турабыз, түшүнсөңүз керек.... - ушинтип калп айтты.
- Билем. А бирок өмүр бою кайтарууда жүрө албайсыз да? Адам деген кинотеатрга барат, мончого түшөт, тойлордо мейман болот дегендей.... Болуптур, түз айтыңызчы, менин сизге кандай керегим бар?
- Мен ошол кылмыш боюнча иштеп жатам.
- Мен да бармынбы, өлтүргөндөрдүн тизмесинде?
- Жок.
- Анан?
Манат саамга жооп таппай турду да:
- Жардамыңыз тиет го дедим эле, - деди.
- Айттым го мен "стукач" эмесмин деп.
- Антпей да жардам берсе болот.
- Кантип?
- Кара-көк Мерседестүү, колунда татуировкасы бар, олбурлуу жигитти учураткан жок белеңиз?
Алишер дароо түшүндү ким жөнүндө сөз болуп жатканын, бирок айткан жок.
- Андайды билбейт экенмин, кезиктирип калсам, сизге бар деп айтайын... - аздан соң, Манатты акырын колунан алды: - Манат, мен сизди жактырып калдым окшойт. Чынын айтсам, зордуктап салсамбы деп да оюма келген. Эми ал ой эч качан кайталанбайт дейм. Мени менен сүйлөшкөнүңүздү да, көргөндөрүңүздү да унутуп салыңыз. А балким, бир күнү мен сиз менен ачык сүйлөшүп калармын. Азыр болсо үйүңүзгө жеткирип коёюн. Макулсузбу?
- Мейлиңиз.
- Алишер рулга өзү отуруп, Манатты үйүнө жеткирип, бөлмөсүнө киргизип, анан кетти...
***
Алишердин тобу менен "Базаржоктун" (бу жигиттин өз атын көбү билбейт, эки сөзүнүн бири "базар жок" болгондуктан ошентип коюшчу) тобу шаардын четиндеги бактын четинен жолугушту. Алишер үч жигити менен барды. "Базаржок" болсо эки машина менен келип, төрттөн сегизи түштү. Алишер менен "Базаржок" супсак амандашкандан кийин топтон бөлүнүп мындайраак басышты.
- Ии, - деди Алишер кекээрлүү, - мени кээ бир жерлерге жолобосун депсиң, төртөө болуп келсин десем, сегиз болуп келипсиң, айт эми, өзүмө!
- Эмнени айтат элем, биз дагы оокат кылышыбыз керек да.
- Ким оокат кылдырбай жатат?
- Сенин балдарың менин территорияма келип жатат, биздин нанды талашып дегендей...
- Эй, а сага ким бөлүп берди эле ошол территорияны? Ким бөлүп берди эле, ыя?! - Алишердин каны кайнап кетти.
- Мен эми бала эмесмин да, биз дагы чоңойбодукпу?
- Алишер "Базаржоктун" локуйган денесин бутунан башына чейин шылдыңдай да, кекээрлүү да карап алды:
- Ии, дөө болдум дечи?
- Болсо эмне экен?
- Эй, молокосос, ма демектен пил болуп кет, кит болуп кет, мага молокососсуң, уктуңбу? - Алишердин муштумдары түйүлө түштү...





кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??