Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

12-декабрь генийдин туулган күнү...
Академик Абдылдажан Акматалиев:
"Ар адамдын түштөрүнө кирсеңиз…"
- Жакында эле Өзбекстанга барып келдиң кепти ошондон баштайлы. Генийибиз Чыңгыз Айтматовдун Өзбекстанда абалы кандай экен?! Былтыр июндагы Ош окуясынан кийин Айтматовду өзбек окурмандары кабыл албай атышат деген пикирлер басма сөздөрүбүздө жарыяланып кеткенин жакшы билесиң...
- Убактым Ташкентте тар болду. Бирок мен атайы китеп дүкөнүн кыдырып, Чыңгыз ага жөнүндө кабардар болгум келди. Эң биринчи жаңы эле чыккан "Өзбекстан Улуттук энциклопедиясын" карадым. "Айтматов Чыңгыз" деп бадырайта жазылып турат, портрети да бар. Өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу макала жакшы жазылган. Макалага колдонулган булак катары үч адабият берилиптир, белгилүү адабиятчы Георгий Гачевден кийин менин китебим жазылып турат. Кийинки тексттерди карасам Чыңгыз аганын чыгармалары өзбек, орус тилдеринде да көздүн жоосун алып турат. Жада калса жазуучунун акыркы романы - "Тоолор кулаганда" Гафур Ибраимовдун котормолорунда өтө көрктүү, кооз чыгыптыр. Ал эми Айтматовдун дээрлик бардык чыгармасын өзбек тилинде которгон Асил Рашидовдун (Өзбекстандын БКнын биринчи катчысы Шараф Рашидовдун иниси) "Аалам Айтматову" деген 2011-жылы чыккан макалалар жыйнагы өзүнчө сөз кылууга татыйт. Асил ага менен мен да 1982-жылы Ташкентте таанышып, Чыңгыз ага жөнүндө андан "Талант баардыгыбызга тең орток" деген маек алган элем, ал Асил Рашидов жөнүндөгү башка бир китепке кириптир. Чыңгыз Айтматовдун Өзбекстандын окурмандарынын ичинде кадыр-баркы бийик экендигин өз көзүм менен көрүп, кулагым менен угуп, өтө канааттанып калдым.

- Сени менен байланышайын десем аңгыча Казакстанга "зуу" коюпсуң. Ал жактан кандай кабар менен келдиң?!
- Чыгармачылык графигим ошондой болсо кантем. Казак туугандар менен Чыңгыз аганын да, менин да байланышым өзгөчө. Айтматов да, мен да алар менен чыгармачылык тагдырлаш болдук. Чыңгыз ага сыяктуу казактын үлкөн акын-жазуучулары, окумуштуулары менен тыгыз аралашып келдим. Баса, "Ауэзовдук энциклопедия" жаңыдан чыгыптыр. Чыңгыз аганын орду турат. Аны менен катар менин да өмүр баянымды өз алдынча энциклопедияга жайгаштырышыптыр. Ким ойлоптур казак агаиндердин энциклопедиясынан мага орун берилет деп. Кантип анан сыймыктанбай коё аласың?! Казак туугандарга рахмат! "Ауэзовдук энциклопедияны" кызыга барактай баштасам, "Манас" эпосу, Сагымбай Орозбаков, Токтогул Сатылганов, Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков агаларыбыз менен чыгармаларыбыз да жүрөт. Энциклопедиядан менин "Мухтар Ауэзов жана кыргыз адабияты" деген көлөмдүү макалам да орун алыптыр. Кезеги келгенде айта кетейин, 1989-жылы "Жазуучу" басмасынан казак тилинде менин "Эгиз элдин обону" деген китебим жарык көргөн эле. Казакстанга Аль-Фараби атындагы улуттук университеттин магистратура менен аспирантура бөлүмүндө окугандарга лекция окудум. Алар менен бирге Чыңгыз Айтматовдун "Делбирим", "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" деген повесттеринин негизинде коюлган спектаклди көрүп кайттым.
Казак театрынын өсүшүнө да Айтматовдун ролу зор. Бир эле фактыны айтайын. 1969-жылы белгилүү режиссер А.Мамбетовго "Саманчынын жолу" спектаклин москвалыктарга эң жогорку деңгээлде тартуулаганы үчүн СССРдин маданият министри Фурцова алкыш жарыялаган. Филология илимдеринин кандидаты, акын-журналист, "Казкурт" басмасынын директору Темиргали Көпбаев Чыңгыз Айтматовду эскерип мындай деп жатпайбы: "Мен 80-жылдары, 20 жашымда аскерден келген элем. Жумуш издеп жүргөн учурум. Күндөрдүн бир күнүндө Чыңгыз ага түшүмө кирди. Түшүмдө ардактуу төрдө Чыңгыз ага отурат. Мени чакырып, жанындагы киши менен тааныштырып: "бул адам Түркстандан келген. Мен сага бата берейин. Сен энеңден нан сурап кел" - дейт. Мен үйдү көздөй чуркап баратсам, энем алдыман чыкты. "Эне - дедим - мага Чыңгыз ага бата берем деп жатат. Нан берчи мага тезирээк" десем, "Ошону билип нан жасап сага алып келе жатпаймынбы", - дейт. Мен нанды алып чуркап бара жатып ойгонуп кеттим. Капа болдум. Түшүмдү энеме айтсам, "Чыңгыз агаңдын сага бата бергени сени нанга жибергени. Сен Чыңгыз агаңдай калемиң менен нан таап жейсиң" - деп жоруп, бата кылып койду. Ал мезгилде мен ыр жазчу да эмесмин. Кийин тагдыр экен, филология факультетине түштүм, жыйырма жылдан кийин "Жибек жолу" деген эл аралык фондунун вице-президенти катары бул фондунун Ардактуу президенти Чыңгыз Айтматовду Алма-Атадан тосуп алдым. Аябай толкундадым, сыймыктандым. Чыңгыз агага түшүмдү айтып берсем таңданып, "түшкө ишенсе болот" - деди. Түшүм орундалып калем менен нан таап жашап келем".

