Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Сот жүрүп жатат

"Мүйүздүү болом деп кулагынан ажырайбы?"
Доогердин доосу жүйөөлүүбү?
"Чубактын кунундай чубалган" сот процессине Тоң районунун элге билим берүү бөлүмүнүн экс-башчысы А.Мамбетов өзүн мугалимдерге жана директорлорго эч качан орой мамиле жасабаган, маданияттуу мамиле жасаган жетекчи катары сыпаттоого аракети зор болду. Ал эч кимден 2000 сом талап кылбагандыгын, бирөөгө кол көтөрмөк түгүл сөкпөгөндүгүн, эгерде чын эле мас абалда болуп, күч колдонсо, анда жабырлануучу милицияга эмнеге кайрылбаган деген собол таштады. Гезитке жарыяланган бул маалымат такталбай жарыялангандыгы үчүн "Фабула" гезити кадыр-баркына доо кетиргени үчүн 20 000 сом айыпка жыгуу жана маалыматтарды төгүндөө талабын койду.
Элибизде: "Уурусу күчтүү болсо, ээси доого жыгылат" дегендей бүтүндөй компотенттүү уюмдар даярдаган документациялар колубузда турса да, анын баары жалган жалаа катары баалады. Ал гана эмес эски бийлик менен элдин ортосунда чагымчылык кылгансыңар деген пикирин да жашырган жок. Алгач миллион сом доо коюп, андан кийин бар болгону маалыматты төгүндөөгө деле макулдугун берип, эми кайра "кадыр-баркын 20 миң сомго баалашы" таң калтырып отурат. Эскерте кетели, биз эгерде доогер жарыяланган маалыматтарды төгүндөгөн компотенттүү уюмдардан тийиштүү документтерин тапшырса каршылык да кылмак эмеспиз. Ал эми топтолгон документациялар доогердин өзүнө каршы болгон учурда маалыматтын далилденгенине жатарын ойлобогондугу "укмуштуунун төөсү жорго" экенин айгинелеп жатпасын?
"Эсиң барда этегиңди жап" деген калкыбыздын накыл кеби бар эмеспи. Ызы-чуулуу бул маалыматта А.Мамбетовдун адресине айтылган бир сап бирди-жарымдардын гана көңүлүн бурбаса, тез эле унутулмак. Оозу бүткөн жаранын оозун тырмап, доогер айтылбай турган маалыматтарды эл алдына жарыя кылууга өзү түрткү болуп отурат.
Суроо туулат, райондук элге билим берүү бөлүмү (райБББ) мамлекеттик мекеме болуп саналат. Ал эми райБББнын жетекчиси райондук мамлекеттик администрациясынын сунушу менен бекитилет, же бошотулат. Ошол эле учурда ал Элге билим берүү министрлиги алдында жооптуу. Бул өңүттөн алып караганда райБББнын үстүнөн караган компотенттүү уюм болору далилдөөнү талап кылбайт. Мында кандай кырдаалда болбосун бул уюмдардын компотенттүүлүгү экс-бөлүм башчысыныкынан жогору турары ачык көрүнөт. Демек, маалымат такталбаган эмес, далилдүү факт. Буга ушул компетенттүү уюмдардын А.Мамбетовдун ишмердүүлүгү боюнча билдирүүлөрүн мисалга келтирели да, доогердин доосу жүйөөлүүбү? - деген суроого жоопту колдо бар документтерден издеп көрөлү.
Кимисине ишенебиз?
Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын 2010-жылдын 14-сентябрындагы Элге билим берүү министрлигине, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Борбордук Комитетине жолдогон катында "…А.Мамбетовду кызматтан бошотуу боюнча расмий сунушубузду бергенбиз. Көптөгөн материалдар, текшерүүлрдү жүргүзгөн комиссиялардын корутунду жыйынтыктары жиберилип турулган. Тилекке каршы бул маселе ушул күнгө чейин чечилбей келе жатат" - деп белгилеген жана "Б.Мамбетов ээлеген кызматынан бошотулбаса мугалимдер жамааттары узак убактарга чейин иш таштоого" чейин барышары эскертилген.
Мындан тышкары, "Тоң райондук Кеңешинин №3 шайлоо округунун депутаты Берди Алымкулов А.Мамбетовду сессияда сындап койгону үчүн Тайлаков атындагы мектепте мугалим болуп иштеп жаткан анын жубайын иштен бошотсо, Жангазиев атындагы мектептин директору М.Асанакунованы сын пикири үчүн куугунтукка алынгандыгы, Кидибаев атындагы мектептин мурунку директору А.Эсенгуловду ремонтко каралган акчадан 2000 сом бербейсиң деп кызматтан алынганы, балдардын спорт мектебинде ири суммадагы финансылык тартип бузууга жол берилгендиги көргөзүлгөн. Доогердин бул маалыматтарды төгүндөөгө компотенттүү уюмдардын кайсы документтерин көргөзүп бере алат болду экен?
