Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Топчубек Тургуналиев: - Азимбек үкөм, курсагың жашылга жакшы эле тойгон окшойт, ыя?!
Азимбек Бекназаров: - Опей, көзүңүз рентген болуп кеткен го. Кол менен жабайынчы, кол менен…




Үчүнчү чабуул башталды
Бир жылдын ичинде криминал "калкынын" жинин кагып, аларды көчөдө колоктотпой, түрмөгө түртүп койгон ИИМ министри Зарылбек Рысалиевге тиш кайраган саясатчылардын саны бир топ. Анткени акыркы жылдарда криминал менен саясат камыр-жумур болуп кеткенин баарыбыз билебиз да. Ошол камыр-жумур болгондордун арасындагы айрымдары Рысалиевди кызматтан алып түшүү боюнча үчүнчү чабуулун башташты. Ордуна оңой-олтоң кепке келген аты бар, заты жок министр чалыш бирөөнү алып келүү аракети акыркы күндөрү катуу күч алды. Укканыбызга караганда, чоң креслону эңсегендер ошол эле ИИМдин короосундагы "ою жаман эки орун басары экен". Эмнеси болсо дагы Рысалиевдин кызматтан кетиши менен ИИМ эски таз кейпин кийип, "кара дүйнө" өз үстөмдүгүн кайрадан жүргүзөрү турган кеп. Бирок парламентте жаңы өкмөт куралаарда жайлап түшөбүз деп алакан ушалап аткан айрым депутаттар менен катар Зарылбектин ИИМге зарыл экендигин түшүнгөн эл өкүлдөрүбүздүн да саны арбын.

Чыныбай да жүрөт дейт, чапкылап...
Эсил кайран Эшимканов "шыпыр" деп атап кеткен КСДП фракциясынын шыпылдаган башчысы Чыныбай Турсунбеков акыркы күндөрү алды-артына карабай өзүнчө эле адыраңдап жүрөт. "Коалиция боюнча сүйлөшүүлөр башталганы атат. Лидерлер сүйлөшүп баштадык" - деп ар кайсынын башын баштап коюп, же анысын ачык айтпайт. Өзүн кыйын сезген бул мырза лидери Атамбаевден алдыга озунуп көп нерселерди божурап алып, кайра тил угуп бозоруп калмай адатын уккан жайыбыз бар. Ак үйдөгүлөрдүн айтымында, "эл дүрбөсө, кошо дүрбөйт" болуп, Чыныбай мырза да башбакандык мансапты ээлеп калуу үчүн чымын-куюн болуп чуркап жүргөн экен. Алына карабай амбиция күткөн тегирменчи байкебиз кокус Өкмөтүбүздү өкчөп калса, кыргызга кыйын эле болот го...


Коррупционерлер, жакында жаназаңар окулат!
Премьер-министр Алмазбек Атамбаев өкмөт жыйынында элибизге майдай жакчу кабар айтты: аз өтсө биздин өкмөттө Коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүчү агенттик ачылат экен. Ал агенттик майда-бараттарга "кол булгабай", губернаторлордун, министрлердин, орун басарларынын, ири ишкана жетекчилеринин жана башка тоодой кызматтарда олтурган жетекчилердин тапкан-ташынганын чоттоп турат экен, жеп жибергени болсо чарасын көрүп таштайт экен.
Ал агенттик түзүлүп, ишин так аткарса, анда коррупция тараптагы киттердин жоголору бар экен.
Болсун!

Биз дагы "боже мойлоп" калмакпызбы?
Кайсы бир гезит Анарбек Калматовдун дини башка экендигин жазып чыккан. Бул кептин канчалык деңгээлде чындыгы бар экендигин ким билсин, бирок Анарбек Калматовду жакындан тааныган саясатчылардын арасында бул адамдын "кличкасы" эчактан бери эле "Боже мой" экен. Алына карабай, ажолукка аттанган Анарбекти шайлоодо дал ушул "чокунгандар" каржылап, алдыга түртмөлөшкөн дешет. Кудай жалгап, Калматовдон артта калганы абийир болгон экен, болбосо элдин баарын "боже мойлотуп" айласын алты кетирмек окшойт...