- Кызык экен... Окурмандардын Айтматовду көргөн түштөрүн жыйнаса өзүнчө эле бир чыгарма болобу дейм. Сен да бул ойду билдирип окурмандарга кайрылгандыгыңды билем. Жада калса Айтматовдун түшүн, өзүңдүн түштөрүңдү ырга айланттың. Түштү Айтматов да чыгармаларында сүрөттөгөн эмеспи.
- Түштү Чыңгыз агай көп көрөр эле. Көзү илинип-илинбей жатып, түш көрүп баштаарын айтчу. Чыгармаларында түштү көркөм каражат, ыкма катары колдонгон учурлары да арбын. Маселен "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөттөгү" Орган карыянын түшү "Кылым карытаар бир күндөгү" Эдигейдин, Үкүбаланын түштөрү, "Кыяматтагы" Акбаранын түшү, "Кассандра тамгасындагы" Роберт Борктун, "Кайрылып куштар келгенче" аңгемесиндеги Эламандын түшү. Түштөр жазуучу тарабынан каармандын аң-сезиминдеги сезилип-сезилбеген өзгөрүүлөрдү күзгүдөй өзүндө чагылдырып бере алуучу же келечек болумушунан аян берүүчү көркөм психологизмдин эң зарыл элементтеринин бири катары же символдук жалпылоонун ийкемдүү мүмкүнчүлүктөрүнүн бири катары колдонулат. "Ала Дөбөттөгү" Айым-Балыктын мифологиялык образы деңиз жээгиндеги нивхилерге жашоо үчүн эң негизги азык берген, алардын укум-тукумунун уланышына шарт түзгөн символдук образ, Жер-Эненин образы сыяктуу энелик образ. Ал түгөйү жок жалкы образ катары продуктивдүү эмес. Ал ойлонуштурулган көркөм модель боюнча өзүнө аталык образды талап кылып турат. Турмуш мыйзамына, ошол эле учурда поэтикалык эстетика мыйзамына негизделген андай образ - Орган карыянын аталык образы. Ал жер бетине урук сээп, түшүм алууну үйрөткөн Баба дыйкан сыяктуу нивхи урпактарына мергенчиликтин салт-санаасын, жөрөлгөлөрүн үйрөткөн Улуу Мерген. Айым-Балыктын мифологиялык образы менен Орган карыянын реалдуу образынын эриш-аркак жуптук байланышы жөнүндөгү автордук идея Органдын түшү аркылуу поэтикалуу формада иш жүзүнө ашырылган. Айым-Балыксыз Органдын образы, Орган карыясыз Айым-Балыктын образы өзүнүн мынчалык көркөмдүк бийиктигине, мазмундук тереңдигине жете албайт эле. Ал эми Эдигейдин тыюуга көнбөй тынчын алган Зарипа жөнүндөгү кыялдары, күнөөлүү, күнөөсүз, негиздүү, негизсиз деген сыяктуу эч бир аныктамага сыйбай турган Үкүбала-Эдигей-Зарипа үч бурчтугуна карата автор символикалык-метафоралык каймана маанилерге бай алтын мекре жөнүндөгү Эдигей менен Үкүбаланын түштөрүн пайдаланган. Дегеле Айтматовдун түштөрдү чыгармачылык менен пайдалануу чеберчилиги өтө кызыктуу.