М.Асанакунованын куугунтукка алынышы анын №91 буйрук менен бошотушу, №93 буйрук менен 2009-жылдын 24-декабрында мурдагы буйрукту кайра чакырып алуусу (жергиликтүү кеңештин депутаттарынын талабы менен), арадан төрт ай өтүп-өтпөй №102-буйругу менен кайрадан орун которуштуруусу, ал эми 2010-жылдын 22-июнундагы №103-буйругу менен директорлуктан бошотуусу айкын далил боло албайбы?
Ал эми мас абалында М.Асанакуновага орой мамиле жасагандыгы тууралуу маалыматты жалган, нарколог врачтын аныктамасы, же ИИМ тарабынан аныктамасы барбы? - деген доогердин жактоочусу Э.Каиповдун суроосуна жооп табылып, Тоң РИИБнин тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты И.Камчыбековдун М.Асанакуновага берген билдирүүсү колубузга тийди. Анда 2009-жылдын 17-декабрындагы арыз боюнча териштирүү жүргүзүлүп, оозго алгыс сөздөр менен сөккөндүгү боюнча кылмыш ишин козгоо мүмкүн эместиги, административдик чара көрүү үчүн кабыл алынган чечимдин көчүрмөсү Тоң РИИБинин КККБсына жиберилгендиги көргөзүлгөн. Тергөөчү А.Мамбетовду наркологиялык эксперттен өткөрдүбү, же жокпу, ал биздин милдетибизге кирбейт жана тергөөчү да жөндөн-жөн эле чара көрүүгө сунуштамак эмес. Демек жактоочу Э.Каиповдун далилдөө талабын куру аракет катары санасак болот.
Ушул жерде биз доогердин актанууларына ишенебизби, же компотенттүү Тоң райондук уюмдардын маалыматтарына ишенебизби? Аны окурмандар да, ишти карап жаткан сот да калыстык менен талдап көрүшөр?
Чыга албай турган көз эле
Тоң райБББсынын башчысы менен мектеп жамааттарынын тирешүүсү өз апогейине жеткенден кийин Элге билим берүү министрлиги атайын жарлыгы менен билим берүү кызматкерлеринин профсоюдарынын Борбордук Комитети менен бирдикте комиссия түзүлөт. Ага профсоюздун Борбордук Комитетинин эмгек акы жана социалдык- экономикалык коргоо бөлүмүнүн башчысы Л.Олимпиева, УДШВОнун башкы адиси Р.Тойболотова, министерствонун укуктук, мамлекеттик жана кадрлар кызматынын Башкармалыгынын негизги адиси М.Бейшеналив, Ысык-Көл облусунун билим берүү координатору О,Молдоакматов киргизилип, алар иштеги кемчиликтер менен катар А.Мамбетовдун үстүнөн берилген даттануулар далилденгенин билдиришкен. Мыйзамсыз аракеттердин жүргүзүлгөндүгү 10 пункт менен көргөзүлгөн. Комиссиянын курамы канчалык компотенттүү экендиги жогорудагы тизмеден эле көрүнүп турган жокпу?
Албетте, биз мынчалык тереңдеп чечмелеп берүүнү максат катары койгон эмеспиз, ал гана эмес гезиттеги маалыматтар түздөн-түз А.Мамбетовго каршы багытталбагандыгын эскертип, бири-бирибизге жөнсүз тийишпейли, гезит бул маалыматтар боюнча күнөөлөөлөрдү четке кагарын, автор реалдуу адам экендиги, бардык жактан далилдөө мүмкүнчүлүгү бар экендиги, эгерде кысым жасала берсе гезиттин аягына чейин күрөшө берери да эскертилген.
Биз айрым маалыматтарды гана белгилеп өттүк. "Чыга албай турган көз эле, чыгып кетти өзү эле" - дегендей, тийиштүү уюмдардан дагы кошумча маалыматтар топтолуп жатат. Каттагы сырдан келип чыккан чыр бул багытта журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүүгө алып келүүдө. Эң негизгиси, доогер "мүйүздүү болом деп кулагынан ажыраган" деңгээлге жетип калбас бекен? Кеп оролу мына ушунда…




  Калыс сөздү калдайган журт айтарына ишенем

Чаргытма жоопко
чаргытма оюндар
(Башы өткөн санда)
Процесстин башталышында доогердин жактоочусуна "имиш" деген сөздүн Абдытегин уулу Сүйөркулдун кадыр-баркынын баасы кайсы критерийлер боюнча коюлгандыгы боюнча суроого чаргытма жоопту берди. Тактап айтканда, "Финансы Кредит Банк" 170тен ашык клиенттери бар экендигин белгилеп, гезитке жарыяланган маалымат боюнча бир канча клиенттеринин, айрыкча чет элдик клиенттеринин ишенимине доо кетип жаткандыгына токтолду. Бирок буга далил катары маселеге тиешелүү жарты барак документ жоопкер тараптын өкүлүнө тапшырылган жок. "Шахмат оюнунун" жүрүшү туура тандалган экен, жактоочу С.Жайчыбеков доогер Абдытегин Сүйөркулдун кеткен кадыр-баркын "1000-2000 сомго" баалап, аны менен катар маалыматты төгүндөө сунушун киргизди. Күлкү келерлик дагы бир жорук, процесске тиешеси жок А.Бекназаровдун уулу да ушундай имиштен улам ири чиновниктердин катарында жооптуу постко кызматка илинбей калганына каңырыгын түтөтүп жиберди.
