Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

  Эркалы ӨскӨналы

Кудай сүйгөн Куйручук
Куйручуктун Найманбай ырчы менен айтышканы

(Башалышы өткөн санда)

Ал ушу кепти айтып, жаны ачыган бүркүттөй жан-жагын каранды.
- Бул калжыраган карыган акмакка каяша кылаар саяктын бир эркек баласы жокпу?.. - деп Көкүмбай манап миз бакпай, суранды.
Аңгыча, каракашка жоргонун жоргосун төгүлтүп, Куйручук Байзак баатырдын кашына жетип келди:
- Баатыр ажы! Найманбай айбандын мүчөлүн эми мен чыгарайын! Конок ызаатын көтөрө албаган өзүнөн көрсүн!
Ызага муунуп, туталанып турган Байзак баатыр үн катпай, баш ийкеп койду. Куйручук камчысы менен атын сооруга шилтеп алып, Найманбайдын атын омуроолотуп барып токтоду. Ат тизгинин тыкчыйта тартып, ыр жамгырын жаадыра баштады:
- Өш эле өш, Найманбай.
Кош эле кош, Найманбай.
Чөк эле чөк Найманбай.
Чек, чек, чек, Найманбай.
Чык, кет, кет, Найманбай!

Сен, Балыктын уулу Найманбай,
Айткан сөзүң айбандай.
Албуут катын сыяктуу,
Айта бербей ар кандай.
Асыласың оолугуп,
Акылдан айнып калгандай.
Үтүрөңдөп Найманбай,
Үрө бербе ар кандай.
Угуп алгын Найманбай,
Улубагын ар кандай.
Уңгулуу кептен айтпастан,
Урушканың бул кандай?

Күлгөнүңдү токтот деп,
Күүлөнбөгүн Найманбай.
Көзөлүңө айтып бар,
Күлө берем ар кандай.
Жүргөнүңдү токтот деп,
Жөөлүбөгүн Найманбай.
Жүгөнүм жок сага окшоп,
Жүрө берем ар кандай.

Алты ууру элдин ичинде,
Айбанмын деп мактандың.
Таналбайсың тантырап,
Тайганмын деп айтканың.
Айбан болсоң чөп салам,
Тайган болсоң бок салам!
Мөөрөп көрчү уй болсоң,
Сазга айдап барайын.
Маарап койчу кой болсоң,
Адырды көздөй жаяйын.
Боздоп көрчү төө болсоң,
Тикендүү жерди табайын.
Кишенечи ат болсоң,
Минип алып чабайын.

Акындын сөзү так болот,
Так сүйлөсө бак конот.
Тамтаңдай берсе сага окшоп,
Талаада улуп жок болот.
Тайган аттуу ит болот,
Тайган ачка болгондо,
Тарпты искеп жеп коёт.
Тайган болсоң итсиң да,
Ит болсоң Наке түгөнгүр,
Үрүп жүрүп бүттүң да.
Жорудай болбой жолуң тап,
Кажырдай болбой кайра тарт.
Эшектей болбой элден кет,
Качырдай болбой жолдон кайт!

Чолпонкулду зор дейсиң,
Саяктарды кордойсуң.
Чолпонкул качан чоң эле,
Башынан качан иши оң эле?
Чокчоңдобо тимеле,
Чолпонкулуң ким эле?
Кечээ солтодон качып келгенде,
Көтүнөн богу шорголоп,
Эр Байзакка корголоп.
Элечек кийип башына,
Уй сааган катын ал эле,
А мен уй саадырган бала элем!

Аксакалын жайкалтып,
Башыбызда таажыбыз.
Мекедилде, Каабага,
Барып келген ажыбыз.
Калпа ажыны көрбөйсүң,
Көрбөй туруп сүйлөйсүң?
Анын быяк жагында,
Кара-Ойдо жаткан карк алтын,
Бүт кыргызга баркы алтын,
Жыгылганды таяган,
Жыртылганды жамаган.
Үзүлгөндү улаган,
Чачылганды жыйнаган.
Хан Байзакты көрбөйсүң,
Көрбөй туруп сүйлөйсүң!

Анын быяк жагында,
Уйдун этин жебеген,
Убадам эки дебеген.
Хан Медеттин тукуму,
Айтканынан кайтпаган,
Калыйпадан кат алган,
Калкына көкдөө атанган.
Көкүмбайды көрбөйсүң,
Көрбөй туруп сүйлөйсүң!

Анын быяк жагында,
Качыке хандын уругу.
Дыйканбайдын кулуну,
Кулжыгачтын улугу,
Мырзабекти көрбөйсүң,
Көрбөй туруп сүйлөйсүң!
Анын быяк жагында,
Бала Курман атанган,
Бадышадан кат алган.
Орустардын закүнүн,
Көкүрөккө жат алган.
Курманды сен көрбөйсүң,
Көрбөй туруп сүйлөйсүң!

Келжиреген Найманбай,
Саяктарды ким дейсиң?
Санжыргасын билбейсиң,
Билбей туруп сүйлөйсүң!
Салпаңдайсың, жөөлөйсүң,
Эшекке окшоп айкырып,
Уй сыяктуу мөөрөйсүң!
Хы, хы, хы, Найманбай,
Өш эле өш, Найманбай.
Чык, кет, кет, Найманбай,
Үрө бербе тайгандай!

Куйручук каяша ырын бүттү. Ал Найманбайдын атын жанагыдай дагы омуроолотуп барып, токтоду. Эл-журтка күлкү чачты. Эл кыраан-каткы. Куйручук ырчы Найманбайга кошоктоп, Чолпонкулду да жыга чапты. Анын баягы жылы Байзак баатырга баш калкалап качып келип, орус төрөлөрүнүн жоокерлеринен коркуп, уй саап калганынан бери козгоп таштады. Ыза жутуп, сөзгө ууккан сары-өзөндүк манап, эл көзүнөн жалтанып, боз үйгө кире качты.
Эл Куйручуктун акындыгына таазим этип, дуулдап турду. Байзак баатырдын жанагы бозоргон жүзүнө кызыл жүгүрдү. Баатыр Куйручукка ыраазылыгын арнады:
- Өзү катылгандын катыгын бердиң! Найманбайдын бутун буубай, эл алдына көтөрүп чаптың! Чоң ырчынын ырчылыгын жерге тебелеп таштадың! Өзүнөн көрсүн!
Чолпонкул кечинде Куйручукту өргөөсүнө чакыртты. Экөө маңдайлашып, таңдайлашып отурушту.
- Куйручук акын экенсиң! - деди Чолпонкул. Найманбай карып калган экен, сага алдырып койду... Эми, мындан ары жанагы мени алкымдан алып, муунткан ырыңды ырдабай жүр! Ооз басырыгым болот!
Алды-артына акыл тегереткен шаамырза Куйручуктун алдына ат тарттырды, айдалысына тон жаптырды.