Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Куюшкан

Парламент атасынын сакалы менен ойной баштады
Мурду бучук, көзү көр ЖК келе жатыр,ай,
Кыска чөптүн баарысын коруп келе жатыр,ай,
Узун чөптүн баарысын оруп келе жатыр, ай.
Эл муңу
Парламенттин кыпчылбаган куюшканы калбай баратат. Жаңы шайланган президент менен келечектеги министирлер кабинети сааты чыгып толук кандуу ишке киреше элек учурду пайдаланып ЖКтин мамлекеттик башкаруу бийлигин четинен өөнөп тизесине бүгүп басып алуу боюнча жараяңын баштаганы ачык болуп калды. 1-декабрдагы президенттин инагурациясынан кийин парламенттик көпчүлүк коалициясы түзүлүшү менен алар премьер менен өкмөттүн курамын аныктоо үчүн талап кылынган тилкени камтыган бийлик вакууму депутаттар үчүн көктөн тилегени жерден табылгандай иш болду.

Парламенттин сессиясында депуттардын бйликке жана мамлекеттик ресурстарга көз арткан ич күптүү "жүрүштөрүнүн" болуп турушу демейдеги көрүнүшкө айланып барат. Парламенттин пайдасы үчүн бийликти бөлүштүрүү боюнча ар кандай мыйзам актыларын түзүп, токтом токуп турушпаса депутаттар ыраазы болушпайбы, шакыйлары кармап калабы дейсиң. Ар бир сессиялык отурумунда кол ийрисине тарткан чечимдердин чыгышы адатка айланып кетпедиби. Же чукул кырдаал жарыялоо укугу президенттин прерогативасынан алынып салынып ЖКтин энчисине өткөрүлүп берилиши жөнүндө токтом пайда болот, же энергетикалык (свет, газ жана жылуулук) тарифтерди аныктоо ЖКтин депутаттарынын эркине баш ийип калышы боюнча чечим чыгарылат. Иши кылып парламенттин ишинде кайсы бийлик бутагы кандай иштер менен алектениши керек экендигин аныктап дерективалык көрсөтмө берген мыйзамдардын чыгышынын эрөө-төөнү болбой калганын көрөсүң. ЖКтин 17-ноябрындагы жыйынныда "КР элчилик кызматы жөнүндөгү" мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү боюнча мыйзам биринчи окуусунда кабыл алынды. "Мыйзамдын мурдагы редакциясында президент мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт да, тышкы саясатты жүргүзүнү жетектейт деген норма алынып салынды"-дейт "Республика" фракциясынын депутаты А.Баатырбеков. А.Баатырбековдун айтымында мындан ары мамлекеттик башкаруудагы укуктук мейкиндикте башкача абал түзүлүшү кажет. Эгер депутаттын айтканын карапайым тилге которсок "президент Кыргызстандын ичинде гана президент, тышкы өлкөлөргө барганда ал мамлекет башчысы болуудан калат" деген ой кыйытылып турганын баамдоо кыйынчылык жаратпайт.
Тилекке каршы, жаңы Конституцияда тышкы саясатты ким аныктап, ким жетектээри ачык так жазылган эмес. Анткен менен Жогорку Кеңеш эл аралык келишимдерди ратифициялайт жана денонсициялайт, ошол эле кезде ЖКнын Төрагасы Кыргызстандан тышкаркы өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин атынан гана сүйлөшүү жүргүзө алат деп жазылат. Кыргыз Республикасынын Президенти болсо мамилекттин башчысы катары элдин биримдигин туюндуруп эл аралык карым катыштарда өлкөнү жетекчиси болуп эсептелери белгиленет.
