Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

Азыркы заманда
компьютер кыргызча сүйлөшү КЕРЕК
"Tamga KIT" компьютер программасы жөнүндөгү маалыматты ушуга чейин уга элек кыргыздар арбын. Бул жаңы маалымат тууралуу "Фабула" гезити аркылуу жалпы коомчулукка маалымат берип коюуну эп көрдүм.

"Tamga KIT", компьютердеги OS"Windows" менен OS"Linux" же Кыргыздын өзүнүн OS"Negiz" программаларынын бир бурчунда 30мв көлөмдөгү орунду ээлеп отуруп алат да, анан төмөнкү функцияларды аткарып кирет:

1. Word бөлүмүндө ката кеткен сөздөрдү кызыл толкун менен чийип көргөзүп кыргыз тилинин орфографиясын текшерет. Буга чейин компьютерлер тек англис анан орус тилинин гана грамматикасын көрсөтсө, эми кыргыз тилинин грамматикасын да "Tamga KITтин" жардамы менен текшерип көргөзөт.
2. Сөздүктөр кыргыз-орус, орус-кыргыз (Юдахиндики 90миң сөздөн турат) жана (8 миң сөздөн турган) терминологиялык сөздүк. Курсорду жылдырып орус сөзгө такаса, терезече ачылып кыргызча котормосун көргөзөт, кыргыз сөзгө такаса, орусча котормосун көргөзөт ж. б.
3. "Обучения кыргызского языка" орустар, киргиздер жана башкалар үчүн атайы кыргыз тилин окутуп үйрөтүү сабагы боюнча интернет сайт.