- Айтматов жөнүндө көп эле илимий эмгектерди жаздың. Кийинки мезгилдерде ырларыңда бийликтин Айтматовго карата терс мамилесин ачыктан-ачык эле сындап жазып жүрдүң. Так айтканда саясий оппозициядагылар көчөгө чыгышып, митинг уюштуруп жүргөндө сен ырларың менен окурмандардагы бакиевдин бийлигине карата жек көрүүгө үн кошуп, оппозициядагылардын ишин сүрөп, атуулдук парзыңды аткаргандай болдуң...
- 2005-жылдын 24-мартынан кийин Чыңгыз агайдын өмүрүнө, жашоо-турмушуна, билинбеген менен өзгөчө Жан дүйнөсүнө бийлик тымызын да, ачык да катуу сокку урду. Бийлик Айтматовдон моралдык чоң колдоо күткөн эле. Бийлик Айтматов үчүн эмес, Айтматов бийлик үчүн керек болчу. Ойлошкон, биз Айтматовду танк катары алдыга салып алабыз да, карапайым элди каалаганча алдай беребиз деп. Айтматовдун ааламдык аброю аларга калканыч болуп берет дешти. Бирок, Айтматов моюн толгоп койду. Ошондо айласы кеткен бийлик өз кызыкчылыгын орундатуу үчүн көп эле тескери иштерди жасашты. Ала-Тоодой кадыры бийик инсандардын бул турмушта жашап турганын каалашкан эмес. 2008-жылды эстечи. Кудай алдында бирөөнүн күнөөсүн албайлы, бирок бийлик аларды колдон келишинче жүдөттү го... Анын ичинде Айтматов, албетте, биринчи эле. Бул тууралуу басма сөз беттеринде өз убагында көп эле пикиримди билдирген элем. Бийликтин Чыңгыз агайга жасаган кайдыгер жана терс мамилесине чыдабадым, каяша ойлорумду поэзиянын тили менен берүүгө туура келди.

- Тура турсаң. Айтматов бийликтин каарын сезди беле?! Эмне үчүн унчуккан эмес?! Болбосо башка мамлекетке, жок дегенде Россия менен Казакстанга кетип калбайт беле?! Балким,..
- Сен айтсаң мага "Ак кеме" повести эсиме түшүп жатат. Чыгарманын финалы менен айрым окурмандар келишпестиктерин билдирип, басма сөздөргө минтип жазышкан эле: "Момунду пенсияга жөнөтүп, Орозкулду кармап, Баланы интернатка орноштуруу керек..." деп. Көпчүлүк сен ойлогондой дешет. Бийликтин терс мамилесин башканы кой, жөнөкөй эле күндөлүк турмушунан сезип жүргөн. Мисалы, үйүндөгү ичиле турган сууну бууп коюшту, жарыкты өчүрүп коюшту, жылуулук бербей коюшту, жада калса бассейнге киргизбей коюшту... Ошондо үй-бүлөсү Москвага кетип калалы дешип, бирок Чыңгыз агайды көндүрө албай коюшкан. Чыңгыз агай да мени менен бул жөнүндө бир-эки жолу сүйлөшүп, пикиримди сураган. "Сиздин Кыргызстанда эле турганыңыз жакшы го... Окурмандардын көбү Сизди чет өлкөдө жүргөндө качан келет деп сурай беришчү" дегем. Чыңгыз агайдын да жыйынтыктоочу сөзү дайым "Мен да үйдөгүлөргө, тууган-туушкандарга жана жоро-жолдошторго айтып жатам - эч жакка барбайм, ата-журттан алыстабайм, эртели-кеч мекениме келишим керек болчу. Келдим. Оюмда бир топ сюжеттер бар, ошолорду иштеп калсам" - деген сыяктуу сөздөр менен аякталчу. Агайдын оюн улап кетчүмүн: "Кыргыз эли Сизди сагынып жүрөт. Сиздин окурмандар менен тез-тез жолугуп турганга шарт түзүлөт. Ошко чейин барып, кыдырып келсеңиз жакшы болоор эле."
Чыңгыз агайга өлүм капысынан, күтүүсүздөн жолукту. Азыр коомчулук үчүн ар кандай диагноздорду коюп, варианттарды айтып, божомолдоп жүрүлө берээр. Бирок, мен толук ишенем, бир кезде Чыңгыз агайдын өлүмгө кириптер болуу жагдайларынын табышмактуу сырлары ачылат деп. Бийлик жеке кызыкчылыгын коюп, Ааламдык Айтматовду көздүн карегиндей сактап, коргоп, камкордук кылышы керек эле. Адамзаттын Улуу талантынын алдындагы жоопкерчиликтен, милдеттен баш тартуунун өзү дүйнөлүк чоң күнөө болчу.

