Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Үч ыргай...

Жаңы коалиция кайсы партиялардан түзүлүп, премьер-министр ким болуп, төрагалык кимге буюрат?
Жакында куралмакчы болуп аткан коалициялык өкмөттөгү партиялар жана болочок премьер - министр, спикер сыяктуу үлкөн кызматка келчү адамдардын ысымы учурда кызуу талкууга алынууда. Биз дагы коалиция кайсы партиялардан куралат жана өкмөт башчылыгына кимди татыктуу деп ойлойсуз? Төрага катары кимди көргүңүз келет деген суроолордун тегерегинде коомдогу айрым бир белгилүү адамдарга суроо салып көрдүк...


Жумакадыр Акенеев,
Кыргызстан нефтетрейдерлер Ассоциациясынын президенти:
- Депутаттардын арасында азыркы коалицияны сактап калуубуз керек деген дагы сөздөр айтылып жатат. Бирок андай болбойт. Сөзсүз түрдө коалиция таркап жаңы коалиция түзүлүшү керек. Жаңы коалиция үч партиядан эмес, төрт партиядан түзүлсө жакшы болот эле. Ал эми коалицияны 5 партиядан түзөбүз деген бул жаңылыштык. Баш мыйзамда бир партия оппозицияда калаары көргөзүлгөндөн кийин кааласак, каалабасак дагы бир партия оппозицияда калуусу зарыл. Өкмөт башчылыкка болсо Ө. Бабанов менен Т. Сариев татыктуу. Менимче, Т. Сариевге караганда Ө. Бабановдун мүмкүнчүлүгү жогору го.


Топчубек Тургуналиев, коомдук ишмер:
- Бүгүнкү күнү парламенттеги беш партия биригип көпчүлүк коалицияны түзсө жакшы болгону турат. Бийлик башындагылар канчалык бөлүнүп-жарылып, ыркы кеткен сайын, мамлекет ошончолук артка кетет. Ошондуктан мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калыш үчүн, саясатчылардын бардыгы биригип, ынтымакта иш алып баруусу керек. Ал эли өкмөт башчылыгына татыктуу адамдар көп, коалиция түзүлүп, коалициянын негизинде өкмөт куралып аткандан кийин, өкмөт башчысы "Ата-Журт" партиясынан болуп калышы да мүмкүн. Эгер өкмөт башчысы "Ата-Журт" партиясынан боло турган болсо, анда төрага сөзсүз түрдө "Ата Мекен" партиясынан болушу зарыл. Анткени бүгүнкү бийликти орноткон КСДП менен "Ата Мекен" партиялары экендигин жокко чыгарбашыбыз керек.


Бектур Асанов, экс-губернатор:
- Бүгүнкү күнү депутаттар ынтымакташып эле беш партиядан турган көпчүлүк коалицияны түзүүсү зарыл. Ошондо өлкөбүз өсүп-өнүгөт. Өкмөт башчылыкка болсо, Ф. Куловду татыктуу деп ойлойм. Себеби экономиканы билет. Башкаларга салыштырмалуу тышкы саясатта кадыр-баркы жогору. Ошондуктан көп ойлонбой эле Феликс Шаршенбаевичти өкмөт башчы кылып дайындоо керек. Ал эми төрагалыкка Ө. Текебаев жана М. Абдылдаевди татыктуу деп эсептейм . Төрага А. Келдибеков боюнча азырынча бир нерсе деп айтуудан алысмын.


Кусейин Исаев, коомдук ишмер:
- Коалициянын түзүлүшү боюнча менин эки ача пикирим бар. Биринчиден, парламентте отурган беш партия тең биригип, бирдиктүү коалиция түзүлсө жакшы болот эле. Болбосо коалиция сөзсүз түрдө революцияны жасаган партиялардан түзүлүшү керек. Тилекке каршы, 7- апрелден кийин жер, суу ж.б. элдин байлыгын сатып, Бакиевдер менен ымалалаш болуп жүргөн адамдар дагы бийликке келип калышты. Алар адатынча бүгүнкү күнү дагы жогорку кызматтарга барып, мамлекетти башкарууга аракет кылып жатышат. Бирок аларга жаңы шайланган президентибиз А. Атамбаев жол бербейт деген ойдомун. Ал эми өкмөт башчылыгына бүгүнкү күндө татыктуу адамдар көп. Мисалы: Ө. Бабанов деле татыктуу. Бир гана жери Ө. Бабановдун коомчулукта акчаны жакшы көрөөрү айтылып келет. Менимче, Бабанов ошол адатынан арылса эле мыкты болбосо дагы жогорку деңгээлдеги премьер- министр болуп берээрине ишенем. Акыркы кездерде А. Келдибеков колхоздун башкармасындай эле болуп калды деген сын пикирлер байма-бай айтыла баштады. Төрага жөнөкөй болуп, мамлекеттин казынасына кол салбай таза иштесе жакшы эле болот го деп ойлойм.


Бакыт Бакетаев, саясат таануучу:
- Саясат биз каалагандай болбой жатат. Биздин оюбуз боюнча, "Ата-Журт" партиясы оппозицияда калып, калган партиялар көпчүлүк коалицияны түзсө жакшы болмок. Анткени "Ата-Журт" партиясы оппозиция болсо күчтүү оппозиция болмок. Оппозиция канчалык күчтүү болсо бийлик да ошончолук күчтүү болот. Эгер оппозиция канчалык алсыз болсо, бийлик да ошончолук алсыз болорун баса белгилеп кетмекчимин. Ал эми Өкмөт башчылыгына татыктуу адамдар 10доп саналат. Мисалы, Ө. Бабанов, Т. Сариев, Н. Түлеев. ж.б. Бирок башкаларга салыштырмалуу Ө. Бабановдун мүмкүнчүлүгү жогору. Кокус, Ө. Бабанов, премьер-министр болбой калса, анда парламент таркап кетиши да мүмкүн. Ошондуктан Ө.Бабанов, өкмөт башчы болобу деп ойлойм. ЖКнын төрагасы А. Келдибеков болсо азырынча төрага катары иштеп турганы эле оң. Калп айткан менен болобу, А.Келдибеков учурда колунан келишинче аракет кылып иштеп атат. Парламенттик башкаруу болгондон кийин анча-мынча өйдө-ылдый нерселер болбой койбойт экен. Анысын Келдибеков убагында жойгонго аракет кылууда.


Төлөйкан Исмаилова,
укук коргоочу:
- Жакында эле жарандык коомдун өкүлдөрү, саясий талдоочулар болуп атайын тегерек үстөл өткөрдүк. Ошондо КСДП партиясы оппозицияда калыш керек деген дагы сөздөр айтылды. Менимче, бул деле туурабы деп ойлойм. Кандай болсо дагы партиялар кызмат үчүн эмес, өлкөнүн өсүп-өнүгүшү үчүн биригип, көпчүлүк коалицияны түзүшсө жакшы болор эле. Ал эми өкмөт башчылыкка татыктуу адамдар абдан көп. Азырынча бул же тигил болот деп айтуу эртелик кылат. Буюрса, инаугурация өтүп, президентибиз мыйзамдуу түрдө кызматына киришкенден кийин өкмөт башчысы ким болору өзү эле ачыкталат. Төраганын ким болорун да ошондо көрөбүз.
Мирлан АЛЫМБАЕВ