Ошондой эле 20дан ашык кыргыз тилдүү, кыргыз версиясында жасалган программалар бар.
Бул "Tamga KIT" программасы мындан 15 жыл мурун эле пайда болгон эле. Кыргыздар, Украина анан үч Прибалтика элдери өз эне тилдеринин электрондук версиясын жасап компьютерге киргизип алышкан. Андан кийин 2005-жылы белорустар, 2006-жылы казактар "Kazkey", 2008-жылы азербайжандар "Azspell" өз тилдерин компьютерге киргизе алышты. Калган элдер: өзбек, тажик, түркмөн, армян, грузин, молдавандар алиге чейин мындай компьютердик программаларды түзүп өз эне тилдерин компьютерге салыша элек.
Татарлар, якуттар (Саха) аракеттенип жатышат, казактар биздин "TamgaKITти" эле көчүрүп "Kazkeyди" жасап алышкан. Эми якуттар келип, Эмил Асановго кайрылууда, бирок Москва-Кремлден жазганып жатышат. Латын алфавитине өтө калып ур-токмокко кабылган татарлардай болбойлу деп кооптонушууда. Интернеттен окусаңар болот: "Почему кыргызы постоянно первые, потом после них мы продолжая дублируем их действия и подражаемся по Кыргызски" - деп өзбек, татар жана башкалар тытынып күйүп атаандашат.
Бизден 5 эсе көп чоң армян эли дайым: "Биздин интеллектуал еврейлерден да жогору, кем калышпайбыз" - деп мактанышат. Ооба, алардын окумуштуулары аябай көп, бирок ал профессор-академиктер армян тилин компьютерге сала албай жатышат.
Эмил Асанов ушул "Tamga KIT" программасынын автору. Биз кыргыздар салыштырмалуу башка элдерге караганда кыргыз элинин ителлектуалдык деңгээли жогору экенине мактанып сыймыктансак болот. Мындан башка көптөгөн компьютердик программалар бар, жакында Windows-Office 2010дун кыргызча версиясы чыкты. Эми ал дагы канчалаган жылдар бою элге жетпей, билинбей жата берер экен. Себеби муну ишке бериш үчүн баягы эле каражат маселесине келип такалабыз.
Профессор-акедемиктерден түзүлгөн үй-бүлө Акаевдер, колунан келип турган кезинде, ушул "Tamga KITтин" эл арасына жайылып, кардарлардын кеңири пайдалануусуна көмөктөшкөн эмес. Ага муктаж кардар эл ушуга чейин, 15,17 жылдан бери ага жетпей билбей келатат. Көргөндөр таң калышат "Компьютер да кыргызча сүйлөйбү" - дешип.
Кыргыз элин ырашкерликке үндөгөн президент А. Акаев, өзүнүн коллегиясы Э. Асановдун эмгегин баалап, "Tamga KIT" элге жайылышына ырашкерлик кылган эмес. Экөөнүн пикири келишпейт го, бул да болсо Кыргыз Академиясынын тебелемей, өспөсүн деген ит оорусу, иерархия, бирин-бири басканы.
Канчалаган той-топур мааракелер болуп өтөт, көрүнгөн апеки-сапеки киргиз-миргиздерге орден-медаль, профессор-академик наамын берип, болор-болбостор деле Кыргыздын баатыры болуп калган учурлар кездешип жатат. Ошол той-тополоң акчаларынын бир эле тамчысын ушул "Tamga KIT" ж.б. программаларын элге жайылтуу үчүн бөлсө, Кыргыз элине жасалган чоң жардамдын бири болор эле. Байкуш Эмил Асанов жеке күчү, патриоттук демилгеси менен ушунча жумушту эптеп жасап жатат. Финансылык колдоо болгондо ал окумуштуу өз командасын түзүп, аларды стимулдаштырып, анан улам илгерилей жаңы кыргызча версиядагы программаларды жасап чыгарып турмак.
Ал киши азыр ооруп жатат, болгондо да инсульт оорусуна чалдыкты иштеген ишине байланыштуу. Ал компьютерди кыргызча сүйлөткөн жалгыз кыргыз окумуштуусу. 2008-жылы Кыргыздын OS"Negiz" компьютер программасы пайда болгон, ал Американын OS"Windows" жана OS"Linux" программаларына атаандаша түзүлгөн кыргыз окумуштууларынын эмгеги. Дүйнөдө мусулман элдердин ичинен биринчилеринен болуп, Кыргыз окумуштуулары жасап чыккан компьютердик негизги №1 программа. Анын 3 версиясы бар: кыргыз, англис, орус тилдеринде сүйлөй алат.
Ал программада отурган компьютер такыр эле кыргызча сүйлөй баштайт: "Баланчаны өчүрөйүнбү же калтырайынбы?", "Түкүнчөнү сактайынбы же талкалайынбы?" - деген терезечелер ачылат, анан ага "ооба", "жок", "керек эмес" ж.б. кнопкаларды (нукуур) басып жооп берүү керек. "Word" бөлүмүндө да инструменттердин аталышы кыргызча сөздөр менен көрсөтүлөт; "кесүү", "жабуу", "коюу", "чийүү", "кайруу" ж.б. нукуурлар.
Ал эми баарыбызга белгилүү OS"Windowsтун" орусча версиясында аз-маз орусча сүйлөп келип эле англисче сүйлөп кирет. Туура эмес иштеп буйрук берсең, эскертүүчү терезече ачылып, сенден англисче сурайт: "Баланча-түкүнчө системалык файлды өлтүрөйүнбү?" - деп, биз ага түшүнбөй эле "Ok" деген нукуурун (кнопка) басып коёбуз. Бүттү, ошону менен компьютерибиз бузула баштайт, анан 500, 1000 сом төлөп жаңы OS"Windows" отургузабыз. Албетте, өзүбүздүн кыргыз тилинде компьютер сүйлөп турса, иштеп окуп үйрөнгөнгө бизге жеңил болот да.
Баарыбыз эле интернетте кыргызча, орусча сөздөрдү латын алфавитинде терип, анан бири-бирибизге кабар жиберишебиз го, анткени славян кириллицасы интернет желеси аркылуу жылып келгенден кийин компьютерлер аны көрбөй, жакшы түшүнбөй да калат. Демек, кыргыз жазмасы латын алфавитине өтүү зарылчылыгы турат. "Tamga KIT" программасынын чыкканына 15 жыл болуп калса да, Бишкектеги компьютерлердин көпчүлүгү Кыргыз грамматикасын текшермек түгүл "Өө" "Ңң" "Үү" шрифттери жок. Эгер Кыргыз жазмасы латын алфавитинде болгондо бардык шрифттерди компьютерден табууга болор эле. Кыргызча сүйлөгөн компьютерлер айыл жергесинде гана пайдаланылат, бирок ал жакта компьютерлер жокко эсе. Азыркы Ак-Өргөдө үч-төрт түтүндө бар, мындан беш-алты жыл мурун 25-30 түтүндүн бирөөндө гана болор эле. Акчасы барлар "балдарым үйрөнсүн" - деп атайы сатып беришкен.
Ата-энелери компьютерде иштегенди билишпейт, түшүнүгү жок, космос кораблине түшүп калгансып коркушат "клавиатураны туура эмес басып алып компьютерди бузуп албайын" - деп. А, алардын мектеп жашындагы балдары, компьютерди чыкылдата иштей билишет.
"Tamga KITтин" кабарын укканда таң калышат, "компьютерлер эми кыргызча да сүйлөй баштадыбы, жакшы нерсе экен" - дешип. "Ошону компьютериңе отургузуп кыргызчалатып берейин десем, токтой турчу мектептен балам келсинчи, ошону менен сүйлөш, ошонун көзүнчө салып бер, компьютердин кожоюну ошол" - дешет.
Ал эми көпчүлүк балдар болсо "Tamga KITке" "Зачем компьютерам проверять Кыргызскую грамматику" - дешип анча маани беришпейт. Тилекке каршы, азыр "Tamga KIT" программасын колдонуп пайдаланган кишилер аз гана санда: жазуучулар, журналисттер, чыгармачыл адамдар ж.б. А, жөнөкөй кишилердин ал жөнүндө кабары жок.
Ооба, маалымат-кабардын баарысы орус тилинде гана чыгат (мыйзам, Конституция, токтом, чечим, буйрук, ж.б.), анан алар Кыргыз тилине туура эмес которулуп элге жиберилет. Котормочу-тилмеч киргиз-миргиздер орусча сүйлөмдөрдү түз эле сөзмө-сөз которуп таштап коюшат, мааниси менен туура которбой. Сөзмө-сөз которулган сүйлөмдөр аябай күлкүлүү болуп окулат экен: "Бул мыйзам конституциябы же сатира-юморбу" - деген ойго кетесиң. Мына ошолорго ушул "Tamga KIT" программасы жакшы жардам берет. Айта берсе көйгөй маселелер көп. "Tamga KIT" компьютер программасы керек болсо, компьютериңерди кыргызча сүйлөтүп берем. Компьютерге отургузуу баасы 150 сом, андан сырткары OS"Windows", "KasperAntiVirus" "Promt" ж.б. компьютер программаларын ушундай эле арзан келишим баада орнотом.
Компьютерди кыргызча сүйлөткөн адис
Аблас РАСУЛДИН