Ага да каршылык кылбайт белек, тээ илгери БЭКтин "кудуреттүү күчү менен" гезитти такай көзөмөлдүккө алгандыгы үчүн "далилденбеген маалыматтар" жарыяланбагандыгын да жар салып жиберди. Ошол кездеги "Форум" гезитинин журналисттери "чочко такалап" жүрбөсө керек. БЭКтин күчү менен гана гезит "жан сактап" жүргөн деген маанидеги сөзү чагымчылыкпы, же куру шаңдануучулукпу, оюбузду ортого салалы.

БЭК мурдагы "Форумдун" цензору болгонбу?
"Кеп чынынан бузулбайт" - дейт элибиз. Азыркы "Фабула" гезитинин жамааты оппозициялык "Алиби" гезитинин кыргыз элине таанытып, андан кийин эл али тааныбаган "Ачык саясат", "Эл сөзү" гезиттерин жогорку өлчөмдөгү тиражга жеткирген, Ал учурда БЭКтин дайны жок болчу. Кийин ошол эле жамаат "Форум" гезитинин тушоосун кесип, окумдуу деңгээлге көтөргөн. Ачык айталы, оппозиция бөлүнүп-жарылуу коркунучу түзүлгөндө да гезит өзүнүн позициясында бекем турган. Мен да ушул гезиттердин казанында кайнап, ошол эң оор учурларда гезит жамааты жалаң жаштардан болсо да , өмүрүн кылга байлап, эски бийликтин "быкыйын" чукуган өрт мүнөздөрүнө күбө болуп келдим.
Чыгармачылык иште алардын эркин ой жүгүртүүлөрү, курч салыштыруулары, тобокелчил мүнөздөрү менен алар элибиздин кадыр-баркына ээ болушкан. Ошол эле учурда айрым оппозициянын лидерлеринин чар жайыт пикирлерин стилистикалык, грамматикалык каталарын гана оңдобостон, алардын айтуучу ойлорун элге жеткиликтүү деңгээлде иштеп, алардын чыгаан саясатчы катары тааныткан да ушулар болгон. Алар өз укуктарын эч кимге тебелеткен эмес, оор милдеттерди аткарышып, "Форум" гезитин чыныгы элдик трибунага айландырышкан. Белгилей кетели, БЭКтин мүчөлөрүнүн кайсы кимиси ушул жамааттын журналисттеринин эмгегин пайдаланышкан жок? Алардын бул эмгеги толук бааланбады. Саясий курч материалдарды даярдаган журналисттердин аты аталган жок, анын үзүрүн саясатчылар пайдаланышты. "Жоону сайса эл сайды, аты калды Манаска" деген сөз ушундай көрүнүштөн айтылып калган көрүнбөйбү? Жактоочу С.Жайчыбеков гезитке жарыяланган кайсы материалдарды даярдап, цензордук милдетин аткарганын далилдеп бере алар бекен?
"Ооруп бүткөн жаранын ордун сыйрыгандай" айтылган сөз жалпы гезит жамаатынын бетине сыйпалган көө болуп олтурат. Ушундан улам, редакция жамааты "Ычкыр" деген сөздүн алгачкы мааниси шымга пайдаланылган кур деген түшүнүк берерин, ал эми кайыш кур менен кемерди бектер менен манаптар, байлар гана пайдаланып келишкенин лингвистикалык комиссиядан тактап сурап алышса болмок. "Форум" гезитинин жамааты өз иштерин жакшы билет жана буга чейин даярдашкан материалдарын эч бир цензорлорго текшертпегендигин калкыбызга маалымдап койсок болот. Күрөшүбүздү токтотпоого чечим кабыл алдык. Жогорудагы "оюндардын" жыйынтыктарынан кийин бул маселе боюнча аппелляциялык арызыбызды Бишкек шаардык сотуна жолдомокчубуз.
Бетти даярдаган
Эртабылды АТТОКУРОВ