Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Манас менен Айтматов
турат тиктешип...
Эгемендүүлүктүн жыйырма жылдыгы болот деп кубанычыбыз койнубузга батпай турган чак. Ушул мааракеге карата Ала-Тоо аянтында кыргыз улутунун ыйык символдору Манас менен Чыңгыз Айтматовдун эстелиги коюлат деген Премьер-министрдин токтому чыккандан бери сүйүнүчүбүз ого бетер арта түштү. Ошентсе да, "бөйрөктөн шыйрак чыгаргандар" бузукулук кылып, Манас менен Айтматовдун эстелигин коюуга каршы болуп жатышат. Алар - Абыке, Көбөштөр жана маңкурттар. Эстелик туруп калса накта руханий маараке болмокчу.
Арбагы бийик айкөл бабабыздын, арбагы бийик айкөл агабыздын эстеликтери борбор шаарыбыздын борбордук аянтына өзгөчө шаң берип, аянтка келген элди өздөрүнүн күчтүү рух касиетинин мээр-шапкатына бөлөп, улуттук сыймык сезимин бүлөп, шердентип, элибизди ынтымактуу, ар-намыстуу болууга түбөлүк чакырып турса экен...

Жан дүйнөдө суроолор көп - жообу жок,
Жан дүйнөнү өрттөп барат кызыл чок.
Манас менен Айтматовдон өч алып, -
Жүргөндөргө жетпей турат жалгыз ок.

Маңкурттук ай, жашообузду чырмаган,
Түзүк ишти кыйшык көрүп чырдаган.
Колдорунан "кокончолук иш келбей", -
Манасты да, Айтматовду сындаган.

Кана айтчы, Манас сага не кылды,
Кана айтчы, Айтматов нени кем кылды.
Бул жашоодо сокур ичек көрүнүп, -
Бурмалайсың, каралайсың чындыкты.

Сен өзүңдү таза, аппак сезесиң,
Унутуп калып, баскан жолуң-кечээгиң.
Жүрбөйт белең "кошоматка кой союп", -
Терип коюп көр бийликтин тезегин.

Манас керек сага эмес, биздерге,
Ата-баба жолун табып издээрге.
Жарык чачып Айтматов да тургансыйт, -
Туңгуюктан жол көрсөтүп - сиздерге.

Манас менен Айтматовду көтөрүп,
Кылымдардан кылымдарга көчөлүк.
Дүйнө жүзү туруп бизге таң калып, -
Кемибестен, көбөйөлүк, өсөлүк.

Ар атуулда Манас бабам жашасын,
Айтматов бар - Абийириң да тазасың.
Ар-намыс бол, билим алып, бош жүрбөй, -
Элиң үчүн эмгегиңди чачасың.

Айланбагын эч убакта маңкуртка,
Мээнет жумшап кызмат кылгын эл-журтка.
Дөөлөт болуп аның кайтат эселеп, -
Манасыңды, Айтматовду унутпа!

Эгемендик жыйырма жылдык тоюнда,
Ала-Тоонун аянтынын боюнда.
Манас менен Айтматов тур тиктешип, -
Бир калаада, карап турса сонун да!

Манас келди биримдикке чакырып,
Айтматов да сүрөп келет шашылып.
Билсең эгер ынтымакка колду соз, -
Кыргызымдын бактысы тур ачылып...

Манас менен Айтматовдун эстеликтеринин бири-бирине бетме-бет коюлуш идеясы эң туура! Айтматов Манас атанын алдын тосуп, утурлайт. Миң жылдан кийин эки баатыр мезгилдин бир ченеминде - Эгемендүүлүктүн 20 жылдыгында кездешүүгө шашылып келет. Айтматовдун Манаска айта турган сөзү бар. Манас жана Айтматов - дүйнөлүк мааниси, салымы, орду бар, кайталангыс, табылгыс, кереметтүү кыргыздын руханий канаттары. Кыргыз элинин руханий паспорттору - Манас жана Айтматов! Символикалык идеяга бай бул эстеликтер элибиздин жыргалчылыкта жашашына ишеним артып, замандаш жана кийинки муундардан эгемендүүлүктү көздүн карегиндей сактоого ишеним артып турат. Манас менен Айтматовдун тилегени Эркиндик эмес беле!
Абдылдажан Акматалиев