Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Куйручук олуяга 145 жыл

Эркалы ӨскӨналы
Кудай сүйгөн Куйручук
Байзак баатырдын ашында

Байзак баатыр дени - карды куландан сопсоо жүрүп эле, сыркоолой калды. Ооруусу өтүшүп кеттиби, он чакты күндөн соң, жаздык жыттап, төшөккө жыгылды. Үстүнө жууркан жаптырбай, өзүнүн илбирс ичигин жамынды. Жарыктык киши өзү ооруп жатып, эл - журттун кышка камылгасын көбүрөөк сурамжылачу болду:
Төмөнкү Кулжыгач тукуму эгин - тегинин жыйнап алыштыбы? Жумгалдын көкүрөгүнүн бышыкчылыгы бизге караганда, жыйырма күндөй кеч эмеспи? Алар дагы оруп-бастырып бүтүшсүнчү... Шаштырбайынчы, көп бар экен...
Ал ушинтип өзүнчө күңгүрөнүп, сүйлөнөт. Үйгө келип-кеткендер менен сопсоо кишидей баарлашат. "Ак батасын алабыз!" деп босого аттагандарга, өйдө туруп батасын берет.
Жарык дүйнөнүн жарык күндөрүнүн биринде Баатыр ажынын соолугун сурамака, Көкүмбай менен Куйручук аттан түштү. Үйдө башка эл жакшылары да бар эле. Байзак баатыр илбирс ичигин желбегей жамынып, малдаш токунуп отурду. "Эттен ачка эмесмин, кептен ачкамын!" дейт жылмайып. Келгендерди кетиргиси жок. Улама сөздүн учугун чубайт. Баатыр бир маалда сөз тизгинин жыйып, Көкүмбай менен Куйручукка бурулду:
- Көкүмбай, эл күз дөөгө конуп, жыйым-теримиңер бүткөндүр!.. Менин бу жарыкчылыктагы сапарым карыды... Акыретке жол тартсам кантет?
Көкүмбай чоочуп кетти. Куйручук да селт этти.
- Ажы, коюңузчу жаман кепти! - деди Көкүмбай.
- Жарыктык, жаман сөз айтасыз да! - деди Куйручук.
- Ак сөз дебейсиңерби! - деди Байзак башындагы топусун алып. - Мен эмес, бу жарыктан пайгамбарлар, олуя - сабалар өткөн эмеспи! Көкүмбай! Мени акыркы жолго узатуу ар ниетимди сен башкарасың! Кызматты Куйручук жасасын!
Үй ичи бир саамга тунжурай түштү. Баатыр үзүлгөн сөзүн улады:
- Өгүнү, германдар орустарга согуш ачты деген оё уздун кагазы келген. Уруш көпкө созулуп калчудай... Замана шүйкүмү бузулуп бараткансыйт... Дагы, мындан ары кандай болот, ким билет? Менин чоң ашымды деле чогуу өткөргөнүңөр оң болот го дейм... Кийинкиге калтырбай, алыс жактагы элди эки жолу убара кылбай эле...
Үй ичи дагы тунжурады. Жооп кайтарып, жан киши сүйлөбөдү.
***
Жарык дүйнөнүн жарык таңы атты. Байзак баатыр кашына балдарын чакырып, кызыктай сөз баштады:
- Эл - журттун жыйым - терими бүтүп калды дегениңерге бир аптадан ашты. Алла-Таала Эгеме күнөөкөр болбоюн! Эми, менин жарык дүйнөдөгү сапарым биротоло карыды... Жол тартайын, акырет жайыма! Жакшы калгыла!
Балдары муун - жүүндөрү бошоп, көздөрүнө жаш алып, бышактап ийишти. Баатыр бала-бакырасын тегерете тиктеп, башын чайкап, минтип унчукту:
- Бул эмне жоругуңар? Менин көзүмчө ыйлаганыңарды токтоткула!
Ушул күнү түшкө жуук Байзак баатырдын көзү сүзүлүп, жаны көккө учту. Кайран гана киши, Күн-Жарык менен Ай - Жарык алдында сексен жети жылы өмүр сүргөн экен!
Жарыктык Күн-Жарык агала чач тоолордун ар тарабына кылкылдап батып бара жаткан чакта Көкүмбай, Курман манаптар, Куйручук олуя баштаган жүздөн ашуун атчан Жумгалдын көкүрөгүнөн төмөн көздөй сур жыландай козголгон жолго түшүп, Кара-Ойго келе атышты.
Байзак баатырдын жарыгы тийип, жакшылыктарынын даамын далай жолу таткан Куйручук жолдукта ой бешикте термелди:
Бир жолу Байзак менен Куйручук казак агайындарга барып, эс алып, конок болушуп, жарым айдан ашуун Сары - Жайлоонун сары казы, кыйма жалын жеп, шубу атынан ичишип, сыйга карк болуп кайтышкан. Жолдо Сары - Өзөн, Чүйгө он чакты күнү өргүшкөн. Баш-аягы бир айга чукул убакыт өткөндө Ала-Арча белин артышып, Жумгалга түшүшкөн. Кара-Ойго жакындаганда Байзак жигиттерине буйрук берди. Жигиттери айыл аралап чабышты. "Баатыр келе жатат! Баатыр келе жатат!" - деп кыйкырышты. Кара - Ойлуктар үйлөрүнөн дүрбөп чыгышып, ажарданып калышты. Оозу шок Куйручук Байзак баатырды сөз менен чымчыды:
- Жарыктык! Маскөөгө барып келе атпасаң же ак падышанын жандыр алысы болбосоң... Элди дүрбөтпөй эле койбойсузбу? - деп салды.
