Крупнейший архив газет 2008-2016

Газеты

presskg.com

"Эр Манас качан төрөлөт, элимди жыйнап алышка"
(АалыТуткуч)
Президенттик шайлоодо 16 талапкер чыгып алып элди бөлүп-жарганына карабастан, 20 жылдан бери биринчи жолу өз ыктыярыбыз менен мамлекетибизде тезирээк тынчтык орноп, оңолуп кетсек экен деген үмүт менен көпчүлүк калайык-калк добуш берди.
"Той болор, тойдун эртеси да болор" дегендей, жыгылгандар күрөшкө тойбой, элди митингге чыгарып, соттошобуз деп, мамлекеттин тынчтыгына шек келтирип отурушат. Ушул адамдар кантип эл башчы болобуз деп ойлонушту экен?..

"Сокурдун тилегени эки көз" дегендей, жаш баладан тартып карыбызга чейин жаңы шайланган президентибизден ыйман качпаса экен, Акаев менен Бакиевдин жолуна түшпөс бекен?! - деген бүдөмүк орошон ойлор ар бирибизди уктатпай катуу ойлонтуп жаткан учур.
Кыргыз мамлекетин тургузуп, түптөп кеткен алгачкы эң мыкты жетекчилерибиздин бири болгон Исхак Раззаковдун: "Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом таза болот" деген осуятындагыдай Алмазбек Шаршеновичтин жүрөгү чындап эл деп соксо, түпкүрүнөн түнөк таап, улуу инсаныбыздын ушул мурасы мамлекетти башкарууда Сиз үчүн моралдык Мыйзам болуп калат го деп ишенебиз.
Бир миллиондон ашык кыргызстандыктар жакынкы жана алыскы мамлекеттерде жан багып тентип жүрүшөт, ошолорду чогултуп иш берип, мамлекеттин экономикасын көтөрүп, Манас атабыздын: "Кулалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым" - деген нуска сөздөрү бүгүнкү күндөгү Кыргызстандын акыбалы жөнүндө айтылгандай көрүнөт.
Жаңы шайланган президентибиздин Манас атабыздан алаар сабагы кайсы болмокчу?
Биринчи, эл-журттун ажырагыс бүтүндүгү жана бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган ички биримдиги. Манас атабыздын бүт аракети бөлүнгөн эли-журтун бүтөп, үзүлгөнүн улап, чачылганын жыйноодо болгон. Эл ичинен ырк кетип, биримдик бузулганда, канчалык азап менен курулган Манас ордосу кайра кулап калган. Ошондо даанышман Бакай бабабыз минтип айткан экен: "Байкагыла балдарым, бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет" деген олуя сөзү биздин бүгүнкү күндөгү турмушубуз тууралуу айтылып жаткандай.
7-апрелден кийин Бакиевдерди кайра бийликке алып келебиз деп, ичибизден чыккан чыккынчылар, сырттан келген куралдуу криминалдар кысып турганда, экинчи жактан Барктабасов деген эргул чыгып, мамлекеттик төңкөрүш жасап, "Мен бийликтин башына келем" деп тополоң чыгарган күндөрдү кантип унутабыз?
Эси жок саясатчыларыбыз улуттар арасында мышык-чычкан ойноп олтурушуп, Ош окуясын чыгарып алышты. Ошондо Кыргыз элинин башына каран түн түшүп турган мезгилде президент болобуз деген 15 талапкер кайда эле? Эртеңки жоопкерчиликтен коркуп, бир эр-азамат чыкпады го!
Урматтуу мекендештер, мамлекетибиздин келечеги сымаптай болуп кылтылдап турган мезгилде, Курманжан датка энебиздей болуп, аял башы менен Роза Исаковна Ата Журттун бүт азабын өз мойнуна албаганда, криминалдар Кыргызстанды титиретип турганда, илгерки жомоктордогу "Эр Табылды, Эр Төштүктөй болгон баатырды эл арасынан сууруп чыгып, толкуган элди токтоткун, ички сырткы душмандардан элиңди сакта деп"- Рысалиев Зарылбекти Жараткан бешенебизге бербеди беле.
Эгерде ушул эки инсан болбогондо, ким билет азыркы күндө кыргыз мамлекетинин акыбалы кандай болот эле?..
Дагы бир баса көрсөтүп кете турган маселе, Роза Исаковна өзүнүн эл аралык масштабдагы көрөгөчтүк сезими менен 2010-жылы депутаттык шайлоо демократиялык жол менен өтсүн деп өз нугуна коюп койбогондо, "Ата-Журт", "Республика", "Ар-Намыс" партиялары жеңишке жетише алат беле?... Ал - чоң суроо. Шайлоонун өз убагында жакшы өтүшүнө коомдук тартипти сактап бербегенде, ким билет азыркы парламентте отурган депутаттарыбыз өз максаттарына жетет беле?..
Урматтуу депутаттар, көпчүлүк калайык калктын пикирине таянып айтканда, жалгыз ушул министр өзүнүн коопсуздугуна карабастан, коомду криминалдардан тазалап, башын сайып коюп иштеп жүргөндүгүн айтышат, "Калк айтса, калп айтпайт". Демек, элдин айтканын эске алып, мындай эр-азаматты урматтоо керек, таламайга албастан.
Өзүбүздү сыйлабасак, эч качан өнүкпөйбүз. Бул жашоонун мыйзамы экенин баарыңыздар жакшы билесиздер.
Россиялык гезиттер жазып чыккандай, бул жеңиш А.Ш.Атамбаевдин гана жеңиши эмес, Р.И.Отунбаеванын жеңиши деп баса белгилеп жатышат.
Чындыгында, 7-апрелден бери, Роза Исаковна башынан эмнелерди гана өткөрбөдү, Бишкектеги кан төгүүлөр, Ош окуясындагы кыямат күндөр, ыйлап, боздогон уйкусуз түндөр, күнү-түнү жол жүрүп, дүйнөнүн төрт бурчун кыдырып, кыргыз мамлекети үчүн пайда издеген узак-узак жолдор.
Кыйналып жүрүп Кыргызстанда тынччылыкты орнотту, эл аралык карым-катнашты да өз нугуна салып койду. Өзгөчө белгилеп кетчү нерсе, биринчи жолу Президентибиз мыйзамды бузбай өз ыктыяры менен бийликти өткөрүп бергени олтурат. Бул жакшы жөрөлгө мамлекетибиздин жаңы тарыхында уланып кете беришине жакшы шарт түзүп койду.
Ошондуктан жаңы шайланган Президентибиз, улуу урматтуу Алмазбек Шаршенович, Жогорку Кеңештин төрагасы, улуу урматтуу Ахматбек Келдибекович, эң оор мезгилде кыргыз мамлекетинде туруктуулукту, коопсуздукту орнотуп, мындан ары өнүгүп, өсүп кетишине бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзгөндүгү үчүн, өзгөчө кажыбас кайраттуулугу, тайманбас эрдиги үчүн, Роза Исаковнага "Кыргыз Элинин Баатыры" деген ардактуу наамды ыйгарып, татыктуу узатып коюшат го деп миңдеген кыргызстандыктар Сиздердин айкөлдүк чечимиңиздерди күтүп жатышат.
Алтынай
СУЛАЙМАНОВА,
Кыргыз Республикасынын өнөр жай тармагынын эмгек сиңирген кызматкери, коомдук ишмер.