Парламент ошону менен эле шүгүрчүлүк кылып токтоп калбаптыр: ЖКтин конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу комитети 22-ноябрдагы жыйынында "Нормативдик-укуктук актылар жөнүндө" деген мыйзамга оңдоо киргизүү биринчи окуусунда кабыл алды. Бул түзөтүүгө ылайык ЖКтин токтому президенттин чыгарган буйругуна караганда статусу жогору деп эсептелиниши керек экен. Ошол эле күнү комитеттин мүчөлөрү "КР референдуму жөнүндөгү" деген мыйзамга да оңдоо киргизүүгө үлгүрүштү. "Республика" фракциясынын депутаты Бакыт Төрөбаевдин айтымында мындан ары референдум чакыруу демилгеси жалгыз гана президентке таандык болбостон депутаттардын, өкмөттүн, ошондой эле 10 миң адамдан турган демилгечи топтун укугуна берилиши кажет. Ошентип парламенттин президентти туш тараптан тороп кысып келе жатканын байкоо кыйын эмес.
Казакстандын "Кулан кенинен" Бишкектин ТЭЦине радиациялык көмүр ташылып алынып келинишине байланыштуу чуулгандуу чуу чыкканы белгилүү. Парламенттик топ тарабынан көмүрдү сатып алуу боюнча тендер өткөрүү жана көмүрдүн радиациялык фонун текшерүү багытындагы териштирүүсү чатактуу ишке депутаттардын тийешеси бар экендигин аныктаган эле. Адегенде "Ата-Мекен" фракциясынын депутаты Райкан Төлөгөнов радициялык көмүр спикер А.Келдибековдун т.а. анын жардамчысынын протекциясы менен сатылып алынганын жарыялаган болчу. Андан соң, ат тезегин кургатпай, "Электр станциялар" ААКнун гендиректор Аман Тентиев ай сайын Жогорку Кеңештен 20-30 депутаттын көмүргө байланыштуу иштерге көрсөтмө берип телефон чалып турушу адатка айланганын ачыкка чыгарган эле. Бир сөз менен депутаттар чарбалык жана финасылык иштерге обу жок кийлигишип турууну адатка айландырып жиберишкенин баамдоо кыйынчылык жаратып жибербейт.
Дупутаттардын кыпчылбаган куюшканга кыпчыла беришинин өзүнчө чоо-жайы бар, албетте. Азыркы парламенттин мүчөлөрүнүн курамында коммерсанттар, бизнесмендер, шоумендер басымдуулук кылаары башынан белгилүү. Алар бийликти бизнес жасап баюунун булагы деп эсептешээри деле жашыруун эмес. Ошондуктан депутаттардын мандаттарын бийликти камчыга өлчөп бөлүштүрүү, чарбалык жана финансылык иштерди колго алуу аркылуу жеке кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн өнтөлөп жатышканы бекеринен эмес. "Кыздын сыры төркүнүнө маалим" делинет эмеспи.
ЖКтин депутаттар таасирдүү пресса менен сот системасынын үстүнөн көзөмөлүн орнотуу боюнча акцияларды баштаганына бир далай болуп калды. Паламенттин акыркы кездери өлкөдөгү мамлекеттик ММКларды, биринчи кезекте, электрондук прессаны ээлеп алуу үчүн көз кызарта башташкандары жашыруун эмес. 5-каналды парламенттик телекөрсөтүүгө айландыруу үчүн атайы комиссия түзүлүшү, мыйзамдаштыруу деген шылтоону бетке кармап КТРКдагы байкоочу кеңешти таратып, анын ордуна депутаттардын айтканын кылып айдаган жагына баскан "тил алчаак" жаңы курамды "шайлоо", ошону менен "нейтралдуу" позицияны тутунуп келеткан гендиректордун көзүн тазалап улуттук биринчи каналды депутаттардын кол баласына айландыруу акциялары айтканыбызга ачык далил. "Ата-Журт" фракциясынын депутаты С.Жапаров башында турган профилдик комитет тарабынан сотторду тандоо кеңешине көздөй болгон өз кишилерин киргизип сот системасынын үстүнөн көзөмөл орнотуу боюнча түзүлгөн "бозомтук схема" да парламенттин т.а "Ата Журттун" бийлик таасирин кеңейтүү аракеттеринин бири экени жалган эместир.
Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы конституциянын кабыл алынышы менен өлкөдө парламентти башкаруу формасынын киргизилгени жөнүндөгү жобону өлкөдөгү бүткүл бийлик парламентке таандык, башкалар ЖКга кың этпей баш ийиши жөн деп ашкере жана кыянат түшүнүп алышкан түрү бар. Алардын ар бир бийлик бутагынын-сот системасынын, аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруу бийлигинин ортосундагы тең салмактын сакталышы, ар биринин өз алдынчалыгы жана көз каранды эместиги жөнүндөгү демократиялык жөнөкөй принципти эске алгысы келбей чалкасынан кетип жатышканын көрүүгө болот. Парламенттин түпкү максаты депутаттардын коллективдүү диктатурасын орнотуу. Непадам, президент А.Атамбаев "Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасы мындан ары да өз калыбында сакталып кала береби" деген журналисттердин суроосуна "парламент парламенттик иштер менен алектениши лазым. Өкмөттүн ишине ыксыз кийлигишип жибериши олодоксондук. 20 жылдык көз карандыксыздык күбө болгондой диктатура менен автократияга алып бара турган абсалюттук бийликтин кереги жок экендигине көзүбүз жеткендей эле болбодубу"- деп жооп бергени бекеринен болбогондур.
Эгер, ЖК негизги функциясы болгон мыйзам чыгаруу ишин унутта калтырып мамлекет башчысына таандык конституциялык полномочиелерин четинен оттоп буттап басып алуу, өкмөттүн чарбалык-финансылык иштерине обу жок кийлигишүүсү, сот системасы менен ММКларды кол балага айландыруу аракеттерин т.а парламенттик диктатураны орнотуу акцияларын мындан ары да уланта бере турган болсо бийлик сиситемаларынын ортосунда коллизия келип чыгып тирешүү пайда болору шексиз. Эгер президент инагурациясы өткөндөн кийин чегинен чыгып эскирип кеткен ЖК кууп таратуу ишин колго ала турган болсо таң калып деле кереги жок болуп калат.

Үсөн Касыбеков




  Бийликтин таттуулугу ай!

Кулмурзаев салык кызматын көзөмөлгө алгысы келет...
Коалиция түзүлөр алдында өлкөдөгү майлуу, сүттүү делген кызмат орундары соодаланып, талашка түштү. Мамлекеттик салык кызматында миллиондогон сом, долларларды жасоого мүмкүн белем, айтор бул кызмат ордуна көз арткандар көп болуп жаткандыгы айтылууда. Чүй, Талас областтык салык кызматынын башчысынын орду 600 миң доллар турат имиш. Муну биз эмес, ошол тармактагылар айтып жүрүшөт. Анда мамлекеттик салык кызматынын башчысынын орду миллиондоп турабы? Анысын билбедик, бирок, жүз миңдеген жашылбайлар менен бааланарын бөркүбүздөй көрсөк болот. Жалпы мамлекеттин салыгын чогулткан тармакка барган адам эбин таап миллиондогон акчаларга туйтунса болорун анда иштегендер, иштешкендер сөз кылып эле жүрүшпөйбү.
