Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Болсоң,
депутат бол!
Ээ бурадар, азыркыдай баш айланткан базар экономикасынын катаал шартында кандай кесипке ээ болуп, кантип жумуш табарыңды билбей кыйналып жүрөсүңбү? Келечекте ким болоруңду ойлосоң, заманаң куурулуп кетип жатабы? Болбосо, ден соолугуң чың, акылың, билимиң болуп, кандай иш болсо дагы майын чыгарып иштөөгө көзүң жетип турса да, эч бир жумуш чыкпай, ойлонуудан мээң чыңалып, башың ооруп, айла жоктон үй-бүлөңдү багыш үчүн Россия көзүңдөн учуп, кетүүгө кам уруп калдыңбы? Же тескерисинче, "саларга кушуң жок, кыларга ишиң жок" жалкоолуктан эринип, "алма быш, оозума түш" дегидей кызмат караштырып таппай, убара тартып жүрөсүңбү? Анда сиздерге ылайыктуу кызмат бар.

Учурда мамлекетибиздеги эч бир жоопкерчиликти аркалабаган, эң эле коопсуз, майлуу орун - депутаттык кызмат болуп калды. Өзгөчө парламенттик башкарууга өткөнү депутаттардын күнү тууду. Андыктан бүгүнкү күндө депутаттык мандатка ээ болдуң дегиче болду, эчен жылдап жүрбөй токтоп калган ишиң илгерилеп, итиң чөп жей баштады дей бер. Бекеринен "акчасы бар бети жок, акылы бар эси жок" дегендердин дээрлик көбү депутат болуп, боло албагандар мандатка жетүүнүн ар түрдүү айла-амалын издеп, түн уйкусунан калып убара тартып жүрүптүрбү. Демек, азыркы шартта депутат болуудан өтөрү жок. Муну мектеп жашындагы окуучулар түгүл, бала бакчадагы жеткинчектер жакшы түшүнүп калышты. Ишенбесең, "келечекте ким болгуң келет" - деп сурап көрчү, такалбастан, ойлонбостон туруп депутат болом деп шыдыр жооп берет. Заман ушундай, бурадар! Андыктан мезгилден артта калбай, убакыттан уттурбай "жигит болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол" дегендей, жигит болсоң депутат бол! Албетте, депутат болуш оңой-олтоң эмес. Бирок эбин тапсаң, жарасы жеңил.
Алгач, парламенттик шайлоо болор алдында абройлуу бир партиянын этегин кармап, партиянын лидерине кошоматты кошоктоп айтып, эптеп алдыңкы тизмеге жазылууга аракет кыл. Мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба. Азыр депутаттык мандатка жетүүнүн жолу бир гана партиялык тизме аркылуу ишке ашып калган. Демек, депутат болуп алгыча партиянын лидерине жалынсаң да, бутун кучактап жыгылсаң да калп да болсо жылуу сүйлөп кошомат айтып, көзүн карап, көңүлүн тап, жүрөгүнө жак. Ишенимине кирип, колдоосуна ээ бол. Болду анан сага ийгиликтин даңгыр жолу ачылып, депутат болуп отуруп калышың ажеп эмес. Депутат болуп алгандан кийин партиялаш депутаттарды өзүңө имере тартып, депутат кылып алып келген партиянын лидеринин артына убакыттан уттурбай, дал учурунда кылдаттык менен суу куюп, фракция лидерлигинен алып түшүп, ордун ээлеп алышың ажеп эмес. Албетте, бул үчүн элде жок анча-мынча касиет, сапатка ээ болушуң керек. Элде жок кандай касиет, сапат деп чочуп жатасыңбы? Түк санаркаба. Колуңан келчү эле иш. Аракет кылсаң, берекети болот. Анын жолу эң эле оңой. Негизгиси намыс кылып, арданбасаң, тез эле өздөштүрүп аласың.