- Куйручугум! - деди анда Байзак саал жылмайып.- Бу жарык дүйнөнүн чартарабын көзүң көзөй көрөт, ал тургай, аркы дүйнөгө да акылың жетет!.. Экөөбүз көптөн бери айылда болгон жокпуз... Айылда боз уландар бар, кыз - келинчектер бар... Ошо жаштар "биздин айылда жок" дешип, оюн - зоок куруп отурушса, кокус, үстүлөрүнөн чыгып калсак... Аларды уялтып койбойбузбу! Өзүбүз да ыңгайсыз абалда калабыз!.. Ошондуктан, жигиттерди кыйкыртып, чаптырып атпаймынбы!
Куйручук ошондо Байзак баатырдын узун акылына таң берген. "Аа, мен, Байзактай алысты көрө албайт турбаймынбы?.." деген ойго чөмүлүп, ичинен саал сына да түшкөн.
Кудай сүйгөн Куйручук жолдук ата ой бешикте термелди...
Теңирдин жолун тескеген пайгамбар өткөн дүйнө ушу! Кудайга сөзү оргуган олуя өткөн дүйнө ушу! Асман менен Жериңдин тирөөсүнөн бүткөндөй, Манас хан өткөн дүйнө бу! Тирүүлүктү титиреткен кылычы Искендер өткөн дүйнөдөн! Чыгыш менен батышты чыркыраткан Чыңгыз хан өткөн дүйнөдөн! Акылы айды чыгарган акылман өткөн турбайбы! Жолборстой жоого катылган баатырлар өткөн турбайбы! Булбулдай тили таңшыган акындар өткөн турбайбы!
Кайран гана Байзак баатыр!.. Жарык дүйнөнүн куттуу төрүнө отуруп акылы Ай жарыктай төгөрөккө жарык төгүп, жакшы өмүр жашады... Жаны жаннатта болсун!
Көз байланып, көккө жылдыздар чачыла баштаганда Көкүмбай болуштун жоондобу Байзак баатырдын акыркы ар ниетине жер дүңгүрөтүп, өкүрүп түштү. Көкүмбай көзү өткөн даанышмандын керээзин көкүрөгүнө жат кылды. Алтымыш чабарман жигитти Ала-Тоо төгөрөгүнө кабарга чаптырды.
Жарык дүйнөнүн жарык таңы атты. Төл саяктардын эл жакшылары түгөл жыйналышты. Көк дөө Көкүмбай жарлык жарыялады:
- Байзак баатырдын чоң ашын да чогу өткөрөбүз! Маркумдун сөөгү алты түнөп, жетинчи күнү жерге берилет... Жол ыраак... Жалал-Абад менен Ош дубандарынан, Таластан келүүчү туугандар топурак салганга жетишип калгандай болсун деп ушундай чечтик... Баатырдын зыйнатына эл - журт эң эле көп келет... Демек, Баш - Куугандан бери көздөй, Жумгал суусунун өйүз - бүйүзүнө, Кара - Ойдун жайыгына, Жумгал-Ата мазарынын эңкейишине чейин миң боз үй тигилет!.. Мүлдө Курманкожо, Кулжыгач, Ыйман, Чоро эли конок алабыз! Союшунан тасмалына дейре, бычак, кашыгынан бери өзүңөрдөн болот. "Чай-чамек, алма - өрүк, коон - дарбызды мол алып келгиле!" деп Чүйдүн көпөстөрүнө киши чаптырдым. Соода-сатыкты өзүңөргө бекитилген үйлөрдүн тегерегинде гана жасатасыңар!.. Башаламандык, чаржайыттык болбосун! Ички ыраат-ымала, тартипти Куйручук тескейт. Куйручук, сен угуп алгын!.. Мингениңе бир жорго чыдабас!.. Сага эки жорго дайындатып койдум. Утуру алмак-салмак минип турасың! Сен минген менен түшкөндү гана билесиң!
Көкүмбай эл жакшыларына аш ыраатын ийне - жибине дейре түшүндүрүп, саймедиреди. Куйручук да журт башчыларына кайрылды:
- Тиричиликте өлүмдөн шашылыш эчтеме жок! Береги, Көл - Кечүүнүн тушун чек кылып, боз үйлөрдү өйдөкүсүн өйдө көздөй, төмөнкүсүн төмөн көздөй тиктиремин! Ким, качан, канча үй тиктирет, мени менен такташа кеткиле!
- Эл жакшылары, журт башчылары аш башкаруучулар менен жумуштарын такташып алышты.