Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Кош дүйнө

Эртең менен эрте туруу төрөттөн кийинки депрессияны 50 пайыз жеңилдетет
Ар бир адам балалуу болунуу эңсейт, бала менен бакытка жетет деген создү эч ким четке какпаса керек. Үйлөнгөн жаш жубайлар, жада калса туугандары да, келечектеги ымыркайды көргөнчө шашылышат. Демек, жаш баланын жытын эңсеп, бал тилин уккусу келет. Күндөрдүн биринде сиз чыдамсыздык менен күткөн балаңыз төрөлөт. Чопулдатып эмгени, быйтыйган колу-буттары жүрөгүңүздү элжиретет. Баары сонун көрүнгөнү менен, бир нерсе жан дүйнөңүздү оорлоштуруп, кандайдыр бир кусалык, санааркоо жаныңызга тынчтык бербейт. Эмнеге мындай болуп жатат? Биз бул туурасында сизге кеңеш бермекчибиз.

Көпчүлүк адамдар төрөттөн кийинки депрессия менен стрессти алмаштырып алышат. Стресске төрөгөндөн кийин дээрлик ар бир аял кабылат да, аз-аздан гормоналдык деңгээл өз калыбына түшүп калат. Бул атайын дарыланууну талап кылбайт, стресстен чыгуу үчүн камкор мамиле, эс алуу, күйөөсүнүн жана жакын адамдарынын моралдык көтөрмөлөөсү жетиштүү болот.
Ал эми төрөттөн кийинки депрессия - бул жөн гана чөгүңкү маанай эмес, бул психикалык оору. Бул төрөгөндөн бир нече күндөн, атүгүл бир нече сааттан кийин башталып, айга, кээде бир жылга чейин созулушу да мүмкүн. Ошондой эле төрөттөн кийинки депрессияга медициналык атайын дарылануу талап кылынат. Бул ооруга жаш курагына, улутуна карабай бардык аялдар туш болушу мүмкүн. Ошондой эле канчанчы жолу балалуу болуп жатканыңыздан да көз каранды эмес, биринчи балаңыздан кийин да, төртүнчү балаңызды төрөгөндө да сизде төрөттөн кийинки депрессия болушу мүмкүн. Эгер жаш эне мындай ооруга кабылса, баласын талаптагыдай карай албай калат, эмизүүдөн баш тартышы мүмкүн. Төрөттөн кийинки депрессия баланын салмагынын жана боюнун нормалдуу өсүшүнө тоскоол болот.

Төмөнкү суроолорго жооп берсеңиз, төрөттөн кийинки депрессияга кабылганыңыз так билинет:
o Кайгыны, үмүтсүздүктү, жан дүйнөңүздөгү боштукту жана күчтүү коркунучту сезип жатасызбы?
o Тез-тез ыйлайсызбы?
o Табитиңиз кескин жоголуп кеттиби?
o Уйкуңуз бузулдубу?
o Балаңыз уктап жатканда да уктай албайсызбы?
o Катуу алсырап жатасызбы?
o Тигил же бул чечимди кабыл алуу сизге ушунчалык оорбу?
o Өлүм жөнүндө, өзүңүздү өлтүрүү жөнүндө ойлойсузбу?
o Балаңызга жана өзүңүзгө зыян келтирүү жөнүндөгү ойлор башыңызга келип кетеби?
o Балаңыздан жана башка адамдардан бөлүнүп, жалгыздыкты самаган сезимдер болобу?
o Маанайыңыз тез-тез жана кескин өзгөрүлүп турабы?
o Жалганчы сезимдер, башкача айтканда, галлюцинация болобу?
Эгерде бул суроолорго "ооба" деп жооп берсеңиз, жообуңузду көтөрүп алып тезинен врачка барыңыз.

Физикалык себептери:
- Кош бойлуулук маалында деңгээли жогорулаган гормондор төрөттөн соң кескин түшүп кетет да, бул депрессияны жаратат;
- баланын оорукчан болуп төрөлүшү;
- төрөгөндөн кийинки кан басымдын, организмдеги кандын көлөмүнүн өзгөрүшү да эненин жан дүйнөсүнүн абалына терс таасирин тийгизет.
Психологиялык себептери:
- Канааттанбоолор (мисалы, төрөгөн күнү күйөөсүнүн жанында жок болуп калышы);
- фигурасын жоготуудан коркуу;
Жашоо образынын өзгөрүшүнө байланыштуу себептер:
- Эне катары өзүн алып кетүүгө даяр эместик, каражат жагынан жетишпестик;
- күйөөсүнүн жана жакын адамдарынын колдоосу жоктук;
- бош убакыттын жоктугу жана уйкунун бузулушу;
- кыймыл-аракетти чектеген ооруксунуу;
- эмчек эмизүүдөн келип чыккан маселе;
- күйөөсү менен болгон интимдик мамиленин өзгөрүшү.

Төрөттөн кийинки депрессиядан арылуу

Баланын ыйлоосу - уйкусунун нормалдашуусуна жардам берет, а бул болсо эненин төрөттөн кийинки депрессиядан арылуусуна себеп болот. Мындай жыйынтыкты австриялык окумуштуулар чыгарышты. Адистер бул маселенин үстүндө алты жыл иштешкен. Изилдөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, эгер бала ыйласа, анын уйкусу 30 пайызга узарат. Мындан улам эне толук кандуу уйкуда болгондуктан, депрессия 40 пайызга төмөндөйт. "Балдары ыйлаганда энелер тынчсызданышат, баса белгилей кетейин, ый баланын психикасына кымындай да терс таасирин тийгизбейт",-дейт изилдөөнүн автору Анна Прайс.
Төрөттөн кийинки депрессияны үй шартында кантип жеңүүгө болот?
oТаза абада көбүрөөк сейилдеңиз, спорт менен машыгыңыз. Спорт маанайды көтөрүүгө жардам берет.
oБөлмөгө күндүн нуру тийип тургандай кылып парданы дайыма ачып коюңуз.
oӨзүңүздү чарчатууга жол бербеңиз. Алсыздык жана чарчоо депрессияны күчөтүп жиберет.
oКүндүзү сүйүктүү музыкаңызды коюп коюңуз.
oАйрым аялдарга телефон менен сүйлөшүү жардам берет.
oМаанайыңызды көтөрө турган нерселердин баарын жасоого аракет кылыңыз: китеп окуңуз, көбүктүү ваннага түшүңүз, курбуларыңыз менен жолугуңуз жана башка ушундай иштер менен алектениңиз.
oЭртең менен эрте туруу төрөттөн кийинки депрессияны 50 % жеңилдетет.
oЭртең менен башыңызды жаздыктан тез көтөрүп, жулкунуп турбаңыз.
oБир күндүн ичинде бир нече жолу кулагыңыздын төмөнкү эттүү бөлүгүн ушалаңыз. Бул жөнөкөй көнүгүү оң эмоцияны чакырып, сергектик берет жана төрөттөн кийинки депрессиядан куткарат.
oМүмкүнчүлүк болору менен уктаңыз, жакшы тамактаныңыз.
oКүйөөңүз жаныңызда көбүрөөк болушун талап кылыңыз.
oЭнелик кубанычты алгачкы жолу сезээриңиз менен, өзүңүздүн сезимдериңизди үй-бүлөңүздөн жана курбуларыңыздан жашырбай айтып бериңиз.
oСиздин сүйүүңүздү жана камкордугуңузду ымыркайыңыз да сезсин.

Даярдаган
Гүлнур Нуркалиева