- "Арбактар баркталбай, тирүүлөр даңкталбайт" - деген элибизде макал бар. Айтматов эми арабызда жок, кыргызга сыймык, туу болуп берген анын арбагын сыйлап, өз деңгээлинде даңаза кылып туруубуз керек го?...
- Чыңгыз агайдын арбагы менен бийликтин тирешкенине да күбө болдук. Өзүнчө эле өчпөс тарых болуп калды го, ал заман. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына өзүңөр күбө болдуңар. Узатууга катышуу ниетин билдирген сырт жактагыларга да тиешелүү жооп болбоду, көңүл бурулбады. 80-жылдык маарекеси өттү деген отчет үчүн эле керек болбосо, элдин эсинде калган жок. Жылдык ашына бийлик үндөп да койгон жок. А ошол эле мезгилде шаан-шөкөттөр күндөп-түндөп болуп, "Манас" эпосунун терс каармандары Ала - Тоо аянтына коюлуп фонтандар бийлеп, "көңүлдүү" жашап атпадыкпы?! Мен бийликти, жаңы маңкурттардын ишин, чыккынчылыктарын, элин тепсеп жана эзип жаткандыгын сындап, жек көрүп, аларды "Чыңгыз агайдын арбагы уруп кетсин" - деп жүрдүм.

- Урду го. Кургак болбос үчүн ырыңдан анда мисал келтирип кетпейсиңби?!

Меймандар да суроо салат
кадала,
Неге кетти Президент да
шашыла.
Кана Премьер, кана спикер, шаар
мэри, -
Үйлөрүндө жаткан беле жашына.

"Кошоматка кой сойгонду
билбесең", -
"Өпкүн" - дешет көтөрүшүп
таманды.

Бийлик уучтап кээ бир пенде
чиренет,
Элдин нерви пружинадай
тирелет.
Казан баштар, чедирейген
курсактар, -
Элдин баркын, Сиздин баркты
биле элек.


- Мен Караколдо радиодон ырларыңды уктум. Ырларыңды уксак, окусак Айтматовдун дүйнөлүк даңкы, аброю, коомдук, мамлекеттик ишмердиги, өзгөчө Адамдык айкөлдүк сапаттары ачылып берилиптир. Ошону менен бирге бийликтин ыпластыгы, коомубузда болуп жаткан жат көрүнүштөр, элдин жакыр жашап жаткандыгы, окурмандардын атуулдук парзы, кыргыз тилинин абалы ж.б. толгон-токой маселелерди поэзиянын тилине салыптырсың...
- Айтматов мен үчүн илимий ишимде да, чыгармачылыгымда да бүтпөс тема. Улам жаңы нерсе жазсам деген тилегим бар. 35 ыр циклин жазыптырмын, Чыңгыз агага арнап, ошолордун бардыгы биригип радиодон жаздырганда 5 сааттык берүүлөр болуптур. Атайы дискке чыгарылыптыр, теле да анын негизинде кино тартты. Азыр казак тилине толук которулуп жатат. Орус, түрк тилдеринде үзүндүлөр басма сөздө жарык көргөн эле. Айтматов менен коомду бөлүп салууга болбойт. Бир ырымда жазган элем, "Айтматовго чейинки, Айтматовдон кийинки мезгил" - деп, анын сыңарындай, коомубузда болуп жаткан оош-кыйыштар менен Чыңгыз агайдын элесин байланыштыргым келди. Ырлар бир дем менен жазылып жатты, ар биринин жазылуу тарыхы бар.
Мен кандайдыр бир атайы максат кылып жазайын деген оюм жок болчу. Бүгүнкү замандын портретинде кара боёктор көп болуп жатпайбы?! Жазуу эле оңойбу, андан көрө жазбай койсок гана?! Абийир, Адилет, Калыстык жок. Балким, мына жаңы Президентибиз А.Атамбаев өткөн-кеткен кемчиликтерди оңдоп, эң башкысы адамдардын жан дүйнөсүнө ишенимдин, жакшылыктын үрөнүн себээр, бийликтеги чырмоок сымал чырмалышып кеткен маңкурттарды тазалаар. Алмазбек Атамбаевдин түздөн-түз кийлигишүүсү менен Манас менен Чыңгыз агайга эстелик коюлуп жатпайбы! Бул, албетте, жакшылыкка кадам таштоонун башталышы. Чыңгыз аганын жаркын элеси жаңы Президенттин учурунда жаңы көркөм түстөр менен жарыктанат деп ойлойм.
- Маегиңе рахмат!
Маектешкен
Баратбай АРАКЕЕВ