Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Чачыла…

Калыстан жаңы клип…
Ыр дүйнөсүнө эртелеп аралашып, сахнанын түйшүгү менен бала кезинен бери тааныш болуп келе жаткан жаш эстрада ырчысы Калыс Жакыпов жаштыгына карабай, чыгармачылык жаатта талбай эмгектенүүдө. Калыс жакында эле Түгөлбөй Казаковдун "Жамгыр төктү" деген ырына клип тарттырууга жетишти. Аталган ырдын клибине ырдын автору да катышкан. Эмне дейбиз, жаш жеткинчекке кең келечек!


Алтынбек карга камалып…
Комузда кол ойнотуп, элдик эски ырларга кайра жан киргизип, эстраданы эмес фольклорду өнүктүрөм деген ырчы Алтынбек Каленов түштүк жергесине тойго сапар алып, тилекке каршы, Ош- Бишкек жолундагы кар көчкүдөн улам көздөгөн жерине жете албай, бир нече күн карда камалып, жол ачылаары менен кайра Бишкеке жол тартыптыр. Бирок тойго катышпай калганына өкүнбөй, аман келгенине кубанган Алтынбек учурда "ХХI кылымдын жылдыздары" аттуу жаңы жылдык концертке даярдык көрүүдө.


Роза сахнадан кеттиби?
Артисттердин айлыгынын аздыгы биздин театрлардын бош калуусуна, жаңы, жаш артисттер менен толукталбай кетүүсүнө шарт түзүп келди эле, эми аз айлык жаш актрисалардын театрдан кетүүсүнө да себепчи боло баштаган көрүнөт. Дегеним, "Министрдин кызынын махабаты" тасмасында башкы каарман Зинанын ролун аткарып элге таанымал болгон кыргыз драма театрынын жаш актрисасы жакында эле Москвага иштеп келгени сапар алыптыр. Таланттуу жаштарыбыздын каражаттын айынан театрды таштап кетип жаткандары өкүндүрөт. Розаны сахнага кайтат деген үмүтүбүз зор.


Саламат Садыкова 55 жашта…
Аты узун элдин учуна, кыска журттун кыйырына жеткен, Кыргыз Республикасынын эл артисти, улуу муундун сүйүктүү ырчысы, бир эмес бир нече эл аралык конкурстардын жеңүүчүсү белгилүү ырчы Саламат Садыкова декабрь айынын башында 55 жашка толгону турат. Мына ушул жашылыктын урматына арнап Саламат Садыкова өз күйөрмандарын 55 жылдык маараке тоюна чакырат. Концерттин көркүн Саламат Садыкованын сахналаштары ачмакчы. Бүтүндөй өмүрүн искусствого арнап, кыргыздын улуттук музыкасынын өнүгүүсүнө зор салым кошуп келе жаткан ырчы эжебизге ийгилик каалап, 55 жаштык мааракеси кут болсун демекчибиз.


Жамиля Р. Отунбаевага ыр арнайт…
Белгилүү композитор, профессионал ырчы, бир нече жаш ырчылардын устаты болгон Жамиля Муратова өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаевага арнап ыр жаздырды. Ыр "Мен аялмын" деп аталат. Бул ырдын сөзү Гүлсайра Момуновага таандык. Президентке арналган ырын Жамиля Муратова 1-декабрда өтө турган А. Атамбаевдин ант берүү аземинде аткарып бермекчи. "Мен Отунбаевага кошомат кылгандыктан бул ырды ырдап жаткан жокмун. Болгону бизде ушундай аялзатынын бар экендигине ыраазычылык билдирип жатам"-дейт ырчы.


Назик жакында эне болот…
Жамиля Муратованын окуучусу, жаш ырчы Назик бир айдын ар жак бер жагында көз жарып, эне бактысына ээ болгону турат. "Азыр үйдө эле, качан көз жарам деп отурам. Аман-эсен көз жарып, баламды жакшы чоңойтуп алсам, андан кийин деле чыгармачылык менен алектенүүгө жетишем. Аялзатынын бактысы эне болуу да эмеспи"- дейт Назик.


Жаркынай
КАДЫРКУЛОВА