Эң биринчи мыйзам жазганга мээң жетпесе дагы кошоматка кой союп, жылуу сүйлөп, жылма саясат жүргүзгөндү өздөштүр. Бул сапатка ээ болуш үчүн жемин алыстан тааныган бүркүттөн көрөгөч, жамандыктын жыты кайсы тараптан согуп жатканын жаземдебей туйган түлкүдөн сак, өзүңдөн жогорку үлкөндөргө бетегеден жапыз, өзүңдөн төмөнкүлөргө куш учуп өткүс дабан, ошондой эле, каршылашыңа дос, досуңа кас экениңди туйдурбаган өтө эле илбериңки болушуң кажет. Ошону менен катар чоң муштум болсоң да ашыкча болбойт. Ал үчүн анча-мынча спорт менен машыгып койгонуң жөндүү. Кокус, депутат болуп шайланып калсаң, пайдасы тиет. Чоң муштумдугуң менен чоң кадыр-баркка жетишиң мүмкүн. Анткени парламентте бириңдин мурдун бириң канжалата сокчу ырк келишпеген учурлар көп болот. Ошондой кырдаалга туш болуп, кайсы бир депутат менен ыркың келишпей, ырылдаша кеткен кезде айтканыңа көнбөгөн коллегаңды тумшук талаштыра берип калганыңа жакшы. Ким экениңди көрсөтүп. Эгер таяк жеп кала турган болсоң, кадыр-баркың кетип, сени менен эч ким эсептешпей коюшу ыктымал. Ошондуктан депутат болом десең, башың иштебесе дагы спорт менен машыгып койсоң зыяны тийбейт. Бирге иштешкен коллегаларың да сестенип турушат. Бир нерсе деп жиберип бетке жеп уят болбоюн деп. Белгилей кетчү нерсе, муштумга эле таяна бербей, жагдайга жараша анда-санда эл-эл демиш болуп кыйкырып турушуң милдет. Антпей койсоң жарабайт. Себеби эл деген куру кыйкырыгың, колуңан эч нерсе келбестигин жаап-жашырууга калканыч болуп берет. Ошентсе да, эл да көрөгөч экенин эске алып, ыгы менен кыйкырышың абзел. Болбосо, популист экениң билинип калат. Анда эле элдин сага ишенич артышы кыйын.
Арийне, депутатка жогорудагыдай касиет, сапаттардан тышкары шамдагайлык дагы талап кылынат. Муну да эстен чыгарбашың зарыл. Себеп дегенде, кандай мыйзам кабыл алынып жатканына мээң жетпесе да, добуш берүү учурунда келбей калган коллегаларыңдын ордуна көз ирмемчелик убакыттын ичинде ары-бери чымын-куюн болуп чуркап, жок дегенде беш-алты депутат үчүн өзүңдүн маанайыңа жараша "макул же каршы" деп добуш берип үлгүрүшүң абзел. Бул үчүн, албетте, ылаачындай ыкчам, шамдагай болушуң кажет. Антпесең, эки-үч коллегаң үчүн гана добуш берип калып, башкалардай көбүрөөк кнопка басканга жарабай уят болосуң. Кысынып, өзүңдү жаман сезесиң. Мындай абалда калыштан өткөн жаман нерсе жок. Андыктан шамдагай болсоң, эмне жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынып жатканына түшүнсөң, түшүнбөсөң добуш берүүдө да өзгөлөргө эң кур дегенде көбүрөөк кнопка басканың менен мактана аласың. Айтмакчы, шамдагай болом деп жеңил мүнөз күтүп албай, салабаттуу болууга көн. Тыныгуу учурунда жеңилдигиңди карматып жыйынга дароо эле кирип кетпей, жыйын башталганын белги кылып чырылдаган звонокту тоготпой, кофени тамшана ичип, тамеки бурулдата чегип фоеде бүркүт кабак менен ар кимге көз салып турганыңа жакшы. Жыйында кандай маселе каралып жатты эле деп башыңды оорутпа. Бүтпөгөн иш бар бекен? Сен үчүн ордуңа өзүңө окшош дагы бир шамдагай добуш берип коёт.
Баса, чындап депутат болуп калсаң, көбүрөөк анекдот билгениң оң. Бир күн кечке жыйын болот. Эгер ары-бери чакырган киши жок, аргасыз жыйынга катышууга туура келсе, жаныңдагы коллегаң менен шыбырашып анекдот айтышып убакыт өткөргөнгө жакшы. Антпесе, убакыттын өтүшү кыйын. Бир эсептен өзүң менен өзүң болуп уюлдук телефонуңду чукулап отургандан көрө, анекдот айтышып каткырып отургандан өтөрү барбы. Ошол эле учурда, калжың анекдот айтканды эле эмес, сүйлөгөндө үнүңдү көтөрө, өзүңдүн ким экениңди билгидей кыраатын келтирип сүйлөй билгенди өздөштүр. Кез-кезде какшык жылдырып, ороңдой бил. Спикер болуп калсаң, пайдасын көрөсүң. Мындай жөндөмүң менен жиниңе тийген депутатка сөз бербей, жактырбаган министрди томсортуп кагып коё аласың.
Кыскасы, биздин мамлекеттин шартында депутат болуудан өтөрү жок. Билимиң, акылың болбосо мейли, акчаң жана бир аз элдир-селдир эсиң болсо болду. Калганы жогоруда айтылган шык-жөндөмгө таандык. Демек, жакшы жашагың келсе, колуңан келсе, депутат бол! "Тулпар тушунда, күлүк күнүндө" дегендей, үстүңдө үйүң, астыңда машинаң болот. Эл албаган маяна аласың. Мамлекеттин эсебинен чет өлкөлөргө саякаттайсың. Мындай жашоо сага жарашпайт бекен? Албетте жарашат. Демек, мезгилден артта калбай, аракет кыл. Азыркы депутаттардан эмнеңер кем!?.
Алмаз ТЕМИРБЕК уулу