Келдибеков келбей эле койсо болмок
16-ноябрь күнү 1938-жылы репрессиянын курмандыгы болгондорду эскерүүнүн 73 жылдыгына карата митинг-реквием жана апрель революциясынын баатырларына арналып тургузулган күмбөздүн ачылыш аземи болду. 7-апрель күнү кайтыш болгон жигиттерибиздин биринин энеси жымыңдап келе жаткан Акматбек Келдибековго жини кашайып, каңырыгы түтөп турду. "Атамбаев менен Отунбаева болбогондо барып бетин тытат элем, кайсы бети менен келди? Ушуга окшогондорду кетирем деп чырагым жан берди эле го..."-деп эстеликтеги уулунун сүрөтүн карап, көзүнүн жашын төгүп турду. Ызасын, ачуусун, таарынычын баса албай көпкө ыйлады. Чын эле Келдибеков келбей эле койсо болмок экен. Кырчындай жигиттердин өмүрүн кыйган Бакиевди акыр-аягына чейин колдоп жүрдү эле го. Соцфонд, Салык кызматын башкарганына ыраазы болуп, "үй-бүлөнүн" мыкаачы, канкор бийлигин тизгинден тартып, "кой, ай" дегенге жараган эмес эле го. Эми минтип...


Майчиев "май талканы" жок кызматтан кетти...
Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев өзүнүн кызматтан кеткендигинин себебин төмөнкүчө түшүндүрдү: "Менин бул кызматтан кетишиме эч кимге таарынычым деле жок. Анын үстүнө, мага маяна төлөнбөйт. Анткени ушул күнгө чейин каржы маселеси чечилген жок. Мисалы, биздин онго жакын мүчөбүз алыскы аймактардан келип иштейт. Алардын жол киреси, тамак-ашы, жатаканасына кеткен чыгымдары компенсацияланбайт. Айрыкча Оштон келген төрт мүчөбүзгө кыйын болууда. Бүгүнкү күндө болгону президент тарабынан 500 миң сом бөлүнгөн. Аны да бербей жатышат. Кыскасы, мамлекет үчүн өз жаныбыздан акча коротуп иштеп жатабыз. Мындан тышкары, мыйзамда да бир топ карама-каршылыктар бар. Алсак, бүгүнкү күндө 70 жергиликтүү соттун судьяларынын мөөнөтү бүтүп жатат. Алар, мыйзамга ылайык, түбөлүк иштөө үчүн арыз жазып, Кеңештин мүчөлөрү макулдук берсе, иштей берсе болот. Бул теңсиздик деп эсептеймин. Мындай жагдайлар тууралуу президент Роза Отунбаевага жазган арызымда да айтылган. Бир эсептен алып караганда, мындай акчасы жок кызматта ким эле болсо иштегиси келсин. Эгер Шамарал мырза май-талканы жок, бул кызматты Базарбековчосунан "майлуу" кызматка айландыра турган болсо, кетпейт болчу. Айландырган жок, демек, кетти. Эми бул чыр чатагы, талаш-тартышы көп кызматка кайсы "шордуу" келер болду экен?


Кадырыңар "кайтыш" болгонбу?
Саналуу күндөрдөн кийин ажо аталмакчы болуп турган Атамбаев катуу ишеним арткан бир туугандар кара-кулжалык Жээнбековдор менен ала-букалык Алымбековдордун эл арасындагы "авторитеттери" анчалык эмес экендигин президенттик ат салыш ачыктап койду. Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков менен иниси парламент депутаты Асилбек Жээнбековдор Кара-Кулжа районунан негизги добуштардан кур жалак калышса, дагы бир депутат Замирбек Алымбеков менен агасы ИИМ министринин орун басары Бактыбек Алымбеков кичи мекени Ала-Букадан таптакыр эле артта калышты. Ошондуктан эл башчысы айланасына эл арасында эмгеги сиңген, калайыкка кеби өткөн мыктыларды жыйнаса жакшы болмок...


Фабула-пресс