presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Сот жүрүп жатат...
Эки дөө жөөлөшкөндө...
Чатакташуу кантип башталган?
Чырдашуунун сырын эми ачыкка чыгарууга туура келип отурат. Кыргыз элинин менталитетинде чындыкты жанына күч келгенде чыгарат эмеспи. Анын үстүнө "ММК жөнүндө" мыйзамдын 18-беренесинде маалыматты берген адамдын макулдугусуз ал тууралуу маалымат берүүгө тыюу салынган. Азыркы демократиянын шартында азчылыктын ал гана эмес жеке адамдын пикирин да жарыя кылуу да негизги мааниге ээ. Бул өңүттөн алып караганда учурда "ММК жөнүндө" мыйзам учурдун талабына жооп бербей калгандыгы, ал гана эмес юридикалык мыйзамдардын эскирип бүткөндүгү тууралуу ачык айтсак жаңылыштык болбос...
Эскерте кетелик. Азыркы күндө түрмөдө жаткандар менен андагы кызматкерлердин ортосунда тирешүүлөр күчөгөндүгү, жыйырма жылдын аралыгында бул тармактарда эки тараптын гана эмес, мурдагы жана кийинки жетекчилердин ортосунда тирешүүлөр күч алгандыгы, ал гана эмес бул жакта депутат менен бир канча кызматчылардын жапа чеккенин эч ким унута элек болсо керек. Гезитке коюлган доомат алардын мурдагы жана кийинки жетекчилеринин пикирлерин жарыялоо болуп калганын белгилеп коёлу.
Гезитибиздин кабарчысы ГУИНге жетекчи болуп барган Ш.Байзаков менен алгачкы маеги жарык көргөн. (Көлөмү жарым полоса, гезиттин жарым бети). Анда ГУИНдин жаңы жетекчиси ал маегинде мурдагы жетекчилер тууралуу терс пикирлерди айткандары мурдагыларга жакпай калган көрүнөт. Ошентип, мурдагы жетекчиси Э.Исаев алгач "Слова Кыргызстана" жана башка гезиттерге каршы пикирлерин билдирген. Гезиттин жазылбаган дагы бир "мыйзамы" бар, жарыяланган материалдардагы сын пикирлерге экинчи тараптын оюн да жарыялоо практикаланып келет. Ошол себептен кабарчыбыз Э.Исаев менен маек уюштурат.(Эки маекти тең даярдаган бир адам). Мында эки тараптын тең чычалоого негиз жок болчу.
ГУИНдин жетекчиси башкалардан мыйзамды жакшы билери талашсыз. Биздин өлкөдө "Мыйзам буйлаланган төө" экендигин эске алганбы, же "Бекер кепин табылса өлмөк бар" принцибин бекем кармаганбы, айтор "Фабула" гезити анын "кадыр-баркына доо кетиргени" үчүн миллион сом доо койгон арызын борбор калаабыздагы Октябрь райондук сотуна тапшырган. Арызда маектеги маалыматтарды төгүндөө талабы да коюлуп, бул адам гезиттин жалаң милдеттерин көргөзгөн да, ошол эле учурда ушул талаптарды коюуда өзүнүн аткара турган милдеттерин "унутуп" койгон көрүнөт? Гезитти сотко берип кадыр-баркын сактап калабы, же өзүнүн беделин ого бетер түшүрүп алабы, ал жагын да ойлонбосо керек? Ошентип, "Эки дөө жоолошсо, ортосунда кара чымын кырылат" - дегендей такталбаган маалыматка караганда, Э.Исаевдин маеги үчүн бир канча гезиттерди миллиондогон сом доого жыгууга күчтүү аракет жүрүп жаткан сыяктанат...
Мыйзамды баарыбыз сактасак ...
Ар ким бардык аракеттерин мыйзамга ылайык жасаганына каршылыгыбыз жок. Айрыкча, жетекчи кызматтагылар доо коёрдон мурда, "жети өлчөп, бир кессе" болмок. ММКнын 17-беренесинде гезиттеги маалыматтарды төгүндөө талаптарын алгач редакцияга коюшу керек болчу. Эгерде гезит бул талаптарды жүйөөсүз себептер менен жарыялоодон баш тартса, же бир ай мөөнөтүнөн кечиктирсе кызыкдар тарап ошондон кийин сотко кайрылуу укугуна ээ болору так белгиленген. Доогердин арызын сот иш өндүрүүсүнө алуудан мурда мыйзамдын ушул талабы аткарылгандыгы, же аткарылбагандыгы эске алынган эмес. Демек, КРнын Жарандык Кодексинин арызды кайтарып берүү жобосу бузулгандыгын белгилеп коюну туура таптык. Демек, доогерлер өздөрү биринчилерден болуп бузуп жатканы көрүнүп турбайбы. Дооматы күчтүү доогерлер деле "ММК жөнүндө" мыйзамдардын талабын так аткарып коюшса, биздин жолубузду бууп коюшмак.
Учурда доо арызды тапшырган тараптын эки жактоочусу менен иш жүргүзүүдө. Катардагы журналист менен соттук териштирүүдө атайын билимге ээ болгон юристтин кайым айтышуусунда алдын-ала сактанганчылык эмнени билдирет болду экен? Ошол эле учурда ГУИН мамлекеттик уюм болгондуктан жактоочуларга төлөнүүчү каражаттар кимдин эсебинен болгондугу да кызыгууну пайда кылууда? Мындай кырдаалды элибиз "шектүү шекинет" - деп коюучу эмес беле? Айтор, акчанын "жыты" аларды адашкан жолго салып койгондой таасир калтырат. Сот процесси али бүтө элек болгондуктан бул маселени ар тараптан талдоону кийинки саныбызда толук чагылдырууну туура таптык...
(Уландысы бар) Эртабылды АТТОКУРОВ






кыргыз тилиндеги гезит "Форум"





??.??