Акыркы убактарда Бишкек мэри Иса Өмүркулов Бишкек шаардык салык башкармалыгынын жетекчиси Кабыл Абдалиевди каралап, анын коррупционер экенин айтып, бул кызматтан кетүүсүн талап кыла баштагандай. Анын себеби бар экен. Иса мырза Абдалиев Таалайбекти алсыздандырып, өзүнүн өкүл баласы Кылыч Жаныкуловду мамлекеттик салык кызматынын башчылыгына алып келүүнү көздөп атыптыр. Кабыл Абдалиев да бул кызматка көз артып, Бакыт Ашировду ээрден алып түшүп, ордун ээлейм дегендердин бири болсо керек. Айрымдардын айтымында, бул жигиттин артында кадимки Тургунбек Кулмурзаев турат. Тургунбек Кулмурзаев салык кызматын бүтүндөй өз көзөмөлүнө алуу максатында өз адамдарына протежелик кылып, Атамбаев, Бабановго таасирин салып, чуркап жүргөндүгү айтылууда. Бул кызматты тымызын сырттан бычып жаткандарга токтоло кетсек, Абдалиев Кабыл учурда Бишкек шаардык салык башкармалагынын жетектейт. Буга чейин Свердлов райондук салык инспекциясын жетектеген. Кызматынан кызматкерлерин түнкү саат 1ге чейин иштегенге мажбурлагандыгы үчүн анын үстүнөн жамаат доо арыз менен кайрылып, кызматынан кетүүгө аргасыз болгону айтылган. Максим Бакиевдин учурунда ити чөп жеп, анын алмашпас кадрларынан болуп эсептелип келген. Бакиев кезинде Эсеп палатасын жетектеген Искандер Гаипкулов менен ынак мамиледе. Ошол үчүн го, Искандер Гаипкулов Бабановду айланчыктап, Ашировдун ордуна Абдалиевди алып баруу аракетин көрүп атканы. Кабыл Абдалиев бул кызматка барарына ишеними чоңбу, ким билсин, айтор Бакыт Ашировго "сенин ордуң мага керек, арызыңды жаза бер..." деп ачык эле айтыптыр. Кол алдындагы кызматкерлерден 1 миң доллардан чогултуп, Ашировдун ордун сатып алууну көздөп аткандыгы айтылууда.
Кулмурзаевдин командасындагылардын дагы бири - "Бишкек Газ" ишканасынын башчысы Таалайбек Далбаев. Бишкек шаардык салык башкармалыгын жетектеп турганда атайын фирма түзүп, аны менен патенттерди пулдап, акча жасап турган айтылган. Андай коррупциялык былыктары ачыкка чыгып, кылмыш иштери козголгондой болгон. Кызматынан кыянат пайдалангандыгы боюнча учурунда маалымат каражаттары айтып, жазышканы бар. ЖК спикери Акматбек Келдибеков менен жакын мамилеси бар.
Мамлекеттик салык кызматынын торагалагын эңсегендердин дагы бири "Айыл Банк" АКсынын жетекчиси Токтобек Акматов. Бакиев учурундагы мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси. Бакиев премьер кезинде бул кызматынан алынган. Шайлоодо "Ата Журт" партиясынын тизмесинде болгон. Кулмурзаевдин жакын досу. Эски ордуна кайра келүү үчүн 200 миң АКШ долларын сунуштап аткандыгы айтылууда.
Жогорудагы бул инсандар Тургунбек Кулмурзаевдин протежесиндегилер. Алар кандай жол менен болбосун (ал үчүн интригалык кадамдарга барууга, ири суммаларды берүүгө, атүгүл кызматкерлерине акчаларды чогултугуга даяр) мамлекеттик салык кызматынан башына барууну көздөшүүдө. Кимиси барат, алар үчүн айырмасы жок. Анткени, алар бир команда болгондуктан, бирөөсү ал жерге барып эле калса, калгандарына майлуу, сүттүү орунду камсыздап, биргеликте акча жасап, жеке кызыкчылыктарын ишке ашырганга өтүшөт. Протежелик кылып аткан Кулмурзаевдин да үлүшү аз болбой койбойт. Бакиевдин учурунда өлкөнүн салык кызматынын жетекчилик орундарында болушуп, далай акчаларды оң, сол чөнтөккө солошуп, үй-бүлөлүк бийлик үчүн жан дилдери менен кызмат кылышкандар эми минтип азыркы кызматтарына, абалдарына ыраазы болбой кайрадан эски ордуларын каалашууда. Бирок, бул үч эргул салык кызматына келсе, системаны артка тартып, жеке кызыкчылыктарын гана ойлошорун белгилей кетели. Андыктан жаңы өкмөт ушул жагдайларды да эске алып, талапкерлерди дыкат сындан өткөрүшсө дегенди гана айткыбыз келет.
Жанкороз ЭСЕНГЕЛДИЕВ